СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили Туризм.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Туризм

Жаңы лексика: саякат, жолго, кызыгышат, суктанышат.

Сабактын максаты:

  • Саякат, жолго, кызыгышат,суктанышат  деген сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт, кайталап айтышат, сүйлөшөт, көнүгүү - машыгуу иштерин аткарышат.Кыргызстандын кооз жерлери менен таанышып, аларды атап бере алышат.

• Өз мекенинин жаратылышынын кооздугу, тарыхый жерлери менен сыймыктанышат.

• Ой жүгүртүүлөрү, эске тутуулары, таанып - билүүлөрү, элестетүүлөрү өнүгөт.

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу. Үй тапшырмасын текшерүү. 

Суроо - жооп иретинде өтүлгөн текст бышыкталат. Сын жана зат атоочтордон турган сөз айкаштарына мисалдарды келтиришет.

     Окуучулар " туризм деген эмне? " деген суроонун айланасында ойлорун айтып, " болжолдуу сүйлөмдөрдү " тактага жазышат.

1 - тапшырма. Жаңы лексика менен таанышышат. Схемаларды толуктап окушат, сөз айкаштарынын маанисин түшүнүшөт, жаңы лексиканы бышыкташат.

2 - тапшырма. Текстти окуу менен " туризм " деген сөздүн маанисин чечмелешет. " Болжолдуу сүйлөмдөр " менен салыштырышат. Кыргызстандын кооз жерлерин аташат. Мугалим алдын ала даярдап койгон сүрөттөр боюнча Сары - Челек, Арсланбап, Манастын күмбөзү, Бурана сыяктуу жерлер менен тааныштырат.

Бышыктоо. Окуучулар өз алдынча текст боюнча бири - бирине суроо берип, текстти бышыкташат.

1. Туризм деген эмне?

2. Туристтер эмнеге кызыгышат?

3. Кыргызстанга туристтер келип турушабы?

4. Алар Кыргызстандын эмнесине суктанышат?

5. Кыргызстанда кандай кооз жерлер, эстеликтер бар?

6.Силер турист болгуңар келеби?

3 - тапшырма.  Туурабы же туура эмеспи? тапшырмасы боюнча сабакта алган билимдери дагы бир жолу бышыкталат.

4 - тапшырма.  Берилген сүйлөмдөрдү окушат, аларды суроолуу сүйлөмдөргө айландырып жазышат (суроону белгиленген сөзгө бериш керек).

Үйгө тапшырма. Текст боюнча 5 - 6 суроо түзүп келишет

 

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили Туризм."


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!