Жагымдуу маанай. Мээге чабуул. | Cөздөрдү уланткыла: Параллелепипед, диоганал, Лейбниц , цилиндр, ромб, бурч, ж.б... | Аң сезими ойгонот Ойлонот, Изденет Табат | 2минут |
Өтүлгөндөрдү кайталоо | Көп грандык деген эмне? Түрлөрүн атап бергиле. Пирамиданын беттеринин аянттарынын формулаларын жазгыла. Үйго берилген тапшырманы маселенида ушулардын катарында текшере кетет жана башка ушул сыяктуу жаңы темага өбөлгө түзүучүү суроолорду берет. | Өтүлгөн материал боюнча билимдерин тереңдейт. Өзүн-өзү баалайт | 5минут |
Жаңы теманы түшүндүрүү. | Эгерде көп грандык томпок, анын бардык грандары бири-бирине барабар туура көп бурчтуктар, ар бир чокусунда бирдей сандагы грандар, бардык эки грандуу бурчтары барабар болсо анда ал туура көп грандык д.а. туура коп грандыктын беш түрү бар. Туура тетраэдр б.а. үч бурчтуу пирамида, анын бардык грандары туура үч бурчтуктар. Куб анын бардык грандары квадраттар. Сегиз туура үч бурчтуу грандардан турган жана ар чокусунда төрттөн грандары болгон көп грандык октаэдр д.а. Жыйырма туура үч бурчтуу грандардан турган көп грандык икосаэдр д.а. Бир чокуда үч грандан биригип, он эки туура беш бурчтуу грандардан турган көп грандык додекаэдр д.а. | Түшүндүрүү процесси жүрөт. Билими жогорулайт Тема боюнча ой жүгүртүүсү өсөт. Көңүл буурусу жогорулайт. Айырмалап билүүгө үйрөнөт. Так маалыматтарды ажырата алат. Толук жыйынтык чыгарганга үйрөнүшөт. Туура көп грандыктын толук бетинин же жөн эле бетинин аянты деп, анын грандарынын аянттарынын суммасын айтабыз. Көп грандыктардын ар биринин гранды өз ара барабар болушат. Ал грандар же тең жактуу үч бурчтуктар, же квадраттар, же туура беш бурчтуктар б.э. бул шарт берилген көп грандыктын бетинин аянтын табууну жеңилдетет. Кандайдыр туура көп грандыктын бетинин аянтын табуу үчүн анын бир эле гранынын аянтын таап, алынган натыйжаны грандардын санына көбөйтүү жетиштүү. S=S1n формуласы аркылуу аныкталат. S1-бир гранын аянты, n-грандардын саны. №6 20 граны, 12 чокусу, 30 кыры бар. Ар бир граны бири-бирине барабар болгон үч бурчтуктар. №21 S=36 см2 a=4,6 см №18 S=54см2 d= ? S=6a2 6a2=54 → a2=54:6=9 a=3 → | 18 минут |