СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Акыл ордо" интеллектуалдык оюну

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Акыл ордо" интеллектуалдык оюнунун  иштелмеси 6-11-кл.үчүн

Просмотр содержимого документа
«"Акыл ордо" интеллектуалдык оюну»





Сабактан тышкаркы иш -чаранын иштелмеси



АКЫЛ ОРДО”



Интеллектуалдык оюну































Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.









Акыл ордо” интеллектуалдык оюну

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар алган билимдерин тереңдете алышат;

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар шамдагай болууга, логикалык ой- жүгүртүүлөрүн тереңдетүүгө үйрөнө алышат;

Тарбия берүүчүлүк:Окуучулар тартипти сактай алышат, өз кезегин күтүп, жооп бере алышат, компетенттүү боло алышат.

Сабактын тиби: Аралаш, оюн сабак, мелдеш сабак;

Сабактын ыкмасы: Өз алдынча иштөө ыкмасы;

Сабактын формасы: Оюн жана мелдеш сабак;

Сабактын жабдылышы: ТСО, трибуна, коңгуроо, карточка;

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Мугалим: Саламатсыздарбы?! Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт- демекчи. Акыл миң күндүк, ал эми кийим бир күндүк экенин аныктаган 6 окуучу биздин алдыбызда. Анда эмесе, биз бүгүнкү оюндун катышуучуларын алдыбызга чакырып, алар менен таанышсак:

1.Абибилло кызы Клара

2. Апсаламов Сталбек

3.Кадырмаматова Сафия

4. Болотбеков Бек

5.Маматисаева Айзат

6.Шаршенов Эльдар



Үч нерсе акылга күч окшот экен: Илимдүүлөр менен маектешүү, тажрыйба жыйындысы, туруктуу мүнөз. Мына, булардын баары биздин катышуучуларыбызда бар. Анда эмесе, кимиси эң акылдуу экенин билгиңиздер келсе, алдыңкы мүнөттөрдө биз менен бирге болуңуздар.

Бышыктоо:















Акыл ордо” интеллектуалдык оюнунун суроолору

  1. Кыгыз элинин баатыры Ч. Түлөбердиевдин кичи мекени кайсы облуста жайгашкан?

  1. Нарын

  2. Талас

  3. Чүй

  4. Баткен

  1. Бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык сан кандай аталат?

  1. Айырма

  2. Сумма

  3. Тийинди

  4. Көбөйтүндү

  1. “Мүнөшкөр” деп кыргыздарда кандай адамды айтышат?

  1. Ат таптаган адамды

  2. Куш таптаган адамды

  3. Ээр чапкан адамды

  4. Аңчылык кылган адамды

4. Манастын ысымын ким койгон?

1. Жакып

2. Акбалта

3. Думана

4. Чыйырды

5. Футбол оюнунда бир тайм канча убакытка созулат?

1. саатка

2. 45 мүнөткө

3. 90 мүнөткө

4. 20 мүнөткө

6. Америка кошмо штатынын желегиндеги жылдыздар эмнени түшүндүрөт?

1. Мамлекеттин жашын

2. Штаттардын санын

3. Жашаган улуттардын санын

4. Элчиликтердин санын

_____________________________________________________________

7. Төрт адамдан турган музыкалык топ кандай аталат?

1. Трио

2. Соло

3. Квартет

4. Квинтет

8. Мусулмандар үчүн жуманын ыйык күнү кайсыл?

1. Ишемби

2. Жекшемби

3. Дүйшөмбү

4. Жума

9. Зенги баба – кайсы жаныбардын пири болуп саналат?

1. Уйдун

2. Эчкинин

3. Койдун

4. Жылкынын

10. Кыргыз банкноталарында чагылдырылган инсандардын ичинен кимиси бир эле убакта акын, лингвист, окумуштуу жана мамлекеттик ишмер болгон?

1. А.Малдыбаев

2. Б. Бейшеналиева

3. К.Тыныстанов

4. С.Чокморов

11. Индиянын борбору кайсы шаар?

1. Бомбей

2. Дели

3. Сингапур

4. Калькутта





12. “Самба” бийи кайсы мамлекеттин эң популярдуу бийи болуп саналат?

1. Аргентина

2. Бразилия

3. Италия

4. Испания

__________________________________________________________________

13. Жер, суу жана аба – үч күчтү түшүндүргөн эмблеманы кайсы автоунаа маркасынан көрө алабыз?

1. Вольксваген

2. Ауди

3. Мерседес

4. Тайота

14. “Сари” кийими кайсы элдин улуттук кийими?

1. Арабдардын

2. Индия элинин

3. Эскимостордун

4. Египеттиктердин

15. Борбор шаарыбыздын “Революция аянтынан” кимдин эстелигин көрө алабыз?

1. Курманжан Датканын

2. Михаил Фрунзенин

3. Уркуя Салиеванын

4. Максим Горькийдин

16. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы ат жабдыктарына кирбейт?

1. ЭЭр

2. Куюшкан

3. Тулга

4. Үзөңгү

17. Эки кыз бир туугандын балдары бири – бирине эмне болушат?

1. Таяке же тайеже- жээн

2. Бөлө

3. Эже- байке же ага – ини

4. Небере

18. Колдун кайсы манжасы кыргыз эл жомогунун каарманы болуп саналат?

1. Бармак

2. Ортон

3. Аты жок

4. Чыпалак

__________________________________________________________________

19. Күндү айланган планеталардын ичинен шакек тагынган планета кайсы?

1. Жер

2. Юпитер

3. Марс

4. Сатурн

20. И.А.Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” чыгармасы адабий жанрдык жактан кандай чыгарма?

1. Проза

2. Поэзия









3. Тамсил

4.Ода










Кыргыз тили”

категориясы боюнча суроолор

  1. Заттын өңү- түсүн, көлөмүн билдирип, кандай? деген суроого жооп берген сөз түркүмү? (Сын атооч)

  2. 23-сентябрда Кыргызстан дал ушул майрамды белгилеп келет? (Кыргыз тил күнүн)

  3. Буйрук сүйлөмдүн аягына дал ушул белги келет (Илеп белгиси)

  4. “Кимди? Эмнени?”деген суроолорго жооп берген жөндөмө? (Илик)

  5. Чекит, үтүр, илеп, суроо белгилери – кыргыз тилиндеги ...(Тыныш белгилер)

  6. Сөз жасоодо уңгуга эмне уланат? (Мүчө)

  7. Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү эмне байланыштырат? (Байламталар)

  8. Арыз, акт жана отчет кептин кайсы стилине кирет? (Иш кагаздар стили)

  9. Эки же андан көп сөздөн турган, бир эле маанини билдирген кандай сөздөр? (Татаал сөздөр)

  10. Суроолуу сүйлөмдүн аягына коюлуучу тыныш белги- ... (Суроо белгиси)

  11. Зат атооч кандай суроолорго жооп берерт?(Ким? Эмне?)

  12. Сүйлөмдүн кандай айкындооч мүчөсү бар?(Үч: аныктооч; толуктооч; бышыктооч)

  13. Ичке” сөзүнүн антоними - ...(Жоон)

  14. Кыргыз алфавити орус алфавитинен канча тамгага ашыкча?(Үч: Ө,Ү,Ң)

  15. Ң”тамгасы сөздүн башына келиши мүмкүнбү? (Жок, мүмкүн эмес)

  16. Эки же андан көп адамдын сүйлөшүүсү -...(Диолог)

  17. Адабий чыгармаларга кептин кайсы стили мүнөздүү?(Көркөм)

  18. “Биттин ичегисине кан куйган” деп кандай адам сүрөттөлөт?(Тың)

  19. Кыргыз тили канчанчы класстан баштап сабак катары окутула баштайт?(2)

  20. Тема эмнеге коюлат?(Текстке)

  21. – лар мүчөсү эмнени билдирет? (Көптүк санды, мүчөнү)

  22. Этиштин канча чагы бар? (Үч: өткөн, учур, келер чак)













Макал - лакаптар”

категориясы боюнча суроолор


  1. Өзүңдү эр ойлосоң , өзгөнү... (Шер ойло)

  2. Эмнең болсо, өргө чабасың? (Өнөрүң)

  3. “Сен” деген сенек сөз, “Сиз” деген кандай сөз? (Сылык)

  4. Дос күйдүрүп атат, ал эми душман... (Сүйдүрүп айтат)

  5. Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын... (Көзү жаман)

  6. Бастырганды билбеген жолду бузат, ал эми башкарганды билбеген...(Элди бузат)

  7. Ажалдуу кийик эмнеге жолугат? (Абийирдүү жигитке)

  8. Казанчынын өз эрки, ... (Кайдан кулак чыгарса)

  9. Чымчыкчы сойсо дагы, ким сойсун? (Касапчы)

  10. Эр достугу эгиз болсо, эл достугу эмне болот? (Деңиз болот)

  11. Кимдин сыңар өтүгү майрык болот? (Сынчынын)

  12. Лакапка ишенсек, карынын сөзүн кайсы буюмга салуу керек? (Капка)

  13. Кандай уй жайытын бир күндө түгөтөт? (Жаман уй)

  14. Кайсы коён ийинге батпайт? (Шашкан)

  15. Ар кимдики өзүнө... (Ай көрүнөт көзүнө.)

  16. Айранды кимдер үйлөп ичет? (Сүткө оозу көйгөндөр)

  17. Кимдин шылтоосу көп болот? (Жалкоонун)

  18. Бутагынан алыс түшпөгөн мөмө - ... (Алма)

  19. Кайсы бала атасынын сакалы менен ойнойт? (Ыйлаар)

  20. Кимди ким көрдү, ... (Быржыбайды там басты)

  21. Жакшы бала тил алчаак, жаман бала ... (Уялчаак)

  22. “Өрдөк жокто” эмне “бий болгон? (Чулдук)

  23. Кимдин жооштугун койго салыштырып келебиз? (Конок)



















Театр, кино, музыка”

категориясы боюнча суроолор


  1. Бизге белгилүү канча нота бар? (7)

  2. Кыргыздын эң биринчи кинотасмасы? (“Салтанат”)

  3. Сезимдерди тазартчу, эс ала турган жай эмне деп аталат? (Театр)

  4. Улуу акын А.Осмоновдун өмүр – жолун чагылдырган тасма? (“Мезил жана Алыкул”)

  5. “Уурунун махабаты” кинотасмасынын режиссеру? (Эрнест Абдыжапаров)

  6. Эки музыкалык нотадан турган өсүмдүк? (Фа- соль)

  7. Белгилүү ырда: “Белесте канча ыргай бар”? (Беш)

  8. Кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң – бурчтарына чейин театрлар кайсы жылдары ачылган? (1970-1980-ж.ж.)

  9. Үй-жайсыз адам менен эң жогорку бийликтеги адамдын жашоолорун чагылдырган кинотасма? (“Президент жана бомж”)

  10. Музыканттардын тамгасы? (Нота)

  11. 1930-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалуу – драма театры, ал эми кайсы жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн? (1941-жылы)

  12. Б.Жакиевдин калемине таандык кандай драма бар? (“Атанын тагдыры”)

  13. Үч быроо, жалгыз тээк, үч кылдуу кыргыздын музыкалык аспабы? (Комуз)

  14. “Боз салкын” кинотасмасында Асеманы кайсы кыздын ордуна ала качып кетишет? (Анара)

  15. Ырга обон жараткан адамды ким деп атайбыз? (Композитор)

  16. “Ак кекме” кинотасмасындагы баланын ысымы? (Нургазы)

  17. Кыргыл чал, абыке, Көбөш деген ысымдар кайсы драмалык чыгармада кездешет? (“Манастын уулу Семетей”)

  18. Оркестрды таяк менен башкарган адам? (Дирижер)

  19. Эки адамдан турган музыкалык топ? (Дуэт)

  20. Музыкалык коштоосуз ырдоо эмне деп аталат? (Акапелла)

  21. Замирбек Сооронбаев жетектеген мамлекеттик академиялык драма театры кимдин ысымынан коюлган? (Т.Абдымомунов)

  22. “Камбаркан” – эмненин башы деп айтылып жүрөт? (Күүнүн)














Салттар жана дасторкон”

категориясы боюнча суроолор

  1. Салт боюнча кыргыздар кудалашканда, кызга эмне салышкан? (Сөйкө)

  2. Максым, бозо, кымыз – кыргыздын улуттук эмнеси болуп саналат? (Суусундугу)

  3. Мергенчиликтен кайтканда, жолдо жолуккан адамага олжосу менен бөлүшүү салты кандай аталат? (Шыралга берүү)

  4. Малдын өпкөсүнө сүт жана май кошуп даярдалган тамак кандай деп аталат? (Олобо)

  5. Баланы бешиктин кайсы тарабынан бөлөө керек? (Оң)

  6. Эжигей азыгы эмнеден жасалат? (Сүт)

  7. Кыргыз кыздары кайсы убактан баштап чачын эки өрүм кыла баштайт? (Турмушка чыккандан баштап)

  8. Бул тамак Нооруздун көркүн ачат. (Сүмөлөк)

  9. Жаңы келген келинге тартылуучу кездеме кандай аталат? (Көшөгө)

  10. Жакшы кабарды, жаңылыкты угузуу – бул... (Сүйүнчү)

  11. Кайсы азык эң улук деп саналат? (Нан)

  12. Кыргыздын салты боюнча жаңы үйлөнгөн жубайларга эшик – төр көргөзүү, дагы кандай деп аталат? (Отко чакыруу)

  13. Ымыркай төрөлгөндө канча күн өткөрүп, чачы ырымдалып, тегерете кыркылат? (40)

  14. Жаңы төрөлгөн ымыркай ушул азык менен тамактанат. (Сары май)

  15. Сабоону кайсы улуттук суусундукту ачытуу үчүн пайдаланган? (Кымыз)

  16. Жаңы төрөлгөн наристени тайене, таятасы атйлап көрүп келүү аземи кандай аталат? (Жентектеп келүү)

  17. Мүчөлүү жашта дал ушул өңдөгү кийим кийиш керек, ал кайсы өң? (Кызыл)

  18. Колдогу кайсы манжаны кыргыздын улуттук тамагынан кезиктирүүгө болот? (Беш бармак)

  19. Максым жасоодо пайдалануучу негизги азык - ... (Талкан)

  20. Турмушка чыккан кыз менен кошо берилген төшөнчө, сандык, кийим- кечелери кандай аталат? (Сеп)

  21. Чай кайнайт, ал эми айранчы? (Уюйт)

  22. Кыз алган тарап өз кудаларына ушул сөздү миң жолу айтыш керек деп айтылып келүүдө. Ал кайсы сөз? (“Кулдугубуз бар”)












Кыргыз адабияты”

категориясы боюнча суроолор

  1. “Биринчи мугалим” повестинде ким чоң окумуштуу болуп чыгат? (А.Сулйманова)

  2. Эгинбастырылгандаырдалганыркайсы? («Оп майда»)

  3. «…чокоюм буттан суурулуп, Чор болду таман турулуп…» кимдин арманындагы саптар?(“Койчунун арманы”)

  4. Апасы наристесине кайсы ырды ырдайт? (“Бешик ырын”)

  5. Жаз келбей күттүргөн, “Неге кечигет” ырын ким жазган? (А.Осмонов)

  6. “Карагул ботом” чыгармасында бала кимди күтүп уктап калат? (Атасын)

  7. А.Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемесиндеги баланын аты ким? (Зарылык)

  8. Ажымурат атасына кандай белек даярдагысы келген? (Тебетей)

  9. “Кызыталак бурут” деп “Манас” эпосунда калмактар кимди айтышкан? (Кыргыздарды)

  10. “Ажар” повестинде кайсы тарыхый окуя чагылдырылган? (Үркүн)

  11. Жаңылып айтууга ылайыкташтырылып түзүлгөн өзгөчө сөз айкаштары-... (Жаңылмачтар)

  12. Курманжан Датканын тагдыры тууралуу Төлөгөн Касымбековдун кайсы чыгармасы баяндайт?(“Кел-кел” романы; “Дарга асуу”)

  13. Кожожаштын жубайынын ысымы ким болгон?(Зулайка)

  14. “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду” ыр саптары кайсы акынга таандык? (Токтогул Сатылганов)

  15. “Жез таңдай” деген салыштыруу кимдерге карата айтылат? (Акындарга)

  16. “Манас” эпосунда Каныкейдин күлүгү кандай аталат? (Тайтору)

  17. Башка мүшкүл түшкөндө, атайын обонго салынып айтылуучу ыр бул- ... (Кошок)

  18. Чыгармалары эң көп тилге которулган кыргыз жазуучусу -... (Чыңгыз Айтматов)

  19. А.осмонов: “Бир боор энем” деп кайсы өлкөгө кайрылган? (Орусияга)

  20. “Эрте келген турналар” чыгармасындагы Мырзагүлдүн сүйгөнү? (Султанмурат)

  21. “Кызыл күрмө шайы кийипойногула, кыздар ай” ыр саптары кимге таандык? (Токтогул Сатылганов)

  22. “Ак кымкаптан тон албайм, ак күмүштөн сом албайм” кимдин калемине таандык? (Барпы Алыкулов)











Улуттук оюндар жана кийимдер”

категориясы боюнча суроолор

  1. “Бөрүлү” командасы спорттун кайсы түрү боюнча элге белгилүү? (Улак тартыш; “Көк бөрү”)

  2. Айлуу түндө ойнолуучу оюн кандай аталат? (Ак чөлмөк)

  3. Күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийими?(Шөкүлө)

  4. “Топ таш” оюну дагы кандай аталат?(Беш таш)

  5. Бийиктиги, тигилиши, кооздолушу менен айырмаланган, кийизден жасалган агыш, боз, кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген баш кийим? (Калпак)

  6. “Көк бөрү” оюнунда, оюн талаасында канча тай казан болууга тийиш? (2)

  7. Тогуз коргоолду канча адам ойнойт? (2)

  8. “Упай” оюнунда бир басым деп канча чүкө аталат? (3)

  9. Чүкөлөрдүн эң мыктысы кандай аталат?(Сака)

  10. “Ордо” оюнунда хан чүкө канча чүкөгө бааланат? (2)

  11. “Селкинчек” оюнунун дагы бир аталышы кандай?(Алты бакан)

  12. “Бизден Сизден ким керек?”- деп кайсы оюнда айтылат? (Ак терек, көк терек)

  13. “Кыз куумай” оюнун баштоодо, кыз менен жигиттин кимиси алдыраак турат? (Кыз)

  14. “Көк бөрү” оюну дагы кандай аталат?(Улак тартыш)

  15. Тогуз коргоол оюнунда канча үй бар? (9/18)

  16. Чүкө кандайынан түшкөндө, көбүрөөк упай берилет? (Айкүр)

  17. Чапан, ичик, тон – сөздөрүнүн синоними – (Чепкен)

  18. “Ыр кесе” оюнунда катышуучулар эмнени кезекберип, бири-бирине сунушат?(Кесе)

  19. Кыргыз аялдарынын кийими кооз, татаал жана таланттуу саймаланганы, анын эмнесин билгизген? (Анын материалдык абалын)

  20. Бир топ бала чогулуп алып, бир чүкөнү же бир саканы”кан” деп коёт. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчоо- кайсы оюн? (“Канталамай”)

  21. Кыргызын бийлиги менен байлыгын аныктаган баш кийими кандай деп аталат? (Тебетей)

  22. Эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир жипти кармашып тартышкан мелдеш оюну... (Аркан тартыш)













Кыргыз залкарлары Алыкул жана Чыңгыз”

категориясы боюнча суроолор

  1. Ч.Айтматовдун”Бетме-бет” повестинде согуштан качып келген каарман ким? (Ысмайыл)

  2. Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образы түзүлөт? (“Биринчи мугалим”)

  3. Улуу акын А.Осмонов Шота Руставелинин кайсы поэмасын которгон? (“Жолборс терисин жамынган баатыр”)

  4. А.Осмоновдун “Толубай сынсы” поэмасында Толубайдын көзүн ким ойдурат? (Азизкан)

  5. Жазуучу Ч.Айтматов Талас облусунун кайсы айылында туулган?(Шекер)

  6. Алп жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекеси кайсы жылы болгон? (2018-жылы)

  7. А. Осмоновдун кичи мекени? (Чүй облусу)

  8. 200сомдук банкнотада А.Осмоновдун кайсы поэмасы жазылган? (“Жеңишбек”)

  9. Акын А.Осмоновдун 100 жылдык маарекеси кайсы жылы белгиленип өткөн? (2015-жылы)

  10. Ч.Айтматовдун чыгармалары канча тилге которулуп жазылган? (159тилге)

  11. Чыңгыздын атасынын аты ким болгон? (Төрөкул)

  12. Каргашалуу согушка Толгонай 3 уулун жана жолдошун узатып, баарынан айрылган чыгарма кандай аталат? (“Саманчынын жолу”)

  13. Ч.Айтматов кыргыз эли менен түбөлүк келгис жайга кайсы жылы коштошуп кеткен? (2008-жылы)

  14. “Тоого тоолор курамалап, курашып, 
    Узун тартып, уламалап, улашып, 
    Алда кайда кебез тартып келаткан, 
    Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.” -ырынын аталышы (“Кыргыз тоолору”)

  15. Акындын кызынын аты ким болгон? (Жыпар)

  16. Акындын “Неге кечигет” ырында кайсы мезгил кечигет? (Жаз мезгили)

  17. Акын Токмоктогу жетим балдар үйүнө канча жашында келген? (3 жашында)

  18. Жазуучунун акыркы жазган чыгармасы кандай аталат? (“Тоолор кулаганда”)

  19. Нагима Чыңгыздын апасы кайсы улуттун кызы болгон? (Татар улутунун)

  20. Ч. Айтматовдун балалык сүйүү жана өспүрүм балдардын эрдиги тууралуу жазылган чыгармасы кандай аталат? (“Эрте келген турналар”)

  21. Залкар акын кайсы жылы дүйнө салган? (1950-жылы; 12-декабрь)

  22. А.Осмоновдун “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” деген элдик макалга байланыштуу кандай чыгарма жараткан? (“Толубай сынчы”)





Жомоктор дүйнөсү жана “Нооруз” майрамы” категориясы боюнча суроолор

  1. “Нооруз” сөзү кайсы тилинен келип чыккан? (Фарс)

  2. “Нооруз” майрамын кайсы элдер майрамдашат? (Орто Азия элдери)

  3. “Абышка менен дөө” жомогунда абышка жолдон эмне таап алат? (Жумуртка)

  4. “Сен өтө күчтүүсүң, мунуңа толук ишенем, бирок тетигинде сенден да чоң арстан бар. Ал бая күнү “Сени жейм”-деп ачууланып жатканын уккам.” үзүндүсү кайсы жомоктон? (“Арстан менен коён”)

  5. “Жээренче чечен” жомогунда Жээренченин уулу Төлөмырза кандай бала эле? (Калпычы)

  6. “Нооруз” майрамы качан майрамдалат? (21-мартта)

  7. Эмне менен үй – бүлөнү, малды жана үй ичин аласташкан? (Арча)

  8. “Алтын куш” жомогунда куш эмнени уурдап кетет? (Алма)

  9. “Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй ошол бойдон жогол!”- деп атасы уулуна буйрук берген кайсы жомок? (“Акылдуу бала”)

  10. “Алдар Көсө менен соодагер” жомогунда соодагерди алдап, Алдар Көсө эмнесин алып кетет? (Атын)

  11. Ноорузда канча түрлүү даам жасашкан? (Жети)

  12. Ноорузда жасалуучу көжөнүн аты... (Сүмөлөк)

  13. “Алтын балык” жомогунда деңиз бойлой абышка- кемпир канча жыл жашаган? (33жыл)

  14. Карышкырга атын союп берген бала жөнүндө жомок- ... (“Алтын куш”)

  15. “Акмакты таап келгиле”,- деп буйрук берген хан кайсы жомоктон? (“Акылдуу дыйкан”)

  16. “Нооруз” деген сөз эмнени түшүндүрөт? (Жаңы күн)

  17. Жазында күн менен түн качан теңелет? (21-мартта)

  18. Сүмөлөк бышырууда эмнелер айтылат? (Жакшы каалоо- тилектер)

  19. Чөлгө конгон куш эне жана ботолуу төө жөнүндө жомок кайсы? (“Кекиремайса суусады, чөлдө ботом курады”)

  20. “Балык жана балыкчы” жөнүндө жомоктун автору ким? (А.С.Пушкин)

  21. Кемпир- чалдан үйүнөн токоч эмнеден тоголонуп чыгып кетет? (Терезеден)

  22. Токой аркылуу чоң апасына пирожки алып барам деп, бирок карышкырга жем болуп кала жаздаган кыз туурасындагы жомок кандай аталат? (“Кызыл топу”)









III РАУНД

  1. Спутник жерди 1 саат 40 мүнөттө айланып чыгат, кийинкисинде 100 мүнөттө айланып чыгат. Мындай болушу мүмкүнбү? (Ооба. 1саат=60мин, а 100мин=1саат 40мин.)

  2. Чоң эне шаарды көздөй баратса, астынан 3 мырза чыгат, ар биринин колунда бирден кабы бар. Капта бирден мышык салынган. Баардыгы болуп шаарга канча жандык бараткан? (1. Жалгыз чоң эне)

  3. Сандарды атабай туруп, беш күндү айтып берүүгө мүмкүнбү? (Мүмкүн. Кечээ, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, мурдакүнү)

  4. Бул нерсе мындай дейт экен: “Мен эч ким эмесмин, бирок менин аталышым бар. Кээде мен чоң болом, кээде кичинемин. Мен өзүнчө боло албаймын. Мен киммин?” (Көлөкө)

  5. Столдун төрт бурчу бар, эгер анын бир бурчун аралап салсак, анда канча бурч болуп калат? (5)

  6. Столдун үстүндө 1 алма бар, аны төрт бөлүккө бөлүп койду. Столдун үстүндө канча алма бар? (1)

  7. Кимдин алдында баардык адамдар эч нерсеге карабай, баш кийимин чечишет? (Чач тарачтын алдында)

  8. Тамактанууда баарынан мурда эмне керек? (Ооз)

  9. Эртең мененки тамактануу учурунда эмнени жей албайсың? (Түшкү жана кечки тамакты жей албайсың)

  10. Кайсы санды тескерисинен койсо, өзүнөн чоң санга айланат? (9)


Жыйынтыктоо: Катышуучуларга мактоо баракчасын тапшыруу.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!