СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдардын табиятка болгон мамилесин жандандырууга арналат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул жомоктор аркылуу балдардын китепке карата мамилеси бир канча эсеге өзгөрөт

Просмотр содержимого документа
«Балдардын табиятка болгон мамилесин жандандырууга арналат»

АЮУ МЕНЕН БУЛБУЛ


Бир күнү аюу менен булбул токойдон кезигишип калат. Анда аюу:

-Кел, кимдин үнү катуу экенин сынайбыз, баары эле сенин үнүңдү мактайт, көрөйүнчү- дейт. Булбул ага макул болот. Ошентип экөө тоого карай кыйкырмай болушат. Алгач аюу баштайт, ал ачуулуу үнү менен тоону жаңырта кыйкырат, артынан тоо тараптан дал өзүн кайталаган жаңырык үн угулат.

Кезек булбулга келет, анын мукамдуу сайраган үнү тоого чейин жетпей, бир аз гана жерге угулат. Ошондой болорун күтүп турган аюу курсагын кашып, каткыра күлүп, булбулду шылдыңга алат. Өзүнүн акырын чыккан үнүнө капаланган булбул ал жерден капалуу кетет. Күндөрдүн биринде токойдогу жаныбарлардын баары чогулган учурду пайдаланып аюу сөз алып мактанат:

-Ой жаныбарлар, билесиңерби, менин үнүм булбулдун үнүнө караганда бир топ катуу чыгат анан жакшы да угулат- дейт.

Уккан жандыктар буга ишенбей, баары бир ооздон булбул менен аюунун үндөрүн сынайбыз деген бүтүмгө келишет.

Дайымкыдай биринчи аюу кыйкырат. Анын үнүнөн баары чочуп, кулактарын жаап, баштарын катышат. Андан соң булбул жагымдуу үнүн жаңыртат, айланадагы жандыктын баары кубанып, бак-дарак ыргалып, табийгат да нурданып, токой ичи шаңга толот. Ошондо аюу өзүнүн үнүнөн уялып, токойдун ичине кире качат жана ошол күндөн тартып булбулду шылдыңдабай турган болуптур.







САГЫЗГАН МЕНЕН ТҮЛКҮ


Бир күнү түлкү курсагы ачып, алы кетип дарактын астында жатса, үстүнө бир үзүм эт тиштеген сагызган келип конот. Аны көргөн түлкүнүн амалкөйлүгү кармап, заматта сагызгандын этин алгысы келет. Оңойлук менен этин бербеген сагызганды түлкү мактап баштайт:

-Эй сагызган, билесиңби, сенин үнүң ушунчалык жагымдуу, сен сайраганда баарыбыз бийлеп жиберебиз. Азыр да сенин үнүңдү уккум келип турат, дагы бир жолу сайрап берчи- деп суранат. Мактоонун маанисин түшүнбөгөн сагызган оозундагы этти унутуп, сайрап жиберет, ошондо араң тапкан бир үзүм эт астында турган түлкүнүн дал өзүнө түшөт. Сагызгандын сазайын берип, бир үзүм этин алганына кубанган түлкү мыйыгынан күлүп:

-Ай, аңкоо досум, кайсы үнүңө ишенип сайрадың, өзүңдөн башкага өзгөчө угулбаган үнүң кимге жагат эле- деп сагызганды шылдыңдаган түлкү жолун улап кете бериптир.
















ЧЫЧКАН МЕНЕН АРСТАН

Токойдун падышасы аталган арстан бир күнү чычканды кармап алат да ары тарткылап, бери тарткылап, шилекейин куюлтуп, ашказанына аз да болсо азык көрүп жегенге ашыгат. Ошондо чычкан чебелектеп:

-Арстан, суранам, мени жеген менен баары бир тоюнуп кетпейсиң, тишиңдин бир кычыгында эле калаармын. Жер бетинде тирүү болсом сенин жакшылыгыңды унутпайм, үйдө балдарым күтүп жатат, бир күнү менин да жардамым тийип калаар –деп өтүнөт. Арстан азуулуу тиштерин кычыратып, колундагы чычканга карап:

-Мени кара, сени кара. Мага кантип жардам бере алат элең, жебесем жебегеним болсун-деп каткыра күлүп кое берет.

Күндөрдүн биринде токойго келген адамдар арстанды капканга түшүрүп, арканга байлап, даракка каңтарып коюшат. Аны алыстан байкап турган чычкан заматта жетип келип арканды кемирип кирет, бир аз убакыт өткөндө аркан үзүлүп, андан бошонуп кетет. Ошентип туткундан аман калган арстан кайрадан токойдогу падышалыгын улантат. Жакшылыкты унутпаган, падышасын улуктаган чычканга алкыш айтып, ошол күндөн баштап арстан менен чычкан ынак достордон болуп калышыптыр.


БОТОБЕК МЕНЕН БАЛ ААРЫ


Бир күнү ойноп жүргөн Ботобекти кокустан бал аары чагып алат. Ооруган денесинин ачышканына өчөшүп бал аарыдан өч алмай болот. Ошентип анын уюгун бузууга бел байлайт. Кой дегенге көнбөгөн, чоң максатын көздөгөн Ботобек бал аарынын уюгун бузаары менен анын ичиндеги аарылардын баары ачууланып Ботобекти чагып салышат. Бети-башы томпойгон, бир аарыга өчөшүп, миң аарыдан азап тартканына ызаланып ыйлап кала берген экен.


ЭШЕК МЕНЕН КАРЫШКЫР


Күндөрдүн биринде эшек ачууланып, качан болсо карышкырдан азап тартканын, дайыма андан коркуп жашаганын даттанып арстандан жардам сурап келет. Эшектин суранычы боюнча арстан үстүндөгү айбаттуу терисин эшекке бир күнгө берип турмай болот, соңунда ошол түрү менен карышкырды качырам деп ниеттенет. Ошентип жолугаар кез келип, токойдон карышкырды учуратат, бирок арстандын терисин кийген эшектен карышкыр таптакыр коркпой коет. Ою оңунан чыкпаганга ызаланган эшек эмне кылаарын билбей эси кетип турганда, карышкыр мыйыгынан күлүп:

-Терисин куп окшотупсуң, аны көрүп корктум, бирок айкырган үнүң арстанга эч эле окшобой калыптыр- деп эси жок эшектин этине дагы бир жолу тоюнуптур.


АКЫЛСЫЗ ДЫЙКАН ЖАНА ТҮЛКҮ


Амалкөй түлкү дыйкандын короосундагы тоокторун бирден жеп кете баштайт. Аны байкап калган дыйкан түлкүнү капканга түшүрүп алат жана эң оор жаза менен кыйнагысы келет. Сарайдын жанында турган машинанын күйүүчү майын түлкүнүн куйругуна куюп, аны өрттөп жиберет. Ошондо куйкаланып жаткан куйругун сүйрөгөн түлкү дыйкандан өч алууну каалап, анын күзгү орумга даяр турган буудайын аралап качат. Куйругунун жалынындагы от менен кошо жазы бою маңдай терин төгүп өстүргөн буудайы да өрттөнүп кетет. Андайды күтпөгөн дыйкан башын ташка уруп, акылсыз амалды ойлогонуна өкүнүп кала бериптир.






КЕКИЛИК МЕНЕН МЕРГЕНЧИ


Бир мергенчинин атайын колго үйрөтүлгөн, келиштире сайраган кекилиги болуптур. Ал кекиликтин өзгөчө кызматы бар. Тоого чыкканда кадыресе сайрап, өзүнүн досторун, бир туугандарын мергенчинин торуна алдаган үндөрү менен чакырып берет. Андайдан кабары жок башка кекиликтер досунун чакыруусуна алданганын билбей, торго түшө беришет, ошентип мергенчи оңой олжону колго үйрөткөн кекилигинин жардамында алат. Жылдар жылга уланып, убакыттар зымырап өтө берет. Алданган кекиликтердин саны артып, күн алыс олжо менен үйгө кайткан мергенчинин кубанычында чек жок. Ошондой күндөрдүн биринде мергенчи үйрөтүлгөн кекилигин бейтааныш бирөөгө арзыбаган эле акчага саткысы келет. Аны укканда кекилиги чебелектеп, жаны жай албай мергенчиден суранат:

- Эй, досум! Ушул кылганың калыстыкпы, бул мени сойгону сатып алды сенден. А мен сага канча кызмат кылдым, канча жолу торуңа кекиликтерди чакырып бердим, аягында минтип арзан акчага сатып жибергениң эмнеси-деп капаланат. Ошондо мергенчи эч ойлонбой туруп:

- Бул айтканың ырас, бирок өз бир тууганын, жакын досторун билип туруп атайын торго кармап берген кекиликтен кандай жакшылыкты күтсө болот. Сенин сатканың менен менин сатканымды салыштырып болобу, башка досторуң кантип шорподо кайнаган болсо, алардын күнү сага да келиптир, бул окуя калгандарга сабак болсун-деп коштошуп кала бериптир.









АТАМДЫН САМОЛЕТУ


Адилетти атасы дайыма мойнуна отургузуп алып самолет кылып ойнотчу. Ага эң бийик жер атасынын мойну эле. Ошол жерде өзүн абдан бактылуу сезет. Ал мындан башка самолетту билбейт, ал үчүн эң жакшысы атасынын ойноткону. Бир күнү жайкы эс алуу маалында көп убакытка апасы менен шаарга барат. Ал жактан көптөгөн досторду табат. Ошондой күндөрдүн биринде балдар менен бакчадагы самолетко бармай болушат. Адилеттин оюна атасынын ойноткон күндөрү элестелип, “атам бакчага келген окшойт”- деген кыялда баарынан катуу чуркайт. Бирок бакчада анын көзүнө атасынын мойнундагыдай жылуу, жумшак самолет эмес, жөн гана суук темирден, катуу жыгачтан жасалган айланма самолеттор көрүнөт. Мындайды күтпөгөн Адилет жашын тыя албай апасына келип:

-Мага мындай оюнчук самолеттор жакпайт, атама кетели, мен ошол самолетту сагындым-деп буркурап ыйлайт. Ошентип апасы менен эс алуу мөөнөтү бүткөнчө эле шаарды таштап, кайрадан эң жакшы көргөн атасынын самолетуна келишет...















ТАЛ МЕНЕН ТЕРЕК


Тал менен терек өз күчтөрүн сынагылары келет. Шарт боюнча шамалга кимиси көп убакыт туруштук бере алса, ошол жеңүүчү болот. Ошентип катуу келген шамалдын багытына катарынан турушат. Терек:

-Мен баары бир шамалды жеңемин, ага туруштук беремин деп боюн түзөп, текеберленет.

Тал болсо акырын шамалга ийилип, анын бурган багытына карай кыймылдап тура берет. Албууттанган шамал текеберленип, өзүн гана күчтүү сезип, шамалга ийилбеген теректи тамыры менен жулуп, алыска учуруп жиберет. Ошол күндөн бери ийилчээк мүнөзү менен айырмаланган тал шамал менен достошуп, кулачын кенен жайып жашап келе жатат.


КҮН МЕНЕН АЙ


Илгери күн менен ай дос болуптур. Дайыма бирге жүрүшчү экен. Бирок алардын бирге жүрүүсү жерде жашаган адамдарга кыйынчылык жаратыптыр. Анткени, ай да, күн да бир жерде турганда же иш кылышты, же эс алышты билбей баары ойго батышат. Ошондо эки дос элдешип, өмүр боюга коштошуп, бири таңда, бири түндө элге жардам берүүнү максат кылышат. Жылдар аралыгында бири-бирин абдан сагынышат, күн айга, ай күнгө жетпейт. Анткени дүйнөнүн бир тарабы уйкуга кетсе ошол тарапка ай жылат, башка бир тарабына таң атса ал тарабына күн барат, ошентип эки дос ааламдын бардык тарабына жарыгын чачып калышыптыр.







АКЫЛСЫЗ ЖЫЛАН


Күндүн ысыгында эс алып жаткан жыландын башына чымын коно берет. Дарактын ичине жашынса да, ары-бери сойлосо да, куйругу менен башын чапкыласа да чымын ордунан жылбай коет. Айласы кеткен жылан тынчтык бербеген чымындан өч алууну ойлойт. Аңгыча ары жактан араба сүйрөгөн атты көрөт. Ошол учурда башындагы чымынды тебелеп кетсин деген максатта акылсыз жылан арабанын дөңгөлөгүнө башын салып жиберет. Андайга даяр турган чымын заматта учуп чыгат. Дөңгөлөк болсо акылсыз жыландын гана башын тебелеп өтөт. Ошентип бирөөгө жамандык каалаган үчүн өзү азапка кабылыптыр.


ҮЧ БИР ТУУГАН жана ҮЧ ГҮЛ


Балдардын баары гүл тергени талаага чыгышат. Алардын арасында ынтымактуулугу, акылдуулугу менен айырмаланган Айтумар, Айдин, Айар аттуу үч бир туугандар да бар эле. Башка балдар гүлдөрдү үзүп, түрүнөн тандап теришет. Үчөө болсо кеңешип, ар бири бирден гана кооз гүлдү тамыры менен казып алмай болушат. Арадан бир канча убакыт өткөн соң, балдар үзгөн гүлдөр соолуп, ыйлай башташат. Алардын ичинен үч гүл гана жаркырап, дагы деле жашарып, кооз бойдон турат, анткени аны үч бир тууган тамыры менен атайын идишке отургузуп, ыйлатпай карап жатышкан эле. Гүлдөрүнүн соолуганын көргөн башка балдар, төрт мезгил тең жашыл түсүн жоготпогон үч бир туугандын үч гүлүнө суктанып калышты.








ШИРИН АЛМА


Амангелди үйдө турган эки алманы колуна алды да, инисинин көзүнчө экөөсүн тең бир тиштеп көрдү. Бирөөсүн мага берсе керек деп үмүт кылган иниси заматта таарынып, көз жашын тыя албай ыйлап жиберди. Таптакыр башка нерсени максат кылган Амангелди инисин араң сооротуп:

-Ыйлабачы, сенден алманы аяганым жок, болгону экөөсүнүн тең даамын татып көрүп, эң таттуусун сага берейин деген элем- деп инисин беттен сүйүп, бооруна кысып, алманын эң ширинин берди.


ИНТЕРНЕТ


Кыштын ызгаар суугунда мектептен чуркап келген Самат апасын кучактап, кубанычы койнуна батпай, чоң жаңылык таап келгендей кудуңдап, бир нерсе айтканга шашып жатты.

-Апа, апоо, мени уксаң, бизге эжей айтты, интернеттен баарын издесе, баарын тапса болот экен, а сиздин телефонуңуздун интернети барбы?-деп жан алы калбай суранып жиберди. Уулунун эмне издеп, эмне сурашынан эч кабары жок апасы да күлүмсүрөп:

-Ооба, интернетим бар. Эмне издегиң келди эле- деп суроолуу карады.

Жанатан бери бир жерде турбай, ары-бери чапкылап, кудум эле издегенин азыр таап ала тургансып сүйүнгөн уулу ишеничтүү түрдө апасына жалооруй карап:

-Апа, анда атамды издейличи, атамды табалычы- деп, сагынычы ичине батпай араң турган Самат бышактап, жашын тыя албай, кусалуу көзүнөн жүзүн жууп келе жаткан көз жашын сүртүп, быйтыйган колдору менен апасынын телефонун кармап турду.


АТАМДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ


Классташтарынын ичинен эң жакшы окугандыгы менен айырмаланган Бекназарды эжекеси чакырып:

-Кел, күндөлүгүңдү бер, сага беш коюп берейин, бүгүн эң жакшы даярданып келипсиң- деп чакырат.

Күндөлүгүн көтөрүп келген Бекназар эжекесине карап:

- Жок, мага бүгүн да төрт эле коюп бериңизчи- деп суранат.

Мындайды күтпөгөн эжекеси таң калганын жашырбай окуучусуна жүзүн буруп:

-Эмнеге, эмне үчүн күн сайын татыктуу алган бештериңди, төрт деген баага алмаштырып жатасың, сен беш алганга татыктуусуң-дейт, окуучусун башын сылайт.

Анда окуучусу көз жашын сүртүп, башын жерге каратып:

- Эжеке! Атам айтат: “Балам, эгер күн сайын сабактан беш алып келсең сага жаңы велосипед сатып берем”-дейт. Бирок, атамдын акчасы жок, мен аны билем. Эгер беш алып барсам, анда атам велосипед алып бере албай калгандыгы үчүн өзүн күнөөлөйт, мага азыр велосипед керек эмес, мен атамды жакшы көрөм. Ошон үчүн бүгүн да төрт коюп бериңиз, сураныч эжеке..



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!