СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланын калп айтуусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

1. Эгерде бала калп айтса, анын бетин ачууга аракет кылбоо керек, ар бир жолу ага калп айтуу туура эмес экенин түшүндүрүп, кырдаалды талдап, калп айтпай абалдан чыгуунун жолун издеп табуу керек.

2. Айрыкча күбөлөрдүн көзүнчө балаңызды калпычы жана алдамчы деп айтпаңыз.

3. Биз улуулар, чатак (скандал) болуп кетпөөсү үчүн балдарыбызды көп алдайбыз. Андыктан, балаңыз сизге күнөөсүз көрүнсө да, анын алдында калп айтпаганга аракет кылыңыз...

Просмотр содержимого документа
«Баланын калп айтуусу»

Балдардын калп айтуусунун себептери:

  • жазадан качууга аракет кылуу;

  • өзүнө көңүл бурууну каалоо аракети;

  • баланын чечүүнү талап кылган көйгөйлөрү бар;

  • стресстик кырдаалдардан коргонуусу;

  • балдарга да, чоңдорго да жаман үлгү болуучу учурлар.

1. Эгерде бала калп айтса, анын бетин ачууга аракет кылбоо керек, ар бир жолу ага калп айтуу туура эмес экенин түшүндүрүп, кырдаалды талдап, калп айтпай абалдан чыгуунун жолун издеп табуу керек.

2. Айрыкча күбөлөрдүн көзүнчө балаңызды калпычы жана алдамчы деп айтпаңыз.

3. Биз улуулар, чатак (скандал) болуп кетпөөсү үчүн балдарыбызды көп алдайбыз. Андыктан, балаңыз сизге күнөөсүз көрүнсө да, анын алдында калп айтпаганга аракет кылыңыз.

4. Кимдир-бирөөнү алдоо үчүн эч качан балаңыз менен кутумга (заговор) барбаңыз.

5. Баладан чындыкты “сабап”, суракка албаңыз, зыяны жок калп үчүн урушпаңыз. Анын калп айтуусуна болгон агрессивдүү реакция анын калп айтууну жана үйдөн качууну улантууга болгон каалоосун ого бетер күчөтөт.

6. Баланы калп айтканы үчүн жазалоодо анын жеке инсандыгына зыян келтирбеңиз. Өзүнө-өзү баалоонун төмөндөшү жана эч нерсеге арзыбагандык (алсыздык) сезими калп айтууну айыктырбайт, тескерисинче, неудачник комплексин жаратат.

7. Сиз калпты "унчукпооңуз" керек. Балаңызды чындыкты сүйүүгө тарбиялаңыз. Ал эми балаңыз жөнүндө канчалык көп билсеңиз, бул тапшырманы аткарууга ошончолук көбүрөөк мүмкүнчүлүгүңүз болот. Балаңыз менен канчалык тезирээк ишенимдүү мамиле түзсөңүз, анын калпынын себептерин түшүнүп, көп учурда калптын таптакыр кереги жок экенин түшүндүрүп, аны чындыкты айтууга үндөйсүз.

Бала төмөнкү учурларда гана чынчыл болот:

  • силерге ишенгенде;

  • ачууланууңардан же айыптоолоруңардан коркпогондо;

  • кандай гана окуя болбосун, аны инсан катары эч качан кемсинтпегенде;

  • башкалар эч качан баланын өзүн эмес, анын терс аракеттерин гана талкуулашканда;

  • жаман абалда калганда ага жардам беришээрине, колдоо көрсөтүшөөрүнө ишенгенде;

  • силер ага тарапкер экендигиңерге көзү жеткенде;

  • жазаласа да акылга сыярлык жана адилеттүү болоруңарга ишенгенде.



Калп айтуунун классикалык белгилери

• адам силерден көзүн ала качат;

• жана, тескерисинче, өтө кылдаттык менен сизди карайт;

• демейдегиден азыраак кыймылдарды жана жаңсоолорду жасайт;

• маектешинин бетине жана оозуна адаттагыдан этияттанып карайт;

• анын кыймылдары чектелүү жана табигый эмес көрүнөт;

• маектеш сизден алыстагандай абалда жайгашат, мүмкүн болсо терезеге же эшиктерге бурулганга аракет кылат;

• маектеш алакандарын ылдый каратып кармайт, жада калса, отурганда колдорун буттарынын алдына да коёт.

Булагы: https://multiurok.ru/files/roditiel-skoie-sobraniie-na-tiemu-pochiemu-dieti-ghovoriat-niepravdu.html




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!