СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү боюнча сабактын слайды. 9-кл

Просмотр содержимого документа
«Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү»

Кыргыз тили 9-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

9-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Китеп деген бир укмуш, Камтыйт аалам сырларын. Талбай окуп, түшүнүп, Акылдуу бол, бил баарын.

Китеп деген бир укмуш,

Камтыйт аалам сырларын.

Талбай окуп, түшүнүп,

Акылдуу бол, бил баарын.

Бүгүн сабакта: Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү

Бүгүн

сабакта:

Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү

Сабактын максаты:  Атоочтук түрмөктүн белгилери жана түзүлүшү туурасында маалымат ала алышат;  Атоочтук түрмөктөрдүн синтаксистик милдеттерин ажырата алышат.

Сабактын

максаты:

  • Атоочтук түрмөктүн белгилери жана түзүлүшү туурасында маалымат ала алышат;
  • Атоочтук түрмөктөрдүн синтаксистик милдеттерин ажырата алышат.
Өткөн  сабакта: Кептин түрлөрү менен кептин стилдеринин карым-катнашы   35-бет 23-көнүгүү Моралдык-эстетикалык темада ой жүгүртүү дилбаянын жазгыла.

Өткөн

сабакта:

Кептин түрлөрү менен кептин стилдеринин карым-катнашы

35-бет

23-көнүгүү

Моралдык-эстетикалык темада ой жүгүртүү дилбаянын жазгыла.

Жаңы тема:  Атоочтук түрмөктөр.  Бир нече сөздүн атоочтук менен грамматикалык жана маанилик жактан бекем тутумдашып байланышы аркылуу түзүлгөн бирдиктүү тизмеги атоочтук түрмөктөр деп аталат.

Жаңы

тема:

Атоочтук түрмөктөр.

Бир нече сөздүн атоочтук менен грамматикалык жана маанилик жактан бекем тутумдашып байланышы аркылуу түзүлгөн бирдиктүү тизмеги атоочтук түрмөктөр деп аталат.

 Бул сүйлөмдөгү «Кулагына чейин кызара түшкөн» деген  атоочтук түрмөк тутумундагы сөздөрү менен бирдикте туруп, өзүнөн  кийинки «Сапарбай» деген заттын (аныкталгычтын) ошол учурдагы  абалын аныктап турат жана ошол аныкталгычы менен бирге  синтагматикалык бирдикти (ритмико-интонациялык бирдикти) түзөт (кулагына чейин кызара түшкөн Сапарбай).  Атоочтук түрмөктөр тутумундагы сөздөрү менен тыгыз бирдикте туруп, дайыма өзүнөн кийинки аныкталгычы менен ыкташып, ага кошумча мүнөздөмө берип турат жана ошол аныкталып турган сөзү менен бирдикте бир ритмико-интонациялык бирдикти (синтагматикалык бирдикти) түзөт. Мисалы: Кулагына чейин кызаратүшкөн Сапарбай үчүн бир аз көтөрүңкү чыгарды (Т.С.).

Бул сүйлөмдөгү «Кулагына чейин кызара түшкөн» деген атоочтук түрмөк тутумундагы сөздөрү менен бирдикте туруп, өзүнөн кийинки «Сапарбай» деген заттын (аныкталгычтын) ошол учурдагы абалын аныктап турат жана ошол аныкталгычы менен бирге синтагматикалык бирдикти (ритмико-интонациялык бирдикти) түзөт (кулагына чейин кызара түшкөн Сапарбай).

Атоочтук түрмөктөр тутумундагы сөздөрү менен тыгыз бирдикте туруп, дайыма өзүнөн кийинки аныкталгычы менен ыкташып, ага кошумча мүнөздөмө берип турат жана ошол аныкталып турган сөзү менен бирдикте бир ритмико-интонациялык бирдикти (синтагматикалык бирдикти) түзөт. Мисалы: Кулагына чейин кызаратүшкөн Сапарбай үчүн бир аз көтөрүңкү чыгарды (Т.С.).

Бул сүйлөмдүн тутумундагы «Баштагы сулуулугу өчпөгөн»  деген атоочтук түрмөктү сыртынан алып караганда, анын тутумундагы  «сулуулугу» деген сөз ээ сыяктанып, «өчпөгөн» дегени баяндооч сыяктанып көрүнөт. Бирок ошондой болсо да бу тизмек сүйлөмдүк сапатка жетише албайт.     Атоочтук түрмөктөр, негизинен, эки түрдүү түзүлүштө кездешет: 1) Сыртынан караганда, айрым атоочтук түрмөктөрдүн тутумундагы бир сөзү грамматикалык ээ сыяктанып, экинчиси баяндооч сыяктуу болуп көрүнөт. Мисалы: Баштагы сулуулугу өчпөгөн Найман эне алыс сапар жолго даяр (Ч.А.).

Бул сүйлөмдүн тутумундагы «Баштагы сулуулугу өчпөгөн» деген атоочтук түрмөктү сыртынан алып караганда, анын тутумундагы «сулуулугу» деген сөз ээ сыяктанып, «өчпөгөн» дегени баяндооч сыяктанып көрүнөт. Бирок ошондой болсо да бу тизмек сүйлөмдүк сапатка жетише албайт.

Атоочтук түрмөктөр, негизинен, эки түрдүү түзүлүштө кездешет:

1) Сыртынан караганда, айрым атоочтук түрмөктөрдүн тутумундагы бир сөзү грамматикалык ээ сыяктанып, экинчиси баяндооч сыяктуу болуп көрүнөт. Мисалы: Баштагы сулуулугу өчпөгөн Найман эне алыс сапар жолго даяр (Ч.А.).

 Себеби:  а) сүйлөм үчүн мүнөздүү болгон баяндоо интонациясына ээ эмес;  б) ээ, баяндооч сыяктуу болуп көрүнгөн тигил эки сөз предикативдик катышты түзө албайт;  в) ошол себептүү бул сөз тизмеги кандайдыр бир бүткөн ойду түшүндүрө албайт. Ал өзү тутумунда турган жөнөкөй сүйлөмдүн тутумдук бир бөлүгү гана болуп эсептелет. Бул түрмөк тутумундагы сөздөрү менен тыгыз бирдикте туруп кайсы? деген суроого жооп берип, «Найман эненин» сапаттык белгисин билдирип, тутумдаш аныктоочтун милдетин аткарып турат. 2) Кээ бир атоочтук түрмөктөрдүн тутумунда жогоркудай  грамматикалык ээ сыяктанып көрүнгөн мүчөсү болбойт. Анын акыркы компоненти атоочтуктардан болот да, ал өзүнүн алдындагы  грамматикалык жактан жана мааниси боюнча өзү менен тыгыз  байланышып турган сөздөрү менен бирдикте туруп, бир суроого жооп  берип, сүйлөмдүн тутумдаш мүчөсүнүн милдетин аткарат: «Баятан көпчүлүктөн кеп-сөз күткөн Сапарбай экинчи ирет отургандарга  кайрылды» (Т.С.).

Себеби:

а) сүйлөм үчүн мүнөздүү болгон баяндоо интонациясына ээ эмес;

б) ээ, баяндооч сыяктуу болуп көрүнгөн тигил эки сөз предикативдик катышты түзө албайт;

в) ошол себептүү бул сөз тизмеги кандайдыр бир бүткөн ойду түшүндүрө албайт. Ал өзү тутумунда турган жөнөкөй сүйлөмдүн тутумдук бир бөлүгү гана болуп эсептелет. Бул түрмөк тутумундагы сөздөрү менен тыгыз бирдикте туруп кайсы? деген суроого жооп берип, «Найман эненин» сапаттык белгисин билдирип, тутумдаш аныктоочтун милдетин аткарып турат.

2) Кээ бир атоочтук түрмөктөрдүн тутумунда жогоркудай грамматикалык ээ сыяктанып көрүнгөн мүчөсү болбойт. Анын акыркы компоненти атоочтуктардан болот да, ал өзүнүн алдындагы грамматикалык жактан жана мааниси боюнча өзү менен тыгыз байланышып турган сөздөрү менен бирдикте туруп, бир суроого жооп берип, сүйлөмдүн тутумдаш мүчөсүнүн милдетин аткарат: «Баятан көпчүлүктөн кеп-сөз күткөн Сапарбай экинчи ирет отургандарга кайрылды» (Т.С.).

 Бул жөнөкөй сүйлөмдүн тутумундагы «Баятан көпчүлүктөн кеп-сөз күткөн» деген атоочтук түрүмөктө грамматикалык ээ сыяктанып көрүнгөн мүчөсү жок. Мында «күткөн» деген атоочтук менен алдындагы сөздөр башкарылып, ыкташып байланышып келип, синтаксистик жактан бирдиктүү сөз түрмөгү уюшулган. Бул түрмөк ошол тутумундагы сөздөрү менен биримдикте туруп өзүнөн кийинки «Сапарбай» деген аныкталгычы менен ыкташып байланышып, кайсы? деген суроого жооп берип, тутумдаш аныктоочтун милдетин аткарып турат. Кыргыз тилиндеги атоочтук түрмөктөр: а) -ган формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Ал жал-куйругу төгүлгөн чоң күрөң атты минип келди (К.Б.). Ошолордун баарын тарткан поезд нөшөргө жуунуп кете берди (Ч.А.) б) -ар(-бас) формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Бүркүт уялаар аска бийик болот. Алар бири-биринен эчтеке жашырбас курбулар эле.

Бул жөнөкөй сүйлөмдүн тутумундагы «Баятан көпчүлүктөн кеп-сөз күткөн» деген атоочтук түрүмөктө грамматикалык ээ сыяктанып көрүнгөн мүчөсү жок. Мында «күткөн» деген атоочтук менен алдындагы сөздөр башкарылып, ыкташып байланышып келип, синтаксистик жактан бирдиктүү сөз түрмөгү уюшулган. Бул түрмөк ошол тутумундагы сөздөрү менен биримдикте туруп өзүнөн кийинки «Сапарбай» деген аныкталгычы менен ыкташып байланышып,

кайсы? деген суроого жооп берип, тутумдаш аныктоочтун милдетин аткарып турат. Кыргыз тилиндеги атоочтук түрмөктөр:

а) -ган формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат:

Ал жал-куйругу төгүлгөн чоң күрөң атты минип келди (К.Б.).

Ошолордун баарын тарткан поезд нөшөргө жуунуп кете берди (Ч.А.)

б) -ар(-бас) формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Бүркүт уялаар аска бийик болот. Алар бири-биринен эчтеке жашырбас курбулар эле.

 Атоочтук түрмөктөр синтаксистик функциясына карай сүйлөм ичинде тутумдаш ээлик, тутумдаш баяндоочтук, тутумдаш аныктоочтук, тутумдаш толуктоочтук жана тутумдаш бышыктоочтук милдетти аткарат. Атоочтук түрмөктөрдөн турган тутумдаш аныктоочтор да сүйлөмдүн ар түрдүү мүчөсүн аныктап келе берет: 1) Сүйлөмдүн ээсин аныктайт: Күрөө тамыры көбө түшкөн Калпакбай уулу үнүн барынча чыгарды (Т.С.). Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар (макал). в) -оочу, -уучу формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Ат жалын тартып аттануучу мезгил жетти. Ж-йынга баруучу адамдар бүт келишти. г) -а(-й)+ элек формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Жини таркай элек Каранар айрылып калган үйүрүнө кайра барууга жулкунду (Ч.А.). Чөбү чабыла элек тайпак бетке койду жайып жибердик.

Атоочтук түрмөктөр синтаксистик функциясына карай сүйлөм ичинде тутумдаш ээлик, тутумдаш баяндоочтук, тутумдаш аныктоочтук, тутумдаш толуктоочтук жана тутумдаш бышыктоочтук милдетти аткарат. Атоочтук түрмөктөрдөн турган тутумдаш аныктоочтор да сүйлөмдүн ар түрдүү мүчөсүн аныктап келе берет:

1) Сүйлөмдүн ээсин аныктайт: Күрөө тамыры көбө түшкөн Калпакбай уулу үнүн барынча чыгарды (Т.С.). Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар (макал).

в) -оочу, -уучу формасындагы атоочтуктардын негизинде

уюшулат: Ат жалын тартып аттануучу мезгил жетти. Ж-йынга

баруучу адамдар бүт келишти.

г) -а(-й)+ элек формасындагы атоочтуктардын негизинде уюшулат: Жини таркай элек Каранар айрылып калган үйүрүнө кайра барууга жулкунду (Ч.А.). Чөбү чабыла элек тайпак бетке койду жайып жибердик.

4) Атоочтук баяндоочту аныктап келет: Алар – өткөн өмүрлөрү табылбай калган карыялар. Улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү - кыргыз элинин кылымдан келаткан салты. 5) Аныктоочту аныктап келиши мүмкүн: Машинага түшүп көрбөгөн энемдин башы айланып, жүрөгү айныды. 2) Толуктоочту аныктайт: Ар бир жоокер Ата Мекенге берер антын ойлошту. Алар бут кийим сатуучу дүкөндөн өтүп, оңго бурулушту. 3) Бышыктоочту аныктайт: Эркингүл Мариялар жүргөн ашканага кирип барды. Жусуп Тверъ шаарын коргогон фронтто болуптур .

4) Атоочтук баяндоочту аныктап келет: Алар – өткөн өмүрлөрү табылбай калган карыялар. Улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү - кыргыз элинин кылымдан келаткан салты.

5) Аныктоочту аныктап келиши мүмкүн: Машинага түшүп көрбөгөн энемдин башы айланып, жүрөгү айныды.

2) Толуктоочту аныктайт: Ар бир жоокер Ата Мекенге берер антын ойлошту. Алар бут кийим сатуучу дүкөндөн өтүп, оңго бурулушту.

3) Бышыктоочту аныктайт: Эркингүл Мариялар жүргөн ашканага кирип барды. Жусуп Тверъ шаарын коргогон фронтто болуптур .

Бышыктоо: 105-бет; 110-көнүгүү. Сүйлөмдөрдөн атоочтук түрмөктөрдү таап, алардын синтаксистик милдеттерин аныктагыла.

Бышыктоо:

105-бет;

110-көнүгүү.

Сүйлөмдөрдөн атоочтук түрмөктөрдү таап, алардын синтаксистик милдеттерин аныктагыла.

Жыйынтыктоо: Атоочтук түрмөктөр кандай болот?  Алардын жасалышы?  Атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдө аткарган кызматы?

Жыйынтыктоо:

Атоочтук түрмөктөр кандай болот? Алардын жасалышы? Атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдө аткарган кызматы?

Үй тапшырма: 105-бет; 111-көнүгү. Тексттен атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдөгү чектерин белгилеп, синтаксистик аткарган кызматын атап көрсөткүлө.

Үй

тапшырма:

105-бет;

111-көнүгү.

Тексттен атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдөгү чектерин белгилеп, синтаксистик аткарган кызматын атап көрсөткүлө.

Кийинки Сабакка  чейин!

Кийинки

Сабакка

чейин!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!