СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс Мекенди коргоо ыйык милдет

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс Мекенди коргоо ыйык милдет»

Сабактын темасы : «МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ»


Сабактын максаты:

– окуучуларды эл-жерди сүйүүгө, аны көз карегиндей коргоого тарбиялоо;

– патриот, ар-намыстуу, Ата Журттун чыныгы атуулу болууга шыктандыруу;

– балдардын өз ойлорун эркин айтып, өз ара пикир алышуусуна жетишүү.

Сабактын жабдылышы: «Манас» томдугу, Кыргыз Республикасынын

картасы, китептер, сүрөттөр, иллюстрациялар, газета-журналдар, ырлар, элдик

макал-лакаптар.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Саламатсыӊарбы балдар, бүгүнкү класстык саатыбыз «Мекенди

коргоо – ыйык милдет» деп аталат. Ушул темага тиешелүү ачкыч сөздөрдү

таап көргүлөчү.

Балдар Мекен, достук, тынчтык, патриотизм, эрдик, эр

жүрөктүүлүк, баатырдык, милдет ж.б. аташат.

- Азаматсыӊар! Анда эмесе, ар бириӊер сүйлөмдү өз алдыӊарча толуктап

жазгыла.

Ата Мекен – бул ………

Тынчтык – бул ………..

Патриотизм- бул………..

Жазып бүткөндөн кийин жупта талкуулап, экиден бир оюӊарды

билдиргиле.

Урматтуу окуучулар, ар бир адамдын туулуп-өскөн жери ал үчүн ыйык

Мекен. Улутуна, жынысына, тилине, туткан динине карабастан алар үчүн Ата

Мекен, Тынчтык, Достук, Патриотизм деген сөздөр ыйык болууга тийиш.

Себеби бул сөздөрдө мамлекеттин келечеги жатат.

Балдар, “патриот” деген сөз кайдан келип чыккан?

Бул сөз грек сөзү, кыргыз тилине которгондо “патрис” – “Ата Мекен”.

Өз учурунда патриот бул – Ата Мекен эл-жери жөнүндө гана кооз сөздөрдү

сүйлөө гана эмес, ал жеке керт башынын камын гана ойлобостон,

кыйынчылыктарды чечилбеген маселелерди көрүп туруп кабагым кашым

дебестен, бардык күч-кубатын жумшап, ошол кыйынчылыктарды чечүү үчүн

аракет кылган адам. Бир сөз менен айтканда, өз Ата Мекенине, өз элине

берилгендик, аларды чексиз сүйүү, ал үчүн ар кандай баатырдыкка, курман

болууга даяр тургандык. Мына ошол чыныгы патриоттуулук. Бир күнү бир

акылмандан «Патриотизм деген эмне?» – деп сурашыптыр. Ошондо акылман:

«Патриотизм – бул менин өлкөм бардыгынан мыкты деген ишеним. Анткени

бул өлкөдө сен туулгансыӊ!» – деген экен. Демек, Кыргызстандын кайсы

жеринде, кайсы шаар, айылында болбойлу, ал биздин Кыргызстан!

Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу.

«Кыргызстан – бардык этностордун бирдиктүү Мекени» деген идеяны ишке

ашыруу – менин жана сенин эмгегиӊ, ынтымагыӊ.

Балдар, Кыргыз патриоттуулугунун булагы кайдан башталат? – деп

ойлойсуӊар? Анда эмесе, үзүндүнү окуп көрөлү:

«Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң,

Калың бороон, катуу күн,

Кулунум, канчалык өтөр башыңан.

Кыр-кырда кыргыз элиңе,

Кызыккан жандар дагы бар,

Кылчайбай канды агызар,

Кызыталактын баары бар,

Элиңди түгөл башкарып,

Өз алдыңча болгондо,

Сени таштап койбос жепжеке.

Суроодон угар дайныңды,

Күтүнбөстөн сен жатсаң,

Бир күнү чабар айлыңды.

Ошого моюн бербеске,

Ок өтпөгөн тон камда,

Куусаң жетпей калбаска,

Ок жетпеген ат камда…»

Балдар, бул үзүндүдөн эмнени түшүндүӊөр?

Акылман Кошой атабыздын жаш Манаска «жаман айтпай жакшы жок»

дегендей, кыргыз жерине, кутман элине көз арткан душман бөөдө кырсык

салып кетпесин, бейкам жатпай, эл-жериңдин бейпилдиги үчүн сак болуп, «ат

үстүндө куш уйку салып», эл чегинде камдуу болгула» деп айткан даанышман

насаатынын мааниси эч качан жоголбой, бүгүнкү, эртеңки күндө да, жалпы

кыргыз урпагына сабак болорун Баткен коогалаңы дагы бир ирет далилдеди.

Баткен окуясы бүгүнкү күндүн баатырларын жаратты. Көптөгөн эр

жигиттер Мекенин коргоп жан берди. «Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт».

Чыныгы эрдик көрсөтүп, эл-жер үчүн курман болгон агаларыбыздын

баатырдыгын, жаркын элесин эч качан унутпайбыз, аларды үлгү тутабыз.

Эгерде биз мамлекетибиз мыкты болсун десек ар бириӊер бир баракты

алып, жүрөкчө жасап ага адамда кандай сапаттар же баалуулуктар болушу

керектигин жазгыла. Ар бир жүрөкчө барагын доскадагы Кыргызстандын

картасына жабыштырып койгула. Жүрөкчөгө төмөндөгүдөй жазсаӊар болот.

(баалуулуктар: патриоттуулук, ар намыс, милдет, жоопкерчилик, сүйүү,

жакшылык, толеранттуулук, тынчтык ж.б.).

Достор, «эр жигит эл четинде, жоо бетинде», мекенди коргоо – ыйык

милдет экендигин, ар дайым мекен сакчылыгында ар намыс менен туруп, чек

арабызга душманды жолотпой, кутман элибизди, ыйык жерибизди коргоого,

мекен келечеги үчүн илим-билимдүү болуп, ак жашап, ак иштөөгө кыргыз

элинин атуулу катары убада берели!

Анда эмесе, төмөнкү ыр саптарын хор менен окуу аркылуу сабагыбызды

аяктайбыз.

Бар бол, кыргыз, бар болгун Кыргызстан,

Болгондо да күн бол, кыргыз, нурун чачып көз уялткан.

Күн тартылган Манастын туусун тиктеп,

Таң калышсын, оозун ачып ар бир туштан.

Бар бол, кыргыз, бар болгун,Кыргызстан,

Болгондо да, көп бол кыргыз, сан жылдыздан!!!!

- Көздөй учкан кутманың не?

- Ак калпак кыргыз элим!

- Туудай бийик тутканың не?

- Алатоодой кыргыз жерим!

- Колдой турган пириң кайсы?

Эр Манас – бабам экен.

Жолдой турган ырың кайсы?

- Ар намыс – Ата мекен!

Бийигиң болуп жылдыз учкан,

Жүрөгүңдө жашасын Кыргызстан!

Ак бата тилеп бул турмуштан,

Кайкып учар канатың – Кыргызстан!

Үйгө тапшырма: Балдар, үйдөн “Канткенде мен патриот боло алам?” деген

эссе жазып келгиле.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!