СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КОНВЕНЦИЯ жана укуктар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасы балдардын укугу боюнча негиз салуучу эл аралык документтин - БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын катышуучусу болуп саналат. БУУнун Баланын укугу боюнча комитетинде (2004-ж.) Кыргызстандын соңку мезгилдүү баяндамасынын жыйынтыгы боюнча Корутунду сунуштама, анын ичинде ювеналдык юстиция маселеси боюнча сунуштама алынган.

Просмотр содержимого документа
«КОНВЕНЦИЯ жана укуктар»

2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА

1.    Азыркы кырдаалга берилген жалпы баа

 

Кыргыз Республикасы балдардын укугу боюнча негиз салуучу эл аралык документтин - БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын катышуучусу болуп саналат. БУУнун Баланын укугу боюнча комитетинде (2004-ж.) Кыргызстандын соңку мезгилдүү баяндамасынын жыйынтыгы боюнча Корутунду сунуштама, анын ичинде ювеналдык юстиция маселеси боюнча сунуштама алынган.

БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетинин Корутунду сунуштамасы Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына эл аралык стандарттардын ченемдерин имплементациялоо үчүн түпкүлүктүү өбөлгө болуп калды. Мындан тышкары, бул стандарттар жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн БУУнун Жетектөөчү принциптери (Эр-Рияд жетекчилик принциби), эркиндигинен ажыраган жашы жетпегендерди коргоого тийиштүү БУУнун Эрежелери, жашы жетпегендерге карата сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү БУУнун Минималдуу стандарттык эрежелери (Пекин эрежелери), Гавана эрежелери менен жөнгө салынат.

2014-2018-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин, БУУнун баланын укугу боюнча Конвенциясынын (БУУ БУК) жоболорун, балдар үчүн юстиция жаатындагы негизги эл аралык ченемдерди жана стандарттарды, укук тартибин бузган (кылмыш жасаган) балдар сыяктуу эле, кылмыштын жана зомбулуктун күбөсү же анын курмандыктары болушкан балдарды коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мезгилдүү мамлекеттик баяндамасына тийиштүү БУУнун баланын укугу боюнча комитетинин ювеналдык юстиция чөйрөсүнө тийиштүү сунуштарынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.

Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына эл аралык стандарттардын ченемдерин имплементациялоодо 2006-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Балдар жөнүндө кодекс) биринчи вариантынын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы алгачкы кадам болуп калды, ага ылайык Кыргызстанда биринчи жолу ювеналдык юстиция түшүнүгү мыйзамдуу бекемделди.

Балдар жөнүндө кодексти ишке ашырууда 2007-жылы борбордук деңгээлде балдардын укугун коргоо боюнча адистештирилген орган - Балдарды коргоо боюнча департамент, 2008-жылы - жергиликтүү деңгээлде балдардын иштери боюнча комиссия (БИК) жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр түзүлдү.

2011-жылдын апрелинде турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо системасын реформалоо максатында социалдык коргоо системасын институттук реформалоо жүргүзүлүп, балдарды коргоо боюнча борбордук жана жергиликтүү деңгээлдердеги ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоо министрлигинин (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги) карамагына өткөрүлүп берилген. Ошентип, Кыргызстан экинчи БА Форумунун Резолюциясын (Бишкек, 2009-ж.) аткарган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча учурдагы кырдаалды талдоо соңку жылдарда жашы жетпегендер тарабынан же алардын катышуусу менен жасалган, катталган кылмыштардын санынын өсүп жаткандыгы байкалат, 2006-жылы 857 кылмыш иши катталса, 2010-жылы 1059га жеткен, бул жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин жетишсиздигинен кабар берет.

Ошону менен бирге, жашы жетпегендер же алардын катышуусу менен жасалган, катталган кылмыштардын санынын өсүп жаткандыгына карабастан, сот жообуна тартылган жашы жетпегендердин саны азаюуда жана алардын саны 2006-жылы 873 болсо, 2010-жылы 358ге азайган. Бул цифралар адилет сот тутумуна тартылган, бирок соттолбогон балдарды реабилитациялоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы бышып жетилгендигин көрсөтөт.

2.    Жетишкендиктер жана көйгөйлөр

 

Ошондой эле 2006-жылдан баштап 2011-жылга чейинки мезгилде өлкөдө жашы жетпегендерге карата сот адилеттүүлүгүн жүргүзүү тутумуна ювеналдык юстиция принциптерин киргизүү боюнча чаралар көрүлгөн.

Ювеналдык юстицияны жөнгө салган мыйзамдарды өнүктүрүү чөйрөсүндө 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине, Жазык-процесстик кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине жазык мыйзамдарын шайкеш келтирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Жашы жетпегендер мыйзамды бузган учурда (жазык кылмышын жасады деп күнөөлөнгөндө) бекер юридикалык жардам алууга укуктуу. Бирок мыйзамды бузган балдарга өз учурунда квалификациялуу юридикалык жардам берүү жана аларды социалдык колдоо чаралары менен камсыз кылуу азыркы күнгө чейин көйгөй бойдон калууда.

Турмуштук оор кырдаалда калган балдарды колдоонун иштиктүү чараларын турмушка ашыруу чөйрөсүндө 2008-жылдан баштап жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр ачыла баштады, алардын иш-милдеттерине "коркунуч топторундагы" балдарга жардам берүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү кирет. Ювеналдык юстиция тутумунда иштеген адистер үчүн окутуу-методикалык окуу куралдары жана кыскача маалымдамалар даярдалып, жарыкка чыгарылды.

Турган жерлеринин шарттары жана окуучуларга жасалган мамиле боюнча айтылган сындарга жооп иретинде 2007-жылы жашы жетпеген укук бузуучулар үчүн адистештирилген кесиптик-техникалык окуу жайы жабылган, ал эми 2010-жылдан баштап соттолгон жашы жетпеген кыздар соттолгон аялдардан өзүнчө колонияларда кармалууда.

Жашы жетпегендердин кылмыштуулугуна каршы күрөшүү максатында 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыштарды издөө башкы башкармалыгында жашы жетпеген адамдардын арасында кылмыштуулук менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүм түзүлгөн; укук бузуулардын алдын алууну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциясынын 417 инспектору иштеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында балдардын укуктарын сактоону көзөмөлдөө боюнча бөлүм түзүлгөн; республиканын ар бир мектебинде социалдык педагогдун кызмат орду киргизилген, ал "коркунуч топторундагы" окуучулар менен иштейт.

Натыйжалуу укук колдонуу практикасына киргизүүгө тийиштүү төмөнкү айрым жагдайларды белгилөө зарыл:

- жашы жетпегендерди суракка алган учурда адвокаттын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн, мыйзамдуу өкүлүнүн, педагогдун (психологдун) милдеттүү түрдө катышуусу белгиленген;

- сурак күнүнө 4 сааттан ашык жана катары менен тыныгуусуз 2 сааттан ашык жүргүзүлбөөгө тийиш;

- коомдон бөлүп кармоочу кайдай гана жерге болбосун кабыл алууда жашы жетпегенди медициналык кароодон өткөрүү милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;

- жазыктык жазалоо үчүн минималдуу курак - 14 жаш БУУнун баланын укуктары боюнча комитетинин сунуштамасына ылайык келет;

- жашы жетпегендерди сотко чейин камакта карман туруу жөнүндө чечимди сот гана кабыл алат;

- кылмыш ишин иликтөөнүн мөөнөтү 2 айды түзөт, бул эл аралык стандарттарга ылайык келет;

- тараптардын элдешкендигине байланыштуу, же ошол кылмыш чоң коркунуч келтирбеген же анчалык оор болбосо кылмыш иши токтотулушу мүмкүн;

- жашы жетпегендин соттолушу мүмкүн болгон эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү 15 жылдан 10 жылга кыскартылды.

2009-жылдан баштап мыйзамды бузган балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүү киргизиле баштады. Баткен облусунун Баткен районунда жашы жетпегендердин кылмыш жоопкерчилигин түзөтүп таасир этүүнүн альтернативдүү түрлөрү менен айырбаштоочу жана кайталап укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашыруучу борбор түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдында "коркунуч тобунун" балдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык-социалдык кызматтарды жана формалдуу соттон ажыратуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү борбор ачылган.

Республикада жарандык коом мыйзамды бузган балдарды социалдык колдоп-коштоо жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө активдүү тартылган. Мыйзамды сактоого жана жашы жетпегендерге карата акыйкат сот жүргүзүүгө тийиштүү маселелер коомдо ачык талкууланат.

Ювеналдык юстицияны ишке киргизүү боюнча жогоруда саналган бардык чаралар жашы жетпегендерге карата акыйкат сотту жүргүзүүнү гумандаштыруу жөнүндө күбөлөйт жана тергөө изоляторлорунда жаткан балдардын саны 2006-жылы 62 баладан 2011-жылы 30 балага, ал эми тарбиялоочу колонияларда 2006-жылы 82 баладан 2011-жылы 35 балага азайгандыгын тастыктайт.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин колдоосунда "Укук борбору" Коомдук фондусу менен бирдикте "Кыргыз Республикасындагы жашы жетпегендердин иши боюнча сот практикасын талдоо" боюнча изилдөө жүргүзгөн, анын алкагында 2009-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган 1141 кылмыш ишине иликтөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары төмөнкүлөрдү айгинелейт:

- турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды, анын ичинде мыйзамды бузган жашы жетпегендерди коргоо жагында иштеген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын иштерин күчтөндүрүү зарыл;

- мыйзамды бузган балдар менен иштөөдө ички иштер, калкты социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү органдарынын оз ара аракеттенүүсү жок, мыйзамды бузган балдардын, анын ичинде ички иштер органдарынын жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциясында каттоодо турган балдардын эсеби жүргүзүлбөйт;

- жашы жетпегендерди реабилитациялоонун жеке программаларын иштеп чыгуу жана алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында мыйзамды бузган жашы жетпегенге жана анын үй-бүлөлөрүнө өзүнчө жеке баа берүү жүргүзүлбөйт;

- кылмыштардын жана зомбулуктардын курмандыктары жана күбөлөрү болгон балдарды коргоо ишке ашырылбайт;

- жергиликтүү деңгээлде бул ишти координациялоонун механизмдери иштелип чыккан эмес;

- жер-жерлерде жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана координациялоо тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөйт.

Жашы жетпегендерге карата кылмыш иштерин иликтөөдө жана соттук териштирүүдө укуктары коргоого алынуучу шектүү делинген, айыпталган жашы жетпегендердин укуктары бузулган учурлар бар. Шектүү адам алгачкы текшерүүгө органга алынып келген учурдан баштап адвокат алууга укуктуу, бирок мындай жагдай көпчүлүк учурда эске алынбай жатат, ал эми адвокат жашы жетпеген бала кармалган учурда анын түшүнүк кат жазуусуна катышпастан, сурак жүргүзүлгөн учурдан баштап катыша баштайт. Ошондой эле мыйзамдуу өкүлү эмес адамдар, мисалы, педагогдор же жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлор мыйзамдуу өкүл катары чыккан учурлар да бар, ал эми ата-энелер, асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлдөөчүлөр же балдар багуусунда турган уюмдардын өкүлдөрү, алар жок болгон учурларда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери гана мыйзамдуу окүл боло алышат.

Айыпталуучу жашы жетпегендерге карата бөгөт коюу чарасын тандоодо, жогорку курактагыларга кыйла ылайык келген, мисалы чыгып кетпөө жөнүндө тил кат же үй камагы сыяктуу чаралар колдонулат.

Болжолу менен ар бир бешинчи жашы жетпеген айыпталуучу камакка алынууда. Мында тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин атайын ченемдеринин жоболорун эске албайт, ал жоболорго ылайык эгерде ошол жосун оор кылмыш катары квалификацияланган же өзгөчө оор кылмыш жасады деп  күнөөлөнгөн өзгөчө учурда гана жашы жетпегенди камакка алуу колдонулат. Маалыматтар көрсөткөндөй, камакка алынган 306 жашы жетпегендерден 206 адамга анчалык оор эмес кылмыш жасады деп күнөө коюлган.

Кароосуз калган балдарга бөгөт коюу чарасын аныктоодо аларды кармоочу альтернативдүү орундардын жоктугуна байланыштуу орчундуу көйгөйлөр жаралууда.

Тергөөгө жана соттук териштирүүгө мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусу баланын тагдырына ата-энелердин катыштыгынын деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат. Иштерди иликтөө көпчүлүк балдардын ата-энелеринин (экөөсүнүн тең же бирөөсүнүн) бар экендигин көрсөттү. 1075 жашы жетпегендердин мыйзамдуу өкүлү катары ата-энелери, 285тин -туугандары, 19дун - жашы жетпегендердин иши боюнча инспекторлор, 34нүн - балдарды коргоо органдарынын кызматкерлери, 34нүн өкүлдөрү катары - педагогдор чыгышкан. Калган 81 жашы жетпегендердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бар экендиги жана алар менен байланышта тургандыгы тууралуу маалыматтар жок.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 396-беренесине ылайык, жашы жетпеген 16 жашка чыга элек шектүү делинген айыпталуучуга сурак жүргүзгөн учурда педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү болуп саналат. Мындан ченем сурак жүргүзгөн учурда тергөөчүнүн одоно аракеттеринен улам пайда болуучу терс таасирлерден жашы жетпегендердин психикасын коргоо үчүн каралган. Берилген маалыматтар, жашы жетпегендерди суракка алган учурда педагогдордун же психологдордун көпчүлүк учурда чакырылбагандыгын күбөлөндүрүп турат.

Жалпысынан 1528 жашы жетпегендердин ичинен 535 адам 16 жашка чейинки куракта кылмыш жасашкан, жашы жетпегендерди суракка алган 102 учурда (же 19,1%) педагогдор же психологдор катышкан. Көпчүлүк учурда педагог катары айыпталуучулардын класс жетекчиси чакырылат.

Кылмыштын же зомбулуктун күбөлөрү же курмандыктары болушкан балдарды коргоо боюнча эч кандай маалыматтар жок экендигин белгилөө зарыл, анткени мындан категориядагы балдар мыйзамды бузган балдарга караганда кыйла деңгээлде тийиштүү жардамдарга жана мамлекеттик колдоого муктаж.

Бүгүнкү күндө социалдык коргоо көрсөтүүчү министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоо төмөнкү деңгээлде ишке ашырылууда. Ошондуктан, Балдар жөнүндө кодекстин ченемдерине ылайык ювеналдык юстиция маселелерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңешти (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүү өзүн-өзү толук актайт. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасында ювеналдык юстицияны киргизүү жана өнүктүрүү, жашы жетпегендердин катышуусундагы сот өндүрүшүн өркүндөтүү, адилеттүүлүктү орнотуучу сотту өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамды бузган жашы жетпегендерди үзгүлтүксүз социалдык коштоо-пробациялоо моделин түзүү маселелери боюнча соттордун, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, жаза аткаруу тутумунун, көзөмөлсүз калтырууну жана жашы жетпегендердин укук бузууларын алдын алуу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, багытталган.

Жергиликтүү деңгээлде балдар үчүн юстиция тутумунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн жана координациясынын механизмдерин түзүү зарыл. Бул үчүн Балдардын иштери боюнча комиссия жөнүндө Типтүү жобого тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек.

3.    Максаты

 

Конституциялык жана мыйзамдык ченемдерге, Кыргыз Республикасы алган эл аралык милдеттенмелерге таянуу менен, жогоруда баяндалган учурдагы кырдаалды талдоону эске алып, мамлекет тарабынан 2014-2018-жылдарга балдар үчүн юстициянын натыйжалуу жана акыйкат тутумун түзүүгө багытталган программанын негизги максаты белгиленген, ал балдарга карата тийиштүү мамилени камсыз кылууга, алардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоого, жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулуктун деңгээлин басаңдатууга, ошондой эле жашы жетпегендердин кайталап кылмыш жасоосун азайтуу, ар бир баланын муктаждыгына аяр мамиле жасоо багытында мыйзамды бузган балдар жана кылмыштын, зомбулуктун күбөлөрү же курмандыктары болушкан балдар үчүн таасирдүү тутумду түзүүгө арналган.

4.    Артыкчылыктар

 

Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1. Балдар үчүн юстиция принциптерин киргизүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу.

2012-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (КР КЖК, КР ЖПК, КР ЖАК, КР ГК, КР СКж.б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 18 жаш куракка чыга элек адамдарга карата ченемдерди камтыйт, ага ылайык мыйзамды бузган жашы жетпегендер үчүн бир катар маанилүү кепилдиктер каралган. Ошону менен бирге, укук коргоо органдарынын, прокуратуранын кызматкерлерине, сотторго элдештирүүчү жол-жоболорду, жазык жоопкерчилигин тарбиялоонун жана жазалоонун альтернативдүү чаралары менен алмаштыруучу чараларды, мыйзамды бузган жашы жетпегендерди, ошондой эле кылмыш курмандыгы болгон балдарды реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо чараларын киргизүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү караган бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл.

Азыркы учурда жашы жетпегендер жасаган анчалык оор эмес жана чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар тууралуу иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык тергөөчүлөр элдештирүү жол-жоболорун дайындай алат. Айыпталуучу жана жабырлануучу тарапка ишти соттук териштирүүгө жеткизбей туруп эле аны тынчтык жолу менен бүтүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн убакыт берилет. Мындай жаңылык киргизүүлөр тараптарга жана тергөөчүгө ишти расмий угуусуз эле чечүүгө жардам берүүгө тийиш. Мыйзам тарабынан мындай ченем кабыл алынды, бирок иш жүзүндө элдештирүүчү жол-жоболордун механизмдерин иштеп чыгуу жана бардык жерге киргизүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2011-жылы Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин колдоосунда "Укук борбору" коомдук фонду менен бирдикте жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматтары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1528 жашы жетпегендердин ичинен 565и (37%) сот тарабынан ар түрдүү жазага соттолушкан. Соттолгондордун ичинен жашы жетпегендердин көпчүлүк бөлүгү - 565тин 372си (65,7%) сыноо мөөнөтүн өтүү менен эркиндигинен шарттуу ажыратууга соттолгон. Соттолгондордун ичинен 28,5 пайызы эркиндигинен ажыратуу жазасын алышкан, 2,48 пайызы эркиндигин чектөө жазасын алышса, 3,2 пайызы айыпка жазаланган.

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпеген адамдардын жарымынан көбү (52,8%) анчалык оор эмес кылмыштарды жасашканын, ал эми жашы жетпегендердин 47,2 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолушкан.

Ошентип, жашы жетпегендерге карата 1528 иштин ичинен 917 (60% ашык) иш сот тарабынан токтотулган. Алардын ичинен 568 иш (37%) жашы жете электерге карата тергөө өндүрүшүнүн стадиясында токтотулушу мүмкүн эле, бирок бул иштердин баары сотко жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылы тергөө стадиясында 52 иш токтотулган. Тергөөчүлөр ишти тергөө өндүрүшүнүн стадиясында токтотушпагандыгынын себеби калыбына келтирүүчү соттун начар киргизилгендигинде, аны колдонуу айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда макулдашууга жетишүүгө жана сотко чейин ишти токтотууга мүмкүндүк берет.

2. Кылмыштык сот өндүрүшүнүн 18 жашка чыга элек балдардын укуктарын коргоочу адистештирилген тутумун түзүү.

Эл аралык стандарттар 18 жашка чыга элек адамдар үчүн кылмыштык сот өндүрүшүнүн өзүнчө тутумун, жашы жетпеген укук бузуучулар менен иштөө боюнча өзүнчө ченемдик укуктук актыларды, жол-жоболорду кабыл алууга жана мыйзам менен конфликтте турган жашы жетпегендердин укуктарын ишке ашырууну камсыз кылган мекемелерди түзүүгө, мыйзамды бузган жашы жетпегендер менен иштөөчү адистешкен персоналды даярдоого чакырат.

Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүүнүн кыйла натыйжалуу процессин уюштуруу жана белгиленген реформаларды алдыга жылдыруу ювеналдык юстиция тутумундагы бардык уюмдарда тийиштүү кайра түзүүлөр жана өзгөртүүлөр жүргүзүлгөндө гана мүмкүн болот.

Кадрлардын туруктуулугу, балдар үчүн юстиция тутумунун жана ювеналдык юстициянын кызматкерлеринин потенциалын туруктуу жогорулатуу, алардын өз алдынча билим алуусу мыйзамды бузган балдарды коргоону өнүктүрүүнүн жана натыйжалуулугунун башкы шарттарынан болуп саналат.

3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөдө алдын-алуу чараларын күчөтүү.

2008-жылдан баштап балдарды коргоо тутуму кыйла деңгээлдеги олуттуу реформага туш болду. Жашы жетпегендердин жана жаштардын арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын-алуу боюнча кызмат (жашы жетпегендердин иши боюнча инспекция) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине топтоштурулган, ал өзүнө тиешелүү болбогон иш участокторуна алаксыган учурлары аз эмес. Жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлор өз иштерин балдар менен алдын алуучу иштерге толук түрдө арноосу үчүн чараларды көрүү зарыл, ал эми негизги министрликтер менен администрациялык ведомстволор "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын так аткарууга тийиш, ал Мыйзамда укук бузуулардын, анын ичинде жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө ведомстволор аралык кызматташуу маселеси жөнгө салынган.

4. Мыйзамды бузган жашы жетпегендерди, ошондой эле кылмыштын курмандыгы болушкан балдарды реабилитациялоонун жана интеграциялоонун жергиликтүү деңгээлдеги программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Сот адилеттигинен ажыратуу жана коомчулуктун деңгээлинде реабилитациялоо программаларын пайдалануу аркылуу мыйзамды бузган жашы жетпегендерге, ошондой эле кылмыштын курмандыктары болушкан балдарга натыйжалуу жардам көрсөтүү жана колдоо ювеналдык юстицияны өнүктүрүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Жашы жетпегендер үчүн ювеналдык юстициянын кызматкерлери тарабынан берилген социалдык психологиялык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча жеке программалар иштелип чыгышы керек. Ювеналдык юстиция тутумунун органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн кызматчылары, үй-бүлөдөгү ыңгайсыз жагдайларды эртелеп билүү жана жоюу боюнча үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөөгө чакырылган жергиликтүү деңгээлдеги таасир этүүчү социалдык топторго биригиши керек.

Мыйзамды бузган жашы жетпеген баланын интеллектуалдык, психикалык өсүүсүн жана инсандык өзгөчөлүгүнүн деңгээлин, анын жашоо шартын жана тарбиялоо өзгөчөлүктөрүн иликтеп билүүнүн зарылчылыгы жашы жетпегендерге карата таасир этүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу жана жашы жетпегендердин кылмыштары жөнүндө иштер боюнча элдештирүү жол-жоболорун (калыбына келтирүүчү акыйкат сотту) колдонуу үчүн айкын болот.

Изилдөөдө кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1528 жашы жетпегендердин ичинен 777 адамдын гана иш материалдарында мүнөздөмөлөрү бар экендиги аныкталган, турмуш-тиричилик шарттары жөнүндө актылар 894 жашы жете элек адамдын материалдарында бар.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1528 жашы жетпеген балдардын ичинен 62 балага соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүлгөн. Соттук-психиатриялык экспертиза өзгөчө оор кылмыштар же өтө мыкаачылык менен кылмыштар жасалган учурда, ошондой эле жашы жетпеген психиатриялык мекемелерде каттоодо турганда дайындалган.

Берилген маалыматтар жашы жетпегендердин турмуш шарты жана тарбиясы, интеллектуалдык өсүүсү тууралуу маалыматтар бардык эле учурда жыйналбай жаткандыгы жөнүндө күбөлөйт. Кылмыштын себептерин жана шарттарын камтыган кайсы бир документтер (корутундулар) кылмыш ишине тиркелген эмес, жашы жетпегендин керектөөлөрүн эске алуу менен аны реабилитациялоо боюнча зарыл чараларды колдонуу тууралуу сунуштар баяндалып жазылган эмес.

5. Балдар жөнүндө кодекс жашы жетпегендердин иши боюнча адистешкен сотторду түзүүнү караган ченемди камтыйт, бирок сот тутумун реформалоонун баштапкы этабында кылмыш процессинде жашы жетпегендердин иштерин кароо боюнча судьялардын адистешүүсүн киргизүү чоң мааниге ээ.

Мыйзам менен конфликтте турган жашы жетпегендерди, кылмыштардын күбөлөрү жана курмандыктары болгон балдарды коргоо боюнча сот тарабынан колдонулуучу чараларга алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар кирет, ал боюнча судья өзүнүн демилгеси же жашы жетпегендин, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же тийиштүү окутуу же тарбиялоо мекемелеринин өтүнүчтөрү боюнча жашы жетпегендин өмүрүн, ден-соолугун, ар намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоону камсыз кылуу боюнча бардык керектүү чараларды колдонуп, анын ичинде ички иштер органдарына жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды бере алат, жашы жетпеген балдарды коргоо боюнча тийиштүү уюмдардын же ыйгарым укуктуу органдардын көзөмөлүнө бере алат же жашы жетпегенди башка үй-бүлөгө өткөрүп бере алат. Сот зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон жашы жетпегенди коргоо боюнча бардык дайындалган чаралар жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жана ички иштер органдарына кабарлайт.

6. Жабык типтеги мекемелерди реформалоо.

Жабык типтеги бардык мекемелерде мыйзамды бузган жашы жетпегендерди тийиштүү деңгээлде коргоо камсыздалышы керек. Бул максаттарда ошол мекемелердин жоболорун кайра кароону, штаттык ырааттамасын оптималдаштырууну, кызматкерлерди даярдоо үчүн окууларды жана тренингдерди уюштурууну, балдарды реабилитациялоо боюнча иш-чараларды жана аларды коомго кайрадан аралаштыруу боюнча программаларды өнүктүрүүнү караган реформаларды жүргүзүү, ошондой эле жашы жетпегендердин даттануусунун мазмунуна жана арыз берүүсүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна берүүсүнө мониторинг жүргүзүүнүн механизмин киргизүү зарыл.

7. Ювеналдык юстиция тутумунун потенциалын арттыруу.

Мыйзам менен конфликтте турган балдар менен иштешкен бардык кызматкерлер ювеналдык юстиция жаатындагы маселелер боюнча атайын даярдыктан өтүүгө тийиш. Судьялардын, укук коргоо органдарынын, жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциялардын кызматкерлеринин, прокурорлордун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мыйзам менен конфликтте турган балдарга кызмат көрсөтүүчү мекемелердин кызматкерлеринин арасында балдардын укуктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу аркылуу кызматкерлерин окутуу бардык министрликтер жана администрациялык ведомстволор аткарып жаткан олуттуу иштердин бири болуп саналат. Ювеналдык юстиция органдары жана уюмдары маалымат жана усулдук ресурстар менен камсыз кылынууга тийиш.

5.    Милдеттер, чаралар/аракеттер

 

Балдар үчүн юстиция тутумун өнүктүрүү төмөндөгүлөргө багытталган:

- мыйзам менен конфликтте турган кылмыш жоопкерчилигине тартуу курагына жеткен жашы жетпегендерге;

- кылмыш жосундарын жасаган, кылмыш жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жетпегендерге;

- ички иштер органдарынын жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциясында каттоодо турган, 18 жаш куракка жете элек балдарга;

- кылмыштардын жана зомбулуктардын күбөлөрү жана курмандыктары болушкан балдарга.

Программа төмөндөгү негизги алты маселени аткаруу үчүн чараларды/аракеттерди аныктайт:

1) жашы жетпегендердин иши боюнча сот адилеттүүлүгү тутумун координациялоону жана мониторингди жакшыртууну;

2) жашы жетпегендердин иши боюнча ак ниет сот адилеттүүлүгү процессин түзүүнү жана балдардын укуктарын жана кадыр-баркын сыйлоо менен мыйзамды бузган балдарга карата тийиштүү мамилелерди камсыз кылууну;

3) балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн жеке баалоонун негизинде мыйзамды бузган балдарды профилактикалоо жана реабилитациялоо боюнча натыйжалуу программаларды ишке киргизүүнү, камакка алуу, кылмышты жазалоо жана эркиндигинен ажыратуу чараларын минималдуу түрдө колдонууну, ошондой эле эркиндигинен ажыратуучу жерлерде жазаларын өтөгөн жашы жетпегендерди коомго кайрадан аралаштыруу чараларын;

4) 18 жашка жете элек адамдарды натыйжалуу колдоо максатында жашы жетпегендер үчүн тарбиялоочу колонияларда жана аялдар колонияларында социалдык реабилитациялоо боюнча шарттарды өнүктүрүүнү жана жазасын өтөгөндөн кийин аларды коомго ийгиликтүү кайрадан аралаштырууга көмөктөшүүнү;

5) кылмыштардын, күч колдонуунун күбөлөрү же курмандыктары болушкан балдарга социалдык, психологиялык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү жана камсыз кылууну;

6) тийиштүү реформалардын олуттуу элементтерин пилоттоштуруу максатында Кыргызстандын региондорунун биринде, андан кийин бардык жерде жайылтуу менен жашы жетпегендердин иштери боюнча сот адилеттүүлүгү тутумунун моделин түзүүнү.

Ушул программа кийинки беш жылга балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча чараларды өзүнө камтыйт. Программа Кыргызстанда балдардын укуктарын коргогон эл аралык стандарттарга ылайык түзүлгөн.

Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү программасынын негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) мыйзам менен конфликтте турган бузган жашы жетпегендерге карата кандай гана аракеттер болбосун, ал баланын шарттарын, укук бузуунун деңгээлин жана коомдун муктаждыгын эске алуу менен алардын өзгөчө керектөөлөрүн жана алардын өтө аялуу экендигин таануу аркылуу чоң адамдардан бөлүп өзүнчө ишке ашырылууга тийиш;

2) жашы жетпегендердин иши боюнча сот адилеттүүлүгү тутумунда алдын алуучу мүнөздөгү чаралар негизги жагдайлардан болуп саналат;

3) реабилитация жана реинтеграция мыйзамды бузган жашы жетпегенге карата кандай гана болбосун жооп берген чаранын биринчи кезектеги максаттары болуп саналат;

4) аларды формалдуу кылмыш боюнча сот адилеттүүлүгү тутумунан ажыратуу максатында мыйзамды бузган жашы жетпегендерге карата таасир этүүнүн альтернативдүү чараларын камсыз кылуу;

5) мыйзамды бузган жашы жетпегендерди сотко чейин жана соттон кийин эркиндигинен ажыратуу аргасыз чара катары жана кыска мезгилге колдонулууга тийиш.

Ушул Программа эл аралык стандарттарга жооп берген жана Кыргызстандын балдарын коргой алган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык жана бул Программанын 1-тиркемесине ылайык. Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын (мындан ары - Иш-чаралардын планы) негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында реформаларды алга жылдырууга багытталган балдар үчүн юстиция тутумун өнүктүрүү процессин өзүнө камтыйт.

Иш-чаралардын планын ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар ар түрдүү эл аралык уюмдар менен, атап айтканда балдардын укуктарын жана эркиндиктерин, аялуу балдарды коргоо жаатындагы алдыңкы эл аралык уюм болуп саналган Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондусу (ЮНИСЕФ), ошондой эле коммерциялык эмес коомдук уюмдар менен кызматташат.

6.    Күтүлүүчү натыйжалар

 

Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөр аркылуу Кыргыз Республикасында балдар үчүн комплекстүү юстиция тутумун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет:

1) жазык сот өндүрүшүнө тийиштүү ювеналдык юстиция чөйрөсүндөгү бардык мыйзамдарды эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү;

2) 18 жашка чейинки адамдар үчүн ювеналдык юстициянын өзүнчө координациялоочу тутумун түзүү;

3) ювеналдык юстиция тутумунун кызматкерлерин балдардын укуктарын коргоо жана тийиштүү иш тажрыйбалардын стандарттарын сактоо маселелерине окутуу;

4) түздөн-түз жергиликтүү деңгээлде жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча ишти натыйжалуу уюштуруу жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө жашы жетпегендер үчүн жазаны колдонууну азайтуу үчүн таасир этүүнүн альтернативдүү чаралары боюнча программаларды түзүү жана формалдуу соттоо тутумунан четтөө;

5) балдарга мамиле жасоо жана алар жөнүндө камкордук көрүү жоболорун эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтирүү максатында жабык түрдөгү бардык адистештирилген мекемелерди реформалоо;

6) балдар үчүн юстиция маселелери боюнча калктын маалымат алуусун жакшыртуу;

7) мыйзамды бузган балдарга, кылмыштардын, зомбулуктун күбөлөрү же курмандыктары болушкан балдарга сот адилеттүүлүгүнүн ыймандуу тутумун түзүү.

Программаны ишке ашыруу ювеналдык юстиция тутумун өнүктүрүүдөн балдар үчүн юстицияны өнүктүрүүгө өтүүнүн пайдубалы болууга тийиш, бул жашы жетпегендердин укук бузууларын алдын алууну жакшыртууну, акыйкат сотту жүргүзүүдө мыйзамды бузган жашы жетпегендер сыяктуу эле кылмыш иши боюнча жабырлануучу жана күбөлөр болуп эсептелген мыйзамды бузган балдардын укук бузууларын алдын-алууну өркүндөтүүнүн, алардын жынысын, жаш курагын, акыл мүмкүнчүлүгүн, өнүгүүсүнүн, дене түзүлүшүнүн жана психикасынын өзгөчөлүгүн жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн жашы жетпегендерди коомго кайрадан аралаштырууну эске алуу менен натыйжалуу коргоону карайт.

7.    Программаны ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу өбөлгөлөр, тобокелчиликтер жана коркунучтар

 

Ювеналдык юстиция чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын ушул Программаны иштеп чыгууда жана андан ары ишке ашырууда өз ара аракеттенүүсүнүн жана координацияланышынын түзүлө баштаган натыйжалуу механизми Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун олуттуу өбөлгөлөрүнүн бири болуп саналат. Өнүгүп жаткан мамлекеттик потенциал, мыйзамды бузган балдарды коргоо чөйрөсүндө эл аралык тажрыйбаны жана инновациялык мамилелерди жигердүү пайдаланып жаткан жарандык коом Программаны ишке ашырууда оң фактор болуп саналат. Бул багытта бир катар кадамдар жасалды: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө жаңы кодекси кабыл алынды, Кыргыз Республикасында ювеналдык юстиция боюнча Программаны иштеп чыгууда жана координациялык кеңешти түзүүдө жарандык сектордун кеңири катышуусу камсыз кылынды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш түзүлдү.

Эл аралык институттар тарабынан техникалык колдоонун болушу жана мындан ары да боло тургандыгы оң жагдайдын катарына кирет, алардын жардамы менен эл аралык тажрыйбаны пайдалануу аркылуу ювеналдык юстиция тутумун жакшыртса болот.

Ошону менен бирге оң өбөлгөлөр менен катар эле Программаны ишке ашырууга бөгөт болгон факторлор бар. Ага республиканын бюджетиндеги финансылык каражаттардын жетишсиздиги, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрдык потенциалдын төмөндүгү, кадрлардын кетип калуусу жана тез-тез алмашуусу кирет.

Программаны ишке ашырууда ювеналдык юстиция тутумунун органдары тарабынан балдар үчүн юстиция маселелеринин маанисин начар түшүнүүсү сактанууну жараткан факторлордун бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мониторинги жана баа берүү тутуму аны аткаруу стадиясында олуттуу компонент болуп саналат, анткени Мамлекеттик программанын мониторинги жана баа берүү тутумунун түпкү натыйжасы маалыматтын эки альтернативдүү каналдарын: мамлекеттик (расмий) жана мамлекеттик эмес (коомдук) каналдарын түзүү аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда.

Мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде Иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилет, аткаруучулардын ишиндеги артыкчылыктар жана кемчиликтер аныкталат, Иш-чаралар планынын тийиштүү пункттарын ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстарды оптималдаштыруу максатында кызыкдар тараптарды координациялоону жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!