СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 360 токтомуна) 2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ 1. Киришүү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 360 токтомуна)

2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Киришүү

Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир жарандын билим алуу укугуна кепилдик берилген, ал эми "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бардык жарандардын сапаттуу билим алууга бирдей укуктары белгиленген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык кырдаал өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясынын негизги милдеттерине жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу актыларына ылайык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулардын бардык категорияларына билим берүүнүн жана ага жетүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын мажбурлоодо.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында медициналык жана социалдык инклюзиянын милдеттерин эске алуу менен үзгүлтүксүз билим берүүнүн системасын түзүү киргизилген, ал эми аны ишке ашыруу каражаттарынын бири болуп калктын билим берүү муктаждыктарынын көп түрдүүлүгүн эске алуу менен мыйзам чыгаруу чөйрөсүн иштеп чыгуу саналат.

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы атайын билим алуу муктаждыктары бар балдарга билим берүү маселелери боюнча өлкөдө ишке ашырылып жаткан стратегиялык документтерди эске алуу менен иштелип чыккан жана ар түрдүүлүк үчүн кыйла ачык, билим берүүнүн кыйла натыйжалуу жана тең укуктуу системасын түзүүгө багытталган, бул болсо анын жаңы жана заманбап милдеттерди чечүү жөндөмүн жогорулатат.

Концепцияда Кыргыз Республикасынын бардык билим алуучуларга тең укуктуу жана жеткиликтүү билим берүү, анын ичинде Балдардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясынын жана Майыптардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясынын ченемдерин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелер дагы эске алынган.

Концепцияда инклюзивдик билим берүү мамлекеттин билим берүү саясатын ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыты болуп аныкталган. Ушуга байланыштуу 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга жалпы билим берүү жана адистештирилген билим берүү уюмдарынын базасында инклюзивдик билим берүү шарттарын, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде инклюзивдик билим берүүнү интеграциялоону камсыз кылуу милдеттери коюлган.

Билим берүүнүн сапатын жана бардык категориядагы окуучулардын, анын ичинде атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүнүн жана зарылдыгынын негизинде, өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги милдеттерине жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу актыларына ылайык инклюзивдик билим берүү жаатындагы улуттук саясаттын максаттары, милдеттери жана ишке ашыруу этаптары аныкталган.

2. Түшүнүктөр жана аныктамалар

Ушул Концепцияда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

майыптуулук - эмгектенүү жөндөмүн толук же бир кыйла жоготууга алып келүүчү организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу же жашоо-тиричилик аракетинин кыйла чектелиши менен адамдын ден соолугунун бузулушу. Организмдин иштешинин жана жашоо-тиричилик аракетинин бузулуу деңгээлине жараша майыптыктын I, II жана III топтору белгиленет. 18 жашка чейинки балдар "майып бала" категориясына киргизилет;

инклюзивдик маданият - бул инклюзивдик билим берүү баалуулуктарын жана принциптерин сактоо, ар кандай, бирок ошол эле учурда атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын маданий көп түрдүүлүктү кабыл алуусу, анда коомдоштуктун/коомдун бардык мүчөлөрүнүн өнүгүүсүнө жана катышуусуна өбөлгө түзүлгөн билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын кызматташтыгы жана өнөктөштүгү;

инклюзивдик чөйрө - ар кандай билим алуу муктаждыктары бар окуучулар анда өздөрүн ыңгайлуу сезип, билим берүү процессине толук катышкан билим берүү чөйрөсү. Инклюзивдик чөйрөнү түзүү үчүн билим берүү уюму ар бир баланын атайын билим алуу муктаждыктарын эске алууга, сапаттуу билим алуу максаттарында бул муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга тийиш;

инклюзивдик билим берүү - бардык окуучулардын ар кандай билим алуу муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аларга билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

инклюзия - англис тилинен которгондо "кошуу" дегенди түшүндүрөт. Бул документте ар бир баланы билим берүү процессине жана билим берүү уюмунун жана жалпы эле коомчулуктун/коомдун жашоосуна кошуу, атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим берүү жана социалдык-маданий жашоодон чыгарууну алдын алуу катары аныкталат;

билим берүү стандарты - негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу базалык талаптардын, окуп жаткандарга жеткиликтүү окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы;

психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо - атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды ар тараптуу натыйжалуу өнүктүрүүнү, социалдаштырууну, ден соолугун сактоону жана чыңдоону, окуучуларды өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуу максатында комплекстүү коштоо;

эрте аныктоо жана кийлигишүү - окуучуларды өнүктүрүүгө, ошондой эле баланын ата-энесин, үй-бүлөсүн жана социалдык чөйрөсүн коргоого багытталган, баланын өнүгүү абалын аныктагандан кийин токтоосуз жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын комплекси;

реабилитациялоо - индивидуумдун турмуш-тиричиликтик, коомдук, кесиптик жана башка иш-аракеттерине карата жөндөмүн толук же жарым-жартылай калыбына келтирүү максатында медициналык, социалдык, билим берүү, педагогикалык, психологиялык жана кесиптик мүнөздөгү чаралар комплексин колдонуу;

абилитациялоо - индивидуумдун турмуш-тиричиликтик, коомдук, кесиптик жана башка иш-аракеттеринде жок жөндөмүн калыптандыруу максатында медициналык, социалдык, билим берүү, педагогикалык, психологиялык жана кесиптик мүнөздөгү чаралар комплексин колдонуу;

атайын билим алуу муктаждыктары - окуучулардын муктаждыктары, аны канааттандырууда атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен атайын шарттарды жана чөйрөнү түзүү, атайын билим берүү технологияларын колдонуу талап кылынат;

атайын билим берүү шарттары - жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүүнү, маалыматтык-коммуникациялык ресурстарга жетүүнү, атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга педагогикалык, медициналык, социалдык жана башка түрдөгү жардамдарды, ошондой эле зарыл учурда билим берүүнүн техникалык каражаттарын берүүнү камсыз кылган шарттар;

атайын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү - билим берүү чөйрөсүндөгү адистер тарабынан көрсөтүлүүчү (логопед, тифло-, сурдопедагог, атайын педагог) атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим алуу процессине кошууга/интеграциялоого көмөктөшкөн кызмат көрсөтүүлөр;

тьютор - окуучуну билим алуу процессинде коштоону, жекече окутуу программасына ылайык билим алуу чөйрөсүн уюштурууга жана билим алуу каттамын ишке ашырууга көмөктөшүүнү жүзөгө ашыруучу адам.

3. Концепцияны ишке ашыруунун максаттары, милдеттери жана этаптары

Ушул Концепциянын максаты - билим берүүнүн бирдиктүү, натыйжалуу иштеген системасын жана атайын билим алуу муктаждыктары бар адамдарды билим берүү процессине кошуунун улуттук моделин түзүү.

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу бардык окуучулардын билим алууга тең укукта жетүүсүн, ар кандай билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутууда жеке мамилени системалуу жайылтууну жана жалпы эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Атайын билим алуу муктаждыктары түрдүү окуучуларда болот, алардын билим алууга жана сапаттуу билим берүү натыйжаларына жетүүгө толук катышуусу үчүн жеке колдоо талап кылынат. Кыргыз Республикасында билим алууга бирдей эмес укукту шарттаган басымдуу фактор болуп ден соолугундагы чектөөлөр жана/же майыптуулук саналат. Ушуга байланыштуу Концепцияда бардык көңүл ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларга бурулат.

Инклюзивдик билим берүү жалпы эле билим берүү системасындагы педагогикалык жана башкаруу кадрларынын дараметин жогорулатуу мүмкүндүгүн берет, окуучулардын жалпы билим берүү уюмдарында билим алуусун уюштуруу аркылуу, билим берүүнүн жеке-багыт берүүчү ыкмаларын пайдалануунун негизинде жана окуучулардын окуу-таануу ишинин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын сапаттуу билим алуусуна үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун комплекстүү процесстерин талап кылат. Инклюзивдик билим берүүнүн оптималдуу жолдорун жана өнүктүрүү каражаттарын аныктоо тиешелүү ченемдик-укуктук, окутуу-методикалык, уюштуруучулук, кадрдык, материалдык-техникалык жана маалыматтык камсыз кылууга негизделет.

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу төмөнкүлөрдү карайт:

- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү жаатындагы мыйзамдарды жакшыртууну;

- инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча механизмдерди (билим берүү стандарттарын, окутуу программаларын, көмөктөшүүчү ресурстарды, баалоо каражаттарын жана методдорун) иштеп чыгууну, пилоттоштурууну жана киргизүүнү;

- кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасына керектүү педагогикалык билимдерди, көндүмдөрдү жана технологияларды киргизүүнү;

- атайын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, майыптуулугу бар окуучуларды аныктоо, билим алуу системасына интеграциялоо жана ийгиликтүү окутуу этабында аларды макулдашылган жана ар тараптуу социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн бардык деңгээлдерде ведомстволор аралык координациялоону;

- инклюзивдик маданиятты жана республиканын билим берүү уюмдарындагы жагымдуу билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнү;

- атайын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар окуучуларды билим берүү системасына киргизүүгө жана аларды окутуунун сапатына мониторинг жүргүзүүнү;

- мамлекеттик жана башка финансы каражаттарын мобилизациялоону;

- өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн башкаруу кадрларынын дараметин күчөтүүнү.

4. Инклюзивдик билим берүүнүн баалуулуктары

Инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу төмөнкүдөй баалуулуктарга негизделет:

1) бардык окуучулардын ар түрдүү жөндөмдөрүн таануу жана алардын билим берүү уюмунун ишине, билим берүү процессин, курчап турган коомчулукту/коомду байытууга толук катышуусу. Инклюзивдик чөйрөдө ар бир окуучуга көңүл бөлүү жана урматтоо коопсуздук, жайлуулук жана таандуулук сезимин жаратат, бул билим берүү процессине жагымдуу таасир этет;

2) инклюзивдик билим берүү бардык окуучулардын билиминин сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат. Инклюзивдик билим берүүдө кыйла ийкемдүү мамилелер, методдор жана программалар колдонулат, мында ар бир баланын кызыкчылыктары жана муктаждыктары эске алынып, бардык окуучуларга билим алууга жардам берүүчү жагымдуу билим берүү чөйрөсү түзүлөт. Бардык ушул өзгөрүүлөр баланы өзүнчө окутууну алганда да, ошондой эле бардык мектепти, коомчулукту жана коомду өнүктүрүү үчүн экономикалык, социалдык, маданий, саясий жактан пайдалуу;

3) инклюзивдик билим берүү коомдун ар кандай билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга карата мамилесин өзгөртөт. Инклюзивдик билим берүүнү киргизген учурда майыптуулугу бар окуучуларга карата майыптуулукту девиация, оору же дефект катары караган медициналык мамиле бардык адамдар ар башкача жана майыптуулук билим алууга тоскоолдук болуп саналган стереотиптен коом баш тартууга тийиш деп тааныган био-социалдык-маданий түрдүүлүк мамилесине алмаштырылат;

4) инклюзивдик билим берүү - бул толук баалуу жашоо жана үй-бүлөдө ар тараптуу өнүгүү мүмкүндүгү. Ар кандай муктаждыктары бар окуучулар жашаган жери боюнча жергиликтүү билим берүү уюмунда курдаштарынын жана башка окуучулардын арасында билим алуу менен, үй-бүлөдө (интернат тибиндеги мекемелердин имаратында эмес) өнүгүү менен бирге андан ары аларды коомдун жашоосуна катышуу жана көз карандысыз жашоо үчүн көбүрөөк мүмкүндүктөргө ээ болушат.

5. Инклюзивдик билим берүү принциптери

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1. Ар бир баланын билим алууга укугун сактоо: ар бир бала уникалдуу жана анын инсандыгын сыйлоо укугуна, сапаттуу жана жеткиликтүү билим алуу укугуна, билим алуу формасын тандоо укугуна, баланын когнитивдик, дене бойлук, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө түрткү берүүчү билим алуудагы жеке мамилеге карата укукка ээ.

2. Уланмалуулук жана вариативдүүлүк принциби: инклюзивдик билим берүү төрөлгөндөн тартып башталат. Инклюзивдик билим берүү кийлигишүүнүн уланмалуулук этаптарына ылайык тигинен жүзөгө ашырылат: эрте аныктоо жана диагноз коюу, эрте кийлигишүү, мектепке чейинки билим берүү, мектепке чейинки даярдык, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү.

3. Комплекстүү мамиле: атайын муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү системасынын билим берүү процессине кошуу ар кандай ведомстволор, кызматтар жана адистер тарабынан жүзөгө ашырылуучу чаралар комплексин ишке ашырууну талап кылат, ага кошо билим берүү процесстеринин бардык этаптарын: диагноз коюуну, билим берүүнүн формасын жана программасын аныктоону, атайын кызмат көрсөтүүлөрдү, колдоону жана коштоону, реабилитациялык иш-чараларды, баланын жеке муктаждыктарына ылайык адаптациялоону жана социалдаштырууну, мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону талап кылат.

4. Үй-бүлөнү жана коомчулукту инклюзивдик билим берүүнү ишке ашырууга тартуу: ата-эне/үй-бүлө - билим берүү процессин жүзөгө ашырууда баалуу өнөктөштөр. Алардын укуктары бар жана баланын сапаттуу билим алуу укугун ишке ашыруу жоопкерчилигине ээ. Ата-эненин/үй-бүлөнүн жана коомдун катышуусу билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Ата-энелер көбүрөөк кабардар болуп, окуучулардын өзгөчөлүктөрү тууралуу мугалимдер менен маалымат алышат, мектеп менен кызматташат жана инклюзивдик билим берүүнү жылдыруу боюнча демилгелерди ишке ашырышат.

5. Бала билим алууга жана мектеп жана мектептен тышкаркы иш-чараларга катышууга укуктуу: атайын муктаждыктары бар окуучулардын мектеп жана мектептен тышкаркы жашоонун бардык аспектилерине катышуусу атайын муктаждыктары бар окуучулардын өздөрү үчүн да, ошондой эле алардын курдаштары жана мектептин башка окуучулары, анын ичинде курчап турган коом үчүн да билим берүүнүн бай тажрыйбасына ээ болуу үчүн абдан олуттуу турмуштук мааниси бар.

6. Инклюзивдик билим берүү чөйрөсү жана шарттары

Эрте кийлигишүү кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү

Эрте кийлигишүү кызмат көрсөтүүлөрүн (жардамды) өнүктүрүү - бул эрте жаш курагындагы балдарды (төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки) үй-бүлөнүн активдүү катышуусунда жекелик жана тайпалык өнүктүрүүчү жана окутуучу иш-чараларды өткөрүү менен үй-бүлөлүк-багыт берүүчү комплекстүү психологиялык, медициналык, социалдык, билим берүүчү колдоо көрсөтүү. Азыркы учурда эрте кийлигишүү кызмат көрсөтүүлөрү ар кандай түзүмдөр тарабынан (саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, жергиликтүү администрация) фрагмент түрүндө берилет, ал эми комплекстүү мамиле баланын жана үй-бүлөнүн бардык муктаждыктарын эске алып, пайда болуучу опурталдарга өз учурунда реакция кылууга мүмкүндүк берет. Баланын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр канчалык эрте табылса, көрсөтүлгөн жардам ошончолук натыйжалуу болот. Эрте кийлигишүүнүн комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрү баланы мектепке чейинки жана билим берүү уюмунда билим алууга даярдоого мүмкүндүк берет. Азыркы учурда төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдардын өзгөчөлүктөрүн эрте аныктоо жана кийлигишүү жөнүндө жобо иштелип жатат. Эрте кийлигишүүдө балдардын кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде билим алуу кызматтарын алууга укуктарын ишке ашыруудагы негизги өнөктөш катары ата-энелердин ролу маанилүү.

Мектепке чейинки билим берүү

Республикадагы бардык билим берүү уюмдары балдарды окутууда жана өнүктүрүүдө ар кандай муктаждыктарын эске алуу менен, инклюзивдик мамилени колдонуусу керек. Бул милдетке жетүү үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарына карата минималдуу талаптарды, анын ичинде инклюзивдик мамилени киргизүү боюнча окутуу программалары иштелүүдө: инклюзивдик чөйрөнү түзүү, окутуу программаларын, окутуу методдорун жана окуу материалдарын колдонуу, инклюзивдик мамилелерди колдонуу боюнча педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу. Атайын техникалык каражаттарга муктаж балдарга аларды сатып берүү мүмкүндүгү камсыз кылынат.

Мектепке чейинки даярдык

Атайын билим алуу муктаждыктары бар бала жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү уюмдары тарабынан өз убагында аныкталып жана мектепке даярдоодон өтүүгө тийиш. Программаны өздөштүрүү билим берүү уюму тарабынан ата-энелер менен бирдикте иштелип чыккан жана бекитилген жекече окутуу планы же жалпы программа боюнча жүзөгө ашырылат.

Мектепте билим берүү

Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүдө эрте кийлигишүүнүн, мектепке чейинки/мектеп алдындагы даярдыктын жолун жолдоочулук жана андан ары мектепте билим берүү сакталат.

Атайын билим алуу муктаждыктары аныкталган бала атайын билим алуу муктаждыктарын жана баланын, үй-бүлөнүн жана жалпы же атайын билим берүү уюмунун адисинин тандоосун эске алуу менен жалпы же жекече окутуу программасы боюнча окутулат.

Билим берүү уюму ар бир баланы билим берүү процессине кошуу үчүн инклюзивдик чөйрөнү, ага кошо вариативдик шарттарды (жалпы же өзүнчө класста, үйүндө окутуу, аралыктан окутуунун формалары, тьютордун ассистенттигинде ж.б.) түзүп берүүгө милдеттүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары менен бирдикте зарыл болгон учурда сапаттуу билим алууну камсыз кылуу үчүн көмөктөшүүчү каражаттарды берет (коляска, аудио жана видео көмөктөшүүчү каражаттар, класста жана мектепте дене бойго жагымдуу чөйрөнү уюштуруп берүү).

Билим берүү ишин атайын билим алуу муктаждыктары бар бала окуган класста жүзөгө ашырган педагогикалык кадрлар билим берүүдөгү инклюзивдик мамилелерди колдонуу жаатында тиешелүү даярдыгы болууга жана мектептеги атайын же социалдык педагог менен, аймактык деңгээлдеги психологиялык-медициналык-педагогикалык кызмат, мектептеги методикалык бирикме/консилиум менен өз ара тыгыз аракеттенүүгө тийиш.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү

Атайын билим алуу муктаждыктары бар адамдарга башталгыч жана орто кесиптик билим берүү деңгээлинде кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу үчүн атайын окутуу шарттары түзүлүүгө тийиш, анын ичинде:

- окутууда жана кесиптик даярдоодо тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү;

- окуу процессинин техникалык жабдылышы жана педагогдор менен билим берүү процессинин башка катышуучулары үчүн атайын билим алуу муктаждыктары бар студенттер менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган окуу курстарын иштеп чыгуу;

- атайын билим алуу муктаждыктары бар жаш адамдардын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун шарттарына адаптациялоо процессин жеңилдетүүгө багытталган атайын программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү.

Жогорку кесиптик билим берүү

Атайын билим алуу муктаждыктары бар адамдар үчүн жогорку окуу жайларына тапшырууда атайын шарттар түзүлүп берилүүгө тийиш. Атайын билим алуу муктаждыктары бар адамдар үчүн жогорку кесиптик билим алуу мыйзамдарда белгиленген ар кандай формаларда, анын ичинде аралыктан билим алуу формасында болушу мүмкүн.

Жогорку окуу жайлары студенттердин сапаттуу жогорку билим алуусундагы проблемаларды жеңүүгө мүмкүндүк берген жаңы шарттарга тез ыңгайлашуусуна түрткү берүүчү программаларды иштеп чыгышы керек (мисалы, сурдокызмат көрсөтүүлөрү, аралыктан окутуучу курстар, окуу процессин санариптештирүү, компьютерлештирүү ж.б.).

Жогорку окуу жайларда инклюзивдик чөйрө түзүлөт (инфратүзүм, саясат, окуу материалдары жана баалоо) жана инклюзивдик маданият калыптанат (социологиялык-био-маданий түрдүүлүккө карата позитивдүү мамиле).

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн жалпы республикалык тест майып адамдарга карата ыңгайлаштырылышы керек.

Жалпы жана атайын билим берүүнүн өз ара аракеттенүүсү

Атайын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын жана алардын ата-энелеринин тандоосуна ылайык окутуунун бирден бир формасы катары сакталууга тийиш, ошондой эле алар атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар үчүн, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана ата-энелерди колдоо үчүн ресурстук борбор болуп саналышы мүмкүн. Бул максатка жетүү үчүн атайын жана жалпы билим берүү системасынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү, атайын мектептердин инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, атайын мектептерде окутуунун жана консультация берүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу зарыл, ошондой эле атайын мектептердин базаларында атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга атайын кызматтарды көрсөтүү маанилүү (окутуучу, атайын билим берүү, реабилитациялык, адаптациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөр).

Просмотр содержимого документа
«(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 360 токтомуна) 2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ 1. Киришүү»

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 19-июлундагы
№ 360 
токтомуна)

2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!