СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика сабагын окутуп жатып информатика эмне деен суроону бергим келет.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Компьютердин түзүлүшү.

Сабактын максаты:

1.Билим берүү максаты.

Информатика сабагынын өзөгү болгон, техникалык каражат жанан анын түзүлүштөрү тууралуу балдарга айтып берүү.

2.Тарбиялык максаты.

Компьютердин түзүлүштөрү жана алардын аткарган функциялары менен окуучуларга тааныштыруу.

3. Өнүктүрүүчүлүк максаты.

Алган билимдерин турмуш-тиричилигинде кеңири пайдалануу.

4.Тилдик максаты: Окуучулар компьютердин түзүлүштөрүнүн аталыштарын орус тилинде билүү жана турмушунда колдонуу.

ТСО: Компьютер.

Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр, таяныч барактар.

Сабактар аралык байланыш: математика, тарых, черчение, сүрөт, англис тили, орус тили, кыргыз-тили.

Сабактын методу: Түшүндүрүү методу.

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп-үйрөнүү, билгендерин жана билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү.

Сабактын формасы: Аралаш.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Компьютерди ишке даярдоо

Программалык камсыздоону даярдоо

Өткөн теманы кайталоо:

Балдар, биз өткөн темаларды кайталап эсибизге салып алалы. Кана, балдар айткылачы информатика илими эмнени окутуп үйрөтөт экен?

Информация деген эмне экен?

Информациянын кандай касиеттерин билесиңер?

Жаны темага өтүү

(Архитектура компьютера) - Компьютердин аппараттык жабдылышы

-(Блок питания)- ток булагы

-(Оперативная память)- ыкчам эс

-(Материнская плата)- энелик такта

-( жесткий диск)- Катуу диск (винчестр)

-(дискавод) –DVD-ROM. DVD дисктерин иштетүүчү түзулүш

Компьютердин негизги түзүлүшу

Системный блок – системалык блок. Устройства для обработки информации.

Манитор. Устройство для вывода информации.

Клавиатура . Устройство для ввода информации.

Компьютердин кошумча түзүлүштөрү:

Санарипттик видеокамера, фотоаппарат

Сабакты жыйынтыктоо : Компьютердин аталыштарын бышыктап эсибизге түйүп алуу үчүн алдыбыздагы турган түзүлүштөрдүн атын атап, курайбыз. Компьютердин запчасттары чачылып коюлат. Балдар кармаган запчаттарды атап курап башташ керек.

Үйгө тапшырма: Окуп келүү.

Окуучулардын билимин баалоо.

Коштошуу. Саламатта баргыла!

Просмотр содержимого документа
«Информатика сабагын окутуп жатып информатика эмне деен суроону бергим келет.»

Долбоордун темасы :   Информатика

Долбоордун темасы :

Информатика

  Долбоордун максаты :

Долбоордун максаты :

"Информатика деген эмне" - бул термин эмнени түшүндүрөт, анын кандай өзгөчөлүктөрү бар, ушул сыяктуу суроолор көп, анда бул маселе боюнча билип алалы. Азыркы учурда адамдар өз ишмердигинде улам ири көлөмдөгү маалыматты колдонууда. Аларга маалымат менен иштөөдө аны сактоонун, таратуунун, издөөнүн, кайра иштетүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу формаларына байланышкан көп сандаган суроолорду чечүүгө туура келет. Андан тышкары, маалыматтын структурасын аныктоого байланышкан маселелер дагы келип чыгат.

Долбоордун актуалдуулугу :    Компьютер пайда болгондон баштап азыркы күнгө чейин абдан керектүү машинага айланды,

Долбоордун актуалдуулугу :

Компьютер пайда болгондон баштап азыркы күнгө чейин абдан керектүү машинага айланды, "компьютердин пайдасы" 21-кылымда абдан олуттуу. Компьютерсиз иштеп жаткан инженерди, экономистти же врачты элестетүү мүмкүн эмес.Персоналдык компьютер ар кандай тапшырмаларды аткарууда алмаштырылгыс жардамчы болуп калды. Компьютерди колдонуу окуу процессин жаңы уюштурууга мүмкүндүк берет: эс-тутумду, көңүл бурууну, мейкиндик элесин, көз карандылыктарды табуу, мыйзамченемдүүлүктөрдү өрчүтүү оңой жана тез, материалдарды классификациялоо жана систематизациялоо, натыйжаларды алдын ала билүү мунун баарын компьютер мыкты аткарат.

 Информатика (ср. нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik—АКШда, нем. Informatik — Англияда) информацияны алуу, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү, берүү, коргоо жана пайдалануунун жолдору тууралуу илим. Ал өзүнө эсептөөчү машиналарда {0) жана эсептөөчү тармактарда информацияны иштетүүгө багытталган (алгоритмдерди талдоо сыяктуу абстракттуу (1) жана программалоо тилдерин иштеп чыгуу {3) сыяктуу конкреттүү) дисциплиналарды камтыйт:  Информатика термини 1960-жылдарда Францияда информацияны автоматташтырып иштетүү областын атоо үчүн information жана automatique (F. Dreyfus, 1962).деген француз сөздөрүн кошкондон келип чыккан.

Информатика (ср. нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik—АКШда, нем. Informatik — Англияда) информацияны алуу, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү, берүү, коргоо жана пайдалануунун жолдору тууралуу илим. Ал өзүнө эсептөөчү машиналарда {0) жана эсептөөчү тармактарда информацияны иштетүүгө багытталган (алгоритмдерди талдоо сыяктуу абстракттуу (1) жана программалоо тилдерин иштеп чыгуу {3) сыяктуу конкреттүү) дисциплиналарды камтыйт:

Информатика термини 1960-жылдарда Францияда информацияны автоматташтырып иштетүү областын атоо үчүн information жана automatique (F. Dreyfus, 1962).деген француз сөздөрүн кошкондон келип чыккан.

 Информатикада изилдөөнүн темалары болуп: программаларда жана маалыматтар базаларында эмнелерди ишке ашырууга мүмкүн же мүмкүн эместиги (эсептелгичтик теориясы жана жасалма интеллект), спецификалык эсептөөчү жана информациялык маселелерди максималдык натыйжалуулук (эсептөөнүн татаалдык теориясы) менен чечүү мүмкүндүгү, спецификалык информацияны (структуралар жана маалымат базалары) кандай түрдө сактоого жана кайра калыбына келтирүүгө болорлугу, программалар жана адамдар өз ара кантип алака кылышары (кардарлар интерфейси, программалоо тилдери жана билимдерди сунуш кылуу) ж. у. с. маселелер эсептелет.

Информатикада изилдөөнүн темалары болуп: программаларда жана маалыматтар базаларында эмнелерди ишке ашырууга мүмкүн же мүмкүн эместиги (эсептелгичтик теориясы жана жасалма интеллект), спецификалык эсептөөчү жана информациялык маселелерди максималдык натыйжалуулук (эсептөөнүн татаалдык теориясы) менен чечүү мүмкүндүгү, спецификалык информацияны (структуралар жана маалымат базалары) кандай түрдө сактоого жана кайра калыбына келтирүүгө болорлугу, программалар жана адамдар өз ара кантип алака кылышары (кардарлар интерфейси, программалоо тилдери жана билимдерди сунуш кылуу) ж. у. с. маселелер эсептелет.

 Информатика — бул адам ишмердигинин ар түркүн тармактарында информацияны издөө, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди изилдөөчү жаш илимий дисциплина. Информатиканын тамыры эсептөөчү техника, компьютердик системалар жана тармактар менен тыгыз байланышкан, анткени так ушул компьютерлер сансыз информацияны алууга, топтоого, сактоого жана автоматтык түрдө иштетүүгө мүмкүндүк бергендиктен, информациялык процесстерге илимий мамилени бир учурда ишке ашыруу зарыл жана мүмкүн болуп эсептелет.  «Информатика» термининин (термин азыркы илимий жана методикалык адабиятта пайдаланылгандай) түшүндүрүлүшү али турукташып жана кабыл алынып бериле элек. Бул маселенин электрондук эселтөөчү машиналар пайда болгон учурдагы тарыхына кайрылып көрөлү.

Информатика — бул адам ишмердигинин ар түркүн тармактарында информацияны издөө, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди изилдөөчү жаш илимий дисциплина. Информатиканын тамыры эсептөөчү техника, компьютердик системалар жана тармактар менен тыгыз байланышкан, анткени так ушул компьютерлер сансыз информацияны алууга, топтоого, сактоого жана автоматтык түрдө иштетүүгө мүмкүндүк бергендиктен, информациялык процесстерге илимий мамилени бир учурда ишке ашыруу зарыл жана мүмкүн болуп эсептелет.

«Информатика» термининин (термин азыркы илимий жана методикалык адабиятта пайдаланылгандай) түшүндүрүлүшү али турукташып жана кабыл алынып бериле элек. Бул маселенин электрондук эселтөөчү машиналар пайда болгон учурдагы тарыхына кайрылып көрөлү.

 Информатика түшүнүгүнө, мисалы, математика түшүнүгү сыяктуу эле, жалпы аныктама бериш кыйын.. Бул - илим дагы, колдонмо изилдөөлөрдүн областы дагы, жана дисциплина аралык изилдөөлөрдүн областы дагы, жана окуу дисциплинасы дагы (мектепте жана ЖОЖдо) болуп эсептелет. Информатика илими жакында эле пайда болгонуна карабастан (төмөнкара), анын келип чыгышын Лейбництин биринчи эсептөөчү машинаны жасоо жана универсалдык (философиялык) эсептөөлөр иштелмесин түзүү тууралуу эмгектери менен байланыштырышат.  «Информатика» термини биринчи жолу Германияда Карл Штейнбух тарабынан 1957-жылы киргизилет. 1962-жылы бул терминди Ф. Дрейфус француз тилине киргизип, жана башка айрым европалык тилдердеги котормосун сунуштаган. Советтик илимий-техникалык адабиятта «информатика» термини А. И. Михайлов, А. И. Чёрный жана Р. С. Гиляревский тарабынан 1968-жылы киргизилген.

Информатика түшүнүгүнө, мисалы, математика түшүнүгү сыяктуу эле, жалпы аныктама бериш кыйын.. Бул - илим дагы, колдонмо изилдөөлөрдүн областы дагы, жана дисциплина аралык изилдөөлөрдүн областы дагы, жана окуу дисциплинасы дагы (мектепте жана ЖОЖдо) болуп эсептелет.

Информатика илими жакында эле пайда болгонуна карабастан (төмөнкара), анын келип чыгышын Лейбництин биринчи эсептөөчү машинаны жасоо жана универсалдык (философиялык) эсептөөлөр иштелмесин түзүү тууралуу эмгектери менен байланыштырышат.

«Информатика» термини биринчи жолу Германияда Карл Штейнбух тарабынан 1957-жылы киргизилет. 1962-жылы бул терминди Ф. Дрейфус француз тилине киргизип, жана башка айрым европалык тилдердеги котормосун сунуштаган. Советтик илимий-техникалык адабиятта «информатика» термини А. И. Михайлов, А. И. Чёрный жана Р. С. Гиляревский тарабынан 1968-жылы киргизилген.

 Информатика өзүнчө илим катары 1970-жылдарда гана таанылган, буга чейин ал математиканын, электрониканын жана башка техникалык илимдердин ичинде өнүгүп келди. Информатиканын элементтерин лингвистикада дагы жолуктурууга болот. Информатика өз алдынча илим болуп таанылгандан баштап өз методдорун жана терминологиясын түздү.  Информатиканын биринчи факультети 1962-жылы Пёрдью (Purdue University) университетинде негизделет. Азыр информатика факультеттери жана кафедралары дүйнөдөгү университеттердин көбүндө бар.  СССРдин мектептеринде «Информатика» окуу предмети 1985-жылы А. П. Ершовдун «Информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздери» окуу китеби менен бирге пайда болду.  Информатика областындагы эмгектери үчүн жогорку сыйлык болуп Тьюринг байгеси эсептелет.  4-декабрда Россияда

Информатика өзүнчө илим катары 1970-жылдарда гана таанылган, буга чейин ал математиканын, электрониканын жана башка техникалык илимдердин ичинде өнүгүп келди. Информатиканын элементтерин лингвистикада дагы жолуктурууга болот. Информатика өз алдынча илим болуп таанылгандан баштап өз методдорун жана терминологиясын түздү.

Информатиканын биринчи факультети 1962-жылы Пёрдью (Purdue University) университетинде негизделет. Азыр информатика факультеттери жана кафедралары дүйнөдөгү университеттердин көбүндө бар.

СССРдин мектептеринде «Информатика» окуу предмети 1985-жылы А. П. Ершовдун «Информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздери» окуу китеби менен бирге пайда болду.

Информатика областындагы эмгектери үчүн жогорку сыйлык болуп Тьюринг байгеси эсептелет.

4-декабрда Россияда

 Информатика бир нече бөлүмдөрдөн турат.  Теориялык информатика формалдуу тилдер жана автоматтар теориясы, эсептелгичтик жана татаалдык теориялары, графтар теориясы, криптология, логика ( айтылыштар логикасы жана предикаттар логикасы менен кошо), формалдуу семантика менен алектенет жана программалоо тилдери үчүн компиляторлор түзүүго жана проблемалардын коюлушун математикалык жактан формулалоого негиздерди сунуштайт.  Практикалык информатика - маалыматтар структураларынын, алгоритмдерди түзүүнүн, жалпы жана татаал маселелерди чечүү моделдеринин жардамында информацияны сактоо жана аны башкаруу сыяктуу стандарттуу маселелерди чечүү үчүн - фундаменттик түшүнүктөрдү камсыз кылат. Сорттоо алгоритмдерин жана Фурьенин тез өзгөртүү алгоритмдерин мисал келтирсе болот.  Практикалык информатиканын борбордук темаларынын бири - программалык жабдылыштын инженериясы (англ. Software Engineering). Бул жерде идеядан баштап даяр программалык жабдылышты алууга чейинки системалык процесс тууралуу кеп болуп жатат.

Информатика бир нече бөлүмдөрдөн турат.

Теориялык информатика формалдуу тилдер жана автоматтар теориясы, эсептелгичтик жана татаалдык теориялары, графтар теориясы, криптология, логика ( айтылыштар логикасы жана предикаттар логикасы менен кошо), формалдуу семантика менен алектенет жана программалоо тилдери үчүн компиляторлор түзүүго жана проблемалардын коюлушун математикалык жактан формулалоого негиздерди сунуштайт.

Практикалык информатика - маалыматтар структураларынын, алгоритмдерди түзүүнүн, жалпы жана татаал маселелерди чечүү моделдеринин жардамында информацияны сактоо жана аны башкаруу сыяктуу стандарттуу маселелерди чечүү үчүн - фундаменттик түшүнүктөрдү камсыз кылат. Сорттоо алгоритмдерин жана Фурьенин тез өзгөртүү алгоритмдерин мисал келтирсе болот.

Практикалык информатиканын борбордук темаларынын бири - программалык жабдылыштын инженериясы (англ. Software Engineering). Бул жерде идеядан баштап даяр программалык жабдылышты алууга чейинки системалык процесс тууралуу кеп болуп жатат.

 Практикалык информатика программалык жабдылышты түзүүгө керектүү аспаптарды, мисалы, компиляторлорду, сунуш кылат.  Техникалык информатика эсептөөчү техниканын аппараттык бөлүгү менен, мисалы, микропроцессордук техниканын, компьютердик архитектуранын жана бөлүштүрүлгөн системалардын негиздери менен алектенет. Ошентип, ал электротехника менен байланыштырат. Компьютердик архитектура - бул компьютерлерди түзүүнүн концепциясын изилдөөчү илим. Мында микропроцессордун, эстин жана перифериялык контроллерлордун өз ара алакалары аныкталат жана оптималдаштырылат.  Дагы бир маанилүү багыт - бул машиналар арасындагы байланыш. Ал компьютерлер арасында маалыматтардын электрондук алмашуусун камсыздайт, демек, Интернет үчүн техникалык базаны даярдайт. Бул дисциплина маршрутизаторлорду, коммутаторлорду, же тармак аралык экрандарды иштеп чыккандан башка, машиналар арасында маалымат алмашуу үчүн TCP, HTTP же SOAP сыяктуу тармактык протоколдорду иштеп чыгуу жана стандартташтыруу менен алектенет.

Практикалык информатика программалык жабдылышты түзүүгө керектүү аспаптарды, мисалы, компиляторлорду, сунуш кылат.

Техникалык информатика эсептөөчү техниканын аппараттык бөлүгү менен, мисалы, микропроцессордук техниканын, компьютердик архитектуранын жана бөлүштүрүлгөн системалардын негиздери менен алектенет. Ошентип, ал электротехника менен байланыштырат. Компьютердик архитектура - бул компьютерлерди түзүүнүн концепциясын изилдөөчү илим. Мында микропроцессордун, эстин жана перифериялык контроллерлордун өз ара алакалары аныкталат жана оптималдаштырылат.

Дагы бир маанилүү багыт - бул машиналар арасындагы байланыш. Ал компьютерлер арасында маалыматтардын электрондук алмашуусун камсыздайт, демек, Интернет үчүн техникалык базаны даярдайт. Бул дисциплина маршрутизаторлорду, коммутаторлорду, же тармак аралык экрандарды иштеп чыккандан башка, машиналар арасында маалымат алмашуу үчүн TCP, HTTP же SOAP сыяктуу тармактык протоколдорду иштеп чыгуу жана стандартташтыруу менен алектенет.

Колдонмо информатика турмуштун, илимдин же өндүрүштүн ар түрдүү областтарында информатиканын конкреттүү колдонулуштарын, мисалы, бизнес-информатика, геоинформатика, компьютердик лингвистика, биоинформатика, хемоинформатика ж. у. с. бириктирет..

Табийгый информатика - бул информацияны табиятта, мээде жана адам коомунда иштетүүнүн процесстерин изилдөөчү илим. Ал эволюция, морфогенез жана өнүгүү биологиясы теориялары, системалык изилдөөлөр, мээни , ДНКны , иммундук системаны жана клеткалык мембрананы изилдөөлөр , менеджмент жана группалык жүрүш-туруш теориясы, тарых ж. у. с. классикалык илимий багыттарга таянат . "Информацияны ар түрдүү системаларда - машиналарда, тирүү организмдерде же адам коомунда болсун - башкаруунун жана берүүнүн жалпы мийзамченемдүүлүктөрү тууралуу илим" деп аныкталуучу кибернетика жакын болсо да башка багыттарды изилдейт. Математика сыяктуу эле, азыркы информатиканын негизги бөлүгү дагы, табийгый илимдердин областына жатпайт, анткени алардан өз методологиясы менен кескин айырмаланып турат. (Азыркы табийгый илимдерде математикалык жана компьютердик моделдөөнүн кеңири колдонулганына карабастан.)

“ Информатика” деген сөздү укканда көпчүлүк компьютерди элестетет. Чынында информатикада компьютерден башка толуп жаткан кызыктуу нерселер бар. Бирнчиден, «информатика» жана «информациялык технологиялар» деген эки түшүнүктү экиге айрып кароо керек. Информатика  термини , баарынан мурда, информацияны жана анын касиеттерин, жаратылыштагы, коомдогу, техникадагы  информациялык процесстердиинформацияны берүүнүн , топтоонун, иштетүүнүн жана таркатуунун жолдорун жана башка кеп нерселерди математикалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен изилдөөчү илимий багыттардын жыйындысын билдирет. Батыш өлкөлөрүндө билимдердин бул областын компьютер тууралуу илим ( со m р ut е r s с i епсе ) деп коюшат. Кээде “информациялык технологиялар” дештин ордуна « компъютердик технологиялар » же «прикладдык (колдонмо) информатика» деп да жүрүшөт. « Компьютер » - кыргызча «эсепчи» дегенди эле билдирет. Мурда СССРде анын ордуна « электрондук эсептөөчү машина » деген термин колдонулуп келгени белгилүү. Информатиканын илим катары пайда болушуна 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында дүйнөнү каптап өткөн  илимий-техникалык революция  (ИТР) себепкер болду. Так ушул ИТРдын натыйжасында «информациялык жарылыш» же “информациялык ташкын” деп аталган кубулуш пайда болду. Натыйжада, адам ишмердигинин тигил же бул багытында, алсак, тигил же бул илимдер жаатында, информациянын эбегейсиз зор массасынын агымы пайда болду. Ошентип, жаңы илим пайда болушуна өбөлгө түзүлдү. Информатика илими, 20-кылымдын орто ченинде, көп фундаменттик жана прикладдык (колдонмо) илимдердин чек арасында пайда болгон жаш илим болуп эсептелет. Ал өнүтүп-өсүп, калыптанып жатат.

Информатика фундаменттик илим катары кайсы илимдер менен кандайча байланышканына айрым мисалдарды келтирели:

информация теориясы  жана  таанып-билүү теориясы  аркылуу -  философия  жана  психология  менен;

математикалык моделдештирүү теориясыдискреттик математикаматематикалык логика  жана  алгоритмдер теориясы  аркылуу -  математика  менен;

• формалдуу тилдер тууралуу жана белги системалары тууралуу илимдер аркылуу -  лингвистика  менен; • информация теориясы жана башкаруу теориясы аркылуу -  кибернетика  менен;

• компьютердин жана информациялык системалардын материалдык жагы аркылуу -  физика  жана  химияэлектроника  жана  радиотехника  менен.

Фундаменттик (пайдубал) илимдер жаратылыш менен коомдун объективдүү закондорун изилдейт, чыныгы дүйнө тууралуу билимдерди теориялык жактан системалаштырат. Биз мурдатан эле фундаменттик илимдер менен катар прикладдьк (колдонмо) илимдер да (эсептөөчү математика, прикладдык математика ж.у.с.) бар экенин билебиз. Ошондой эле,  биофизикаэкологияэлектроникакибернетика , информатика сыяктуу бир нече фундаменттик илимдердин чек арасында пайда болгон илимдер да бар.

Информация информатиканын баштапкы жана аныкталбаган түшүнүгү болуп эсептелет. Мындай түшүнүктөр башка бардык илимдерде бар. Алсак, математикада «сан», «чекит», «көптүк» ж.у.с. Аныкталбаган түшүнүктөрдү мисалдарды келтирүү менен баяндап гана түшүндүрүүтө болот. Кыргыз тилинде « информация » сөзүнө «жаңылык», «кабар», «билдирүү», «маалымат» сыяктуу сөздөрдүн маанилеш экендигин айтсак болот. «Информация» түшүнүтүнүн өзгөчөлүгү катары анын универсалдуулугун көрсөтөбүз. Анткени ал адам ишмердигинин бардык сфераларында, анын ичинде бардык илимдерде, пайдаланылат. Бул түшүнүктүн конкреттүү мааниси контекстке жараша болот. Информациянын мүнөздөмөлөрүнүн ичинен эң маанилүүлөрү болуп анын жаңылыгы жана керектүүлүгү эсептелетет. Башкача айтканда, кабыл алган кабарларыбыздын ичинен биз үчүн жаңысы жана керектүүсү гана информация болуп эсептелет. Информатиканын «информациялык технологиялар» бөлүмүндө «информацияны кабыл алуу», «информацияны топтоо», «информацияны иштетүү», «информацияны сактоо», «информацияны издөө», «информацияны таркатуу» тууралуу сөз болот. Буларды информация менен иштөөнүн негизги процедуралары деп айтсак да болот. Ошондой эле, информациянын саны тууралуу (көп, аз, жок) кеп кылышка болот. Информация биологиялык жана семантикалык болуп бөлүнөт. Биологиялык информация дүйнөдө дайыма эле бар болсо, семантикалык информация - адам информацияны жазуу үчүн ар кандай белгилерди ойлоп тапкандан кийин пайда болгон. Информация толук, жетиштүү, туура, даана ж.у.с. болушу мүмкүн. Информация түшүнүгү - абстракциялуу түшүнүк. Аны ченөөгө болот.

==[[Информацияны ченөө бирдиктери

Эгер бирөөнү издеп үйүнө барсаңыз, ал үйүндө бар же жок. Ушунун өзү анын бардыгы же жоктуту тууралуу сиз ээ болгон информация. Аны математикалык жактан 1 жана 0 аркылуу жазуута болот. Математикалык жактан 0 же 1 түрүндө жазуута боло турган информацияны 1 бит информация дейбиз. «Бит» сөзү - англисче «binary digit» («экилик цифра») фразасынын кыскартып алынышы.  1 бит  -информацияны ченөөнүн эң кичине бирдиги. Информацияны ченөөнүн кийинки бирдиктери - байт, килобайт, мегабайт жана гигабайт. 1 байт – 8 битке барабар. Ал эми информацияны ченөөнүн калган бирдиктеринин улам кийинкиси мурдагысынан 1024 эсе чоң (1 кбайт=1024 байт, 1 мбайт=1024 кбайт, 1гбайт=1024 мбайт). Материалды ушундай баяндоо - түшүнүктүү жана көрсөтмөлүү болмокчу.

Алынган информациянын көлөмү (объем), булагы (источник), информацияны алып жүрүүчү (носитель информации) жана информацияны кабыл алуучу (приемник информации) түшүнүкторү жөнүндө да мисалдарды келтирүү менен айта кеткен туура болот.

Ошентип, жалпы алганда, информация деп реалдуу дүйнө тууралуу адамдын түшүнүгүн кеңейткен кабарларды айтабыз.

Дагы бир көңүл бурчу нерсе бар. Информатикада көп учурда «информация» жана «маалыматтар» («данные») терминдерин бир мааниде колдоно беришет. Бирок, булардын арасында айырма бар. Эгер объектилер менен кубулуштарга байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары пайдаланылбастан сакталып гана турса, анда бул натыйжаларды маалыматтар деп коёбуз. Эгер бул маалыматтар кайсы бир максаттарга пайдаланыла баштаса, анда аны информация дейбиз.

Эми, информациялык процесс деп акыркы жыйынтыгында информацияны кабыл алуу, топтоо, иштетүү, сактоо, таркатуу жана пайдалануу иштери жүргүзүлө турган процессти айтаарыбыз ачык болуп калды.

Ушул жерде компьютердин ишинин жалпы принциптери. көрсөтмөлүүлүктү колдонуу менен баяндалып кеткени туура. Ар кандай компьютердин негизги функциясы болуп информацияны (маалыматтарды) киргизүү, сактоо, иштетүү жана чыгаруу эсептелээри айтылгандан кийин компьютердин ишинин негизги принциптерин  Чарльз Беббидж менен  Жорж фон Нейман  тарабынан табылгандыгы баяндалат. Бул принциптерге ылайык, ар кандай компьютер 3 негизги компоненттен { процессор  (башкаруу түзүлүшү жана арифметикалык-логикалык түзүлүш),  бачым эстегич түзүлүшкиргизүү-чыгаруу түзүлүш ү} турары ЭЭМдин принциптүү схемасын көрсөтүү менен түшүндүрүлөт.

 Биз бул жерде ой учутун жоготпостон айткыбыз келип жатканыбыз бул. Информация компьютерде математикалык жактан алганда дайыма экилик код түрүндө иштетилет жана принциптүү эки типке (сымалга) бөлүнөт:  • иштетүүнү жүргүзүүчү командалар тобу (программалар);  • программа тарабынан иштетилүүчү маалыматтар.  Бардык командалар жана маалыматтар компьютерде 0 жана 1 сандарынын комбинациялары түрүндө берилет. Ар кандай маалымат (информация) компьютерге биттердин (байттардын) комбинациясы түрүндө киргизилип, ар кандай символду (санды же башка белгини), кандайдыр бир команданы түшүндүрүшү мүмкүн.  Жалпысынан алганда, текст, графика, үн, видео ж.у.с. информациянын түрлөрү компьютердик технологияда 0 менен 1 дин комбинациялары түрүндө берилет. Ушул жерде информацияны иштетүүнүн деги эле принциптүү эки башка жолу бар экендигин айтуу туура:  • үзгүлтүксүз же аналог түрүндө;  • дискреттик же цифра түрүндө.

Биз бул жерде ой учутун жоготпостон айткыбыз келип жатканыбыз бул. Информация компьютерде математикалык жактан алганда дайыма экилик код түрүндө иштетилет жана принциптүү эки типке (сымалга) бөлүнөт:

• иштетүүнү жүргүзүүчү командалар тобу (программалар);

• программа тарабынан иштетилүүчү маалыматтар.

Бардык командалар жана маалыматтар компьютерде 0 жана 1 сандарынын комбинациялары түрүндө берилет. Ар кандай маалымат (информация) компьютерге биттердин (байттардын) комбинациясы түрүндө киргизилип, ар кандай символду (санды же башка белгини), кандайдыр бир команданы түшүндүрүшү мүмкүн. Жалпысынан алганда, текст, графика, үн, видео ж.у.с. информациянын түрлөрү компьютердик технологияда 0 менен 1 дин комбинациялары түрүндө берилет. Ушул жерде информацияны иштетүүнүн деги эле принциптүү эки башка жолу бар экендигин айтуу туура:

• үзгүлтүксүз же аналог түрүндө;

• дискреттик же цифра түрүндө.

 Информацияны жазуу үчүн белги системасынын (алфавиттер, цифралар) колдонулушу 1-жолго кирет. Ал эми, фотография менен кино, үндү механикалык, магниттик же оптикалык жол менен жазуу, телефон, радио, телевидение, видеозапись буга чейин информацияны аналогдук (үзгүлтүксүз) жол менен берүүнү колдонуп келишкен. Азыркы учурда буларда дагы информация 2-жол аркылуу иштетиле баштады (цифралык телефон). Аналогдун жол менен дискреттик жолдун айырмачылыгын мисалдар менен түшүндүрүп коюу керек. Алсак, 2-жол 1-ден төмөнкүлөрү менен артык:  • информацияны иштетүүнүн аппараттык жана программалык бирдиктүү каражаттары;  • информацияны жазуунун жана чагылдыруунун жогорку сапаты;  • информацияны көчүрүп алуунун (дубляж жасоонун) жөнөкөйлүгү, ишенимдүүлүгү жана сапаттуулугу;  • информацияны иштетүүнүн, өзгөртүүнүн, синтездөөнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.  ЭЭМдин ишин программалар башкарат деген сүйлөм баарыбызга белгилүү. Эми ушуну бир аз чечмелеп көрөлү.

Информацияны жазуу үчүн белги системасынын (алфавиттер, цифралар) колдонулушу 1-жолго кирет. Ал эми, фотография менен кино, үндү механикалык, магниттик же оптикалык жол менен жазуу, телефон, радио, телевидение, видеозапись буга чейин информацияны аналогдук (үзгүлтүксүз) жол менен берүүнү колдонуп келишкен. Азыркы учурда буларда дагы информация 2-жол аркылуу иштетиле баштады (цифралык телефон). Аналогдун жол менен дискреттик жолдун айырмачылыгын мисалдар менен түшүндүрүп коюу керек. Алсак, 2-жол 1-ден төмөнкүлөрү менен артык:

• информацияны иштетүүнүн аппараттык жана программалык бирдиктүү каражаттары;

• информацияны жазуунун жана чагылдыруунун жогорку сапаты;

• информацияны көчүрүп алуунун (дубляж жасоонун) жөнөкөйлүгү, ишенимдүүлүгү жана сапаттуулугу;

• информацияны иштетүүнүн, өзгөртүүнүн, синтездөөнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.

ЭЭМдин ишин программалар башкарат деген сүйлөм баарыбызга белгилүү. Эми ушуну бир аз чечмелеп көрөлү.

  Ошондой эле маалыматтын жалпы касиеттерин изилдеп үйрөнүү зарыл. Ушулардын бардыгын информатика деп аталган жаңы илим изилдейт. Информатика маалыматтын структурасын жана жалпы касиеттерин, ошондой эле маалыматты издөөгө, иштетүүгө, берүүгө жана адам ишмердигинин ар түрдүү чөйрөлөрүндө колдонууга байланышкан маселелерди окуп-үйрөтөт. Информатиканын жалпы изилдөө предмети маалымат аркылуу бириккен көптөгөн дисциплиналардын жыйындысы. Аларга маалымат теориясы, кибернетика, программалоо, математикалык лингвистика, алгоритмдер теориясы, социалдык информатика ж. б. кирет. Информатика негизги маселелерди үч топко бөлүп изилдейт:

Ошондой эле маалыматтын жалпы касиеттерин изилдеп үйрөнүү зарыл. Ушулардын бардыгын информатика деп аталган жаңы илим изилдейт. Информатика маалыматтын структурасын жана жалпы касиеттерин, ошондой эле маалыматты издөөгө, иштетүүгө, берүүгө жана адам ишмердигинин ар түрдүү чөйрөлөрүндө колдонууга байланышкан маселелерди окуп-үйрөтөт. Информатиканын жалпы изилдөө предмети маалымат аркылуу бириккен көптөгөн дисциплиналардын жыйындысы. Аларга маалымат теориясы, кибернетика, программалоо, математикалык лингвистика, алгоритмдер теориясы, социалдык информатика ж. б. кирет. Информатика негизги маселелерди үч топко бөлүп изилдейт:

1.техникалык топ маалымат чогултуунун, берүүнүн, иштетүүнүн, сактоонун жана чыгаруунун ишенимдүү методдорун жана каражаттарын үйрөнүүгө байланышкан техникалык маселелер;   2.семантикалык топ маалыматтын маанисин сыпаттап жазуу ыкмаларын аныктоочу, аны баяндап жазуучу тилдерди изилдөөгө байланышкан маселелер;   3.прагматикалык топ маалыматты кодго айландыруунун методдорун, сыпаттоону үйрөтүүгө байланышкан маселелер.

1.техникалык топ маалымат чогултуунун, берүүнүн, иштетүүнүн, сактоонун жана чыгаруунун ишенимдүү методдорун жана каражаттарын үйрөнүүгө байланышкан техникалык маселелер; 2.семантикалык топ маалыматтын маанисин сыпаттап жазуу ыкмаларын аныктоочу, аны баяндап жазуучу тилдерди изилдөөгө байланышкан маселелер; 3.прагматикалык топ маалыматты кодго айландыруунун методдорун, сыпаттоону үйрөтүүгө байланышкан маселелер.

Информатика бул жандуу жана жансыз жаратылыштагы, коомдогу жана техникадагы маалымат процесстерин окуп-үйрөтүүчү илим. Өткөн кылымдагы өндүрүштүк революция ар кандай станоктор менен механизмдердин пайда болушуна алып келген. Алар адам эмгегин жеңилдетип, адамдын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырды. Азыр силердин көз алдыңарда маалыматтык революция жүрүп, анын негизинде адамдардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү абдан тез өнүгүп-өсүүдө.

Макалабыздын аты "информатика деген эмне" деп аталганына дагы бир жүйөлүү жооп катары айта кетсек, өнүккөн мамлекеттерде XXI кылымдын башында эле жумушчу күчүнүн жарымынан көбү информатика индустриясына тартылып, маалымат жыйноо, иштетүү жана башкаруу иштери менен алек болуп калышты. Мунун баары жаңы илим информатиканын өнүгүшүнүн эң маанилүүлүгүн тастыктап турат. XX кылымдын эң зор жетишкендиктеринин бири электрондук эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) жаралышы информатиканын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болду. Электрондук эсептөөчү машина маалымат менен иштөөчү универсалдуу техникалык каражат. Азыркы учурда аны компьютер деп аташат, англис тилинен которгондо эсептеп чыгаруу - дегенди билдирет.

Азыркы информатиканы компьютердик информатика деп атаса да болот. Мында ЭЭМ маалымат менен иштөөчү аспап катары да, окупүйрөнүү жана өркүндөтүү объекти катары да кызмат кылат. Эң алгачкы ЭЭМдер илимий жана өндүрүштүк маселелерди чечүүдө гана колдонулган. Аларда атайын адистер гана иштей алышкан. Персоналдык компьютерлердин пайда болушу менен бул техника көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калды. Компьютердик билимди массалык түрдө жайылтуу зарылдыгы келип чыкты.

Башында компьютердик билим деп ЭЭМде программалоо ЭЭМди башкаруу үчүн программа жазуунун ыкмаларын билүү эсептелген. Компьютерди колдонуш үчүн программалоону билүү зарыл эле. Ал эми азыр компьютер менен иштеген адамдардын көбү өздөрү программа түзүшпөйт. Аларды компьютерди колдонуучулар деп аташат. Колдонуучулар компьютерде даяр программалар менен иштешет. Маалыматтар менен иштөөдө кагаздар, калемдер, калькуляторлор, чийүүчү куралдар, жазуучу машинкалар, колдонмолор, сөздүктөр пайдаланылган эски ыкмалардан айырмаланып, компьютердик ыкмаларды жаңы маалыматтык технологиясы деп атоо кабыл алынган. Эми сиз "информатика деген эмне" дегенде жакшынакай илимий жооп берүүгө даярсыз десек ашык болбос.

Жыйынтык :    Илим менен техниканын өнүгүшүнүн бүгүнкү деңгээлинде компьютер ойлоо жөндөмдүүлүгүно ээ боло албайт. Ушул учурда чечилиш алгоритми жок маселелердин чоң классы бар. Демек, бул маселелерди компьютер чече албайт. Адам өз жашоосунда тандоо проблемасына дайыма келип такалат жана аны эреже катары ийгиликтүү чечет. Ал эми компьютерге эң жөнөкөй тандоону ишке ашыртуу татаал. Оптималдуу вариантты тандап алуу үчүн ага миңдеген же миллиондогон варианттарды карап чыгуу керек. Адам тигил же бул жумушту жасаганда ага жумшалуучу күч-каражатты эсептеп, келүүчү пайданы да эске алат. Татаал техникалык түзүлүштү дайыма эле колдоно берүү керекпи же жокпу - бул да эске алынышы керек.

Жыйынтык :

Илим менен техниканын өнүгүшүнүн бүгүнкү деңгээлинде компьютер ойлоо жөндөмдүүлүгүно ээ боло албайт. Ушул учурда чечилиш алгоритми жок маселелердин чоң классы бар. Демек, бул маселелерди компьютер чече албайт. Адам өз жашоосунда тандоо проблемасына дайыма келип такалат жана аны эреже катары ийгиликтүү чечет. Ал эми компьютерге эң жөнөкөй тандоону ишке ашыртуу татаал. Оптималдуу вариантты тандап алуу үчүн ага миңдеген же миллиондогон варианттарды карап чыгуу керек. Адам тигил же бул жумушту жасаганда ага жумшалуучу күч-каражатты эсептеп, келүүчү пайданы да эске алат. Татаал техникалык түзүлүштү дайыма эле колдоно берүү керекпи же жокпу - бул да эске алынышы керек.

Колдонулган ресурстар :   Интернет булагы.

Колдонулган ресурстар :

  • Интернет булагы.
Долбоордун координатору : Нурланбекова М.Н. Долбоордун үстүндө иштеген: Таалайбекова Бегайым

Долбоордун координатору : Нурланбекова М.Н.

Долбоордун үстүндө иштеген: Таалайбекова Бегайым


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!