СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дос жана достошуу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты: 

* Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшөт;

* Текстти окуп, анын мазмунун түшүнө алат;

* Жакшы, жаман достун кандай экендигин билишет;

* Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт;

Сабактын жабдылышы: Текст боюнча тартылган түстүү сүрөттөр,эки ватман,эки маркер(кызыл,көк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.

Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу

Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Окуучум,бүгүнкү сага кайрылуучу насаат кебибиз достук жөнүндө болмокчу. Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул суроолорго жооп издеп көрөлүчү, Дос - бул жан кыйышпас, кайгыңды тең бөлүшөөр,кубанычыңа ортоктош болоор,ар дайым сага жөлөк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоң,достуктун кадырына жете билсең гана жогорудагы биз айткандай дос болушу мүмкүн.

         Ата - бабаларыбыздын " Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун " деген сөзү бекеринен айтылбаса керек.Силер да достуктун антын бекем сактаган адептүү бала болууга умтулгула. Досуңардан эч нерсе аябагыла, бергениңерди милдет кылбагыла " Ат аяган жер карайт " деген эл макалын жадыңарда туткула. Ал силердин аракетиңерге байланыштуу.

Талкуу үчүн текст:  Доско кылган жакшылык

Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 

1. Бул тексттен достуктун кандай түрүн байкадыңар?

2. Эмне үчүн кол чатыр бергенин кайра - кайра милдет кыла берди?

3. Эмне үчүн кол чатыр алган досу өзүн суугаташтады деп ойлойсуңар?

4. Алардын кимиси чыныгы дос экен?

Нуска сөздөр: 

Дос менен дос болсоң мактан,

Кас менен дос болсоң сактан.

                             Досу көп менен сыйлаш,

                            Досу аз менен сырдаш.

Айыпсыз дос издеген доссуз калат,

                           Колуңда барда миңи дос,

                           Колуңда жокто кана дос.

Акмак адамдан дос күтпөгүн.

Үйгө тапшырма:

1. " Дос кандай болуш керек? " деген темада дил баян жазгыла

2. Достук жөнүндө айтылган ойлорду окуп, класста талкуулагыла.

3. Өзүңөрдүн жакын досуңар жөнүндө чакан аңгеме жазгыла    

Просмотр содержимого документа
"Дос жана достошуу"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!