СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгек жана адамдын келип чыгышы.Адам эволюциясынын –антропогенездик биологиялык факторлору. Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу. Алгачкы адамдын келип чыгышы.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

      Биология сабагынан план конспектиси

Мектеп: Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясы

Планды түзгөн: биология мугалими Субаналиева Гульшан Кутманалиевна

Предметти/классы: биология сабагы, 11-класс

Сабактын темасы:  Эмгек жана адамдын келип чыгышы.Адам эволюциясынын –антропогенездик биологиялык факторлору. Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу. Алгачкы адамдын келип чыгышы.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын методу:  Тегерек стол

Сабактын формасы: Баарлашуу,аңгемелешүү,чыгармачыл ишмердүүлүккө негизделген практикалык сабак,батман,маркер ж.б.

Колдонулуучу каражаттар: Окуу куралдары,проектр,компьютер,көргөзмө куралдар

Мазмундук тилке: 11.3.1.1.

                                   I.Организм биологиялык система катары

                                   II.Организмден жогорку системалар

                                   III.Органикалык дүйнөнүн көп түрдүүлүгү жана эволюциясы

                                   IV.Адам жана айлана-чөйрө

Сабактын максаты :

Көрсөткүчтөр

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жана анын эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү туурасында маалымат алышат.

Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун бөлүп көрсөтүшсө

 Ч.Дарвин ачкан органикалык дүйнөнүн негизги факторлорун аныкташса

Илимий маалыматтарга таянып,адамдын жаныбарлардан келип чыккандыгын , адам менен адам сымал   маймылдардын тузулушундогу окшоштуктарды айтып бере алышат.

Дарвиндин ачкан теорияларына таянып, адамдын эмгектин натыйжасында өнүгүүсүн далилдей алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндөгү келтирилген далилдерге таянуу менен эмгек негизги факторлордун бири экенин билишет

Адамдын бөтөнчө белгиси- зарылчылыктан улам курал жабдыктарды жасай алуусу, аларга тийиштүү болгон өндүрүш процессин билишсе.

Дарвиндин симиалдык теориясын билишет. Эмгектин өрчүшү антропогенезде социалдык факторлордун ролунун күчөшүнө алып келерин билишет.

Тарбия берүүчүк:  

Окуучулар  эмгек кылууга тарбияланышат.

Адам жаратылыштын бөлүнгүс бирдиги,анын келип чыгышы, органикалык дүйнөнүн жалпы закон ченемдүүлүгүнөн ажырагыс экендигин билишсе

  Азыркы коомдогу адамдын акыл –эсинин өрчүшүнө алып келген  эмгектин натыйжасын  билип, эмгеке тарбияланышат.

Сабактын милдеттери:

Когнитивдик: Адамдын пайда болуу процесси,башкалардан айырмаланган акыл эс түзүлүшүн тааныйт

Жүрүм-турумдук:-Окуу китебинде берилген текстин кылдат жана терең түшүнүшөт;текстте  берилген маалыматты талдашат,өз сөзү менен түшүндүрө алат.

Баалуулук:-Адамдардын ишмердүүлүгүн, алар жараткан баалуулуктарды,өзгөрүүлөрдүн түшүндүрмөсүн билишет.

 

 

Негизги компетенттүүлүк:

Предметтик компетенттүүлүк:

1.Маалыматтык; (НК 1)

Жандуу обьектилерди  таануу баяндоо:  (ПК 1)   Адамдардын башка жандыктар менен болгон өзгөчөлүктөрүн айырмалай алышат.

2.Социалдык-коммуникативдик; (НК 2)

Кубулуштардын илимий түшүндүрмөсү(чечим): (ПК 2) Адам эволюциясынын антропогенездик биологиялык факторлорунун тийгизген таасири себеп-натыйжа мүнөзүн түшүнүшөт.

3.Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү: (НК 3)

Илимий далилдерди пайдалануу: (ПК 3) Алган маалыматтарына мисалдарды келтирүү менен өз кортундуларын чыгарат.

 

Сабактын мазмуну:

Сабактын жүрүшү

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

НК

ПК

уюштуруу

3- мүнөт

Окуучулар менен саламдашуу

Сабактагы окуучуларды тактайм

Жагымдуу жагдай түзөм

 

Окуучулар мугалим менен саламдашып. Сабакта ким жок экенин маалымат берип, сабактын башында жагымдуу маанайга туш болуп, бир-бирине жылмаю

НК1

ПК1

Өтулгөн  темаларды кайталоо,үй тапшырмасы (5мүнөт)

1.Адам менен маймылдын скелетиндеги окшоштуктарды тапкыла?

        

 

 

 

 

2.Адам менен адам сымал маймылдардын ортосундагы баш сөөгүнүн айырмачылыктарын  тапкыла?

     

Окуучулар мурунку алган билимдерин эстешип,скелеттерди салыштыруу менен төмөндөгү жоопторду айтышат.

Колдорунун жаныбарларга эмес адамдыкына окшоштугу.

12-13 жуп кабыргасы,

5-6 куймулчак омурткасы

Маңдай тиши,

Кылкыйма тиши,

Азуусунун саны адамда канча болсо, аларда да ошончо

 

 

Адамдын баш сөөгүндө,каш үстүндөгү дого сымал туташ төмпөктөр жок,адамдын бет бөлүгүнө караганда баштын мээ бөлүгү чоңураак,чекеси бийик, жаактары бошоңку,тиштери майда,астыңкы жаакта ээги чыгып турат.Маймылда болсо тескерисинче,баштын бет бөлүгү аябай өрчүгөн,айрыкча жаактары.

Адамдын мээси,адам сымал маймылдардыкына караганда2-2,5 эсе чоң. Мээнин айрыкча психика функциясын аткаруу борбору жана сүйлөө борбору жакшы өрчүгөндүгүн айтышат.

НК3

ПК3

 

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Билүү жана түшүнүү этабы

 

(7-10мүнөт)

 

Мээге чабуул--  Балдар, адам деген ким, анын биологиялык мааниси? Адам кайдан пайда болгон?

 

-Адам башкалардан эмнеси менен айырмаланып турат ?

 

 

Демек, адам деген-тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп өсүшүндө  эң жогорку баскычы жеткен,коомдук –тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу жана ээси.

 

 

 

Мына эми биз адамдын башка жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ , эмгек куралын жасап,аны менен  айлана-чөйрөгө таасир этип өзгөртө алышат. Ал эми мээ түзүлүшү татаал , сүйлөөгө жөндөмдүүлүгү жагынан башка жандыктардан айырмаланып  турат.

 Адам гендик жактан жаныбарлар менен тектеш, ал аң-сезимдүү коомдук жандыкка айлангыча узакка созулган биологиялык, социалдык, тарыхый жолду басып өткөн.  

 

Мисал: Адам сымал маймылдын жашоо үчүн

 табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышына шарт түзгөн эмгек болгон . Эмгек анын аң-сезимин, сезүү органдарын жана мээсинин иштешин жакшыртып, дене түзүлүшүн өзгөртүп , антропогенездин улам жаңы баскычына көтөрүп, миллиондогон жылдан кийин жаңы биологиялык түрдү пайда кылган.

           

 Эмгек аң-сезимдин туундусу катары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жараткан.

   Маймыл сымал биздин түпкуү тегибиздин морфологиялык жана физиологиялык кайра түзүүлөрүн антропомофоздор деп атоого болот, анткени аларды пайда кылган негизги фактор – эмгек – адамдын эволюциясы үчүн гана мүнөздүү. Тике туруп басуу Ч.Дарвиндин ою боюнча маймылдан адамга өтүүдөгү чечүүчү кадам болгон. Эмгектин өрчүшү биологиялык закон ченемдүүлүктүн таасиринин начарлашына жана антропогенезде социалдык факторлордун ролунун күчөшүнө алып келет. Ч.Дарвин өзүнүн “Адамдын келип чыгышы” (1971) деген китебинде, “Адам-жаратылыштын бөлүнгүс бирдиги,анын келип чыгышы органикалык дүйнөнүн жалпы закон ченемдүүлүгүнөн алынып ташталбайт” деп табигый илимий изилдөөнүн нугуна салган.

Анатомиялык-морфологиялык бөтөнчөлүктөрү жагынан сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү “гоминид” (лат. НОМО-адам) тукумуна кирет. Гоминиддердин түпкү теги катары саналган, мындан 1 млн 600 жыл мурда Чыгыш Африкада жашаган хомохабилис (HOMO HABILIS ишке жөндөмдүү А.) келип чыккан.Мына ушуга далил катары археологиялык казындыларда хомохабилистин сөөктөрү менен кошо колго жасалган жөнөкөй эмгек куралдары да табылган.

Эмгек куралын жасоо питекантроптордун убагында эле эзелки адамдын аң сезими менен таасир этип,анан өз ара пикир алышуу зарылдыгын туудурган. Ушуга байланыштуу алардын мээ түзүлүшү да өзгөрө баштаган. Мындай эволюциялык өзгөрүүлөр Адам коомунун  алгачкы доорунда эле башталган. Буга Эвропа,Африка,Азияда жашаган неандерталдардын көп калдыктары далил. Төртүнчүлүк доордун аяк ченинде неандерталдарда коомдук мамилелер өнүгө баштаган. Кийинчерек алардын ордун кроманьондор баскан. Алар илимде НОМО SAPIENS (акылы бар адам) деген атка конгон неандерталдарга караганда татаалыраак курал жасоого жөндөмдүү болушкан. Алардын дене тузүлүшү менен түр түспөлүндө да туруктуу морфологиялык жанан рассалык белгилер пайда болгон. Ошентип эволюциялык жана тарыхый өнугүүнүн натыйжасында Адам Жер жүзүндөгү ар түрдүү материктерде жашап ошол жердин ыссык –суугуна жана тиричилик шарттарына ыңгайланышып олтурукташкан. Натыйжада адамдын сырткы келбети түспөлү өзгөруп ар кайсы жерде түрдүү рассалар калыптанган.

  

 

Адам, акыл эстүү, аң сезими бар коомдук жандык.Адам жер планетасындагы антропогенез эволюциялык процесстин натыйжасында өрчүгөн.

 

 

 

 

 

 

 

Адамдын айырмаланган белгиси:

адамдын башка жаныбарлардан айырмаланып , акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ , эмгек куралын жасап ,аны  менен  айлана-чөйрөгө таасир этип ,өзгөртө аларын билишет.

Ал эми мээ түзүлүшү татаал , сүйлөөгө жөндөмдүүлүгү жагынан башка жандыктардан айырмаланып  турганын билишет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жана эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү жана башка туурасында билим алышат жана таанып билүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт.

 

 

 

 

Маймыл сымал биздин түпкуү тегибиздин морфологиялык жана физиологиялык кайра түзүүлөрүн антропомофоздор деп атаганын, анткени аларды пайда кылган негизги фактор – эмгек экенин билишет. 

 

 

 

 

 

 

Ч.Дарвин өзүнүн “Адамдын келип чыгышы” (1971) деген китебинде, “Адам-жаратылыштын бөлүнгүс бирдиги,анын келип чыгышы органикалык дүйнөнүн жалпы закон ченемдүүлүгүнөн алынып ташталбайт” экенин тушунушөт.

НК1

ПК1

3-этап Анализдөө

Синдездөө

Бышыктоо

5-7мүнөт

 

-Адамдын бөтөнчө белгиси-зарылчылыктан улам курал жабдыктарды жасай алуусу,аларга тийиштүү болгон өндүруш процесси?

 

-Ч.Дарвин ачкан органикалык дүйнөнун негизги факторлорун аныктагыла?

 

-Ч.Дарвин адамдын келип чыгышы жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун аныктагыла? Деген суроолорго жооп беришет.

 

Окуучулар берилген суроолорду окуп,талкуулап, бышыкташат

 

Сабак  учурунда алган маалыматарын кайрадан эске салып бышыктоо учун берилген суроолорго жооп беришет

 

 

 

 

 

НК2

ПК2

4-этап

Баалоо

Жыйынтыктоо

5-7 мүнөт

Калыптандыруучу жана диагностикалык баалоону колдонуп окуучуларга баа койом

 

 

 

5-этап

Үй тапшырмасы

2-мүнөт

Адам рассалары кандай түргө бөлүнөт?

20-бөлүмдүн 3-пораграфынан,6-пораграфка чейин окуп келишет. Эң жөнөкөй жана күнүмдүк жашоого пайдалануучу буюмдарды, эмгек куралдарын жасап келишет.

Адам рассалары  айтып беришет.

Берилген теманы  окуп келип, айтып беришет. Эң жөнөкөй жана күнүмдүк жашоого пайдалануучу буюмдарды, эмгек куралдарын жасап келишет.

 

 

 

Кара-Көл шаардык   

Просмотр содержимого документа
«Эмгек жана адамдын келип чыгышы.Адам эволюциясынын –антропогенездик биологиялык факторлору. Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу. Алгачкы адамдын келип чыгышы.»

     Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын биология мугалими Субананлиева Гульшан Кутманалиевна    То

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын биология мугалими Субананлиева Гульшан Кутманалиевна

То

Сабактын темасы: :  Эмгек жана адамдын келип чыгышы.Адам эволюциясынын –антропогенездик биологиялык факторлору. Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу. Алгачкы адамдын келип чыгышы.

Сабактын темасы: : Эмгек жана адамдын келип чыгышы.Адам эволюциясынын –антропогенездик биологиялык факторлору. Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу. Алгачкы адамдын келип чыгышы.

1.Адам менен маймылдын скелетиндеги окшоштуктарды,айырмачылыктарды тапкыла?

1.Адам менен маймылдын скелетиндеги окшоштуктарды,айырмачылыктарды тапкыла?

 2.Адам менен адам сымал маймылдардын ортосундагы баш сөөгүнүн айырмачылыктарын тапкыла?

2.Адам менен адам сымал маймылдардын ортосундагы баш сөөгүнүн айырмачылыктарын тапкыла?

Адам деген ким, анын биологиялык мааниси? Адам кайдан пайда болгон?

Адам деген ким, анын биологиялык мааниси? Адам кайдан пайда болгон?

 адам деген ким, анын биологиялык турпаты, социалдык турпаты. Адам кайдан пайда болгон? Акыл эс, ой жүгүртүү Тик басуусу,эмгек куралын жасоо Адам деген ким, анын биологиялык турпаты, социалдык турпаты. Адам кайдан пайда болгон?? Сүйлөө жөндөмүүлүгү

адам деген ким, анын биологиялык турпаты, социалдык турпаты. Адам кайдан пайда болгон?

Акыл эс,

ой жүгүртүү

Тик басуусу,эмгек куралын жасоо

Адам деген ким, анын биологиялык турпаты, социалдык турпаты. Адам кайдан пайда болгон??

Сүйлөө жөндөмүүлүгү

Адам -тирүү организмдердин ичинен өрчүп өсүүнүн эң жогорку денгээлине жеткен организм. Ал коомдук –тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу жана ээси.

Адам -тирүү организмдердин ичинен өрчүп өсүүнүн эң жогорку денгээлине жеткен организм. Ал коомдук –тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу жана ээси.

Эмгек жана адамдын келип чыгышы

Эмгек жана адамдын келип чыгышы

Адам сымал маймылдын жашоо үчүн  табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышына шарт түзгөн эмгек болгон . Мисал: Адам сымал маймылдын жашоо үчүн  табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышына шарт түзгөн эмгек болгон .

Адам сымал маймылдын жашоо үчүн табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышына шарт түзгөн эмгек болгон .

Мисал: Адам сымал маймылдын жашоо үчүн

табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышына шарт түзгөн эмгек болгон .

Адам эволюциясынын- антропогенездик биологиялык факторлору Адам эволюциясы

Адам эволюциясынын- антропогенездик биологиялык факторлору

Адам эволюциясы

Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу

Ч.Дарвиндин адамдын келип чыгышы жөнүндө окуусу

Ч.Дарвин «Адамдын келип чыгышы» (1971)

Ч.Дарвин «Адамдын келип чыгышы» (1971)

Маймыл сымал биздин түпкү тегибиздин морфологиялык жана физиологиялык кайра түзүүлөрүн антропомофоздор деп атоого болот, анткени аларды пайда кылган негизги фактор – эмгек – адамдын эволюциясы үчүн гана мүнөздүү. Тике туруп басуу Ч.Дарвиндин ою боюнча маймылдан адамга өтүүдөгү чечүүчү кадам болгон.

Маймыл сымал биздин түпкү тегибиздин морфологиялык жана физиологиялык кайра түзүүлөрүн антропомофоздор деп атоого болот, анткени аларды пайда кылган негизги фактор – эмгек – адамдын эволюциясы үчүн гана мүнөздүү. Тике туруп басуу Ч.Дарвиндин ою боюнча маймылдан адамга өтүүдөгү чечүүчү кадам болгон.

Горилла Алгачкы адамдын келип чыгышы орангутан Гибон шимпанзе

Горилла

Алгачкы адамдын келип чыгышы

орангутан

Гибон

шимпанзе

Адам эволюциясы

Адам эволюциясы

 Бышыктоо   Ч.Дарвин ачкан “Адамдын келип чыгышы” жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун бөлүп көрсөт.

Бышыктоо Ч.Дарвин ачкан “Адамдын келип чыгышы” жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун бөлүп көрсөт.

Ч.Дарвин ачкан органикалык дүйнөнун негизги факторлорун аныктагыла?

Ч.Дарвин ачкан органикалык дүйнөнун негизги факторлорун аныктагыла?

-Ч.Дарвин адамдын келип чыгышы жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун аныктагыла?

-Ч.Дарвин адамдын келип чыгышы жөнүндөгү окуусуна мисалдарды келтирүү менен анын натыйжалуулугун аныктагыла?

Үй тапшырма  Адам рассалары кандай түргө бөлүнөт?  Эң жөнөкөй жана күнүмдүк жашоого пайдалануучу буюмдарды, эмгек куралдарын жасап келгиле.

Үй тапшырма Адам рассалары кандай түргө бөлүнөт? Эң жөнөкөй жана күнүмдүк жашоого пайдалануучу буюмдарды, эмгек куралдарын жасап келгиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!