СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эссе на тему ...........................

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эссе на тему ...........................»

Кыргызстанды өнүктүрүү идеясы.



Ар бир мамлекеттин жана улуттун өзүнүн чанда жаралчу таланттуу уул - кыздарына ээ. Кыргызстандын тарыхында да эл жерди коргоого салым кошкон мекендин өнүгүүсүнө чын жүрөктөн күйгөн көптөгөн ысымы сыймыктануу жана сыйлоо менен айтыла турган тарыхый инсандар бар. Ошол кылымда бир жаралчу , элибиздин каймактарынын артынан Кыргызстан эгемендикке жетип, быйыл 32 жылдыгын белгилеп отурабыз. Чындыгында айтышка оңой болгону отуз эки жыл , жарым кылымга тете убакыт . Бул убакыт аралыгында мамлекетибиз , элибиз , үчүн көп жакшы алгылыктуу иштер алып барылды , бирок өнүгүү жолундагы мамлекеттердин арасынан эң акыркы орундун сап башынан эле бир аз өйдөрөөктү турганы, өлкөнүн социалдык- экономикалык абалынан түшүнүк берип турат.Кыргызстандын жаратылыш ресурстарга ,кен байлыктарга өтө бай келген , бейиштин төрүндөй жер экени шексиз. "А эмне үчүн өнүгүүгө бардык эң мыкты шарттары боло тура , алигече өнүгө албай жатабыз ? " деген суроо жаралбай койбойт . Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаратылыш ресурстарынын, кен байлыктардын болгону гана жетишсиз тура.

Биз канткенде өнүгөбүз?

1.Жарандарыбыздын адеп- ахлактык руханий маданиятынын жогоруулугу

2.Сапаттуу билим берүү системасы

3.Туура жүргүзүлгөн ички жана тышкы саясат

4. Өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдоонун артынан өнүгө алышыбыз мүмкүн.

1.1Адеп -ахлактык руханий маданиятын жогорулатууга ММК(массалык маалымат каражаттарынын) , медианын да ролу чоң . Кайсыл сайтты. ачпагын сөзсүз саясаттагы болуп жаткан окуялардан кеп болот.

" Жакшы өлкөнүн эли - саякатчы,

Жаман өлкөнүн эли - саясатчы " демекчи саясатчы эмес саякатчы болуп жашоого да убакыт келди. Негизинен өлкөбүздө тарыхый маданий эстеликтерге бай жерлерибиз аябай көп , ал жерлерди реставрациялап , жаңылап койсок жеке эле өзүбүздүн калктын эмес туристтердин да көңүлүн өзүнө бурмак . Мисалга , Турцияны келтирсек туристтер Стамбулга барышып дайыма Осмон империясына тиешелүү маданий эстеликтерди көрүүгө ашыгышат. Туристтердин мечиттерди бир көрүүгө ашык болушуна түрктөрдүн медиасынын жана кино студиялардын да ролу чоң. Патриоттук сезимдерди ойготуучу , Осмон дөөлөтүнө тиешелүү сериалдардын мамлекет тарабынан каржыланып тартуусунун натыйжасында , дүйнөнүн калкынын Стамбулдагы музейлерди, мечиттерди көрүүгө болгон кызыгуулары артты.Жалпысынан алганда Турция мамлекети элдин ой жүгүртүүсүн кино аркылуу да жакшы жакка үндөп, патриоттук сезимдердин ойгото алышына сонун мисал болду. Кыргызстандын тарыхында да элим , жерим деп өткөн ажоолор,бектер, бийлер, хандар өткөн. Аларды даңазалаган кино, сериалдарды тартсак, элибиздин тарыхый инсандарга , эстеликтерге болгон көз карашын бир аз да болсо жакшы тарапка бура алмакбыз.

2. Билим берүү системасында олуттуу бир өзгөрүүлөргө муктажбыз. Мисалга: ЖОЖдорго мектепке чейинки жана башталгыч класс мугалимдерине кирүү сынагын өзгөртүү керек . Башталгыч класс мугалимдери жана мектепке чейинки мугалимдер баланын "личность" болуп калыптанышындагы ролу чоң. Демек, мыктылардын мыктысы гана башталгыч класс мугалими болууга тийиш.Мисалга фин мектептерин алсак, мугалимдерди магистр даражасына келгенде гана сынак аркылуу мектепке алышат . Бул сынактан магистратураны аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 20 пайызы гана сынактан өткөндүгү , фин мектептеринин билимге болгон олуттуу мамилесин айгинелеп турат . Мугалимдер педогогика жана психологияны эң мыкты өздөштүргөндүктөн окуүчуларга ар дайым колдоо көргөзө алышат , ал эми ХХI кылымдын жаштары үчүн психологдун кеңештери артыкчылык кылбайт.

Билим берүүдөгү баалоо системасы да окуучулардын билимге болгон көз карашың 180 градуска өзгөрттү . Мүмкүн болушунча мектептеги баалоо системасын өзгөртүү керек , окуучулар баа үчүн гана окушуп , алган билимдери эсинде деле калышпайт туура.Кайра эле мисалга фин мектептерин алсак жогорку класска чейин эч бир окуучу өзүнүн классташының канча баа алганың билишпегени, алардын баа үчүн эмес билим үчүн атаңдашуусуна эң мыкты өбөлгө десем жаңылышпайм.

  • 3.Өлкөдөгү саясий туруктуулуктун да , өнүгүүдөгү ролу чоң.Ал үчүн бийлик башында тургандар " эң мыкты" дипломат, экономист , реформатор болушу шарт. Тарыхта көптөгөн империя, улуу мамлекеттер дагы ички чыр - чатак , бийлик талашуунун артынан кулаган . Ал эми биздин өлкөдө ички чыр- чатак жана бийликтин алмашуусу 32 жылда көнүмүш эле адатка айланды...









Бийлик өкүлдөрүнүн деле баарынын максаты бир .Бул- мамлекетти өнүктүрүү. Өнүгүүдөгү кеткен жолдору бири бири менен шайкеш келбегени үчүн эле, бийлик өкүлдөрү карапайым калкты, айрыкча жаштарды бири-бирине каршы курал катары колдонбошу дурус. Антпесе , кайсы бийлик келбесиң жаштар ,бийликтин колундагы куралы бойдон калышууда. Билегибиз бир манжаларабыз башка , качан гана ошол манжалар биргеликте иш кылганда гана , билектен майнап чыгат.

4.Өзүбүздөн чыккан товарларды өзүбүз сатып алып, өндүрашчүлөрүбүздү колдогонубуз бул да болсо экономиканын өнүгүшүнө кошкон бир аз да болсо салымыбыз . Экономикалык жактан күчтүү , өзүнүн суроо - талабына жараша өзүн бага алган өлкө гана башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүп, 2 тарапка тең пайда болгон келишимди түзө алат . Көпчүлүк учурда карапайым калктын базардагы суроо талабы Кытайдын товарларына күч . Себеби ал товарлар карапайым калктын капчыгына дал келет. Бирок ал товарлардан биздин мамлекетке, биздин экономикабызга эч кандай деле пайдасы жок . Эгер өзүбүздүн товарларды колдоп, баасына деле карабай сатып алып турсак , бир аз убакыттан кийин экономикалык жактан бир аз чыңалып калмакпыз жана башка мамлекеттин товарларына суроо талап жок болгондуктан алар биздин базардан өздөрү эле жок болушмак . Экономикалык жактан күчтүү болгонубузда гана салыктардын саны азайып , кыскарып элибизге үчүн жакшы шарттар түзүлмөк. Маданият жана бийлик өкүлдөрү ата- мекендик өндүрүштөгү товарлардын колдоп , колдонуп элибизге үлгү болушу абзел.



Учурдагы алган билимибиз 2 жылда керектен чыгуусу толук түрдө мүмкүн . Ошондуктан бийлик өкүлү болбосун же интеллегент өкүлдөрү болбосун ар дайым билимин жаңылап , ар тараптуу маалыматтарды билүүсү шарт . Мамлекетти өнүктүрүү ар бирибиздин колубузда экенин унутпайлы!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!