СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритм тушунугу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

АЛГОРИТМ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК

Алгоритм жөнүндө түшүнүк

Алгоритм, алгорифм – алгачкы берилген шарттардан чектүү сандагы эсептөөдөн кийин изделүүчү натыйжага өтүү процессин аныктоочу так буйрук (көрсөтмө). "Алгоритм" сөзү алгач аль-Хорезминин латынча жазылышынан келип чыккан. Алгоритмдин мисалы: башталгыч класстан белгилүү төрт амалды аткаруу эрежелери, Евклид алгоритми, шаарлар аралык телефон-автоматты колдонуу инструкциясы, ар кандай кулинариялык рецептер, Штурм эрежеси ж.б. Алгоритм түшүнүгүндөгү эсептөө процесстери жалаң эле цифралар менен болгон эсептөө деп түшүнүүгө болбойт. Алгебрада тамгалуу туюнтмалар, арифметикада ар кандай символдор (кашаа, барабардык белгиси, кошуу, көбөйтүү, кемитүү, бөлүү белгилери ж.б.) кездешет. Демек эркин алынган символдор жана алардын ар кандай комбинациялары менен аткарылган Алгоритмдерди да кароо зарыл. Берилген алгачкы маалыматты толук бойдон кабыл алып, натыйжасын берилген маалымат боюнча аныктоо Алгоритм процесси болот. Эң жалпы интуициялык түшүнүк боюнча Алгоритмдин алгачкы шарттары жана натыйжасы ар түрдүү конструкциялык обьекттер болушу мүмкүн. Бул Алгоритм түшүнүгүн кеңири колдонууга мүмкүндүк түзөт. Бир тилден экинчи тилге которуу Алгоритми, поезд диспечеринин ишинин Алгоритми сыяктуу ж.б. мисалдарда башкаруу процесстерин алгоритмдик жазуу жөнүндө айтылат. Алгоритм түшүнүгү кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири, аны 7 параметр менен мүнөздөөгө болот: 1) мүмкүн болуучу берилген шарттардын жыйындысы; 2) мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 3) Алгоритмдин иштөө арасында пайда болуучу мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 4) башталыш эрежеси; 5) түздүн түз иштеп чыгуу эрежеси; 6) аяктоо эрежеси; 7) натыйжаны алуу эрежеси. Алгоритм математикалык эсептөөдө негизги мааниге ээ болуп, аны тактоону Э.Л. Пост менен А. Тьюринг биринчи сунуш кылган (1936). А.А. Марков менен А.Н. Колмогоров да тактоолорду киргизген.

Просмотр содержимого документа
«Алгоритм тушунугу»





































План


Киришүү

  • Алгоритм

  • Алгоритмдин касиеттери

  • Алгоритмди жазуунун жолдору

  • Мисалдар

  • Корутунду

  • Колдонулган адабияттар


















Киришүү

Ар бир адам күнүмдүк турмушта, окуу убагында же иш учурунда ар түрдүү татаалдыктагы өтө көп сандаган маселелерди чечет. Бул маселелердин айрымдары жөнөкөй жана адаттагыдай, ошондуктан биз аларды ойлонбостон автоматтык түрдө чечебиз, ал тургай маселе деп деле эсептебейбиз. Буларга нан сатып алуу, мектепке барууга даярдануу, каалганы ачкыч менен жабуу ж. б. маселелер кирет. Кээ бир маселелер, тескерисинче абдан татаал болгондуктан, анын чечилишин издөөгө жана коюлган максатка жетиш үчүн узак ой жүгүртүүнү жана эмгекти талап кылат. Мисалы, балмуздакты сатып алуу деген маселени чечүүгө караганда текшерүү ишин 5ке жазуу же чет тилде эркин сүйлөө көп сандагы кыйла татаал амалдарды аткарууну талап кылат. Бирок, ал тургай өтө жөнөкөй маселени чечүү үчүн да адатта бир нече ырааттуу кадам жасоого туура келет. Мисалы, нан сатып алуyну төмөнкүдөй көрсөтсө боло

: 1) Апаўан акча ал;

2) Дүкөнгө бар;

3) Керектүү нанды танда;

4) Нандын баасына жараша акча төлө;

5) Нанды үйгө алып кел.

Аракеттердин ырааттуулугу. Мектепте силер иштеп жүргөн же иштей турган «Көп бурчтуктун периметрин эсептегиле», «Эки сандын эњ чоњ жалпы бөлүүчүсү», «Сөз түркүмүн тапкыла», «Сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзгүлө» сыяктуу маселелердин чечилиш процессин өзүнчө аракеттер түрүндө сыпаттаса болот. Бул учурда маселени чечүүдө ар бир аракеттин аткарылышынын тууралыгы эле эмес, алардын кандай удаалаштыкта аткарылышы да мааниге ээ болот.













Алгоритм – маселени чечүүдө баштапкы маалыматтан керектүү жыйынтыкка алып келүүчү кадамдардын чектелген ырааттуулугунун сыпаттамасы. «Алгоритм» деген сөз IX кылымда жашаган окумуштуу Аль-Хорезминин ысымынан келип чыккан. Илимий термин катары адегенде ондук эсептөө системасындагы көп орундуу сандар менен арифметикалык төрт амалды аткаруунун эрежелерин белгилеген. Убакыт өткөн сайын бул сөз кењири мааниге ээ болгон жана ар кандай амалдардын так эрежесин белгилей баштаган. Азыркы учурда «алгоритм» деген сөз информатика илиминин маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат. Алгоритм эсептөөнүн кандайдыр бир ырааттуулугунун сыпатталышын же математикалык эмес мүнөздөгү аракеттердин сыпаттамасын көрсөтүшү мүмкүн. Бирок, кандай гана болбосун аны түзөр алдында баштапкы шарт жана эмнеге жетишүү керек экендиги так аныкталышы керек. 2·3·7=42 21 Адам алгоритмдердин түзүүчүсү болуп эсептелет. Алгоритмди адамдар да жана ар кандай түзүлүштөр – компьютерлер, роботтор, станоктор, спутниктер, татаал тиричилик техникалары же балдардын кээ бир оюнчуктары аткара алышат.

 Алгоритм- деп көздөгөн максатка жетүүго же коюлган маселени чечүүго багытталган аркеттердин ырааттуулугун ишке ашыруу үчүн аткаруучуга берилген түшүнүктүү жана так буйрукту түшүнөбүз.

Алгоритм – бул баштапкы маалыматтардан изделүүчү жыйынтыкка алып келүүчү командалардын чектелген ырааттуулугун аткаруу үчүн аткаруучуга түшүнүктүү жана так буйрук.

Алгоритм, алгорифм – алгачкы берилген шарттардан чектүү сандагы эсептөөдөн кийин изделүүчү натыйжага өтүү процессин аныктоочу так буйрук (көрсөтмө). "Алгоритм" сөзү алгач аль-Хорезминин латынча жазылышынан келип чыккан. Алгоритмдин мисалы: башталгыч класстан белгилүү төрт амалды аткаруу эрежелери, Евклид алгоритми, шаарлар аралык телефон-автоматты колдонуу инструкциясы, ар кандай кулинариялык рецептер, Штурм эрежеси ж.б. Алгоритм түшүнүгүндөгү эсептөө процесстери жалаң эле цифралар менен болгон эсептөө деп түшүнүүгө болбойт. Алгебрада тамгалуу туюнтмалар, арифметикада ар кандай символдор (кашаа, барабардык белгиси, кошуу, көбөйтүү, кемитүү, бөлүү белгилери ж.б.) кездешет. Демек эркин алынган символдор жана алардын ар кандай комбинациялары менен аткарылган Алгоритмдерди да кароо зарыл. Берилген алгачкы маалыматты толук бойдон кабыл алып, натыйжасын берилген маалымат боюнча аныктоо Алгоритм процесси болот. Эң жалпы интуициялык түшүнүк боюнча Алгоритмдин алгачкы шарттары жана натыйжасы ар түрдүү конструкциялык обьекттер болушу мүмкүн. Бул Алгоритм түшүнүгүн кеңири колдонууга мүмкүндүк түзөт. Бир тилден экинчи тилге которуу Алгоритми, поезд диспечеринин ишинин Алгоритми сыяктуу ж.б. мисалдарда башкаруу процесстерин алгоритмдик жазуу жөнүндө айтылат. Алгоритм түшүнүгү кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири, аны 7 параметр менен мүнөздөөгө болот:

1) мүмкүн болуучу берилген шарттардын жыйындысы;

2) мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы;

3) Алгоритмдин иштөө арасында пайда болуучу мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы;

4) башталыш эрежеси;

5) түздүн түз иштеп чыгуу эрежеси;

6) аяктоо эрежеси;

7) натыйжаны алуу эрежеси.






































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!