Просмотр содержимого документа
«АК-74 Тарыхы , мүнөздомөсү»
Аскерге чейинки даярдык №18 А Тукеев а.о.мектеби Даярдаган:АЧД мугалими Боконов О
Сабактын темасы : Автомат Калашниковдун
өзгөчөлугү жана техникалык мүнөздөмөсү .
Максат:
- Окуучулар ок атуучу куралдар жөнүндө билишет.
- Автомат Калашниковдун тарыхы , түзүлүшү , өзгөчөлүгү жана техникалык мүнөздөмөлөрүн үйрөнүшөт.
- Автомат Калашниковду колдонгон учурларда анын өзгөчөлүктөрүн пайдалана алы шат.
Тема боюнча суроолор .
- АК-74М кызматтык багытталышы жана
өзгөчөлүктөрү
Михаил Тимофеевич Калашников Ок атуучу куралдарды ойлоп тапкан атактуу конструктор .
Михаил Тимофеевич Калашников 1919-жылы ноябрь айында Алтайда төрөлгөн
1945-жылы Коргоо Министрлиги жарыялаган 1943-жылкы үлгүдөгү патрондор менен атылуучу жаңы куралдарды ойлоп табуучулардын конкурсуна катышат.
Ал ошол мезгилде улук сержант наамы менен аскер кызматкери болгон.Анын ойлоп тапкан куралы 1947-жылы куралдуу күчтөрдө колдонууга кабыл алынган .Ойлоп табылган курал анын аты менен Автомат Калашников 1947-жылы кабыл алынгандыктан 47 саны кошулуп АК-47 деп аталып калган.
Автомат Калашников АК-47
- Автомат Калашников 1949-жылы Ижевск курал чыгаруучу заводунда чыгарылып баштаган
- Автомат Калашников азыркы учурда 101 өлкөдө колдонулат .
- Автомат Калашников 6 мамлекеттин улуттук герббине сүрөтү түшүрүлгөн.
- Дүйнөдө 70 млн шт курал жасалып чыгарылган .
- Автомат Калашников 20-кылымдагы эң мыкты курал деген наам алган.
- Андан бери 70 жыл өтсө да ага теңдеш жалпы пайдаланууга жарактуу курал ойлоп
табылган эмес.
Автомат Калашниковдун (АК-47) техникалык МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Стволдун калибри (милиметр)
7,62 мм
Алыстыкты мээлөө мумкүнчүлүгү (метр)
1000 м
Октун учуу алыстыгы (метр)
3000 м
Октун өлтүргүчтүк күчү
1500 м
Октун башталгыч ылдамдыгы(метр/секунд)
Салмагы октолгон магазини менен(кг)
715 м\с
3.6
Магазиндин сыйымдуулугу(патрон)
30
Ок атуу темпи минутасына
600
Бирден ок чыгаруу минутасына
Очред менен ок чыгаруу минутасына
40
100
Штык нождун салмагы(гр)
450
Ок дары
- Автомат магазини аркылуу октолуп турат .
- Магазинге 30 ок батат ,зарылчылыка жараша
- 40 ок баткан магазинди же РПКнын (ручной пулемет Калашникова)
75 октуу дисккин салып пайдаланууга болот.
- 1943-жылкы үлгүдөгү патрондор иштетилет.
АК-74М
- А-Автомат
- К-Калашников
- 74-1974-чыгарылган
- М-Модернизированный
- 1974-жылкы үлгүдөгу патрондор колдонулат
Стволдун калибри (милиметр)
5,45мм
Алыстыкты мээлөө мумкүнчүлүгү (метр)
1000
Октун учуу алыстыгы (метр)
3000
Октун өлтүргүчтүк күчү
1500
Октун башталгыч ылдамдыгы(метр/секунд)
920м\с
Салмагы октолгон магазини менен(кг)
4,1
Салмагы магазинсиз
3,2
Магазиндин сыйымдуулугу(патрон)
30
Ок атуу темпи минутасына
600
АК-74М кызматтык багыты жана өзгөчөлүктөрү.
- АК-74М 1974-жылы кайрадан модернизацияланып чыгарылган стволдун калибри 5,45мм болуп 1974-жылкы үлгүдөгу патрондор колдонулат.
- АК-74М азыркы учурдагы жөө аскерлердин жеке колдонуучу негизги куралы болуп душмандардын аскердик курамын жана ок дары ,курал жарактарын жок кылууга багытталган.
- АК-74М автоматтык түрдө жана жалгыздан ок чыгара алат
- Анын негизги кызматы автоматтык түрдө ок чыгаруу.
- Учуна орнотулган штык ножу душман менен бетме-бет келген учурларда кармашууга жана коргонууга ылайыкташкан .
- Автоматтын аткарган кызматын жөндөп башкаруу үчүн предохранителдик бөлүкчө коюлган анын үч көрсөткүчү бар.
- Жогорку –автоматты кулпулайт
- Ортодогу – «АВ»белгиси коюлган автоматтык түрдө ок чыгарат
- Астыдагы- «ОД» белгиси коюлган «одиночный огонь» жалгыздап ок чыгарат.
АК-74М кызматтык багыты жана өзгөчөлүктөрү.
- АК-74М азыркы учурда колдонуудагы негизги модификациялык түрү
- АК-74М комплектинде ремень,магазин сумкасы менен ,штык нож кыны менен жана майлап тазалоочу шаймандары (пеналь)чогуу бириктирилген.
Үй тапшырмасы үчүн суроолор.
АК-47 Ким ойлоп тапкан? Толук маалымат.
АК -47 Канчанчы жылы чыгарылып баштаган?
АК-47,АК-74М Аталыштарын чечмеле .
АК-47 Техникалык мүнөздөмө
АК-74М Техникалык мүнөздөмө
Сабакты бышыктоо үчүн суроолор
Кандай патрондор колдонулат?
АК –кандай багытта колдонуучу курал?
Штык нож кайсыл учурларда колдонулат?
АК-предохранителдик бөлүкчөсү канча көрсөткүчү бар алар
кандай кызмат аткарууга ылайыкташтырылган ?
АК- автоматынын комплектисинде эмнелер бар.
Көңүл бурганыныздар
үчүн ырахмат!