СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байламталар жана анын түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Байламталар 

Сабактын максаты: 

1) Окуучулар байламталар тууралуу маалымат алышат. Мисалдарды келтиришет. Алган билимдерин турмушта пайдаланышат.

2) Көнүгүүлөрдү иштөө аркылуу кол жазма сулуулугу өсөт. 

3) Өзүнүн оюн эркин айтууга,  билимге умтулууга тарбияланышат.

 

Сабактын жабдылышы: (ресурстар) түстүүү сүрөттөр,  таратмалар, жаңы маалыматтар, баалоо каражаттары.

 

Сабактын тиби:  Жаңы билим.

 

Сабактын жүрүшү:

1) уюштуруу 

2) жаңы сабактын башталышына шарт түзүү

3) жаңы тема: Байламталар

Бир өңчөй мүчөлөрдү же татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара салыштыруу үчүн колдонулган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат. Ага : эгер, жана да, себеби, ошол, менен,  демек ж.б сөздөр кирет.

Байламталар багындырма жана багындырбас болуп экиге бөлүнөт.

 

Багындырма байламталар.

Баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөрдү гана өз ара тутумдаштырган байламталар багындырма байламталар деп аталат.

Багындырма байламталарга: ошол үчүн, себеби, анткени, эгерде,  ошондуктан,  эмне үчүн ж.б кирет. 

Багындырма байламталар өз ара себеп байламта, шарттуу байламта,  салыштырма байламта болуп бөлүнөт.

Себеп байламта.

Себеп байламталарга:  себеби,  неге десең,  андыктан,  ошондуктан,  ошол себептүү деген байламталар кирет.

Бул байламталар аркылуу өз ара тутумдашкан сүйлөмдүн бирөө баш сүйлөмдүк милдетти аткарат,  бирөө баш сүйлөмдөгү айтылган ойдун себебин көрсөтөт.

Шартуу байламталарга эгер,  эгерде деген байламталар кирет. Бул байламталар катышкан сүйлөмдөрдүн баяндоочтору шартуу ыңгайдын -са мүчөсү менен аяктап,  баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун шартын көрсөтөт.

Салыштырма байламта

Салыштырма байламталар түгөйлүү колдонулуп, анын бирөө -са мүчөсү менен аяктаган багыныңкы сүйлөмгө,  бирөө баш сүйлөмгө таандык болуп айтылат. Андай айкаштардын кандай,  канча,  канчалык деген бөлүгү багыныңкы сүйлөмдүн тутумунда,  ошондой,  ошончо деген бөлүгү баш сүйлөмдүн тутумунда колдонулат.

 

Багындырбас байламта

Айрым сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү өз ара тутумдаштыруу үчүн колдонулган байламталар багындырбас байламталар деп аталат.

Багындырбас байламталарга: бирок,  анткени менен,  ары,  же,  же болбосо, болбосо ж.б кирет.

Багындырбас байламталар байланыштыргыч,  каршылагыч, божомолдогуч болуп өз ара үчкө бөлүнөт.

Байланыштыргыч байламталар бир өңчөй мүчөлөрдү,  көп учурларда багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы  айрым жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара тутумдаштыруучу байламталар байланыштыргыч байламталар деп аталат. Алар: жана,  ары,  дале,  дагы,  менен,  да ж.б кирет.

Каршылагыч байламталар

Бул байламталар айтылуучу ойдогу карама-каршылыкты айтылуучу ой бири-бирине туура келбей тургандыкты же айтылуучу ойго чек койгондукту билдирет. Булар: ал эми,  бирок,  антсе да,  анткен менен,  ошондой болсо да деген сыяктуу байламталар кирет.

Божомолдогуч байламта

Болгон же боло турган же болуп жаткан кыймыл-аракеттин иш жүзүнө аша тургандыгын божомолдоп көрсөткөн байламталар божомолдогуч байламталар деп аталат. Алар:  же,  не,  же болбосо д.у.с 

 

Жөнөкөй жана татаал байламталар.

Байламталар составына карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. 

Жөнөкөй байламталар бир сөздөн,  татаал байамталар эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт.

 

Сабакты жыйынтыктоо:  Окуучулар суроо жооп алышуу менен теманы талкуулап жыйынтыкташат. Ой жүгүртүү иретинде бир тамгадан текст түзүшөт. 

 

Тапшырма: Байламталарды катыштырып эссе жазуу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!