СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика боюнча класстан тышкаркы иш-чара

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика боюнча класстан тышкаркы иш-чара»

Информатика сабагы боюнча өткөрүлгөн класстан тышкаркы иш чара.

С абактын темасы: Информатика – XXI кылымдын сабаты.

Сабактын максаты: Окуучулардын информатика сабагына болгон кызыгуусун арттыруу менен окуучуларды өз алдынча компьютерде иштөөгө, ар түрдүү программаларды түзүүгө жана азыркы доордун талабына ылайык эл керегине жараган инсандарды калыптандыруу.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар, компьютер, мультимедиялык проектор жана экран.

Предмет аралык байланыштар: математика, англис тили, кыргыз тили, тарых, музыка.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Кымбаттуу мугалимдер жана окуучулар! Биз сиздерди ушул залда көрүп турганыбызга абдан кубанычтуубуз. Азыр сиздерди мектептин алдыңкы жана таланттуу окуучуларынын катышуусу менен даярдалган конкурска көңүлүңүздөрдү бурабыз.

1-алып баруучу

Бабалардын улуу салты саламдашуу

Болбойт го бул кечени ансыз ачуу

Ийилип оттой ысык салам айтсам

Коңулдөрү коноктордун болот шаңдуу.


2-алып баруучу

Болонуп шандуу ырга залкар күүгө

Айкалышкан жаз күүсү биздин үнгө

Чакырат келгиле деп эс алууга

Кечебиз арналат ушул күнгө.


1-алып баруучу

Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу биздин меймандар!


2- алып баруучу

Көңүлдүү кечиңиздер менен кымбаттуу информатика илиминин күйөрмандары!


1- алып баруучу

Эмесе урматтуу жаш информатиктер бүгүнкү сиздердин эс алууңуздарга арналган конкурсту баштоого уруксат этиңиздер!


2- алып баруучу

Конкурстун темасы: Информатика – XXI кылымдын сабаты!


1- алып баруучу

Конкурстун программасында :

Эмблема жактоо


2-алып баруучу

Компьютердик тест


1-алып баруучу

Кызыктуу суроолор


2-алып баруучу

Кроссворд чечүү


1-алып баруучу

Музыкалык тыныгуулар


2-алып баруучу

Лотерея билеттери ойнотулат


1-алып баруучу

Мындан кийин конкурста активдүү катышкандар үчүн сыйлыктар тапшырылат.


2-алып баруучу

Бүгүнкү конкурстун катышуучулары 7,8,9 класстын окуучуларынан турган «Паскаль» командасы жана 7,8,9 класстын окуучуларынан турган «ENIAK» командасы. Бул эки команданын тең жетекчиси математика жана информатика мугалими Акматова Назира Рахматуллаевна.


1-алып баруучу

Эми сиздерди калыстар тобу менен тааныштыра кетели:

Калыстар тобунун төрайымы Жумаева Сүйүн Муңайтбасовна

Мүчөлөрү: Жамангулова Гүлнара, Сагалиева Айгүл, Жүндүбаева Анара.



2-алып баруучу

Айлана теребел салтанат

Мына эми конкурсубуз башталат

Көңүл бур илимге кызыгып

Эмгекчил информатик жаш канат.

Хор.(Музыканын коштоосунда эки команда чогу ырдашат)

Ай шамал шамал бузба чачымды

Мен сабакка барам жазып катымды

Тапшырманы ачып даярдык коруп

Сандарды санга абдан тез болуп


Кайырма:

Ай ким билет ким билет

Кандай эсеп туш келет

Балким аны чыгарып

Бешти алам деп

Ушул информатика

Окутасыз дайыма

Ал эсептер сизге эмес

Ал бизге да.


Так илимдин бири информатика

Аны билсең досум жыласың алга

Формуланы билсен, программа түзөсүң

Турмуштун ачкычын табасың анда

Кайырма:



1-окуучу

Бул конкурстан кетип калбай бат эле

100% шандуу отургула бүткөнчө

Берилген суроолорду тыңшап угуп

Жооп бергиле жообуңар минимум болсо деле


2-окуучу

Коомду коомго өткөрүп

Кылымдын жылганын көрсөтөт

Дуйнө элинин өсүп саны

Прогрессия саны менен өзгөрөт


3-окуучу

Кыргыз элим ойлонгула тезирээк

Силерди күтөт алдыңарда келечек

Келечекке алга карай умтулсаң да

Албетте уят информатиканы билбесек


4-окуучу

Кана балдар илим кенин казалы

Биздин доор космос доору

Айга карай шашалы

Эмгекти сүйгөн информатиктерге

Бүгүнкү конкурсту ачалы.


1-алып баруучу

Конкурсубуздун биринчи тапшырмасына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Эмблема жактоо(компьютерде Power Point программасында даярдалат)

« Паскаль» командасы

Блез Паскаль 1623-жылы 19-июнда Францияда төрөлгөн. Паскальдын атасы абдан билимдүү жана бай адам болгон. Апасы болсо алар кичине кезинде эле каза болуп калган. Блез кичинекей кезинде эле өзүнүн акылдуулугун көргөзгөн. Ал 4 жашында жазып жана эсептей алган. 10 жашында үн жөнүндө биринчи илимий эмгегин, 11 жашында уч бурчтуктардын суммасы жөнүндөгү теореманы өз алдынча далилдеген.

Аны 12 жашында Париждин чоң математикалык кружогуна кабыл алышкан.

1640-жылы Блездин атасына налогду чогултууну текшерүү боюнча тапшырма берилген. Ошондо Блездин оюна атасына татаал эсептөөлөрдү аткарууга жардам берүү үчүн арифметикалык машина тууралуу ой келген.

1642-жылы ал эки гана амалды аткарууга жөндөмдүү болгон машинаны чыгарган. Ал өзүнүн машинасын белгилүү адамдарга гана жана ар кандай выставкаларда көргөзгөн. 8 жылдын ичинде 50 арифметикалык машина чыгарган.

Паскаль 1662-жылы 39 жашында Парижде каза болду. Паскаль бирден бир улуу акылман математик, физик, механик, жаратуучу жана жазуучу болгон. Анын ысмын математикадагы теоремалар жана физикадагы закондор алып жүрөт. Информатикада болсо анын ысмын эн популярдуу программалоо тили алып жүрөт. Аны Паскаль программалоо тили деп айтабыз.


«ENIAK» командасы

1 673-жылы Готфрид Лейбниц арифмометрдин конструкциясын түзгөн. Бул машина төрт амалды аткарууга жөндөмдүү болгон.

Ал эми 19-кылымдын 30-жарымында англиялык математик Чарльз Беббидж төмөндөгүдөй 2 түзүлүштөн турган машинанын структурусын сунуш кылган:

1. Сактоочу түзүлүш (эс) болгон

2. Процессор (кайра иштетип чыгаруучу түзүлүш)

Б ирок бул окумуштуу өзүнүн идеясын ишке ашыра албай калган. ХХ кылымдын 40-жылдарында болгардык инженер Д. Атанасов Америкалык окумуштуу Моучли эсептөөчү машинага радиолампаны пайдаланууну сунуш кылган.

Ошентип бүгүнкү күндөгү электрондук эсептөөчү машинанын доору башталды.

Ал доор ХХ кылымдын 40-жылдарына таандык.

1946-жылы биринчи электрондук эсептөөчү машина ENIAK деген ат менен Америкада пайда болгон.


2-алып баруучу

Музыкалык тыныгуу:

1-окуучу: Конкурсубуздун экинчи тапшырмасы

Компьютердик тест (суроолор Excel электрондук таблицасында даярдалат, жыйынтыгы дароо көрүнөт)

Паскаль” командасына:

Мазмуну

Жообу

1

Эсептөө системасы кандай б/п бөлүнөт?

а) араб жана рим

б) позициялык жана позициялык эмес

в) экилик

г) ондук

2

1 байт канча битке барабар?

а) 2

б) 18

в) 8

г) 3

3

Жеке компьютердин массалык чыгарылышы башталган….?

а) 40-жылы

б) 50-жыл

в) 80-жыл

г) 90-жыл

4

Информацияны иштетүүчү компьютердин түзүлүшүн көрсөтөт?

а) ички эс

б) экран

в) процессор

г) клавиатура

5

Компьютердин кайсы түзүлүшү адамга зыян келтирет?

а) принтер

б) монитор

в) системный блок

г) клавиатура

6

Информациянын санын ченөө бирдиги?

а) бит

б) кг

в) саат

г) тонна

7

Сканер бул….

а) информацины иштетүүчү түзүлүш

б) информацияны сактоочу түзүлүш

в) кагаздан информацияны алуучу түзүлүш

г) информацияны кагазга чыгаруучу түзүлүш


«ENIAK» командасына:

Мазмуну

Мумкун болгон жоптору

1

Информатика эмнени үйрөтөт?

а) компьютердин конструкциясын

б) информацияны издөө, жыйноо, сактоо, өзгөртүү, өздөштүрүү

в) компьютердик программаларды

г) жалпы мектептик тарбия

2

Информацияны адам эмнеден кабыл алат?

а) магниттик талаа

б) сезүү органдары

в) ички органдары

г) инструменталдык нерсе

3

Математикалык информациянын графикалык формасы эмнеде?

а) Математикалык тендемеде

б) функциянын графиги

в) функциялык таблицанын мааниси

г) математикалык туюнтма

4

Информатиканы окутуунун мааниси эмнеде?

а) компьютер

б)информатциялык процесстер

в) компьютердик программалар

г) жалпы мектептин тарбиясы

5

Информацияны алып журуучунун сигналы кандай болуш керек?

а) өзгөрүүчү

б) үзгүлтүксүз

в) жандыруучу

г) электрдик

6

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы информацияны сактайт?

а) кагаз

б)электрдик ток

в) магниттик дискета

г) папирус

7

DXXVII ондук системада кандай жазылат?

а) 517

б) 527

в) 499

г) 474


1-алып баруучу

Музыкалык тыныгуу:

Кыргызстан кооздугуна суктанам

Кыргызстан дүйнө элин танданткан

Мекенимди башка жакта жүрсөм да

Сактай билем, коргой билем башкадан.

«Кыргызстан» аткаруучулар 8-класстын окуучулары Барчынай, Гулина


2-алып баруучу

Конкурсубуздун 3-тапшырмасы

Лотереялык билет ойнотуу( залда олтурган көрүүчүлөргө таратылат, жообун туура тапкан окуучуларга сыйлыктар тапшырылат)

Билеттердин суроолору:

№1 XXVI:II=

№2 LC-X=

№3 M:C=

№4 XL:XX=

№5 D+L=

№6 CD-LV=

№7 M-L=

№8 IX+VII=

№9 DM-CCC=

№10 C:L=

Билеттердин жооптору:

№1 26:2=13

№2 50-10=40

№3 1000:100=10

№4 40:20=2

№5 500+50=550

№6 400-55=345

№7 1000-50=950

№8 9+7=16

№9 500-300=200

№10 100 :50=2

Кроссворд чечүү

3

4


2

Паскаль” командасы түзгөн кроссворд

Т уурасынан:

1

3

1

. Чыгаруу оператору

2 . Чейин оператору

3 . Түз сызыкты чийүү

4

4

. Бүткүл дүйнөлүк байланыш

Т

2

игинен:

1.Чекитти чийүү

2. Циклдын башы

3. Киргизүү оператору

4. Циклдын аягы

Жообу:

Туурасынан:

  1. PRINT

  2. TO

  3. LINE

  4. INTERNET

Тигинен:

  1. PSET

  2. FOR

  3. INPUT

  4. NEXT


«

4

1

1

ENIAK» командасы түзгөн кроссворд

Т уурасынан:

1

3

2

. Курсордун саптагы биринчи орунга жылышы

2 . Алдындагы символду өчүрүү

3. Курсор менен көрсөтүлгөн символдорду

э

3

2

крандан өчүрүү

4 . Клавиатураны алмаштыруу режиминен

о

4

рдуна коюу режимине өтүү жана тескери өтүү

5 . Информацияны киргизүү же кийинки сапка өтүү

Т

5

игинен:

1. Программанын аягы

2. Кандайдыр бир аракеттен баш тартуу же

программадан чыгуу

3. Регистрди алмаштыруу клавишасы

4. Айлананы чийүү

Жообу:

Туурасынан:

1. Home

2. Bacrcspace

3. Del

4. Ins

5. Enter

Тигинен:

1. END

2. Esc

3. Shift

4. CIRCLE

1-алып баруучу

Музыкалык тыныгуу:

Ак куудай бели ийилип

Кыздары бийлейт кыргыздын

Көрсөм да талбай караймын

Кыздарын сулуу кыргыздын

Кыргыз бийи” Аткаруучулар: Ширин, Айжан, Акмөөр


2-алып баруучу

Конкурсубуздун төртүнчү тапшырмасы

Кызыктуу суроолор.

1. Сааттын стрелкалары 1620ны корсоткондо канча градустук бурчту түзөт?

Ж: 100

2. Кандайдыр бир жумуш саат төрттөн башталып, жетиде аяктаган. Эгерде сааттын стрелкасын туташтырсак, кандай фигура пайда болот?

Ж: тең жактуу уч бурчтук

3. 100дөн 1ге чейин тез сана.

4. 1 ден 100гө чейинки сандарды аралаш жазып кайра иреттөө.


1-алып баруучу

Музыкалык тыныгуу:

Кыргызстан тоолордун мекени

Кыргызстан кен байлыктын бермети

Эч бир жерге теңей албайм өзүңдү

Касиеттүү Ысык-Көлдөй көлүңдү

Кыргызстан” Аткаруучулар 8-класстын окуучулары Кумар, Каныкей


2-алып баруучу

Конкурсубуздун акыркы тапшырмасы

Сан аралашкан макал-лакаптарды, айыл кыштактарды айтуу.


Хор. “Кыргыз жерим”(Музыканын коштоосунда эки команда чогу ырдашат)


1-алып баруучу

Сөз калыстар тобунун төрайымы окуу бөлүмүнүн башчысы Жумаева Сүйүн Муңайтбасовнага берилет.

Жыйынтыктоо. Жеңүүчү команданы аныктоо. Кечеде активдүү катышкандар үчүн сыйлыктарды тапшыруу.





Акматова Назира Рахматуллаевна

Ысык-Ата районунун

Кант шаарындагы Какиш Рыскулова

атындагы №2 мектеп-гимназиясынын

математика жана информатика мугалими








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!