СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иран 19-кк аягы- 20-кк башында

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иран 19-кк аягы- 20-кк башында»

XIX кылымдын аягы – XX кылымдын

башында Иран

Улуу Британия жана Россияга коз карандылыктын кучошу XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында Иран дүйнөнүн капиталист мамлекеттеринин жарым колониясына айланды. Шахтын режими жана колониячылык эзүүсү калктын абалын ого бетер оордотту. Мамлекетте нааразылыктар күчөдү.

Ирандагы эзүүчү бийлик ири жер ээлери, аймак акимдери жана уруулардын хандарына таянчу. Иранда өнөр жайдын буржуалашуусу жай жүрдү. Жер дыйкандарды эксплуатация кылып келе жаткан мүлк ээлеринин колунда эле. Шаарларда жашоочу кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер сыяктуу дыйкандар да сүткорлор тарабынан карызга батырылган эле. Ирандын ири жер ээлери, соодагерлери жана сүткорлору шахтын бийлигин чектеп коюуну, өз мүлктөрүнүн кол тийгис болушун, губернаторлор менен хандардын өзбашымчалыгын тыюуну, Иран капиталисттеринин укуктарын чет элдик капитал ээлери менен теңдеп коюлушун талап кылышты.

Иранга капитал чыгаруу боюнча Улуу Британия биринчи орунда эле. 1872-жылы Ирандын нефть кендеринен пайдалануу, таш жана темир жол куруу концессиялары алынды. 1889-жылы англичан монополисти Рейтер Иранда «Шаханшахбанк» ачууга жетишти.Келишим боюнча, банк кагаз акчаларды чыгаруу, мамлекеттин жер асты байлыктарынан эркин пайдалануу укугун алды. Иран Улуу Британиядан 9,6 миллион фунт стерлинг карыз болуп калды.

Иран ыңкылабы Иранды көз каранды кылууда Россия да катышты. Биринчи дүйнөлүк согуш алдынан Россиядан карызы 164 миллион рублду түздү. Анын экономикалык көз карандылыгы саясий көз карандылыкты да күчөттү. Айныкса,Россиянын шахтын сарайына болгон таасири күчтүү эле. Ал эми англичандар башка жолдон барышты. Алар Перс аймагын, бахтиёрлар урууларын, Хузистан хандарын борборго, шахтын бийлигине каршы күткүлөп турушкан.

Ички социалдык келишпестиктер, тышкы экономикалык жана саясий кысымдар Иранда 1905-жылы төңкөрүшчүл кыймылдын башталышына себеп болду.

Эл бүткүл өнөр жай тармактарына кожоюндук кылуучу орус-англичан капиталисттерин мамлекеттен чыгарып жиберүүнү талап кылышты. Мамлекетте жалпы иш таштоо болуп өттү жана шах өкмөтү алардан аёосуз өч алууга киришти. Буга жооп катары элдик кыймыл башталып кетти. Анда күрөштүн бест усулу колдонулду.Бестте отурган адамга жаза чарасын колдош мүмкүн эмес эле.Демонстранттар «адилеткана» түзүү, ырайымсыз мансап ээлерин кууп чыгуу талабы менен чыгышты. Шах элдик кыймылга каршы кошуундан пайдаланмакчы болду. Бирок, кошуун калкка ок атуудан баш тартты. Натыйжада, 1906-жылы августта шах конституция кабыл алуу жөнүндө указ чыгарууга мажбур болду. Бирок указ аткарылбаган соң, эл дагы козголду. Натыйжада Табризде Иран тарыхында биринчи парламент Кеңеш түзүлдү. Кеңеш Иран социалисттик-Демократтарынын таасири астында эле. Шах калктын кысымы менен Кеңешке шайлоолор өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарды. Кожарлар (б.а., шахтын уругуна таандык), дин кызматкерлери, соодагерлер, жер ээлөөчүлөр жана дыйкандар, кол өнөрчүлөр жалпы 6 социалдык катмар шайлоо укугуна ээ болушту.

1906-жылы Кеңешке шайлоо өткөрүлдү. Шах Музаффариддин конституциянын биринчи бөлүгүн тастыктады. Ага ылайык, шахка бардык мыйзамдарды бекитүү, бюджет кабыл алуу, анын аткарылышын көзөмөлдөө укугу берилди. Чет эл менен түзүлүүчү экономикалык келишимдерге Кеңештин ыраазылыгы алынышы белгилеп коюлду. 1907-жылы шах Музаффариддин каза болгондон соң, тактыга эзүүчү режимди жактоочу, жаңылыкка каршы Мухаммад Алишах отурду. Ал төңкөрүшчүл өзгөрүүлөргө каршы күрөштү пландаштырды.Жаңы шах Кеңешке кескин каршы эле. Бирок, төңкөрүшчүл кыймылдын көлөмү аны Иранда конституциялык тартипти сактап турууга мажбур кылды. Ушуну менен 1905—1907-жылдардагы Иран төңкөрүшүнүн биринчи баскычы аяктады.

Ыңкылаптын экинчи доору 1907-1911-жылдар Иран төңкөрүшүнүн экинчи доору дейилет. Кыймыл эми негизинен колониячыларга каршы каратылды. Айныкса, мужахиддер уюму чоң таасирге ээ болду. Алар жашыруун шайлоо укугу, коомдор түзүү, инсан эркиндиги, шахтын жерлерин конфискациялоо, иш убактысын 8 саат кылып чектөө, акысыз жана милдеттүү билим берүүнү жолго коюу сыяктуу талаптар менен чыгышты.

Демократиялык кыймылдын таасири менен шах жер ээлөөчү байларга берилүүчү акчанын суммасын кыскартты. Феодалдык заманга мүнөздүү болгон наамдарды жойду. Паракордук, дүйнөкорлукка каршы күрөш жөнүндө мыйзам жарыялады. Шах Иран конституциясынын эң маанилүү демократиялык мазмундагы статьяларын бекитип, кол коюуга ыраазы болду. Мыйзам алдында бардыгы тең, инсандык жана мүлк кол тийгистиги, коомдор түзүү, кеңештер өткөрүү, жарандык сот (шарият соту менен бир катарда), мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу мамлекеттик органдарын ажыратуу сыяктуу статьялар өзгөчө мааниге ээ эле. Ошол эле учурда, шахка чоң укуктар да берилди. Алсак, шах жоопкерчиликтен бошотулган адам, Башкы аскер башчы, согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, министрлерди дайындоо жана бошотуу сыяктуу укуктарга ээ эле. Шахтын конституция жана мыйзамдарга туруктуулук жөнүндө ант берүүсү эреже кылып коюлду.Кабыл алынып жаткан мыйзамдардын шариятка туура келишин көзөмөлдөө үчүн беш улуу улама дайындала турган болду.

Улуу Британия-Россия келишими Англис-орус колониячылары Ирандагы төңкөрүшчүл өзгөрүүлөргө кайдыгер карап турбады. Алар Иранга карата зордукчул саясат жүргүзүштү. 1907-жылы Улуу Британия-Россия келишимине кол коюлду. Келишим боюнча Иран үч бөлүккө бөлүндү. Түндүк Ирандын Россия, Түштүк Ирандын Улуу Британия таасир чөйрөсүндө болушу белгиленди. Ирандын ортоңку бөлүгү болсо бейтарап деп жарыяланды.Ошол учурда шах англичан менен орустардын жардамында 1908-жылы төңкөрүшчүлөргө каршы мамлекеттик төңкөрүш өткөрдү. Россия казак кошуундары менен Кеңештин имаратын замбирек огуна тутту. Кеңеш таратып жиберилди. Демократиялык басма сөзгө тыюу салынды. Кеңеш жок болгон соң, төңкөрүшчүл кыймылдын борбору Табризге көчтү.Шахтын кошууну Табризге чабуул жасады жана шаарды камоого алды.Натыйжада, ачарчылык башталды. Тышкы дүйнөдөн ажыратып коюлган Табриз козголоңу жеңилди. Ири мамлекеттердин Ирандагы саясаты Табриз козголоңу бастырылганы менен, шахка каршы кыймылдар токтогон жок. 1909-жылы Тегеранда Мухаммад Алишах тактыдан түшүрүлдү. Ордуна уулу Ахмад шах деп жарыяланды. Конституция кайра калыбына келтирилди. Өкмөт мамлекеттин экономикасын оңдоо максатында чет элден карыз алды. Ички күчтөр Россия менен Улуу Британиянын жардамында төңкөрүшчүлөргө каршы кол салууга даярдык көрүштү. Россия кошууну 1911-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн өткөрүлүшүндө катышты. Иран төңкөрүшү мына ушинтип бастырылды. Иранда 1905—1911-жылдардагы төңкөрүш чоң социалдык окуя – феодалдык-монархиялык режимден конституциялык монархияга өтүү баскычы болду. Биринчи дүйнөлүк согуш алдында Ирандын чет өлкөгө көз карандылыгы ого бетер күчөдү. 1912-жылы 1907-жылдагы Россия-Улуу Британиянын таасир чөйрөлөрү жөнүндөгү келишимин таанууга мажбур кылынды.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!