СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

#crsbizbilgibiz kelet

Категория: ОРКиСЭ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«#crsbizbilgibiz kelet»

Киришуу

Жалпы орто билим беруу. Бул создорду ойлонуп королучу. Жалпы орто билим беруудо мугалим бардык балдарды жакшы окутууга милдеттуу. Педагогика илими мектепти окутуунун жаны мазмунуна отууну иштеп чыкты. Физиологдор, гигена адистери, илимпоз-методисттер окуу материалынын бардыгын балдар ийгиликтуу оздоштуро алат деп эсептешет.

Чындыгында, иш кандай абалда болуп жатат? Орто мектептин ар бир бутуруучусу мыкты бекем билим алып жатат деп айта алабызбы? Биринчи класстан эле окуучуларды орто, начар жана кучтуу деп болуштурууго болот деген ойго конгонбуз. Мындайча болуштуруу 11-класска чейин созулат. Болгондо да барган сайын кучтуу окуучулардын саны азайып, начар жана орто окугандар кобойот. Мындай корунуштун себеби эмненде? Буга бир маанилуу жооп беруу кыйын.

Биз бардык балдар таланттуу экенине ишенебиз. Жаны программалар татаал болгонсуп корунгону менен ал окуучуларга толук жеткиликтуу. Демек, орто окуучуга эсептелинген окутуу методикасынын жеткилен эместигинде: ошондуктан кучтуу окуучуларга тапшырма женил, ал эми начар окуучунун ага тиши отпойт. Биздин, мугалимдердин эксперименттик методикабыз : бардык балдар-бири да калбай!- мектеп программасын ийгиликтуу оздоштурууго жондомдуу дегенге негизделиши керек. Жалпы орто билим беруу жонунудогу закон да ушуну талап кылат.















Дифференцирленген окутуу

Дифференцирленген окутуу деп, окуучулардын жекече озгочолукторун эсепке алуу шарттарындагы окутууну тушунобуз. Анын мааниси томондогучо: Жалпы билим беруучу мектептерде бардык балдар бирдиктуу окуу пландары, бирдиктуу окуу программалары, бирдиктуу окуу китептери жана бирдиктуу окуу китептери менен окутулат. Бирок, алардын тубаса жондомдуулуктору,кызыкчылыктары, осуу денгээли, турмуштук пландары ар башка. Башталгыч класстарда алардын мындай айырмачылыктары анча кескин турдо байкалбаса да , улас барган сайын дааналанып, айырмалана баштайт. Ошондуктан жогорку класстарда буткул класс менен иштоодо ал айырмачылыктарды эсепке алуу кыйындай берет да, белгилуу класстан баштап буткул балдарды, алардын жекече озгочолукторун эсепке алуусуз бирдей окутуу педагогикалыек жактан масаткка ылайык келбей жатат. Ошентип, окутуу процессинде окуучулардын жекече же алардын бир нечесинин группалык озгочолуктору эсепке алынгыдай шарттарды изденуу проблемасы келип чыгат.

Окуучулардын типтуу айырмачылыктарын эсепке алуу менен муноздолуучу окуу-тарбиялык процесс-дифференцирленген процесс деп, ал эми мындай процесстеги окутуу болсо-дифференцирленген окутуу деп аталат.

Окутууну дифференцирлоо- дидактиканын эн негизги проблемаларынын бири болуп эсептелет. Анткени, окуучулардын жекече озгочолукторун эсепке алып, алардан толук пайдаланган кезде гана- окутуунун билим беруучулук жана тарбиялоочулук гана эмес, анын балдарды жалпы онуктургуч потенциалынын жогорку эффектисине жетишууго болот.

Окутууну дифференцирлоо боюнча эки турдуу тушунук бар:

- тышкы дифференцирлоо

-ички дифференцирлоо





Тышкы дифференцирлоодо окуучулардын жекече озгочолукторун эсепке алуу учун алар атайын дифференцирленген окуу группаларына болуштурулот: атайын класстар, ал гана эмес атайын мектептер тузулот.

Окутууну тышкы дифференцирлоонун торт туру бар:

  • Окуучулардын жондомдуулуктору боюнча;

  • Жондомсуздуктору боюнча;

  • Алардын келечекте ээ боло турган профессиясынын долбоорлонушу боюнча;

  • Алардын кызыгуулары боюнча дифференцирлоо.

Тортунчу турдогу тышкы дифференцирлоону ишке ашыруунун мумкун болгон формалары катарында томондогулорду корсотууго болот:

  • Окуучулардын ыктыярдуулугу менен тандалып алынуучу факультативдик сабактарды уюштуруп откоруу;

  • Бир катар окуу предметтерин терендетип уйронуунун класстарын уюштуруу;

  • Атайын мектептерди( физика жана математикалык, физика жана химиялык, физикалык, химия жана биологиялык, гуманитардык ж.б.у.с) уюштуруу.

Булардын ар биринин озунчо артыкчылыктары жана жетишсиздиктери бар, алар жонундо атайын макалаларда гана толук токтолууга болот.



Ички дифференцирлоодо окуучулардын жекече озгочолукторун эсепке алуу мугалимдин кадимки эле класста иштоосундо ишке ашырылат.

Ички дифференцирлоонун мааниси томондогучо баяндалат:

Окуу программаларынын мазмунунун бирдиктуулугу- окуу процессинде окуучулардын бардыгына тен бирдей проблемаларды сунуш кылууну талап кылат. Муна ушунун озу мугалим учун эн эле татаал дидактикалык маселе болуп эсептелинет.

Анткени, класстагы окуучулардын туюнуп билуулорунун осушу жана туюнуу тажрыйбаларынын денгээли энэле ар турдуу: кээ бир окуучулар коюлган проблеманы оз алдыларынча тушунуп чыгара алышат, экинчилерине болсо ошол эле проблеманы алар учун жеткиликтуу болгудай кылып майдалап берууго туура келет, учунчулоруно проблеманы чыгаруунун жолун, планын толук тушундуруп корсотмойунчо алар ойлонуп эмгектенууго киришишпейт ж.б.

Ойлонуп эмгектенуунун темпи боюнча да окуучулар бири-биринен ото айырмаланышат: кучтуу окуучулар начар окуучуларга караганда окуу материалын уч эсе тез кабыл алып, тушуно тургандыгы белгиленген. Ошого карабастан, практикада мугалимдер окутуунун темпин кандайдыр бир чындыкта жок « орточо» окуучунун темпине ылайыктап уюштурат. Мына ошол орточо темп буткул класстык коллективдин ишинин ритми катарында, ошондой эле ар бир окуучунун иштоо темпинин да критериясы катарында кабыл алынат. Мындай шартта тез ойлонуп иштоочу кучтуу окуучулар толук осуп онуго алышпайт, алардын осушу жасалма турдо жайлап, кээде токтотулуп да калган болот. Ал эми жай ойлонуп иштоочу балдар болсо орточо темпке жетише албай, материал уйронуло башталгандан бир аз убакыттан кийин эле коллективдик ритмиден чыгып, мугалимдин жана окуучулар коллективинин башкаруусуна камтылбай калат. Ошондуктан, мындай окуучулар кээде оздорун ойлонуп эмгектенууго жондомсузмун, демек, толук баалуу эмесмин деген сыяктуу натуура ойго келиши ыктымал. Чындыгында мындай окучулардын копчулук сабактардан алуучу «2» жана «3» деген баалары алардын ишинин темпин гана муноздойт, бирок, ал баалар эч убакта алардын туюнуп билуу мумкунчулукторун муноздой албайт. Тилекке каршы, мектеп практикасында жай ойлонуп иштоочу окуучуларды кээде сабакты билбеген окуучуларга тенешет, мугалимдер мындай окуучуларды коп учурда жалкоолонуп, жакшы окугусу келбеген окуучулардай эсептешет.

Жай ойлонуп эмгектенуучу окучулардын нормалдуу иштоолоруно шарт тузуу максатында , олкобуздун айрым алдынкы мугалимдери томондогудой чараларды корушот.

Бирдей эле олчомдогу окуу маселесин чыгаруу учун жай ойлонуп иштоочу окуучуларга кошумча убакыт беришет. Мисалы, математика, физика,химия ж.б. сабактардан болгон контролдук иштерди откоруудо аларга кошумча убакыт беришет же суроолорго оозеки жооп беруу учун да башкаларга караганда аларга кобуроок убакытты сарп кылышат ж.б. Бирок, берилген кошумча убакыт учун аларга коюлуучу балл томондотулбойт.

Жай ойлонуп иштоочу окуучуларга мугалим башкаларга караганда тез-тез жардам берет, алар мыкты окуган алдынкы окуучулардын жардамынан пайдаланышат, аларга ар турдуу маалыматтар боюнча справка беруучу кошумча адабияттардан кенири пайдаланууга уруксат берилет. Бирок, мына ушул корсотулгон жардамдардан алардын билиминин бааланышы эч томондотулбойт, б.а. алардын билимине баа коюуда корсотулгон жардамдар жана женилдиктер эсепке алынбайт. Мында мугалим учун эн негизгиси- анын жай ойлонуп иштоочу окуучусу класска коюлган проблема кандайча чыгарыла тургандыгына тушунуп эмгектене башташы болуп эсептелинет.

Мына ошентип, кадимки класста окутууну дифференциялоодо окуучуларга сунуш кылынуучу проблема дифференцирленбейт, проблема буткул класс учун жалпы бирдей, анткени, окуу программасы баардык окуучу учун бирдей милдеттуулукту талап кылат, мында томонку уч нерсе гана дифференцирленет:

  1. Окуучулардын ишинин мазмуну дифференцирленет, мисалы: проблеманы чыгарууга киришсин учун алардын ар кимисине ар кандай денгээлдеги жардамдар корсотулот же жалпы проблема майдаланып берилет, же аны чыгаруунун планы, жолу корсотулот ж.б.у.с.

  2. Бирдиктуу жалпы проблеманы чыгарууга ар бир окуучунун зарыл турдо минималдуу сарп кылуучу убактысы дифференцирленет, мисалы: жай ойлонуп иштоочулорго кошумча убакыт берилет ж.б.у.с.

  3. Окуучулардын изденуулорунун натыйжаларын эсепке алып баалоо дифференцирленет,мисалы: эгерде кучтуу окуучу жалкоолонуп жардам алса, анда корсотулгон жарам учун анын баллын кемитууго болот, ал эми алы жетпегендиктен муктаж болгон окуучуга корсотулгон жардам учун анын баллы кемитилбейт ж.б.у.с.



Дифференцирлештирип уюштуруунун ыкмалары

Сабакты окуучулардын окуу мумкунчулукторуно жараша дифференцирлештирип уюштуруунун ар турдуу ыкмалары бар: мисалы, окуучуларга тапшырманы эки формада ( улам томондоочу татаалдыкта жана улам жогорулоочу татаалдыкта) берилет.

1-формадагы томондоочу кыйындыктагы тапшырма. Буткул класска туюунуп билуу маселесинин бир кыйла татаал варианты мисалы, формуланы чыгаруу, теореманы далилдоо ж.б. сунуш кылынат. Мыкты окуган кучтуу окуучулар тапшырманы оз алдынча чыгарууга киришип эмгектенишет. Бул убакта тапшырманы оз алдынча чыгара албагандар учун мугалим маселенин чыгарылыш жолун тушунууго жардам беруучу жалпы баяндама берет. Натыйжада дагы бир катар окуучулар оз алдынча иштоого киришишет. Андан кийин да жардамга муктаж болгондорго мугалим дагы бир жалпы корсотмо берет. Ошондон кийин да тапшырманы аткара албагандар болсо, анда мугалим аларга чыгарылыштын рационалдуу планы жазылган карточканы сунуш кылат. Натыйжада буткул окуучулар берилген тапшырманын чыгарылышын изденуу процессине катышып эмгектенилет.

2-формадагы жогорулоочу кыйындыктагы тапшырма. Буткул класска женил аткарылуучу тапшырма сунуш кылынат. Бул тапшырманы баарынан мурда туура аткаргандарга эми мурункудан да кыйыныраак тапшырма сунуш кылынат. Бул убакытта мугалим артта калган окуучуларга тиешелуу жардам корсотуп, алардын ишин башкарат. Эн акырында, даярдыктары эн мыкты окуучуларга жогорку кыйындыктагы тапшырма берилет.

Сабакта окуучулардын оз алдынча иштоосун камсыз кылып жекечелештируунун мындай формаларынын баалуулугу – бул учурда мугалим тигил же бул окуучунун даярдыгынын денгээлин атап корсотпойт, ар бир окуучу тапшырманы оз ыктыярынча тандап алат. Бирок, бул учун ар бир окуучу озунун окуу мумкунчулугун сунуш кылынуучу жумуштун кыйынчылык даражасына ылайыктай билуусу зарыл.


Скачать

© 2021, 322 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!