СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс биология боюнча тест, жылдык кайталоо.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс биология боюнча тест, жылдык кайталоо.»

Биология боюнча тест . 9-класс. жылдык кайталоо

1)Эволюциянын натыйжасы........

а) түрлөрдүн көп түрдүүлүгү б) өзгөргүчтүк

в) табигый тандалуу г) тукум куучулук

2) Кайсы табигый фактордун таасири астында Дарвин байкоо жүргүзгөн аралдарда курт-кумурскалардын канатсыз жана канаттуу формалары пайда болгон?

а) температура б) радиация

в) шамал г) ультракызгылт көк нурлары

3) Түрдүн критерияларынын арасынан кайсынысы эң негизгиси?

а) морфологиялык б) эколого-географиялык

в) физиолого-биохимиялык г) генетикалык

4) Особдорду бир популяцияга....... бириктирет .

а) обочолону б) азыгынын окшоштугу

в) жырткычтар г) эркин аргындашуу

5) Цитоплазманын кайсы органелласы жаныбарлардын клеткасында кездешпейт?

а) лизосома б) митофондрия

в) рибосома г) пластидалар

6) Ядро мембранасы канча катмарлуу?

а) 2 б) 1 в) 3 г) 4

7) Төмөнкүлөрдөн эки мембраналуу органоиддерди көрсөткүлө:

1.рибосома 2.митохондрия 3.хлоропласт 4.лизосома 5.эндоплазмалык торчо 6.гольджи комплекси 7.ядро кабыкчасы

а) 1,2,3 б) 3,4,5 в) 2,6,7 г) 2,3,7

8) Жаныбарларда жана адамдарда углеводдун запасы........болуп саналат.

а) сахароза б) гликоген

в) крахмал г) целлюлоза

9) Клеткадагы баардык реакциялардын энергиялык универсалдуу булагы болуп.......эсептелет.

а) АМФ б) липиди в) АДФ г) АТФ

10) Митохондриялардын негизги кызматы .......синтездөө.

а) углеводдорду б) нуклеин кычкылдыктарын

в) белекторду г) АТФ ны

11) Клетканын митоздук бөлүнүүсүнүн канча фазасы бар?

а) 1 б) 2 в) 3 г) 4

12) Митоздун кайсы фазасында хромосоманын муунактары экваторго карай тизилишет?

а) профазада б) метафазада

в) анафазада г) телефазада

13) Бир хромосоманын канча хроматиды бар?

а) 1 б)2 в)3 г) 4

14) Аялдардын кариотиби эркектердикинен эмнеси менен айырмаланат?

а) хромосома санынын б) аутосоманын формасынан

в) жыныс хромосоманын формасынан г) хромосомалардын боелушунан

15) Тукум куума өзгөргүчтүктүн гомологиялык катарын ......формулировкалаган.

а) Ломоносов б) Мендель в) Морган г) Вавилов

16) Кыргызстандын айыл чарбасында пайдаланылган полиплоиддүү өсүмдүк кайсы?

а) пахта б) кант кызылчасы в) картошка г) күн карама

17) Жакын туугандык аргындашуу............деп аталат?

а) консалтинг б) допинг в) инбридинг г) кемпинг

18) Ядро кандай кызматты аткарат?

а) АТФти синдездейт б) белокту синтездейт

в) трофикалык в) генетикалык

19) АТФ нын синтезделиши ......жүрөт.

а) рибосомаларда б) митохондрияларда

в) гольджи апаратында г) лизосомаларда жүрөт

20) Денетурациядан кийин белоктун кайсы структурасы калыбына келе алат?

А) биринчилик б) экинчилик в) үчүнчүлүк г) төртүнчүлүк



21) Фотосиндездин кайсы фазада АТФ синтезделет?

а) караңгы б) жарык в) даярдоо

22) Тукум куучу маалыматтарды ташып жүрүүчү зат болуп саналат.

а) белок б) ДНК в) РНК г) АТФ

23) Өзүнөн кийин тукум калтырып , жеңип чыккан процесс, бул

а) табигый тандалуу б) жашоо үчүн күрөш

в) жасалма тандоо г) түрдүн пайда болушу

24) Өзгөргүчтүктүн тукум кубалоочу формасын көрсөткүлө:

а) жекече б) топтук в) салыштырмалуу г) комбинациялык

25) Жасалма тандоо ким аркылуу жүргүзүлөт?

а) табияттын шарты б) жаныбарлар в) адам

26) Организмдердин чөйрө менен болгон карым катнашын ....изилдейт.

а) морфология б) генетика в) систематика г) экология

27) Азык тизмегиндеги организмдердин бири бирине карата жырткычтыгы-....

а) мителик б) симбиоз в) конкуренция г) жырткычтык

28) Биоценоздун кайсы компоненти эң тез өзгөрөт?

а) редуценттер б) продуценттер в) консументтер г) топурак

29) Консументтер-...... .

а) өсүмдүктөр б) жаныбарлар в) бактериялар г) козу карындар

30) Биринчилик органикалык заттарды түзүүчү продуценттер:

а) жаныбарлар жана өсүмдүктөр б) козу карындар жана бактериялар

в) өсүмдүктөр жана козу карындар г) өсүмдүктөр жана цианобактериялар






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!