СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты боюнча тесттер

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жана адабияты боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты боюнча тесттер»

1-чейректеги өтүлгөн темаларды жыйынтыктоо.

Окуучунун аты-жөнү:____________________________________________


1.Кыргыз кол жазма адабиятынын өкүлдөрү:

А)Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо

Б)Т.Сатылганов, Б.Алыкулов, Б.Солтоноев

В)Молдо Нияз, Жеңижок, Токтогул ырчы.


2.1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган акынды белгиле.

А) Молдо Кылыч б) Нурмолдо в) Молдо Нияз

3.Балачылык – мастыкта,

Жаңы өспүрүм жаштыкта.

Барбаган жерим калбады,

Аркада калган марттардын,

Албаган жерим калбады.

Көздүн нуру барында,

Көрбөгөн жерим калбады. Ыр саптары кимге таандык?

Жооп жаз:_______________________________________________________

4. Молдо Ниязды акын катары илимге тааныткан профессор:

А)Б.Юнусалиев б) В.Радлов в) А.Твардовский

5. “Ак бети айдын жүзүндөй,

Көздөрү чилги жүзүмдөй.

Чачы кара кундуздай,

Сааркы Чолпон жылдыздай”. Кимдин ыры? Кайсы чыгармадан?

А) Б.Алыкулов “Мөлмөлүм”.

Б) Молдо Нияз. “Даткайым”

В) Т.Сатылганов “Алымкан”


6. “От болуп чыккан жашынан, оттой күйгөн башынан” деп Коргоол ырчы ким жөнүндө айткан? Жооп: ____________________________________________________________


7.”Жериңи сатканың

Элиңи сатканың.

Келечегиңи атканың”.Бул нуска сөздөр кимге таандык?

А) Нурмолдо б) Токтогул в) Манас


8.Нурмолдо кайсы тилдерди билген? Жооп жаз:________________________________________________________________________


9. Дал келтир:

1.Молдо Нияз

А)1866-1917

Жооп жаз:

1.

2.Нурмолдо

Б)1860-1942

2

3.Молдо Кылыч

В)1838-1920

3

4.Тоголок Молдо

Г)1823-1896.

4.

10.Салыштыруу.

Молдо Кылыч

Молдо Нияз









11.Молдо Нияздын адабий мурасына тиешелүү канча кол китеби болгон?

А) 6 б) 3 в) 4

12. Казыбектин адабий мурасын топтоп, бүгүнкү күнгө жеткирген инсанды белгиле.

А)Тоголок Молдо б) К.Жусупов в) Исабеков Болотбек

13. Кыргыз тилинде китеп болуп чыккан биринчи көркөм чыгарма:

Жооп жаз:_________________________________________________________

14. Венндин диаграммасы.


Тоголок Молдо

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Нурмолдо акын

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________









Окшоштугу

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________







15. Молдо Кылычтын чыгармачылыгындагы өзгөчө бөтөнчөлөнүп турган, элдик эпостун табиятына жакын “Буудайык” чыгармасы адегенде кимдин оозунан жазылып алынган7

А)Койлуу Түкөлөй б)Б.Юнусалиев в)Т.Саманчин

16.Замандын бузулушун, диндин бузулушун , салт-санаанын бузулушун Молдо Кылыч .................... түшүндүрөт?

А) жаштардын билимдүү болушу менен

Б) аксакалдардан ыйман кетиши менен

В) жаштардан ыйман кетиши менен

Г) “орус капырынын “ келиши менен

17. “Бүркүттүн тою”- бай-манаптардын берген той-аштарынын калың букара элге келтирген жабырчылыгына тамсил түрүндө көрсөткөн аллегориялык-сатиралык поэма”. Ким чыгарманы ушундайча баалаган?

А) Т.Саманчин б)Б.Юнусалиев в) М.Ауэзов

1

___________________________________________

8. Кластер түз:

______________________


19. 1993-жылы ноябрь айында кыргыз коомчулугу Молдо Нияз жазмачы ырчынын

........... жылдык мааракесин кеңири белгилеген.

А)170 Б)180 В) 200





20. Молдо Кылычтын “Буудайык” чыгармасына адабий талдоо жүргүзөбүз:

Чыгарманын автору жана аталышы

Негизги сюжетин түзүү

Чыгармада автордун берейин деген ою

Чыгармадагы поэтикалык –көркөмдүк каражаттар
















2-чейректе өтүлгөндөр темаларды жыйынтыктоо.

Кыргыз адабияты 10- класс.

Окуучунун аты-жөнү:____________________________________________


  1. Кыргыз элинин эң биринчи тарыхчы-окумуштуусунун атын жаз.

___________________________________

  1. Кыргыздан мындай болбогон,

Марттыгынын чеги жок.

Артык эле болжолдон,

Ажал тагдыр келген соң,

Баатыр кетти жалгандан.

Кутулууга себеп жок,

Ажал өлүм алгандан”. Кимдин чыгармасы? Кайсы улуу тарыхый инсан жөнүндө баяндалып жатат?

Жооп:_______________________________________________________

  1. Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу эмгектин автору.

А) О. Сыдыков б) Б.Солтоноев в) Казыбек Мамбетимин уулу

4. Б.Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхын” кайсы жылдар аралыгында жазып бүткөн?

А) 1895-1934-ж.

Б)1875—1940-ж

В)1919-1922-ж

5. ......... беттен турган, ....... тамгасы менен жазылган, автордун ...... жылдан ашуун убактысы арналган чыгарма:

А)616 /латын/ 60 “Кызыл кыргыз тарыхы”

Б) 616/араб/40/ “Кызыл кыргыз тарыхы”

В) 615/ араб/ 40/ “Шабдан казалы”

6.Дал келтир.

Б.Солтоевдин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча.


1.1878-1938-ж

А) “Румкан” поэмасын жазган.

Жооп:

1.

2.1919-1922-ж

Б) Жашаган жылдары

2

3.1925-1936-ж

В)Кызыл Армияда кызмат өтөйт

3

4.1895-1934-ж

Г)Фрунзедеги илим-изилдөө институтунда иштеген жылдары

4

5.1936-ж

Д)“Кызыл кыргыз тарыхы” чыгармасын жазган.

5

7. К.Тыныстановдун өмүр жолу боюнча суроолорго жооп беребиз.


1.К.Тыныстанов окуп, бутургөн жогорку окуу жайы:____________________________________________________________

2.Болочоктогу илимпоз алгач кайсы мектепте окуп, билим алган?____________________________________________________________

3.Илимпоздун уул, кыздары кимдер?_____________________________________________________________________________________________________________________________

4.К.Тыныстанов толугу менен качан акталып, партиялык билети жана илимпоздук ишмердүүлугү калыбына келтирилген?_______________________________________________________

5.”Эл душманы” деген жалган жалаа жабылып, К.Тыныстанов качан атылды?___________________________________________________________

6.К.Тыныстанов жубайы Турдубүбү менен канча бала тарбиялап өстүрдү?______________________________________________________________________________________________________________________________

7.Элдин сабаттуулугун жойгон илимпоз канча жашынан баштап, агартуу майданындп иштеп баштаган?________________________________________________________

8.К.Тыныстанов “Манас”үчилтигин кайсы манасчыдан жазып алган?___________________________________________________________

9.К.Тыныстановдун алгачкы жарык көргөн ыры кандай аталат?_________________________________________________________

10.Касым адегенде ырларын кайсы тилде жазган?_________________________________________________________

8. К.Тыныстановдун .... саптан турган поэмасы.

А) 600 б) 620 в) 700

9.К.Тыныстановдун “Жаңыл Мырза” поэмасын талдоо.

Чыгарманын негизги сюжетин түзүү

Каармандарды мүнөздөө

Автордун берейин деген негизги ою

Түлкү баатыр эмнеден жаңылган?

Жекече пикир















10. “Таңды –кеч ойлоп тарыгам,

Талыкшып жаным талыгам.

Амалым жок кол кыска,

Ойлонуп жатып зарыгам....

Көңүлдү койдум абыдан,

Күзөткөн максат жагынан” . Ыр саптары кимге таандык?

А) М.Элебаев б)К.Жантөшев в) А.Токомбаев

11. “Узак жол” чыгармасынын жанры.

А) автобиографиялык чыгарма б) тарыхый чыгарма в) ода

12. М.Элебаевдин “Узак жол” повестиндеги окуялар кайсы учурду чагылдырат?

А)1930-1940-ж

Б)1915-1925-ж

В)1950-1960-ж

13.А.Токомбаевдин псевдоними:

А) Абдрахманов Байымбет б) Үмүт в) Балка

14. А.Токомбаевдин сүйүү темасындагы ырларына мисалдарды келтирип жаз:

___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________




2021-2022-окуу жылынын

3-чейреги учун тесттик тапшырмалар. .

Окуучунун аты-жөнү:________________________________________

1..Бул саптар кайсы акын жөнүндө?"Анын ыры таттуу тилдуу бала эле, Бул замандын чын суйуктуу жаны эле". 

А)К.Маликов б)Ж.Бөкөнбаев В)А.Токомбаев

2.Ж.Бөкөнбаевдин жаш кезинен аздектеген акыны ким болгон? *

А)Токтогул Б)Тоголок Молдо В)Барпы

3.."Ажал ордуна" драмасында биринчилерден болуп Зулайканын ролун ким аткарган? 

А)С.Кийизбаева б)Б.Кыдыкеева в)А.Куттубаева

4..Искендер, Бектур, Зулайка кайсы драманын каармандары, аныкта 

А)"Өлбөстүн үрөнү" Б)"Кундун чыгышы" в)"Ажал ордуна"

5.Жарык дүйнөдө 33 жыл гана жашап, Мекенди коргоп, дүйнодөн кайткан, орошон талант инсанды белгиле .

А)Мукай Б)Жусуп В)Жоомарт

6."Жоо этектеп алды го, кан чеңгелин салды го. Эми айла не болот, эл эсинен танды го, балдар...." Кимдин сөзү, кайсы драма? 

А)Максуттун "Ажал ордуна" б)Каныбектин "Каныбек"

В)Бектурдун "Ажал ордуна"

7..Учей-Фуга жарым чейрек жугөру унга сатылган кыргыз кызы ким? 

А)Чынар б)Зулайка в)Ажар

8.."Ажал ордуна" драмасы кайсы жылы Москвада өтүлгөн декадада коюлган?

А)1934-ж б)1939-ж в)1935-ж

9.Ж.Турусбековдун "Ажал ордуна " драмасы кайсы жылы жазылган? 

А)1934-ж б)1939-ж В)1935-ж

10."Ажал ордуна" драмасындагы эл жугун аркалаган оң каарманды белгиле 

А)Максут б)Бектур в)Искендер

11. ”Улам алыс, арышым бек чоюлбайт,

Такам болот, тамандарым оюлбайт.

Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу

Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт”,-деген саптарда А.Осмонов кайсы жер жөнүндө айтып жатат жана бул чыгарма кандайча аталат?

А)Дарыланып жүргөн Койсары курорту жөнүндө , “ Койсары”

Б)Сүйгөн шаары Фрунзе жөнүндө, “Фрунзем”

В) Туулган айылы Кайыңды жөнүндө, “Кайыңды”.



12.АОсмонов кайсы жылы кыздуу болгон? А)1942-ж б) 1943-ж В) 1945-ж


13.Түшүмдөй бир муң күндү элестетем,

Ал элес жаш жүрөккө баткан белем.

Жүрөктүн ошондогу тагын алып,

Ар кимдин жүрөгүнө сүртүп кетем” .Бул ыр саптары кайсы жазуучуга таандык?

А) А.Токомбаев б)Ч.Айтматов В) К.Жантөшев


14. “Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,

Толкуса толкунуңа тең ортокмун

Дүйнөдө канча жолдош күтсөм дагы

Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун”,- деген ыр саптары кайсы чыгармадан алынган, автору ким?

А) А.Осмонов. “Майдын түнү” б)А.Осмонов “Махабат” в) А.Осмонов. “Жеңишбек”

Г) А.Осмонов. “Ысык-Көлдө төрт мезгил”

15. Кыргыз адабиятындагы алгачкы чыккан китептердин хронологиялык тартибин белгиле.

а) «Ажал ордуна» драмасы, Ж. Турусбеков;

б) «Ажар» повести, К. Баялинов;

в) «Кандуу жылдар», А. Токомбаев

г) «Эрксиз күндөрдө», С. Карачев.

Туура жообу:___________________________________________________________________

16. "Каныбектин" жанрдык табиятын белгиле

А)тарыхый

Б)илимий-фантастикалык В)социалдык-турмуштук

17.”Балбай” поэмасында кайсы мезгилдеги окуялар сурөттөлөт?

А)19-кылымдын 1-жарымында

Б)19-кылымдын 2-жарымында

В)коллективдештируу жылдары

18.Балбай баатыр кайсы уруудан, качан жарык дүйнөгө келген?

А)Бугудан, 1791-ж

Б) Сарыбагыштан, 1760-ж

В) Солтодон, 1800-ж

19.”Балбайдагы” Ормондун кунун кууган ким?

А) Төрөгелди

Б) Зарыпбек

В) Боромбай

20.Балбай баатырды чыккынчылык менен ким кармап берген?

А) Матай б) Зарыпбек уулу Кучук в) Жусуп уулу Молдосан г) Өмур

21. “Улуу трагедия – улуу чындык” аттуу баш сөз менен жазылган чыгарма.

А) “Кандуу жылдар” б) “ Ажал ордуна” в) “ Балбай”

22.”Каныбек” романында кайсы мезгилдеги окуя сүрөттолот?

А) 19-кылымдын жарымынан тартып, 20-кылымдын 20-жылдарына чейин

Б) 20-кылымдын 30-жылдары

В) 19-кылымдын орто чени

23. Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, көркөм чыгарманын сюжетинин мүнөздөмөсүн такта: адабий чыгарманын сюжетин …, окуянын башталышы, өнүгүшү, … чечилиши жана … түзөт.

а) эпилог, пролог, чиелениши; б) пролог, чиелениши, эпилог; в) эпилог, чиелениши, пролог; г) пролог, эпилог, монолог

24. Балбай баатырды портреттик жактан мүнөздө:

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


Тапшырмаларды даярдаган пред.муг: ___________________________




Кыргыз адабияты 10-класс.


4-чейректе өтүлгөн чыгармаларды жыйынтыктоочу тесттик тапшырмалар.


Окуучунун аты-жөнү:_________________________________________________________


1.”Эстүү кыз Күлшайы аттуу биздин жээн,

Касымга ашыклыгын билдирбеген.

Ашыгы кан майданга жөнөгөндө,

Ичинен бакыт тилеп жаш ирмеген”. (Кимдин чыгармасы, чыгарманын аталышы)

А)А.Осмонов “Майдын түнү”

Б)А.Осмонов “Махабат”

В)М.Алыбаев “Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө”.

2. “Зарема апанын эскерүүсүндө бул акын абдан кесипкөй сүрөтчү болгон экен, анын сүрөтчүлүк өнөрү кызына өткөн”. Ким тууралуу айтылып жатат?

А)Б.Сарногоев б) Р.Шүкүрбеков в)М.Алыбаев

3. Р.Шүкүрбековдун “Акындын үмүтү” аттуу драмасы кимге арналган?

А) Мидинге б) Токтогулга в)Байдылдага

4. Б.Сарногоевдин “Ашуудан берген отчетум” качан, кандай сыйлыкка татыган?

А)1987-ж. Нобель сыйлыгына

Б)1986-ж. Ж.Бөкөнбаев атындагы сыйлыкка

В)1986-ж.А.Осмонов атындагы сыйлыкка

5. “Б.Сарногоев ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган нукура таланттардын бири”. Кимдин сөзү?

А)К.Даутов б)А.Токомбаев в)К.Жусупов

6. “Хосров жана Ширин” кимдин чыгармасы?

А)Г.Низами б)Э.Хемунгуей в) А.Осмонов

7. “Чал жана деңиз” качан жарык көргөн? Башкы каармандар кимдер?

А)1952-ж. Манало жана Сантьяго

Б)1951-ж. Куба жана Червьяков

В)1952-ж. Куба жана Сантьяго

8. “Туурабай чардаганын бакалардын,

АР бириң өз алдынча атак алгын.

Учкула уяңардан перзенттерим

Силердин атаңармын, апаңармын”. Кимдин сөзү?

А)М.Алыбаев б)А.Осмонов в)Б.Сарногоев

9. 2004-жылы 19-ноябрда дүйнө салган акыныбыз:

А)М.Алыбаев б)Б.Сарногоев в)Р.Шүкүрбеков

10. Көркөм чыгарманы талдоо.










Э.Хемунгуей . “Чал жана деңиз”.


Чыгарманын негизги сюжети

Образдар менен иштөө

Негизги идеясы

Жекече пикир


















11. Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп, туура же ката экендигин далилде.

Ырастоолор.

Э.Хемунгуейдин “Чал жана деңиз” повести боюнча.


Ырастоолор

Туура

Ката

Адам жеңилиш үчүн жаралган эмес, адам адамды өлтүрүп жок кылууга болот, бирок аны жеңүүгө болбойт”.



Чыгарма 1952-жылы жазылган.



Сантьяго сексен төрт күн бою жакшы олжо кармаган.



Акырында жырткычтар менен кармашууда бала жардамга келе калды.




12. 1954-жылы дүйнөдөгү эң мартабалуу Нобель сыйлыгына татыктуу болгон жазуучу:__________________________________________________














________________________окуу жылынын

1-чейреги учун тесттик тапшырмалар.

Окуучунун аты-жөнү:________________________________________

  1. Жайдын толгон кези, жылдыздар өңунө чыгып, алаканга салгандай нур төгүп, бүлбүлдөгөн күмүш кырчоо чалып, асмандын капталы , кири жок жадырап карашат, коңур жытын лепилдетип, шыраалжын буруксуп, эңги-деңги мас кылгансыйт”. Сүрөттөөнүн кайсы түрү?

Жооп:___________________________________________________________

  1. Ч.Айтматовдун “Делбирим” повестиндеги Аселди мүнөздөп, сүрөттөө текстин түз.

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

  1. Программа, устав . Иш кагазынын кайсыл түрү:

А) расмий иш кагаздары б) расмий эмес иш кагаздары

4.Илимий стилде аткарылуучу практикалык иштер.

А) реферат, конспект, цитата

Б)арыз, тил кат, өмүр баян

В)программа, устав, иш план

5.Рефераттын түзүлүү бөлүмдөрү:

Жооп:__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________





6. Репортаж – коомдогу болуп жаткан окуяны түз алып көрсөтүү.

Үлгү: Спорттук мелдеш.

Урматтуу күйөрмандар!

Биз азыр Бишкек шаарындашы Улуттук компьютердик гимназиянын спорттук аянтында турабыз. Бүгүн 1-ноябрь, 2021-жыл. Саат 15.00. (улантып жаз)

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

7. Үнсүздөрдүн жасалуу ордуна карай бөлүнүшү боюнча таблицаны толтур.

1.Уччулдар


2.Орточулдар


3.Түпчүлдөр


4.Кош эринчилдер


5.Эрин-тишчилдер




8. Үнсүздөрдүн жасалуу ыгына карай бөлүнүшү боюнча таблицаны толтуруу.

Жарылмалар


Жылчыкчылдар


Мурунчулдар


Капталчыл


Дирилдеме



9. Текст менен иштөө:

БЕШИК ТОЙ –БЕШИККЕ САЛУУ

Наристенин төрөлүшү –ошол үйдүн абдан чоң кубанычы. Бешик той берилет. Бешик тойго колдо бар мал союлат. Тойго чакырылгандар мал, көйнөк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот. Адатта баланын таеке тарабы бешик алып келет. Бешиктеги төшөнчү-орончусун жасалгалап, шимегин кошо ала келет.

Байбичелер дасторконго отуруп даам сызган соң баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн кылышат. Бешик менен шимекти майлап, арча менен «аластап» алат. Байбичелер оң-сол, чүкөлөрдү бешиктин баш жагынан көтөрүп эңкейтип, «оң бол», «оң бол» -дегенде, ал чүкөлөр күлтүгүнө түшүп кетет. Чүкөнү алып, колдорун тийгизип ырымдашкан соң, наристени бешикке жаткырышат.

-«Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» -дешип баланы бешикке таңышып, үстүнө жапкан жууркан-төшөгүн апасына карматат. Апасы бешикти көтөрүп алып, төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер бата берип, алкашат. Анан бешик терметилет.

Бешик –ыйык буюм. Анда бул жарык дүйнөгө келген наристе жатат. Баланын тазалыгы, организминин ойдогудай өсүшү үчүн бабалардан калган таберик. Ал көчүп-конууга да ылайыкташкан.

1.Жогорудагы текстти жакшы окуп, тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөздөрдү таап жазгыла.____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. Кош эринчил, уччулдар, эрин-тишчилдер катышкан сөздөрдү бөлүп жазып, алдын сызып, белгилеп көрсөткүлө:______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

10. Үндүүлөрдүн тилдин жана эриндин катышына карай ээрчишип, окшошуп айтылышы......

А)фонетика б) фонема в) үндөштүк мыйзамы

11. Алфавиттеги жайгашкан тыбыштардын катар номердеги тартиби боюнча сөз чыгаргыла.


14

23

4

1

13

10

14









Үнсүздөр:

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________


1

Үндүүлөр:

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.






















Кыргыз тили 10-класс. 2-чейрек үчүн тесттик тапшырмалар

Окуучунун аты-жөнү:_________________________________________________________


Кыргыз орфографиясынын жалпы эрежелер системасы.

1.Сүйлөмдөрдүн арасынан туура эмесин тап.

А) Сур эчкилер таштан-ташка секирип, сайран куруп жүргөн.

Б) Аксана айылды сагынып, кусалыгы артып келе жатты.

В) 31-август-Кыргызстандын “Эгемендүүлүк” күнү.

2.Туура, орфографиянын нормасында жазылган сөз тизмеги:

А)”Сынган кылыч” романы, Арад Деңизи, Адам ата.

Б) демократия, капитализм

В) “Эркин-Тоо” гезити, Кыз-Сайкал, Эр Төштүк

3. Туура жазылган сөздү белгиле.

А)ничке, киет, ырахмат

Б)ичке, кийет, рахмат

В) ичке, киет, ыракмат

4. Кайсы сөздү ташымалдоого болбойт?

А)Ч.Айтматов б) китепканага в) мектеп

5. Орфография.......

Жооп:__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

6. –нын мүчөсүнүн 12 вариантка өзгөрүшүнүн жазылышы кайсы принципке негизделген?

А) фонетикалык б) морфологиялык

7. Уңгу сөздөрдүн бир түрдүү жазылышын камсыз кылат.......

А) фонетикалык б) морфологиялык принцип

8. Экөө, мага, орду, балдар . Жогорудагы сөздөрдүн уңгуларын жаз:

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

9. Туура жазылган айтылуу элдик ысымды белгиле.

) Шабдан-Баатыр

Б) Шабдан баатыр

В)Шабдан Баатыр

10. Минск..... , факт....., нефть...... Жогорку сөздөргө чекиттин ордуна кайсы катардагы мүчөлөрдү ырааттуу түрдө уласак, туура болот?

А) –иге, -ыга, -ке

Б)-ге, -га, -ге

В) –ике, -ыга, -иге

11. Орфографиялык катасы болгон сүйлөмдү белгилегиле.

А) Баарыбызды калтаарыткан үстүбүздөгү сур дүйнө эки дөөнүн чатагын да өчүрдү.

Б)Жалан гана төрт менен бештерге окуйбуз

В)Ошол окуядан бир топ күн кийин төртөөбүз жолукпадыкпы.

12.Сөздүн көп маанилүүлүгү жөнүндө илим......

Жооп:_______________________________________________________________________




Кыргыз тили- 10-класс. 3-чейрек үчүн тесттик тапшырмалар.

Окуучунун аты-жөнү:__________________________________________________________



1.Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилерин түшүндүр:

Өмүр – 1.лексикалык мааниси.2.Грамматикалык мааниси_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. Баткенде өтө сейрек кездешүүчү “Айгүл” деген кооз гүл өсөт.Баткендин өрүкзарын элестетип көңүлүң көтөрүлө түшөт. Бах! Өрүгүнүн даамычы, жүзүмү, пахтасычы! Пай-пай! Табигаттын берген белегин карачы!

Текстте кандай маани берилди?

Жооп:________________________________________________________________________

3..Түз жана өтмө маанидеги сөздү таап көргүлө:

Түнкү асмандагы жайнаган жылдыздар биринен бири өтүп көз ымдашат.

Анын иши жүрүшүп, жылдызы жанып, аты эл оозунан түшпөй турган убагы.

________________________________________________________________________

4.Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн тутумундагы белгиленген сөздөрдүн синонимдерин жана антонимдерин тапкыла.

Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен ар убак даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада-салты, эмгеги, эрдиги, тарыхы болот эмеспи.

Кыргызстандын эң баалуу мурасы – бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси.

Ар убак (синонимин)_________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Касиеттүү (синонимин)_________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Назик (антонимин)_________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Насаат сөз (антонимин) ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


5.Төмөндөгү фразеологизмдердин жана макалдардын маанилеш эквиваленттерин тапкыла.

1.Көз жаздыгында болуу_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Сырын тартуу_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Өпкөсү казанбактай болуу_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________


6. Текст менен иштөө

Улуу инсанды эскерели.

...Кийинки муун өткөн мезгилди, заманды, тарыхты, адамдарды Т.Сыдыкбеков сыяктуу алдыңкы муундагы жазуучулардын чыгармаларынан окушту, көркөм-эстетикалык асеминен таалим алышты. Акыл-насаатын угуп, чыгармачылыгын үйрөнүштү, өсүштү. Агалардын эки ооз жылуу сөздөрү алардын чыгармачылыгына, жашоосуна демөөр берди. Улуу муундун ийгилигинен да, мүчүлүштүгүнөн да сабак алышты. Ал эми Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыктагы эрдиги, көркөм чеберчилиги – кийинки муунга суктанарлык үлгү экендиги талашсыз. Т.Сыдыкбеков – адабият майданында жеринен жөнөкөй жана татаал чыгармачылык жолду тандап алып, элдик духтун зыйнатында, нугунда жүрүп, ошол элдин ой жүргүзүүсүн, жосунун, тиричилигин көрсөтүүдө аша чаппай, чындыкты чагылдырып, нукура элдик тил менен тамаша-азил аралаштырып, кейипкерлердин кулк-мүнөзүн кашкайта ачып алган, бир калыпта аккан, соолбос булакка окшоп, кесипти тунук сактап келаткан сырдана, сөз чебери.


1.. Жогорку текстте фразеологизмдер барбы? Эгер бар болсо, аларды көрсөтүп, жанына чечмеленишин жазгыла. _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________

2.Жогорку текстте диалектилик сөздөр барбы? Эгер бар болсо, ал сөздөрдү көрсөтүп, жанына адабий тилдеги эквиваленттерин жазгыла. _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________


7. Таблица менен иштөө.

Толук синонимдер

Толук эмес синонимдер

Контексттик синонимдер
















8. Таблица менен иштөө.

Толук антонимдер

Толук эмес антонимдер

Контексттик антонимдер











9.Табу......

А)тергөө сөздөрү б) одоно сөздөрдү сылык айтуу в) вульгаризм

10. Антонимдердин көркөм каражат катары колдонулган түрү:

А) энантиосемия б) эвфемизм в) оксюморон

11. Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романында кездешүүчү тарыхый сөздөр:_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

12 Энчилүү аттар жөнүндөгү илим.....

Жооп:________________________________________________________________________



























Кыргыз тили- 10-класс.

4-чейректеги өтүлгөн материалдарды бышыктоо.

  1. Этиш сөздөрдүн түзулүшү боюнча бөлүнүшү.

Жөнөкөй этиш

_______________________________________________________________________________________________________________________

Татаал этиш

________________________________________________________________________________________________________________________________________










2.Этиштин татаал формаларынын жасалышы:

А)этиштердин айкашуусу аркылуу, этиш менен жандоочтордун айкашуусу, этиш+экен, эле, бейм аркылуу

Б) ыңгай жана мамиле аркылуу

В) өткөн чак аркылуу

3. Этиштин татаал формаларынын мааниси жактан бөлүнүшү:

А)жөнөкөй, татаал б) негизги, жардамчы в)чакчылдар, атоочтуктар

4.Кайрадан эл тынчый түштү. Жардамчы этиш..

А)кайрадан б) тынчый в) түштү

5. Текст менен иштөө. Баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкчанын коюлушу.

( Баш мүчөлөрдүн арасына сызыкчаны койгула)

Дүйнө улуу жол, заман соккон жел. Алдыдагы толкун агалар, арттагы толкун инилер.

Жакшы келсе кут, жаман келсе жут. Күрөштүн максаты жеңиш.

6. Орфографиянын эрежелерине таянып, төмөнкү сөздөрдү туура, туура эместигин аныктагыла.

Эштеке, жаңгыз, балчык, пейил, бейил, мобу, барыктуу, былтыры, мынтык, чайыттай, найза, жаңылмач, жаңылтмач, сөөлжан, улуксат, текшерүү, айтор,сөзсүз,обон

Туура жазылган сөздөр

Туура эмес жазылган сөздөр









7. Туура жазылган вариантты тапкыла.

А) Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги

Б) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

В)Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги

8. Туура жазылган вариантты тапкыла.

А)актга, актыда

Б)Мискиге, Томскиден

В) нефтиге, банкка

9. Схема менен сүйлөм түзөбүз.

1.А: “ Т”.________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.”Т”,- а._________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

10.Тил илими ......

Жооп жаз:____________________________________________________________________



Тапшырмаларды даярдаган кыргыз тили, адабияты мугалими : _____________________________________________________________________________



Жооптор барагы. 10-класс. Кыргыз адабияты

1-чейрек


2-чейрек


3-чейрек


4-чейрек


1.

А

1

О.Сыдыков

1

Б

1

Б

2

В

2

О.Сыдыков. “Шабдан баатыр” казалы. Шабдан баатыр ж.дө

2

А

2

В

3

Молдо Нияз

3

Б

3

В

3

Б

4

А

4

А

4

В

4

В

5

Б

5

Б

5

Б

5

А

6

Нурмолдо

6

1.б

2.в

3.г

4.д

5.а

6

В

6

А

7

А

7

Төмөндө

7

Б

7

А

8

Араб, фраси, түрк, чагатай

8

А

8

Б

8

В

9

1.г

2.в

3.а

4.б

9

****

9

А

9

Б

10

*****

10

А

10

В

10

****

11

В

11

А

11

В

11

1-v

2-v

3-?

4-?

12

В

12

Б

12

А

12

Э.Хемунгуей

13

М.Кылыч. “Кысаи Зилзала”

13

В

13

А



14

*****

14

*****

14

В



15

А



15

1).б.г.

2)а

3)в



16

Г



16

В



17

А



17

Б



18

*****



18

А



19

А



19

А



20

*****



20

Б



21




21

А



22




22

А



23




23

Б



24




24

*****



Кыргыз адабияты-10-класс. 2-чейректин 7-суроосунун жообу:

1.К.Тыныстанов окуп, бутургөн жогорку окуу жайы: Жообу: Ташкендеги Казак-кыргыз агартуу институту

2.Болочоктогу илимпоз алгач кайсы мектепте окуп, билим алган?Жообу: диний мектептен.

3.Илимпоздун уул, кыздары кимдер?Жообу: Уулдары Теңдик, Эркиндик, кыздары Бирдик, Кишимжан

4.К.Тыныстанов толугу менен качан акталып, партиялык билети жана илимпоздук ишмердүүлугү калыбына келтирилген?1988-жыл.

5.”Эл душманы” деген жалган жалаа жабылып, К.Тыныстанов качан атылды?1938-жыл, 7-ноябрь

6.К.Тыныстанов жубайы Турдубүбү менен канча бала тарбиялап өстүрдү? 2 кыз, 2 уул

7.Элдин сабаттуулугун жойгон илимпоз канча жашынан баштап, агартуу майданында иштеп баштаган? 24 жашында

8.К.Тыныстанов “Манас”үчилтигин кайсы манасчыдан жазып алган?С.Каралаев

9.К.Тыныстановдун алгачкы жарык көргөн ыры кандай аталат? Жообу: “Ала-ТОО”

10.Касым адегенде ырларын кайсы тилде жазган? Жообу: казак тилинде

11.К.Тыныстановдун “Касым ырларынын жыйнагы” деген китеби качан, кайдан жарык көргөн?

Жообу: 1925-жыл, Москвадан

12.К.Тыныстанов эмне себептен Ташкенттеги окуусун үзгүлтүккө учураткан?

Жообу: Кургак учук оорусу менен ооруп калган.

















1-чейрек


2-чейрек


3-чейрек


4-чейр.


1

Жаратылыштык сүрөттөө

1

В

1

****

1

****

2

****

2

Б

2

Эмоционалдык

2

А

3

А

3

В

3

****

3

Б

4

А

4

А

4

***

4

В

5

****

5

****

5

Төмөндө

5

***

6

****

6

А

6

****

6

***

7

****

7

Б

7

****

7

Б

8

****

8

Эки, мен, орун, бала.

8

*****

8

В

9

****

9

Б

9

А

9

***

10

В

10

В

10

В

10

Лингвистика

11

Мугалим

11

Б

11

****

11


12

*****

12

полисемия

12

ономастика

12










Кыргыз тили- 10-класс. 3-чейрек.5-суроонун жообу:

Көз жаздыгында болуу- көз алдында , көз айыгында болуу, байкап туруу.

Жолдун тыягына бир, быягына бир чуркап ээрчий келаткан Окжетпес баятан Даниярдын көз жаздыгында болду.

Сырын тартуу- кимдир бирөөнүн ички оюн билүүгө аракет кылуу, көңүлүн, оюн билүүгө аракет кылуу, астыртан байкоо жүргүзуп көрүү.

Канчалык Берметтин сырын тарткысы келсе да, ал аркети эч ишке ашар эмес.

Өпкөсу казанбактай болуу- бирөөгө катуу таарынып калуу, нааразы болуу.

Ызасына чыдабай өпкөсү казанбактай болуп, Күлчоро ары Долонтудагы туугандарыныкына качып кеткен.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!