СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл аралык уюмдар

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.

БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен 5өө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).

 

БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,

 

баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу; 

кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу; 

эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.

Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.

 

БУУнун башкы органдары:

1. Генералдык Ассамблея;

2. Коопсуздук Кеңеши; 

3. Экономикалык жана социалдык Кеңеш; 

4. Кам көрүү Кеңеши; 

5. Эл аралык Сот; 

6. Катчылык же Баш катчы, 

7. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар.

Просмотр содержимого документа
"Эл аралык уюмдар"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!