СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эгемендүүлүгүбүздү кайра....

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эгемендүүлүгүбүздү кайра....»

Эгемендүүлүгүбүздүн кайра калыбына келиш күнү куттуу болсун!

Тарыхый булактардан белгилүү болгондой, жок эле дегенде, б.з.ч. III кылымдан бери, б.а. 2224 жылдан бери мамлекеттүүлүгүбүз үзүлбөй уланып келе жатат. Бул убакыт аралыгында бир канча жолу эгемендигибизди жоготтук, бир канча жолу чоң мамлекеттерди курдук. Ошондон тарыхый булактарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнө байланыштуу төмөндөгүдөй сөз айкаштары сакталып калды.

Ал эми төмөндөгү сүрөт "Йүз күмүл бодунум, айыта, адырылтым (Кыргыз элимден, аттиң ай, айрылдым)" деп, кыргыз элинен айрылганына кайгырган, "Теңри элимке тусум токуз эр өлүртим (Ыйык мамлекетиме пайдам (душмандын) тогуз эрин өлтүрдүм)" деп, мамлекетин ыйык деп эсептеген Күлиг Тоган аттуу бабабыздын урматына тургузулган Кызыл-Чираа (Е 44) жазма эстелигиндеги Улуу кыргыз кагандыгы (840-924-жж.) дооруна таандык байыркы гербибиз.



Кыркыз күчлүг каган – антропонимдик сөз айкаш. Тунйукук жазма эстелигинде (729-ж.) учурап, 710-711-жылдардагы окуяларга байланыштуу эскерилген жана кыргыздардын күчтүү каганы деген мааниге келип, ошол мезгилдеги кыргыздардын каганы болгон Барсбек Каганды билдирген сөз айкашы: Табгач каган йагымыз эрти, он ок каганы йагымыз эрти. Артук кыркыз күчлүг каган йагы болты (Кытай каганы жообуз эле, он ок (түргөш) каганы жообуз эле. Эми кыргыздардын күчтүү каганы да жообуз болду) (Тунйукук ж.э., 20-сап).



Кыркыз бодуны – этноним. Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган (729-735-жж.) өңдүү Орхон жазма эстеликтеринде кыргыз эли деген мааниге келип, Кыргыз кагандыгынын өзөгүн түзгөн кыргыз элин билдирген сөз айкашы: Каганка кыркыз бодуны ичикди (Каганга кыргыз эли баш ийди) (Тунйукук ж.э., 28-сап).



Кыркыз йири – топоним. Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган (729-735-жж.) өңдүү Орхон жазма эстеликтеринде кыргыз жери деген мааниге келип, кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын мекенин, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган сөз айкашы: Көгмен аша кыркыз йириңе теги сүледимиз (Көгмөндү ашып, кыргыз жерине чейин жортуулдадык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 17-сап).



Кыркыз каган – антропонимдик сөз айкаш. Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган (729-735-жж.) өңдүү Орхон жазма эстеликтеринде кыргыз каганы деген мааниге келип, кыргыздардын каганын, өкүмдарын чагылдырган сөз айкашы: Кыркыз каганта Тардуш Ынанчу Чор келти (Кыргыз каганынан Тардуш Ынанчу Чор келди) (Көл Тигин ж.э., түндүк бет, 13-сап).



Кыркыз каны – антропонимдик сөз айкаш. Шине-Ус жазма эстелигинде (759-ж.) учурап, 751-758-жылдардагы окуяларга байлыныштуу эскерилген жана кыргыз каны деген маани берип, ошол мезгилдеги кыргыздардын канын, өкүмдарын билдирген сөз айкашы: Кыркыз каны Көгмен иринте эб-баркынта олурур эрмиш (Кыргыз каны Көгмен жеринде, сарайында отуруптур) (Шине-Ус ж.э. 11-сап).



Хырхыз хакан – антропонимдик сөз айкаш. Автору белгисиз болгон фарсча “Худуд ал-алам” (982-983-жж.) эмгегиндеги кыргыз хаканы деген мааниге келип, кыргыздардын каганын, өкүмдарын чагылдырган сөз айкашы.



Дарбанд Хырхыр – топоним. аш-Шариф аль-Идрисинин “Нузхат аль-муштак фи-хтирак аль-афак” аттуу арапча эмгегинде (1154-ж.) кыргыздарга таандык деп көрсөтүлгөн, кыргыз шаары деген мааниге келип, кыргыз каганы отурган борбор шаар катары эсептелген шаардын аты.



Хакан Хырхыр – топоним. аш-Шариф аль-Идрисинин “Нузхат аль-муштак фи-хтирак аль-афак” (1154-ж.) аттуу арапча эмгегинде кыргыздарга таандык деп көрсөтүлгөн жана кыргыз каганы деген маани берип, кыргыздардын каганы отурган борбор шаары катары эсептелген шаардын аты.



Билад Хырхыз – топоним. ад-Димашки шейх ар-Рубванын “Нухбатуд-дахр фи ажаиб аль-барри уаль-бахр” (XIII к.) аттуу арапча эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, тагыраак айтканда, азыркы Кыргызстандын аймагын чагылдырган жана кыргыз өлкөсү деген мааниге келген сөз айкашы.



Кыргыз вилайети – топоним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган жана кыргыз аймагы, өлкөсү деген мааниге келген сөз айкашы: Буларның йуртлары Кыргыз вилайетине йакын болур (Булардын журту Кыргыз аймагына жакын жайгашкан) (Шежере-и түрк).



Кыргыз йурты – топоним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын өлкөсүн, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган жана кыргыз өлкөсү деген маани берген сөз айкашы: Чингиз хан өлгендин соң кыргыз йурты ве аның төрт йанындагы йуртлар барча Толуй ханга таллук болуп эрди (Чыңгыз хан өлгөндөн соң кыргыз өлкөсү жана анын төрт тарабындагы өлкөлөрдүн барчасы Тулуй ханга караштуу болду) (Шежере-и түрк).



Кыргыз несли – антропо-этноним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде Огуз хандын Кыргыз аттуу небересинен тараган элди чагылдырган жана кыргыз тукуму маанисине келген сөз айкашы: Амма бу вактда Кыргыз неслиндин киши аз турур (Бирок азыркы тапта Кыргыз тукумунан адамдар аз) (Шежере-и түрк).



Кыргыз халкы – этноним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде кыргыз улутун, элин билдирген жана кыргыз калкы, эли деген маани берген сөз айкашы: Кыргыз халкының эл болганының зикри (Кыргыз элинин мамлекет болушу тууралуу) (Шежере-и түрк).



Кыргыз эли – этноним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде кыргыз улутун, элин билдирген жана кыргыз эли, калкы маанисине келген сөз айкашы: Кыргыз эли төресине ынал дерлер, могол ве тажик падишах теген дек (Кыргыз эли төрөсүн ынал деп аташат, монгол жана тажиктер падишах деген сыяктуу) (Шежере-и түрк).



Кыргызның падишахы – этнонимдик сөз айкашы. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу эмгегинде кыргыздардын падышасы деген маани берип, кыргыздардын падышасын, өкүмдарын туюндурган сөз айкашы: Ол вактда кыргызның падишахы Урус ынал теген эрди (Ошол убакта кыргыздардын падышасы Урус Ынал деген киши эле) (Шежере-и түрк).


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!