СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланы уй булодо китеп окууга кызыктыруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Темасы: Баланы  үй бүлөөдө китеп окууга кызыктыруу.

     Баланы окууга үйрөтүүнүн жолдору өтө көп,ошентсе да анын жалпы эки жолу белгилүү,анын биринчиси-бала менен биргелешип окуу,экинчиси –баланын өз алдынча окуусу.Биргелешип окууда ири алдыда эмнени эске алынат,мисалы:баланын мугалим менен бирге окуусу жана баланын ата-энеси менен үйдө бирге окуусу.

   Биргелешип окуунун алгачкы убактарында эске алар төмөндөгүдөй жагдайлар болорун эске алалы. Тактап айтканда окуунун максатын унутта калтырбоо зарыл.Баса,эмне үчүн окуу керек?

  1. Окуу көндүмүн көнүктүрүү үчүнбү?
  2. Шар, көрктүү окууга көнүктүрүү үчүнбү?
  3. Тарбиялык таасир этүү үчүнбү?
  4. Сөзүн өстүрүү үчүнбү?

   Окууда мына ушундай максаттарга жараша,ар биринин мүнөзүнө  ылайык иштөө керектигин сөзсүз эске салуу кажет. Мисалы: эгер үйдө баланы окуу көндүмүнө калыптандыруу үчүн китеп  окуп берсе,каармандарынын үнүң, кебетесин же кыймылын туурап, баланын көңүлүн айрым тыбыштарды,муунду,сөздү туура     айтууга ,айрым сөздөргө логикалык басымдын туура коюлуусуна көңүл буруу ,эгер шар,көрктүү окууга көнүктүрүү үчүн окуп берүү керек болсо,үндү куру бекер бийик чыгарбай,жумшак , коңур чыгарып,окуу темпин мазмунга ылайыктап,жагымдуу добуш менен ыр окуп берүү же жомок жомок айтып берүү ылайыктуу болмокчу. Мында окууга,андагы кырдаалга,каармандардын кебине ,алардын кыял жоругуна ылайык сөздөрдү,сүйлөмдөрдү шар гана эмес,образдуу көрктүү,логикалыктуу түрдө окуу,айрыкча ,эске алынмакчы.Ал эми тарбиялык таасир көрсөтүү үчүн окууда каармандарынын оң жана терс кыялдарына басым коюп,алардын жүрүм-турумун    баланын көз салуусуна, ал аркылуу тарбиялык таасир берүүчү учурларына басым коюп,сөз,мимика жана кыймыл менен мазмундуу ачып берүү,ал эми  сөз өстүрүү максатында окулган болсо,кыймыл менен сөздүн,кырдаал менен сөздүн жана ошондой эле,мазмун менен сөздүн айкашында баланын көңүл буруу ар бир сөзгө басым кое,сөздүн маани-маңызын,күчүн сездирип кептеги ролун ачып кырдаалга жараша аткарган кызматын кыймыл жана мимика,анан да кыраат менен   түшүндүрүп ,элестүү,көрктүү сезимди окуу ылайык келмекчи.

   Окууга кызыктыруу төмөндөгүдөй тартипте ишке ашат.

 1.  Ээрчишип окуу: окуунун бул ыкмасы мугалим же ата-эне баланы китеп окуу көндүмүнө үйрөтүүнүн алгачкы жолу болуп саналат,ошонусу менен ал жалпыга белгилүү жана дамаамат практикаланып келүүдө;анда адегенде мугалим (же ата-эне) аңгемени (же жомокту)окуй баштайт,мугалим (же ата-эне)баланы артынан кайталап туура ,шар ,тез (муундап  же сөздөп)         көрктүү ,сезимдүү окууну суранат,бала мугалимди (же ата-энени ) ээрчип,окууну улантат,мугалим (же ата-эне)баладан өзүнүн артынан сүйлөмдөрдү туура так окуусуна гана эмес,окуганынын гана түшүнүүнү тапшырат:ошондуктан сөз эмне тууралуу болуп жатканын мерчемдүү кезде (абзацтарда,эпизоддордо)атайын токтолуп,кайталап,ойду суроо-жооп менен толуктап жүрүп отурат.

    2.Укканын окуу:  мында мугалим же ата-эне бала менен окуй турган китеп,анын мазмуну тууралуу ага алдын ала           маалымдап ,кызыктуу кылып айтып берет;айтып берүү кезинде окуя ким же эмне тууралуу экендигине.андагы окуянын эң маанилүү  учурларында айрыкча басым коюп ,диалогдорго ,андагы кырдаалдарга маани берип.ал аркылуу каармандардын кыял-жоругун ,мүнөзүн ачып ,ал тургай образдуу түрдө ,ыраттуу кылып баяндап берүү керек;   мында окуяны баяндоодо,албетте.мазмундук ыраттуулук абдан зарыл,бирок ага кызыктыруу үчүн мазмундук ыраттуулук гана жетиштүү болбойт;   немец окумуштуусу В.Глайн айткандай; «баяндоо ыраттуу гана эмес ,образдуу                  айтканда ,психологиялуу болуусу керек»; анткени андагы психологиялуу баяндоо гана баланы окуяга кызыктырат жана аны мугалимдин же ата-эненин сунушу менен же өзүнүн эле каалоосу менен,эми китепти өз алдынча окууга өтөт;демек мындагы « ыраттуу жана психологиялуу баяндоо»  гана аны эми өз алдынча окууга баланы даярдоо кызматын аткарат.

     3.Таржымал окуу:  окуунун бул түрү бүгүнкү күндө мугалимдер же ата-энелер дээрлик дамаамат колдонгон ыкмалардын бири;анда мугалим же ата-эне кызыктуу бир китепти ,андагы аңгемени же жомокту балага окуп бере баштайт да,андагы татаал учурларды же түшүнүксүз сөздөрдү чечмелеп таржымалап жүрүп отурат;баланын түшүнбөгөн учурлары же сөздөр өз учурунда чечмеленип түшүндүрүлүп ,пайда болгон проблемалар чечилип отурат;каармандардын мүнөзү,кыял жоруктары да талданып «кандай экен,эмне деди ,туура кылдыбы,туура эмес кылдыбы?»деген суроолорду берип ,баланы чыгармадагы окуяны ээрчип ,андан артта калбоого аракет жасалат жана бирге ой жүгүртүп отуруу,аягында биргелешип жыйынтыкка келүү кызматын аткарары менен баалуу.

  4. Даярданып окуу:  окуунун бул түрүнө киришүүдө окуучу менен ата-энеси же мугалим биргелешкен мындай иш- аракет аткарылат,атап айтканда ,окуучуга « сен кандай китеп окугуң келет,кандай жомок жагат,эмне тууралуу окугуң келет?»деген суроолорду берип ,алдыртан ага ылайык аңгемелешүү керек; бул  кезде окуучу алиге окуй элек чыгармасындагы каарманды көз алдына келтирип,ал тургай,кебете-кешпирине көз алдына келтирип,ага өз алдынча баасын даярдап,аны менен бирге сүйлөшүүгө өзүн даярдайт;мындай аңгемелешүү-окуучуну кайсы бир жанрдагы же тематикадагы чыгарманы окууга психологиялык жактан алдыртадан даярдайт;мындай даярдык окуунун ийгиликтүү болуусуна алдын ала шарттары шексиз.

        Китеп окуу- жан дүйнөнүн азыгы. Китеп окуу менен адам эң жогорку бийиктиктерди багындыра алат.Кылымдарды карыткан кыргыз элинде бекеринен «Билеги күчтүү бирди жыгат,билими күчтүү миңди жыгат»деп айтылбаса керек. Анткени китеп окуу,өз билимин өркүндөткөн адам көптөгөн  жакшылыктарды жасай алат.

      Белгилүү окумуштуу  Гапыр Мадаминовдун өз окуучуларына татыктуу билим берүү максатында окуучулардын «билим сапарында» пайдалуу маалыматтарды камтыган « Акыл эмгегинин маданияты»китебинен үзүндүлөрдү силер менен болүшөбүз. Бул маалыматтар мугалимдерге,окуучуларга жана бардык билим алууну каалагандарга пайдалуу болот деген ишеничтебиз.

           Китеп окуп жатканда кетирилген каталар.

  1. Сөздөрдү,тамгаларды туура эмес окуу. Мунун на  тыйжасында окуп жаткан нерсебизди түшүнбөй калабыз.
  2. Шашып окуу.
  3. Окуп жаткан жаткан нерсе жөнүндө ойлонбой окуу.
  4. Интонациясы жок окуу.
  5. Бизге түшүнүксүз болгон сөздөрдү сөздүктөн же башка булактардан маанисин таап үйрөнгөнгө аракет кылбай окуй берүү. Анткени кээ бир учурларда бир сөздүн түшүнүксүз болушу толугу  менен тексттин түшүнүксүз болуп калышына себепчи болушу мүмкүн.
  6. Китеп окуп жатканда башка нерселер жөнүндө ойлонуу. Башкача айтканда,көңүл бурбай окуу.
  7. Чарчап,уйку сурап олтуруп окуу.
  8. Өзүбүз каалабасак да,мугалим жаман баа коет же ата-энебиз урушат деген сезим менен окуу. Китеп окуганда эң негизги нерселердин бири китеп окууга кызыгуу болуп саналат.
  9. Китеп окуп жатканда акылыбыз менен ойлоп ,жүрөгүбүз менен сезгенге аракет кылбай окуйбуз.
  10. Сөз байлыгыбыз өтө аз жана жарды болгондугуна байланыштуу окуган нерселерди түшүнгөндөн кыйналабыз. Ошондуктан окуу менен катар сөз байлыгыбызды өркүндөтүүгө аракет жасашыбыз керек.
  11. Окуунун жөндөмдөрүн билебиз.демейде тийиштүү китептерде китепти бат жана түшүнүп окуунун көптөгөн түрлөрү бар.
  12. Суроо берип, ошол суроого жооп издеп окубайбыз.
  13. Колубузга калем алып,окуп жаткан  китептин негизин бөлүп,астын сызып окубайбыз.
  14. Логикалык басымды туура коюп окубайбыз.

Жогорудагылардын тескерисинче  бир китепти же текстти окуп жатканда көңүл буруш керек болгон кээ бир маанилүү нерселер бар. Аларды төмөндөгүчө айта кетсек болот.

  1. Алдын ала психологиялык жактан даярданып,көңүлдүжай кылып таза энергия менен китеп окуу керек.
  2. Ачык маанай менен китеп окуу керек.
  3. Негизгисин бөлүп окуу.башкача айтканда,китеп окуп жатканда китепте жалпы жөнүнөн эмнелер жөнүндө айтылып жатканын эске тутуп окуу керек.
  4. Түшүнүүгө татаал болгон жерлерин кайра-кайра окуу керек.
  5. Ойлонуп окуу-далилдеп оку.
  6. Жазып окуу- чындап оку
  7. Сүйлөп окуу-сыйлап оку
  8. Сүрөт,схема тартып оку
  9. Окуп ойлон-сындап оку
  10. Бөлүк-бөлүк менен оку.
  11. Окуп жатка учурда кез кези менен башыңды китептен көтөрүп,окугандарың жөнүндө ой жүгүртүп,аларды  буга чейинки билген нерселериң менен байланыштырганга аракет кыл.
  12. Суроо берип аларга жооп тапканга аракет кылып оку.
  13. Кызыгуу менен оку.
  14. Талкуулап оку
  15. Кез-кези менен китептен окугандарыңды өзүңө-өзүң айтып бер.
  16. Китептеги каармандарды ролдоштуруп оку.
  17. Татаал терминдердин жана сөздөрдүн маанисин издеп тап.
  18. Окуп жаткан нерсеңди кыялыңда башка бирөөгө айтып берип жаткандай болуп оку.
  19. Эс алып,белгилүү белгилүү убактарда тыныгуу жасап,өзүңдү чарчабагандай кылып оку.
  20. Бат жана түшүнүп окуганга аракет кыл. Бул эки нерсе бири-биринен  узактай сезилиши мүмкүн,бирок көнүгүүлөрдүн натыйжасында буга жетишкенге болот.
  21.        Көркөм оку.

Просмотр содержимого документа
«Баланы уй булодо китеп окууга кызыктыруу»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!