СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биоартурдуулуктун азаюу себептери томонкулор

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биоартурдуулуктун азаюу себептери томонкулор»

5-класс: ____

Сабактын темасы: Биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышынын себептери.-

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү ыкмалар.

Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжалар

1.Билим берүүчүлүк

Окуучулар Адамдар менен башка тирүү организмдердин ортосундагы мамилелердин түрлөрүн атайт. 

Окуучулар Адамдар менен башка тирүү организмдердин ортосундагы мамилелердин түрлөрүн аташса.


2 Өнүктүрүүчүлүк

Окуучулар- Адамдын таасири менен айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө мисалдарды келтирет

Натыйжага жете алат, эгер окуучулар: Адамдын таасири менен айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө мисалдарды келтиришсе


3. Тарбиялык

Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдери калыптанат, таанып-билүү жөндөмү жогорулайт


Натыйжага жете алат, эгер окуучунун:Мисалдарды кунт коюп угуусу, ойлонуусу терең болуп, кызыгуусу артып, жаңыланса

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: Окуу китеби,сүрөттөр, компьютер,проектор,интерактивдүү доска. Сабактын журушу:

этап

убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттүүлүк баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат,жагымдуу маанайда сабакка киришет

Саламдашат,жагымдуу маанайда сабакка киришсе

НК-3



Уй тапшырмасын текшеруу

12 мин

2.Үй тапшырмасын текшерүү,ал боюнча баалайт


үй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет.тапшырманы аткарууга жооптуу болушат

НК-2



Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Жаңы теманы түшүндүрөт

Окуучулар ой жүгүртүп жооп беришет,түрдүү жоопторду айтышат,кайсы жооп тура экенине өздөрү ынанышат.кыймылды түшүнүшөт

НК-1

ПК-2 ПК-3


Бышыктоо

6 мин

1.Биологиялыкар түрдүүлук деген эмне?

2.Биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышында адамдын таасири кандай?

3.Кызыл китепке кирген жаныбар жана өсүмдүктордөн кайсыларын билесиңер?

Окуучулар бир калыпта кыймыл жөнүндө түшүнүгүн айтып берет.түшүнбөгөн жерлерин сурашат

НК-1

НК-1


Тапшырма

4 мин

Сохранение биоразнообразия (кыр.) https://www.youtube.com/watch?v=VCoiHJvDd_g Памятка по оценке состояния лесов Кыргызстана (русс.) https://s3.eu-central-1.amazonaws.com/biom/work/pub/forest_memo.pdf

Тапшырманы күндөлүккө жазышат

НК-2 НК-3

НК-2 НК-3

















Биоартүрдүүлүк (биoлогиялык ар түрдүүлүк)- жашоонун бардык көрүнүштөрүндөгү ар түрдүүлүгү, биологиялык системанын татаалдыгы жана анын компоненттеринин ар түрдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Бул терминдин келип чыгышы боюнча талаш тартыштар көп. Бул терминди биринчилерден болуп Г.Бэйтс 1892-жылы киргизген деген маалыматтар бар. Ал эми 22-май Кыргызстанда биоартүрдүүлүк күнү деп белгиленген.

Биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскаруусунун себептери:
Биологиялык түрлөрдүн жоголуусу нормалдуу процесс болуп эсептелет. Эволюция процессинде бир нече ирет массалык түрдө көптөгөн түрлөр жоголуп кеткен. Түрлөрдүн азайышына алып келген факторлорго төмөнкүлөр кирет:
 Жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу.
 Экосистемага жана түрлөргө аёосуз мамиле кылуу.
 Түрлөрдү кырып жоготуу жана алардын жашаган жерин талкалоо.
 Жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу.
 Калктын санынын өсүшү.
 Токойлорду ашыкча кыйуу.
 Малдын санынын көбөйүшү.
 Жайыттарды туура эмес пайдалануу.
 Кен казып алуучу ишканалардын ишинин натыйжасында табигый экосистемалардын бузулушу
 Курулуш жана башка муктаждыктар үчүн жерлерди ээлэп, анын натыйжасында токой аянттарынын кыскарышы.
 Дары өсүмдүктөрдү ашыкча чогултуу.
 Саздардын кургашы.
 Жапайы жаныбарларга браконьердик аңчылык кылуу.
 Табигый кырсыктар: өрт, сел, жер көчкү, шамал.
 Мөңгүлөрдүн азайышы.
 Химиялык жер семирткичтерди ашыкча пайдалануу.
 Вирустуу оорулар.
 Азык чынжырынын бузулушу.
 Климаттын өзгөрүшү.
 Таштандылардын көбөйүшү.
Биоартүрдүүлүккө климаттын өзгөрүшү сыяктуу ар кандай глобалдык факторлор таасир этет, бирок бул фактор салыштырмалуу жай жана байкалбайт. Биоартүрдүүлүктүн азаюусуна адамдын иш-аракети эң чоң таасир этет.
Кыргызстандагы биоартүрдүүлүк
Азыркы убакта Кыргызстанда бактерия жана вирустар, козу карын жана жапыз өскөн өсүмдүктөр, бийик өскөн өсүмдүктөр, курт- кумурска, курттар, балыктардын 75 түрү, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр бар. Омурткасыз жаныбарлар толугу менен изилденип бүтө элек.
Өлүп тукум курут болгон түрлөр:
 Баштыкчалуу карышыкыр.
 Деңиз ую.
 Тур (уй)
 Тарпан (жылкы)
Жоголуу коркунучунда турган, сейрек кездешкен жаныбарлар:
• Боз варан.
• Орок тумшук.
• Ак илбирс.
• Тянь-Шань күрөң аюусу.
• Суусар.

Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда «Эл аралык жаратылышты коргоо» бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

НК 1

НК 2

НК 3






ПК 1

ПК 2

ПК 3




























Бышыктоо















Жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөр
Адамдардын иш-аракетинин натыйжасында кээ бир түрлөр жоголуп, башкалары коркунуч алдында турат. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасында -3 түрү жок болуп, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; канаттуулардын фаунасында-4 түрү жок болуп, 26 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; өсүмдүктөрдө бирден аз түрү жок болуп, 56 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат.
Кызыл китепке кирген түрлөр
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 83 түрү, козу карындардын 4 түрү киргизилген.
Токой экосистемасы
Кыргызстанда токойлор аз, көбүнчөсү тоо башында жайгашып, мындай токойлордун 90 % деңиз дэңгээлинен 700 дөн 3500 метр бийиктикте орун алган. Кыргызстанда токой аянты 1,1 млн гектарды түзөт.
Тоодо жайгашкан токойлор сел агымдарынын, жер жана кар көчкүнү алдын алат, жана ошондой эле дарыя сууларынын агымын жөнгө салып турат.Кыргызстанда токойлор төрт түргө бөлүнөт: жаңгактуу, ийне жалбырактуу, арча жана суу жээгинде өскөн токой.
Суу экосистемасы
Табигый суу экосистемасына дарыялар, саздар жана көлдөр кирет.Эң чоң көлдөр булар: Исык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Сары-Челек. Ал эми саздар өтө эле аз аймакты ээлейт.Азыр алардын көбүнчөсү кургап жок болгон.
Соң- Көл менен Чатыр-Көлгө жасалма түрдө балыктар коё берилген, мурун бул көлдөрдө балыктар таптакыр болгон эмес.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!