СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили. Тактооч

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили боюнча слайд

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили. Тактооч»

 Сабактын темасы:  Тактооч

Сабактын темасы:

Тактооч

Бүгүнкү сабакта:  Тактооч, анын жасалышын, суроолорун билесиңер;  «Көп тил – бир дүйнө» деген тексти окуйсуңар тексттеги маалыматтарды дал келтиресиңер, аргументтейсиңер; Тилдин адам турмушунда  маанилүү экендигине  тыянак чыгарасыңар.

Бүгүнкү сабакта:

Тактооч, анын жасалышын, суроолорун билесиңер;

«Көп тил – бир дүйнө» деген тексти окуйсуңар тексттеги маалыматтарды дал келтиресиңер, аргументтейсиңер;

Тилдин адам турмушунда

маанилүү экендигине

тыянак чыгарасыңар.

Эне тилин билүү, көп тил билүү, акцент, үзүк – жулук Сабакта эмне тууралуу сүйлөшөбүз? Бул теманын алкагында сабакта дагы кандай сөздөр кездешет? Жазып алгыла.

Эне тилин билүү, көп тил билүү,

акцент, үзүк – жулук

Сабакта эмне тууралуу сүйлөшөбүз?

Бул теманын алкагында сабакта дагы кандай сөздөр кездешет? Жазып алгыла.

 Эне тили жөнүндө сүйлөшөбүз  Эне тил - ар бир улуттун өзүнүн тили.  Көп тил билүү – бир канча тил билүү ( мамлекеттик, расмий, чет тили)  Акцент – башка тилде сүйлөгөндө байкалуучу тыбыштык  өзгөчөлүк.  Үзүк - жулук – толук эмес, чала – була

Эне тили жөнүндө сүйлөшөбүз

Эне тил - ар бир улуттун өзүнүн тили.

Көп тил билүү – бир канча тил билүү

( мамлекеттик, расмий, чет тили)

Акцент – башка тилде сүйлөгөндө байкалуучу тыбыштык  өзгөчөлүк.

Үзүк - жулук – толук эмес, чала – була

Жергиликтүү адамдар колдонгон ар кайсы сөздөрдү жана түшүнүктөрдү аңдап билиш үчүн убакыт керек болду.  Тактооч Кыймыл - аракет  Канча? Качан? Кантип? Кайда? Кандай? Кыймыл - аракеттин ар түрдүү кырдаалы Эмне үчүн? Канчалык? Эмне максатта? Сүйлөмдөн кыймыл – аракетти жана кыймыл – аракеттин кырдаалын билдирген сөздөрдү аныктагыла.

Жергиликтүү адамдар колдонгон ар кайсы сөздөрдү

жана түшүнүктөрдү аңдап билиш үчүн убакыт керек болду.

Тактооч

Кыймыл - аракет

Канча? Качан? Кантип? Кайда? Кандай?

Кыймыл - аракеттин ар түрдүү кырдаалы

Эмне үчүн? Канчалык? Эмне максатта?

Сүйлөмдөн кыймыл – аракетти жана кыймыл – аракеттин кырдаалын билдирген сөздөрдү аныктагыла.

Кыймыл - аракет жана кырдаалды аныктагыла. Мен көпкө чейин жергиликтүү орусча  сөздөргө көнө албай жүрдүм. Туугандарыбыз менен чогулганда, биз жалаң кыргызча сүйлөшчүбүз. Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем да өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем.

Кыймыл - аракет жана кырдаалды аныктагыла.

Мен көпкө чейин жергиликтүү орусча

сөздөргө көнө албай жүрдүм.

Туугандарыбыз менен чогулганда,

биз жалаң кыргызча сүйлөшчүбүз.

Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем

да өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем.

Көп чекиттин ордуна тиешелүү тактоочту койгула. Кайсы бир кыргызча сөздү туура эмес айтсам ... түшүндүрүп беришет. орой,таң калуу менен, мыскылдоо менен, сылык, кубанып, чын дили менен ж.б.

Көп чекиттин ордуна тиешелүү тактоочту

койгула.

Кайсы бир кыргызча сөздү туура

эмес айтсам ... түшүндүрүп беришет.

орой,таң калуу менен,

мыскылдоо менен,

сылык, кубанып, чын дили менен ж.б.

Текстти окугула. Суроолорго жооп бериш үчүн Балдардын айткандарына кайрылгыла. 1- суроо: Эмне үчүн Элдияр кыргыз болсо да, кыргызча билбейт? Аргумент келтиргиле ._________________________________________ _____________________________________________________________ ______________________________________________________________ 2 – суроо: Женни кыргыз тилин кандай максатта колдончу эле? Туура жообун белгиле. А . Кыргыз тили үй – бүлөнүн жашыруун коду болчу. Б. Туугандары менен чогулганда гана сүйлөшчү. В. Кубанып же капа болгондо кытай тилинде сүйлөчү. Г. Кайсы жерде жашаса, ошол элдин тилинде сүйлөө үчүн.

Текстти окугула. Суроолорго жооп бериш үчүн

Балдардын айткандарына кайрылгыла.

1- суроо: Эмне үчүн Элдияр кыргыз болсо да, кыргызча билбейт?

Аргумент келтиргиле ._________________________________________

_____________________________________________________________

______________________________________________________________

2 – суроо: Женни кыргыз тилин кандай максатта колдончу эле?

Туура жообун белгиле.

А . Кыргыз тили үй – бүлөнүн жашыруун коду болчу.

Б. Туугандары менен чогулганда гана сүйлөшчү.

В. Кубанып же капа болгондо кытай тилинде сүйлөчү.

Г. Кайсы жерде жашаса, ошол элдин тилинде сүйлөө үчүн.

Эльдияр:  Мен көпкө чейин жергиликтүү орусча сөздөргө көнө албай жүрдүм. Башында такыр эле түшүнчү эмесмин. Азыркы кезде «баклашка» дегенди ким колдонот? «Скафнить» – муну ким ойлоп тапкан деги? Жергиликтүү адамдар колдонгон ар кайсы сөздөрдү жана түшүнүктөрдү аңдап-билиш үчүн убакыт керек болду. Адегенде мени: «Өзүң кыргыз болсоң да, кыргызча билбейсиң», – деп жемелегендер болду. Бул мен үчүн өтө жагымсыз эле. Анан өзүмчө ойлондум: билемби, билбеймби, айырмасы кайсы? Ар ким өзүнө ыңгайлуу болгон тилде сүйлөйт эмеспи. Азыр кыргыз тилин начар билем, негизинен оозеки кепти, болгондо да үзүк-жулук түрүндө түшүнөм. Жумушта мунун айынан кээде кыйналам, айрыкча келген киши орус тилинде сүйлөштөн баш тартып, кыргызча гана сүйлөп туруп алса, ушундай болом. Жумуштан башка чөйрөлөрдө эч кысынбайм.

Эльдияр:  Мен көпкө чейин жергиликтүү орусча сөздөргө көнө албай жүрдүм. Башында такыр эле түшүнчү эмесмин. Азыркы кезде «баклашка» дегенди ким колдонот? «Скафнить» – муну ким ойлоп тапкан деги? Жергиликтүү адамдар колдонгон ар кайсы сөздөрдү жана түшүнүктөрдү аңдап-билиш үчүн убакыт керек болду.

Адегенде мени: «Өзүң кыргыз болсоң да, кыргызча билбейсиң», – деп жемелегендер болду. Бул мен үчүн өтө жагымсыз эле. Анан өзүмчө ойлондум: билемби, билбеймби, айырмасы кайсы? Ар ким өзүнө ыңгайлуу болгон тилде сүйлөйт эмеспи.

Азыр кыргыз тилин начар билем, негизинен оозеки кепти, болгондо да үзүк-жулук түрүндө түшүнөм. Жумушта мунун айынан кээде кыйналам, айрыкча келген киши орус тилинде сүйлөштөн баш тартып, кыргызча гана сүйлөп туруп алса, ушундай болом. Жумуштан башка чөйрөлөрдө эч кысынбайм.

Женни:  Кытайда кыргыз тили биздин үй-бүлөнүн жашыруун коду болчу. Туугандарыбыз менен чогулганда, биз жалаң кыргызча сүйлөшчүбүз. Мен бала чагымдан кытай тилинде сүйлөп келем. Өтө толкунданып – кубанып же капа болуп – тургандагы сезимимди билдириш үчүн кыргызча сөздөрдү колдоном.

Кечинде атайын кыргыз тилиндеги гезиттерди окуйм, машинеде баратканда кыргыз тилдүү радиостанциянын берүүлөрүн угам. Үйдө жана көчөдө туугандарыбыз менен кыргызча сүйлөшкө аракеттенебиз. Өз тилиңди билбесең уят.

Соңку беш-алты жылдан бери тилге байланышкан кырдаал өзгөрдү. Кыргыздар эне тилинде сүйлөп калды, өз тили менен сыймыктана баштады. Бул абдан жакшы. 2006-жылы бул жакка келгенимде баары башкача болчу. Борбордук универсал дүкөнгө киргенибиз эсимде – кыргызча сурасак, кыргыздар орус тилинде жооп кайтарышкан эле. Кыргыз тилдүү кардарларга орус тилдүүлөрдөй дилгир мамиле жасалбаганы сезилип турчу. Кээде көңүл да бурбай коюшчу.

Кытайлык кыргыздар болгонубуздан, биз буга таң калчубуз, анткени эне тилди билүү – биз үчүн сыймык. Тилибиз өзүбүздү сактап калууга, туугандарыбыз менен мамилебизди үзбөй катышып турууга мүмкүндүк берет. Эне тилибизди билгенибиз үчүн өзүбүздү күчтүү сезчүбүз. Кыргызстанда эмне үчүн эне тилде сүйлөштөн тартынышат? Буга биз түшүнчү эмеспиз.

Паскаль.  Жергиликтүү майрамдарда бул жигит ырдаганда, Атабеков ырдап жаткандай эле баары бийлеп киришет. Мирбектин ырларын аткарса, зал тим эле толкуп кетет. Менин акцентим өтө эле катуу сезилип турат, көп сөздөрдү үйрөнө элекмин, бирок тегерегимдегилердин сүйлөгөнүн сопсонун эле түшүнөм. Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем да, өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем. Жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салтын сыйлайм. Кыргызча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп берем, анткени адамдар менен баарлашуум керек эмеспи. Кайсы бир сөздү туура эмес айтсам же таппай калсам, катамды өтө сылык түрдө оңдоп, түшүндүрүп беришет. Менимче, бир нече тилди билүү мээге абдан пайдалуу. Албетте, кыргызча саламдашканымда, айрыкча жумушта, адамдар таң калышат, бирок буга мен компоюп калбайм.

Паскаль. Жергиликтүү майрамдарда бул жигит ырдаганда, Атабеков ырдап жаткандай эле баары бийлеп киришет. Мирбектин ырларын аткарса, зал тим эле толкуп кетет.

Менин акцентим өтө эле катуу сезилип турат, көп сөздөрдү үйрөнө элекмин, бирок тегерегимдегилердин сүйлөгөнүн сопсонун эле түшүнөм.

Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем да, өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем. Жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салтын сыйлайм. Кыргызча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп берем, анткени адамдар менен баарлашуум керек эмеспи.

Кайсы бир сөздү туура эмес айтсам же таппай калсам, катамды өтө сылык түрдө оңдоп, түшүндүрүп беришет. Менимче, бир нече тилди билүү мээге абдан пайдалуу. Албетте, кыргызча саламдашканымда, айрыкча жумушта, адамдар таң калышат, бирок буга мен компоюп калбайм.

Тексттеги берилген ойлор ким тарабынан айтылгандыгын белгилегиле. Жообуңарды түшүндүрүп бергиле Ой Элдияр Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем да өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем.  Женни Өз тилин билбеген уят. Кардарлар кыргыз тилинде кайрылганда көңүл бурбай коюшчу. Паскаль Кѳп тил билүү мээге абдан пайдалуу. Кыргыз тилин начар билгендиктен жумушта кыйналам. Тилибизди билүү жакын адамдар менен мамилени үзбѳѳгѳ мүмкүндүк берет. Ар ким өзүнө жаккан тилде сүйлөйт. Тилибиз өзүбүздү сактап калууга жардам берет.

Тексттеги берилген ойлор ким тарабынан айтылгандыгын белгилегиле. Жообуңарды түшүндүрүп бергиле

Ой

Элдияр

Мен бул өлкөдө конок экенимди билсем да өзүмдү үйүмдөгүдөй эле сезем.

Женни

Өз тилин билбеген уят.

Кардарлар кыргыз тилинде кайрылганда көңүл бурбай коюшчу.

Паскаль

Кѳп тил билүү мээге абдан пайдалуу.

Кыргыз тилин начар билгендиктен жумушта кыйналам.

Тилибизди билүү жакын адамдар менен мамилени үзбѳѳгѳ мүмкүндүк берет.

Ар ким өзүнө жаккан тилде сүйлөйт.

Тилибиз өзүбүздү сактап калууга жардам берет.

«…Кыргызстанда эмне үчүн эне тилде сүйлѳштѳн тартынышат?» Эмне үчүн Женни бул суроого кайрылып жатат? Силер кандай ойлойсуңар? Ой бөлүшкүлө  

«…Кыргызстанда эмне үчүн эне тилде сүйлѳштѳн тартынышат?» Эмне үчүн Женни бул суроого кайрылып жатат? Силер кандай ойлойсуңар? Ой бөлүшкүлө

 

Авторлордун кимисине кошуласың (Эльдияр ,Женни же Паскальгабы). Каттардын мазмунуна таянуу менен тандооңду түшүндүр. Мен ... кошулам, анткени ... . Ошондой эле ... . Демек ... .

Авторлордун кимисине кошуласың (Эльдияр ,Женни же Паскальгабы). Каттардын мазмунуна таянуу менен тандооңду түшүндүр.

Мен ... кошулам, анткени ... . Ошондой эле ... .

Демек ... .

Төмөнкү ойлордун бирин тандап, анын айланасында ой жүгүрткүлө. Текст жазгыла Элдин өлбөстүгү анын тилинде. ( Ч. Т. Айтматов. ) Тил – бул элдин тарыхы. ( А. И. Куприн. ) Эне тилим-эне сүтүм (макал) 4. Өнөр алды кызыл тил (макал) 5. Мекенди сүйүү тил билүү менен гана чектелбейт. 6. Тил кадырын мекенден алыстаганда гана түшүнөсүң.

Төмөнкү ойлордун бирин тандап, анын айланасында ой жүгүрткүлө. Текст жазгыла

  • Элдин өлбөстүгү анын тилинде. ( Ч. Т. Айтматов. )
  • Тил – бул элдин тарыхы. ( А. И. Куприн. )
  • Эне тилим-эне сүтүм (макал)

4. Өнөр алды кызыл тил (макал)

5. Мекенди сүйүү тил билүү менен гана чектелбейт.

6. Тил кадырын мекенден алыстаганда гана түшүнөсүң.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!