Просмотр содержимого документа
«9- май жеңиш күнү ыр»
9-май
Бул согушта нечен кыргыз канын төккөн
Бул согушта чоң аталар азап көргөн
Бул согушта мекен үчүн жанын берип
Бул согушта кырчын жаштар жашап өткөн
Эне байкуш өз баласын күтүп күндө
Уктай албай нечеен азап чекти түндө
Жүрөктөрү алоолонуп ыйлап жатты
Түшкө кирип балапаны отко күйсө
Үмүт кылаар келеер деген балам күздө
байкуш эне көздөрү алыыс жолдо
бирок чиркин айланды бала күлгө
күйүп кетти немистеби кимде күнөө?
Бул жеңишке оңой менен жеткени жок
бири өлүк, бири кайтты, бири чолок
жүрөк тосуп окко дагы мекен үчүн
азаматтар элин жерин мыкты коргоп
сыймыктанам аталардын эрдиги чоң биз үчүн
ыр ырдайлы жеңиш ырын 75 жыл үчүн
бабалардын урпактары майрамдайбыз биз бүгүн
ыйлабагын энекелер уулуң тирүү бир үчүн.
Автор: Нурбаева Айткүл