СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класс үчүн сөздүктөр.

Нажмите, чтобы узнать подробности

СӨЗДҮКТӨР. 

Башталгыч класстардын окуучуларынын оозеки жана жазуу кебин өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири сөздүк менен иштөө болуп саналат.Сөздүктөрдүн жардамы менен окуучуларга өзүнүн сөз байлыгын арттырууга аны тактап активдештирүүгө,тааныш эмес сөздөрдүн лексикалык маанилери менен таанышууга,грамматикалык формаларды,тилдин ченемдерин өздөштүрүүгө,ошондой эле сөздөрдү (орфоэпиялык жактан)туура айтууга ,сөздөрдүн басымын туура коюуга үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Сөздүктөрдү пайдалана билүү окуучуларга мектепте ийгиликтүү болууга жана андан кийинки турмушунда тил боюнча өз билимин толуктоого,баарлашууда,китеп жана мезгилдүү басма сөздү окууда,ошондой эле радио угууда жана телеберүүлөрдү көрүүдө лексикалык кыйынчылыктарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

  Сөздүк менен иштөөнү сабактын конкреттүү максаттарына жана милдеттерине жараша бөлүк- бөлүк менен эмес,башталгыч мектепте биринчи класстан баштап 4-классты аяктагыча системалуу жүргүзүү максатка ылайык келет.Көпчүлүк учурда сөздүк менен иштөө окуучулардын түшүндүрмө сөздүктү колдонуусуна келип такалат,бирок 1-класстан баштап 4-классты бүткөнгө чейин окуучулардын ар түрдүү сөздүктөр менен таанышуусу пайдалуу болуп саналат, алар: фразеологиялык сөздүк, синонимдер сөздүгү,чет элдик сөздөрдүн сөздүгү ,этимологиялык сөздүк, энциклопедиялык сөздүк ж.б.

Сөздүктөр класста дайыма турганы жана балдардын аларды сабакта гана эмес,сабактан тышкаркы ишмердикте да эркин колдоно алганы жакшы. 

 

СӨЗДҮКТӨР менен натыйжалуу иштөөнү уюштуруу үчүн төмөнкү методикалык принциптерге таянуу керек болот:

-Сөздүк менен  иштөө көндүмдөрүн акырындык менен калыптандыруу. Сөздүк, анын түзүлүшү,андагы сөздөрдүн жайгашуу принциптери, жардамчы белгилер менен баскыч боюнча таанышууну билдирет.

-Сабактарда системалуу колдонуу. Башталгыч мектепте окууда ар кандай иштин түрлөрү үчүн жумасына 3-4 сабакта сөздүктөр менен иштөө:

а) жамааттык жана жекече

б) репродуктивдүү жана чыгармачыл

в) оозеки жана жазуу түрүндө. 

*Кенже окуучулардын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу.

Натыйжага жетүү үчүн кенже окуучулардын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын эске алуу зарыл.Окуучулар үчүн кызыктуу тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү колдонуу аркылуу гана сөздүк менен туруктуу иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга болот. К.Д.Ушинский кызыктыруучу тапшырмаларды экиге бөлүп: формасы боюнча кызыктыруучу тапшырмаларга ребус,кроссворд, лакап, табышмактарды белгилеген. 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!