СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класстарда окутуу адистигин практикага жолдоо жана техникалык коопсуздуктар менен тааныштыруу

Создан: 15.12.2021 11:19

Башталгыч класстар адистигин практикага жолдоо жана техникалык коопсуздуктары менен тааныштыруу мезгилинде: сүрөттө ПТИ каф. башчысы Нурдинов Б.Ж., институттун практика жетекчиси Темиралиева Г.Т., ПТИ кафедрасынын улук окутуучу Калбердиева М.К.

Практиканттар үчүн эскертме

Академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун орто кесиптик билим берү факультетинин педагогика жана тил илимдери кафедрасынын 050709 - Башталгыч классстарды окутуу адистигинин студенттери үчүн даярдалган педагогикалык практика учурунда техникалык коопсуздук жана жашоо ишмердүлүгүнүн эрежелери тууралуу эскертме.

Студент-практиканттын милдеттери:

1. Практика жетекчиси менен тыгыз байланышта болууга;

2. Көчөдө жолду кесип өтүүдө жол эрежесин катуу сактоого;

3. Мектепке каттоодо автоунаага чыгып жатканда жана түшүп жатканда коопсуздук эрежелерин сактоого;

4. Мектептин окуу кааналарында электр жарыктарын, электр точкаларын этияттык менен пайдаланууга;

5. Мектептин техникалык окуу каражаттарын класс мугалиминин көрсөтмөсү менен гана пайдаланууга;

6. Мектеп ашканасынан жана мектепке жакын жайгашкан күркөлөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен же сактоо эрежелери сакталбаган жайда даярдалган тамак-аш азыктарынан жана кондитердик азыктардан уулануудан сак болууга;

7. Практика учурунда капысынан ооруп же кырсыктап калган учурда мектеп администрациясына, усулчу мугалимине алдын-ала эскертип коюуга;

8. Мектепте педагогикалык этиканын нормаларын сактоого милдеттүү;

9. Таажы вирус илдетине каршы коргонуу чараларын сактоого.

Студент-практикантка төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1. Мектепке ашыкча формада, модада тигилген кийимдерди кийинүүгө жана өтө кымбат баалуу жасалгаларды тагынып келүүгө;

2. Мектеп окуучуларын улутка, урук-урууга бөлүүгө, аларды кызмат абалынан пайдаланып ар түрдүү жаман сөздөр менен басынтууга, кордоого жана жазалоого;

3. Мектепке ок атуучу, мийиздүү курал, жарылуучу заттарды, от тутанттуучу, өрт коопсуздугун жаратуучу ар кандай буюмдарды жана химиялык заттарды алып келүүгө жана пайдаланууга;

4. Мектепке алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө жана аны колдонууга;

5. Мектеп окуучулары менен уруксатсыз көңүл ачуу кечелерин уюштурууга жана катышууга катуу тыюу салынат.

Практика жетекчиси ________________

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!