№ | Сабактын этабы | Убакыт(мин) | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Окуучуларда катыптануучу компетенттүүлүктө | баалоо |
НК | ПК |
1 | Мотивация (шыктандыруу) | 2-3 | 1.Окуучуларды толуктоо 2.Жагымдуу маанай түзүү 3.Өздүк гигиена тууралуу сүйлөшүү | 1. Сабакка келбеген окуучуларды тактоого жардам беришет. 2. Жагымдуу маанай тузүугө өз салымдарын кошуп, сунуш киргизишет; | | | |
2 | Өтүлгөн теманы кайталоо (үй тапшырмасын бышыктоо) | 5- 8 | 1.Үй тапшырмасын текшерүү 2.Өтүлгөн теманы эске түшүрүү 3.Араб, латын жазуулары | 1.Үйтапшырмаларын көрсөтүшөт; 2.Берилген суроолорго жооп беришет; | НК-2 | ПК-3 | Оозеки баалоо |
3 | Теманы жана күтүлүүчү окуу натыйжаларын жарыялоо | 5 | 1.Теманы жарыялоо 2. Кыргыз эли колдонгон жазуулар. Орус жазуусу | 1.Мугалимге көңүл бурушат; | | | |
4 | Жаңы тема боюнча маалыматтарды берүү | 5 | Сталинди славян улуттары Кудайдан кем эмес көрүп, сыйлагандыгынын бир нече себептери ушул жерде жатат. Биринчиден, орустар Иосиф Жугашвилинин темирдей бекемдиги менен 2-Дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкенбиз деп эсептешет. Сталин — болот, бекем деген Ленин сыяктуу кошумча ат ушундан улам айтылып калган деген аңыз бар. Экинчиден, Союз курамындагы элдерде өз тили, өз жазуусу, улуттук баалулуктары ж. б. маселелер күч алып, жакындашуу аракеттери байкалып, улут тың чыкмалары баш көтөрө баштаган учурда алардын чарасын көрүп, тартипке чакырып коюу зарылдыгы жаралган. Буга 37-жылдагы сталиндик репрессия жана биз сөз кылып жаткан кирилл алфавити далил боло алат. Улуту орус болбосо да дили орус Сталиндин орустарга жасаган ат көтөрө алгыс кызматын ушул жерден байкоого болот. Репрессия элдин кыйындарын кырып, карапайым калктын жүрөгүнүн үшүн алат. Кирилл алфавитине жапырт өтүү — бийликти бир колго топтоп, каалагандай калчоого ыңгай түзүп берет. Союз урагандан кийин ар кайсыл мамлекет өз башынча эркин саясат жүргүзө баштайт. Мына ошондо латын жазуусуна кайрылып келүү жагы түрк тектүү элдерде эркин ой жүгүртүүнүн желаргысы менен кошо өзүнөн-өзү пайда болот. Бул ар кайсыл мамлекетте ар кандай убакта жана түрдүү көйгөйлөр менен коштолуп, ишке аша баштайт. | Окутуучуга көңүл бурушат; Өз оюн айта билишет; | НК-1 | | |
5 | Интерактивдүү көнгүүлөр, сабактын борбордук бөлүгү | 15- 20 | Окуу жана түшүнүү көнүгүүсү. Тексттерди таратуу Түшунгөнүн айтып берүү | 1.Көнүгүүлөрдү аткарышат.. 2. Текстти окуу жана тушунүү | НК-2 НК-3 | ПК-2 ПК-1 | 1.Өзүн-өзү баалоо 2.Топто баалоо 3.Түздөн-туз баалоо 4.Бири-бирин баалоо |
6 | Сабакты жыйынтыктоо, баалоо | 3 | 1.Өтүлгөн теманы айтуу 2.Ар бир окуучунун макаласын белгилөө 3.Активдүү окуучуларды атоо | Өз оюн билдиришет; Айтылып жаткан темаганы түшүнүп, диалогдорго катыша алышат; | | | 1.Окуучуну эмгегине жараша журналга баалоо |
7 | Үй-тапшырмасы | 2 | Текстти айтып берүү | 1.Берилген тапшырманы күндөлүккө белгилейт | | | |