СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кайырма шаарчасы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кайырма шаарчасы»

Кайырма шаарчасы.

Жумгал суусунун оң өйзүндөгү Жумгал районунун Кайырма айылынан 0,5 км түндүгүндө жайгашкан. Тургун жайдын түндүк бөлүгү дээрлик анын дубалынын аркасында жер астынан чыккан, суулардын аймагынан башталат. Ал суулар айланасын саздак болушуна алып келген. Жер астында суулардын топтолушу, жерди саздуу кылат. Кыязы тургун жайдын ичинде көлмө болгон. Бул чынында боло турган көрүнүш. Террасалар бөлүктөр, анын четинде тургун жай турган. Негизги катары кыйчалыш абалда. Көрүнүп тургандай стратиграфикалык жактан тургун жайдын жайгашккан жери абдан жакшы. Дээрлик Жумгал дарыясы тарабынан сырттан кирүү же кол салуу жеткиликсиз болгон. Саздуу болгон жерлер сепилге кирүүгө, батыш, чыгыш тарабынан жана өзгөчө түндүк тарабынан оорчулук жараткан. Жер астынан чыккан суулардын жакындыгы, согуш коркунучу болгон учурда суу менен камсыз кылган.

Тургун жай чарчы формасында болгон. Бурчтары менен жарыктын багытына(ориентирован) карай багытталган. Жумгал дарыясынын жайылган жеринен,түштүк-чыгыш сепилине багыт алган. Тургун жайдын, дубалынын азыркы учурдагы сакталган бийиктиги 4метрге чейин туурасы 25см ге чейин жетет. Дубалдары 4 бурчунан мунаралар менен бекемделип турган.

Түндүк-чыгыш тарабынын узундугу 175 метр болгон. Бурч мунараларынан тышкары дагы эки мунара болгон. Түндүк жана бурчунун ортосунан жана бей дубалда чыгуу жолу болгон. Ал негизин бурч мунаралары менен коргонгон эмес. Каршы жайганкан размер жагынан башка дубалдардай эле кызматын аткарган.

Түндүк-батыш дубалынын узундугу түндүк-чыгышынын узундугундай эле болгон. Бурчтарынан тышкары 3 мунарасы болгон. Алар бирдей аралыкта жайгашкан. Бул дубал туюк болгон. Анда чыгуу ачык жерлери жок. Бурч мунаралары бекемдиктери менен айрымаланып турушат. Буга батыш тарабындагы үйүлгөн дөбө күбө болуп турат. Азыркы учурда кенен негиздери бар.

Түштүк-батыш дубалы дагы ошондой эле аралыкты камтыган. Дагы бир чыгуу жолу болгон. Ал түндүк чыгыш дубалында, дубал мунарасы менен экинчисинин ортосунда орун алган. Бирок бурчуна жакыныраак жерде орун алган. Чыгуу эшиктери кичкий размерде болгон. Бул тешик экени дана көрүнүп турат. Бул мунаралардын аларды коргоп туган дөбөлөрү болсо керек. Түндүк чыгыштагыдай массалык түрдө эмес. Бул дубалдын жуп мунаралары так бөлүнүп көрүнүп турбайт. Алар бир чоң, узун дөбөдөн, дубалдын ортонку бөлүгүн түзөт.

Түндүк-чыгыш тарабында, суунун нугунда: 3 мунара сметриялык абалда жайгашкан. Дубалдары аябай сырткы тарапка оогон. Ураган дубал чакан аянтчаны пайда кылган. Дубалда үчүнчү чыгуу жолу болгон. Чыгыш бурчка жакын, биринчи каршы мунара жантык түрүндө түзүлгөн. Жолдор террас тектирлер менен жүргүзүлгөн. Дээрлик чыгуу жеринин карама каршысында, тосмонун ичинде чоң дөбө жайгашкан. Бийиктигинен алганда чоң размерде болгон. Бул курулуштан тышкары, башка олуттуу тургун жай Кайырмада болгон эмес.[ 5 125]

Мунаранын батыш бөлүктөрүндө дээрлик, бир кыйла хауз төмөндөтүү белгиленген. Курулуштун ички мейкиндиги эки кесилиштен турат. Алар дөбөнүн ичи аркылуу өткөн, сапта экенин көрсөткөн. Маданий катмарлар төмөнкүдөй күчкө ээ: Дөбөлөр жана түндүк-чыгыш дубалдардын ортосундагы аралыкта, туурасы метр аралыкта болгон, ал эми дөбөлөр жана түштүк батыш дубалдарынын ортосундагы аралыгы-0,5метрден 1метрге чейин болгон. Сызыктын батыш бөлүгү ички дөнсөдөн кайчылаш өткөн, маданий катмарынын күчү дээрлик аз. Түндүк чыгыш бөлүгүндө алар, дубалдын оозуна чейин келип 1 метрге жетет жана борборуна жакын кыскарат. Баардык батыш бурчу: тегеректин, айлананын денгээлинен жогору эмес жана тургун жайдын борборуна чейин келет. Бул бөлүктө жер астынан чыккан суунун, хауза издери болгон.

Шаарчанын ички бөлүктөрүндө дээрлик чанда, бирок баары бир төмөнкү материалдар кезигет: Керамиканын сыныктары, шлактар, темир ж.б. Түштүк батыш дубалынын, батыш бурчунан 8 метр бери жеринен капталган чоң размердеги чопо ийдиш табылган (хума). Дубалдын үстүнө коюлган.

Тургун жайдын ички дубалдарын изилдөө үчүн казуу иштери жүргүзүлгөн. Эмне себептен күлөө процесси жүргөндүгүн билүү максатында, алардын көп жерлерин казууга туура келди. Азыркы учурдагы жана дагы сакталып калган дубал бөлүктөрүн кылдат изилдеп чыгуу керек болгон. Ушул максатта алар башкы дубалды кайчылаш траншея түрүндө туурасы 2-метр жана диаметри 26метр кылып кезишкен. Бул дубалдардын чегин билүүгө жардам берген. Мындагы маалыматтар дубалдар жана мунараларды изилдегенден кийин өзгөруүүлөр болот.

1-Казуу:Акыры алар (дубалдар жана мунаралар) тургун жайдын түндүк чыгыш тарабынан 14,5метр казуу иштерин жүргүзүп. Анын 8 метри дубалга калганы мунарага таандык. Капталдары эки тарабынан тең сыртына чейин тазаланган. Мында 377метр² аянтча да казуу иштери болгон(14,5×2,6метр).[2 387]

Сырткы көрүнүшү, акырындап дубалдын үстүнкү бөлүктөрүнүн урашынан пайда бологон. Эч жеринен, кулаган ири блоктор табылган эмес. Ар дайым структурасы ар түрдүү багыттагы нерселерди жоолуктурууга болот. Белгилеп кетчү нерсе тереңдиги 2,5метр болгон айланасы 2,5-1,5метр, бийиктиги 6-метр стун табылган. Анын жоондугу 0,5метр. Неге бурч талкаланган деген суроого жооп катары бул биринчи жол талкалануусу эмес. бышыктыгы 40-50см болгон, туурасы 0,5метр болгон котострофанын белгилери, түркүктөр бул жерде ар башкача, ар кыл болуп жатышат. Эски жазууларга караганда .Бул-шаарчага катострофаны алдын алат деген ойдо дубалдар курулган. Траншеялар да ошол сүрөттөлүштү берет. Дубалдар менен траншеялардын арасынан керамика менен трубка, жаныбарлар сөөктөрө табылган. Төмөнкү жагынан көп сандагы валкалар табылды. Булар дубалга тура келе турган валкалар эмес. Бул атайын дубалды бузуш үчүн ыргытылган валкалар. Бул шаарчанын тургундары, таштар менен керамиканы стундун кооздугу учун колдонушкан.

Негизинен дубалдарга мештери орнотулган. Бийиктиги 90см туурасы 10-20см. меш тандыр сымал болгон, от бийиктикке көторүлгөн. Анын канча градус ысык экени белгисиз болгон.

Дубалды бөлгөндо кичинекей бөлүк сыяктуу траншея бар болгон. Бул жерден тескерисинче кичине траншеяларды кезиктирилди. Дубалдын акырындык менен көчүшүнө караганда анын көптөн бери сакталгандыгына кабар берип турат. Сакталган бийиктиги 1метр, туурасу 1метр, калындыгы 20см чейин белгилүү участогу толугу менен сакталып калган. Белгилүү эсептеги материалдар табылды. Булардан бөлөк: Темир, кооздолгон жыгачтар, жаныбарлардын сөөктөрү, фигурный керамикалар табылды. Көбүнчө түштүк чыгыш тарабынан аянты 40метрга чейин болгон 258 бөлүк темир табылды. Ал эми дубалдын Ички тарабында жакшы сакталган эч нерсе чыккан эмес. Бирок ошол дубалдын ичинен жаныбарлардын сөөктөрү болгон деген божомолдор бар. Себеби болжол менен XVIII-XIX-кылымдарда жаныбарлардын сөөктөрүн табышкан.[4 286]

Дубалдын өзүнүн размери туурасы 5метр, бийиктиги-3,6метр үстүнкү бөлүгүнүн туурасы кичирээк болгон. Дубалдын өзү буга күбөө болуп турат. 6ᵒ га оогон абалда (наклон) болуп турат. Анын бийиктиги 7-8 метр үстүнкү жогорку тарыбынын туурасы 3 метрдай болгон.

Дубалдын бекемдиги, мунаралардын санына жараша болгон. Флангалык коргонуусу болгон. Мунаралар тик бурчту формасында болгон. Дубал сызыгы 3,8,5метр. Мунаралардын кенендиги 6,3метрге жеткен. Негизги мунарада дубал бөлүктөрүндөй, өтмө кесиктер көрүнүп турат. Ошондой эле размердеги мунаралар түндүк-чыгыш тарабынан 0,85метр уровенинде тазалоо учурунда зоянын жана жыгачтын көмүрүнүн очоктору табылган. Анын туурасы 0,7метр, бийиктиги 0,9метр. Бул факт акырындык менен дубалдар менен мунаралардын урашына күбөө болуп турат.

2-Казуу: Кандайдыр бир курулуш болгон дөбөнү көргөзүп турган. Дөбө түштүк-чыгыш дубалына жакын жайгашкан. Алардын урандылары биригип калган. Ал тургун жайдын ичине 50 метр жетпейт. Ал эми дубал менен бирге 60-метрдей болгон.

Бул дөбөнүн түндүк тарабында 6×8метр жеринде казуу болгон. Казуу иштери ички дубалдары камтыш үчүн жүргүзүлгөн. Ошондуктан дөбөнүн жайылган, көпчүлүк аянтында казуу иштери жүргөн жана анын бир дээрлик дөнсөнүн ортосуна жеткен.

Биринчи жарым метр катмары негизинен рыхлой засип жана чыйратылган кирпичтен же адырдан турган. Бирок анда көмүлүү жана кирпич төшөлгөн жана шыргайрлардын төшөлгөнү табылган.

Е-8,Ж-7,З-8 жана З-7 чарчыларында: 0,4-0,5метр терендикте бөгөлгөнүндө чыйратылган кирпичтин чогултулган размерлери 42×22×11см ди түзгөн.

Е-8: Бул чарчынын батыш дубалга чейин размери 2,8×1,1м чыйратылган кирпичтер болгон. Аздыр көптүр тура коюлганын кароого болгон эмес. [3 256] Кирпичтердин размерлери 34×27×7см,34×31×7см,42×22×10см,40×19×8см

0,9метр терендикте Е-8;Ж-8;З-8 өтө калың катмарды тазалашкан. Ж-7 жана Е-7 чарчы аймагында сөөктөр 0,9 метр терендикте жайгашкан. Башы менен батышка багыт алган жана чалкасынан жаткан маркумдун сөөтөрү табылган. Андан ылдый аң уланган жана дубалдары жакшырып көрүнүп калган. 1,9метр терендикте чыйратылган раствору жок салынган меш табылган. Астынкы кыштары көмүлгөн. Мештин бийиктиги-0,4 метр, капталы 0,45 метр меште 5см катмар болгон. Мештен ылдый дагы 1метр ылдый жерден: жаныбарлар сөөктөрү жана керамика сыныктары табылган. 2,9метр тереңдикте өлүктөр жаткан аңдардын түбү болгон. Аң сүйрүү формасында болгон. Ылдырга карай анын размери кенейген. Анын размери үстүнкүсү 1×1,6 метр. Ал эми ылдыйы 1,2×2 метрге чейин кенейген.

Е-7 жана Е-6 чарчыларында о,8метр тереңдикте күл мене толтурулган аң табылган. Аң сүйрү формасында болгон 1,6×2м терендиги 0,75метр. Аңдын түбүндө адамдын баш сөөгү жаткан. Башы менен батышка багыт алган. Чалкасынан жаткызылган колдору узатасынан жаткырылган.[3 234]

Ж-6 жана З-6 чарчысында эки көрүстөн аны: сүйрү формасында В-3 сызыгында: Эки сөөк тең башы менен батышка багыт алган, колдору артка узатылган. Биринчи мүрзөнүн жанынан кыргыз орогу табылган.

Е-5: Чарчысында алыскы түштүк бурчундагы көрүстөн. Ошондой эле багытта коюган. Ж-5 жана З-5 чарчыларыларынын түштүк дубалда дагы бир аң табылган. Маркумду коюу жөрөлгөсүндө, бир нече башкача жоболор камтылган. Оң тарабында буттарынын тизесинен ылдый, бир аз ийилген. З-5 жана 3-5 сегиз жакшы сакталган чырытылган кирпичтер турат. Размерлери 40×20×9см

Е-6 чарчысында, батыш бөлүгүндө казуу иштери мештин бөлүгүн жана күл калдыктары табылган. Меш чыйратылган кирпичтен тик курулган. Турасы 0,6 метр бийиктиги 0,5метр. Мештин бөлүгү көрүстөндөни бузулган. Башы батышка багыт алган, колдору аркасына узатылган.

Е-5 чарчысында түштүк дубалда казуудан хумдун фрагменттери табылган. Хум кийин жабылган.

Негизинен бул курулуштун(сепилдин) көп сандагы жашоочулары жок болгонун көргөзүп турат. Очоктордун, көп сандагы кирпичтин, темир жана шлактын табылышы. Ички дубалдын калындыгынын жукалыгы буга күбө болуп турат. Кандайдыр бир убакыт ичинде эң бир күчтүү коргон(сепил), убактылуу элдин жайгана турган жери болгон, убактылуу курулуштары болгон.

Кайырма шаарчасынан 1 км экинчи террасада түштүк батыштан түндүк чыгышка карай валдар катталган. Бирнече катталган Төрткүлдөрдүн размерлери 50×40метрге чейин болгон. Төрткүлдөрдүн сыртында кичинекей көркөм керамикалар кезигет. Алардын так даталарын билүүгө мүмкүндүк болбойт. Эгерде мындан аркы изилдөөлөр төрткүлдөрдүн жана Кайырма тургун жайынын убактысын ырастаса анда, мүмкүн Жумгал өрөөнүнүн айыл-чарба жашоосу VIII-кылымда пайда болгон. Анда кыргыз тарыхына көпчүлүктүн кызыгуусу артат.[2 379]

Кайырма шаарчасы баш болгон Жумгал өрөөнүндөгү шаарчалар калдыктары, тоолуу жерде, мал чарбачылык менен гана кесип кылып, күндөрүн өткөрүп келген деген теорияны толук жокко чыгара алды. Жөн гана отурукташкан шаарчалар гана болбостон, ар бири курулуш жагынан да аянты жагынан да кескин айрымаланган жерлерин көрүүгө болот. Салынган бул шаарчалар, жаратылыш шарттарын эске алуу менен стратегиялык жактан коргонууга өтө ыңгайлуу болгон. Бул шаарчалардын куруучулары жаратылыш шарттарын, душмандан коргонуу тактикаларын мыкты билгендигинен кабар берет. Мындай деңгээлге жетүү үчүн көптөгөн жылдар керектелинет. Бул шаарчалар турганга чейин өтө жупуну дубал тургузган, уруу маданияттары да болушу толук мүмкүн.

Жумгал өрөөнүнүн шаар чалдыбарлары, өз учурунда тоолуу келгенине карабастан, башка аймактардан кем калбаган курулуштарга ээ болгон. Бирок географиялык шарты, ал шаар чалдыбарларды биздин күнгө чейин сакталып калшына тоскоолдук кылып, көпчүлүгүн кыйраткан.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!