СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү. Мезгил жана орун багыныңкы сүйлөм. (9-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү. Мезгил жана орун багыныңкы сүйлөм. (9-класс)

Просмотр содержимого документа
«Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү. Мезгил жана орун багыныңкы сүйлөм. (9-класс)»

Сабактын темасы: Багыныңкы сүйлѳмдүн түрлѳрү. Мезгил жана орун багыныңкы сүйлѳм.

Сабактын максаттары:

а) билим берүүчүлүк: окуучулар татаал сүйлѳм, анын тең байланыштагы түрү боюнча түшүнүктѳрүн алышат, багыныңкы байланыштагы татаал сүйлѳм боюнча маалымат алышат.

б) ѳнүктүрүүчүлүк: окуучулар багыныңкы байланыштагы татаал сүйлѳмдүн түрлѳрүн (орун, мезгил), баш жана багыныңкы сүйлѳм, алардын ѳз ара байланышуу жолдорун ѳздѳштүрүшѳт.

в) тарбия берүүчүлүк: топтордо иштѳѳдѳ бири-биринин оюн угуп, ѳз ара сыйлашууга, ѳз оюн эркин айтууга, баш жана багыныңкы сүйлѳмдүн тыныш белгилерин, ооз эки кептеги ѳзгѳчѳлүктѳрүн үйрѳнүшѳт.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:

а) татаал сүйлѳм анын тең байланыштагы түрү боюнча түшүнүктѳрүн тереңдете алышса, багыныңкы байланыштагы татаал сүйлѳм боюнча маалымат алышса; б) окуучулар багыныңкы байланыштагы татаал сүйлѳмдүн түрлѳрүн (орун, мезгил), баш жана багыныңкы сүйлѳм, алардын ѳз ара байланышуу жолдорун ѳздѳштүрѳ алышса;

в) топтордо иштѳѳдѳ бири-биринин оюн угуп, ѳз ара сыйлашууга, ѳз оюн эркин айтууга, баш жана багыныңкы сүйлѳмдүн тыныш белгилерин, ооз эки кептеги ѳзгѳчѳлүктѳрүн үйрѳнүшсѳ;

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы

Сабактын жабдылышы: маркер, ватман, таблица, дидактикалык карточкалар

Сабактын методу: интерактивдүү метод

Сабактын жүрүшү:


  1. Уюштуруу

  2. Yй тапшырманы текшерүү: Yй тапшырманы кайталоодо

1, 2, 3 деп саноо менен үч топко бѳлүнүп, ар бир топко ѳзүнчѳ

тапшырмалар берилет.

    1. топко: Татаал сүйлѳм жана жѳнѳкѳй сүйлѳмгѳ Венндин диаграммасын түзүшѳт;

    2. топко: Тең байланыштагы татаал сүйлѳмдѳргѳ да, дагы, бирок, ал эми, анткени деген байламталарды катыштырып сүйлѳм түзүшѳт;

    3. топко: жана, менен байламталарын катыштырып тең байланыштагы татаал сүйлѳм түзүшѳт.

Жаны тема: Мааниси жана грамматикалык түзүлүшү боюнча багыныңкы сүйлѳмдүн тѳмѳнкүдѳй түрлѳрү бар:





Багыныңкы сүйлѳм

  1. Мезгил

  2. Орун

  3. Шарттуу

  4. Карама-каршы

  5. Сыпат

  6. Салыштырма

  7. Себеп

  8. Максат

  9. Сан ѳлчѳм

Ал эми бүгүнкү ѳтѳ турган темабыз – Мезгил жана орун багыныңкы сүйлѳмдѳр.

Мезгил багыныңкы сүйлѳм баш сүйлѳмдѳгү ойдун мезгилин билдирет. Качан? Качанка чейин? Качантан бери? Кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет.




Орун багыныңкы сүйлѳм

Мезгил багыныңкы сүйлѳм

  1. Чакчыл мүчѳлѳр: - а(й), -

ганча, -ганы, -майынча, - майын. Атам устаканадан кайтканча мен келдим.

  1. Атоочтуктун -ган мүчѳсүнѳ жѳндѳмѳ мүчѳлѳр ( -га, -да, - дан) уланат же жандооч

  2. ( кийин, соң, чейин, бери) ж.б.

  3. Шарттуу ыңгайдын – са мүчѳсү уланат. Нурлан жайлоого барса, жолдоштору алдынан чыгат.

-са мүчѳсү айрым учурда -да, -

- дѳ, -де мүчѳсү менен аяктайт. Мисалы: Билим кайда болсо, ѳнѳр ошол жерде


Орун багыныңкы сүйлѳм баш сүйлѳмдѳгү ойдун ордун кѳрсѳтѳт.Кайда?

Каерде? Кайсы жерде? деген суроолорго жооп берет.

Сабактын кийинки бѳлүгүндѳ окуу китебиндеги кѳнүгүүлѳрдү аткарышат.

(155-156-кѳнүгүүлѳр) Класс экиге бѳлүнүшѳт.
  1. топ. Мезгил багыныңкы сүйлѳм.

  2. топ. Орун багыныңкы сүйлѳм.

Окуучулар мезгил жана орун багыныңкы сүйлѳмдѳргѳ Венндин диаграммасын толтурушат.


Эки топко карточкалар таратылат.

  1. топ. Кѳп чекиттин ордуна баш сүйлѳмдү, тескерисинче багыныңкы сүйлѳмдү ойлоп табып жазышат.

Кызмат аяктаган соң…

Сен бак-даракты сугарып бүткѳнчѳ, …

  1. топ. Орун багыныңкы сүйлѳмгѳ карата баш сүйлѳмдү ойлоп таап, татаал сүйлѳм түзүшѳт.

Биз каяка барсак, …

Менин балдарым кайсы жерде иштесе, … ( ) Багыныңкы сүйлѳм

[ ] Баш сүйлѳм

Эки топко шарттуу белгилер берилет. Баш жана багыныңкы сүйлѳм түзгүлѳ.

  1. топ. Багыныңкы сүйлѳмү мезгил багыныңкы болгудай кылып сүйлѳм түзгүлѳ. ( ) [ ]


  2. топ. Багыныңкы сүйлѳмү орун багныңкы болгудай кылып сүйлѳм түзгүлѳ. ( ) [ ] Эки топ бѳлүнгѳн боюнча, мезгил жана орун багыныңкы сүйлѳмгѳ кластер түзүп толтурушат.




Сабактын жыйынтыктоо:

Мугалим кайтарым байланыш аркылуу «Биз бүгүн эмнени билдик?» деген суроо менен кайрылып, окуучулар жооп беришет.Yйгѳ тапшырма берүү:

Мезгил жана орун багыныңкы сүйлѳмдѳн турган баш жана багыныңкы сүйлѳмдү түзүп, толук синтаксистик талдоо жүргүзүү.

Окуучулардын билимин баалоо:


Жооп бергенине жараша медалдар менен сыйланышат.



3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!