СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын социалдык экономикалык

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз мамлекетинин социалдык экономикалык абалы 

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын социалдык экономикалык»

XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы Кыргызстан тарыхы 10-класс Бишкек шаары №79 жалпы орто мектеби Мугалим: Алдияр Ашырбеков

XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы

Кыргызстан тарыхы 10-класс

Бишкек шаары №79 жалпы орто мектеби

Мугалим: Алдияр Ашырбеков

Сабактын темасы: XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы Сабактын максаты: Кыргызстандын XVIII – XIX кк. Социалдыкэкономикалык абалы менен таанышуу. Коомдогу түрдүү катмарларды билүү. Көп түрдүү чарбачылыгынын өзгөчөлүктөрү менен таанышуу Сабактын планы: 1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы  2. XVIII – XIX кк. Феодалдык мамилелердин өзгөчөлүктөрү  3. XVIII – XIX кк. Кыргыздардын чарбачылыгы  а) көчмөн-мал б)дыйканчылык в) аң-уулоо Сабакта колдонулуучу методдор: мээге чабуул методу, интерактивдүү метод, суроо-жооп методу ж.б. Сабактын жүрүшү: Сабактын жүрүшүндө окуучулар менен мугалим биргелешип, жогорудагы сабакта  колдонулуучу методдордун жардамы менен сабактын максатына жетүүгө аракет кылат. Жыйынтык : Сабактын жыйынтыгында XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык  абалы менен таанышышат. Коомдук түзүлүшүн өздөштүрөт. Феодалдык эзүү жана  кыргыздардын чарбачылыгы жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт. Баалоо: «5» (эң жакшы), «4» (жакшы), «3» (канааттандырарлык) Үйгө тапшырма: 24-25-параграф

Сабактын темасы: XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы

Сабактын максаты:

Кыргызстандын XVIII – XIX кк. Социалдыкэкономикалык абалы менен таанышуу.

Коомдогу түрдүү катмарларды билүү. Көп түрдүү чарбачылыгынын өзгөчөлүктөрү менен

таанышуу

Сабактын планы: 1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы

2. XVIII – XIX кк. Феодалдык мамилелердин өзгөчөлүктөрү

3. XVIII – XIX кк. Кыргыздардын чарбачылыгы

а) көчмөн-мал б)дыйканчылык в) аң-уулоо

Сабакта колдонулуучу методдор: мээге чабуул методу, интерактивдүү метод, суроо-жооп методу ж.б.

Сабактын жүрүшү: Сабактын жүрүшүндө окуучулар менен мугалим биргелешип, жогорудагы сабакта

колдонулуучу методдордун жардамы менен сабактын максатына жетүүгө аракет кылат.

Жыйынтык : Сабактын жыйынтыгында XVIII – XIX кк. Кыргызстандын социалдык-экономикалык

абалы менен таанышышат. Коомдук түзүлүшүн өздөштүрөт. Феодалдык эзүү жана

кыргыздардын чарбачылыгы жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт.

Баалоо: «5» (эң жакшы), «4» (жакшы), «3» (канааттандырарлык)

Үйгө тапшырма: 24-25-параграф

1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы Мээге чабуул методун колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы этникалык процесстерди эстегиле! Сактар Усундар Давандар Хундар Түргөштөр Карлуктар Аздар Чиктер Карахандар Кара кытайлар(кидандар) Моңголдор Моголдор Шейбаниддер Жуңгарлар (калмактар) Орустар XIX к.

1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы

Мээге чабуул методун колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы этникалык

процесстерди эстегиле!

  • Сактар
  • Усундар
  • Давандар
  • Хундар
  • Түргөштөр
  • Карлуктар
  • Аздар
  • Чиктер
  • Карахандар
  • Кара кытайлар(кидандар)
  • Моңголдор
  • Моголдор
  • Шейбаниддер
  • Жуңгарлар (калмактар)
  • Орустар XIX к.
1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы Кокон хандыгынын тушунда кыргыздар Түпкү ата конуштарын ээлеп турган. XIX к. Орто ченинде кыргыздардын болжолдуу Саны 800 миң кишиден ашкан. Радловдун Пикиринде 80 миң түтүн кыргыз болгон. 10 киши 800 000 киши

1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы

Кокон хандыгынын тушунда кыргыздар

Түпкү ата конуштарын ээлеп турган.

XIX к. Орто ченинде кыргыздардын болжолдуу

Саны 800 миң кишиден ашкан. Радловдун

Пикиринде 80 миң түтүн кыргыз болгон.

10 киши

800 000 киши

1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы Регионализм Сепаратизм Уруулук бөлүнүү Ич ара феодалдык Чыр-чатактар Коңшу өлкөлөрдүн кол салып, басып алышына оңтойлуу шарт түзгөн. (Кокон, Падышачылык Россия)

1. XVIII – XIX кк. Кыргызстандын калкы

Регионализм

Сепаратизм

Уруулук бөлүнүү

Ич ара феодалдык

Чыр-чатактар

Коңшу өлкөлөрдүн кол салып, басып алышына оңтойлуу шарт түзгөн. (Кокон, Падышачылык Россия)

Бүгүнкү күндөгү кыргыз коомундагы социалдык катмар кандай? Кимдер турат? 2. XVIII – XIX кк. Феодалдык мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кокон хандыгынын мезгилиндеги кыргыздардагы социалдык стратификация Манаптар Байлар Баатырлар  Аткаминерлер  Букаралар Кедей-кембагалдар

Бүгүнкү күндөгү кыргыз коомундагы

социалдык катмар кандай? Кимдер турат?

2. XVIII – XIX кк. Феодалдык мамилелердин өзгөчөлүктөрү

Кокон хандыгынын мезгилиндеги кыргыздардагы социалдык стратификация

Манаптар

Байлар

Баатырлар

Аткаминерлер

Букаралар

Кедей-кембагалдар

Манаптар тууралуу окумуштуулардын гипотезалары Манаптар: XIX к. башында бийлердин функциясы толугу менен манаптардын колуна өткөн. Бийлер – кыргыздар уруулук түзүлүштө жашагандыктан урууларды же уруулардын тобун бийлер башкарып турган. Белгилүү тарыхчы Б. Жамгырчиновдун пикири боюнча «XIX кылымдын башында бийлердин функциясы  толугу менен манаптардын колуна өткөн». 2. Орус окумуштуусу Вышнегорский 1886-жылы « Манап – орустун князь деген даражасына барабар» деген  пикирин айткан.  Манапчылык=монархия=аристократия 3. П. Кушер «Манап – кыргыз турмушунун тескөөчүсү. Уруунун жери ага тиешелүү. Ал башкарат, соттойт, салык  чогултат. Көчүп-конууну тескейт, талаш маселелерди тескейт, күнөөлүлөрдү жазалайт» деп жазган.

Манаптар тууралуу окумуштуулардын гипотезалары

Манаптар: XIX к. башында бийлердин функциясы толугу менен манаптардын колуна өткөн.

Бийлер – кыргыздар уруулук түзүлүштө жашагандыктан урууларды же уруулардын тобун бийлер башкарып

турган.

  • Белгилүү тарыхчы Б. Жамгырчиновдун пикири боюнча «XIX кылымдын башында бийлердин функциясы

толугу менен манаптардын колуна өткөн».

2. Орус окумуштуусу Вышнегорский 1886-жылы « Манап – орустун князь деген даражасына барабар» деген

пикирин айткан.

Манапчылык=монархия=аристократия

3. П. Кушер «Манап – кыргыз турмушунун тескөөчүсү. Уруунун жери ага тиешелүү. Ал башкарат, соттойт, салык

чогултат. Көчүп-конууну тескейт, талаш маселелерди тескейт, күнөөлүлөрдү жазалайт» деп жазган.

Манап Чоң манап Катардагы манап Чолок манап – манаптардай Жашоого, эл башкаруу деңгээлине Жетүүгө аракет кылган адамдар Чакан уруунун же чоң уруктун башында турган. Чоң манаптын буйругун аткарууга милдеттүү болгон.

Манап

Чоң манап

Катардагы манап

Чолок манап – манаптардай

Жашоого, эл башкаруу деңгээлине

Жетүүгө аракет кылган адамдар

Чакан уруунун же чоң уруктун башында турган.

Чоң манаптын буйругун аткарууга милдеттүү болгон.

Байлар  Суроо: Балдар XVIII – XIX кылымдарда кыргыздарда байлык эмне менен өлчөнчү? Байлыкка (мал-жандыкка) байланышкан адам аттарын, фамилияларын билесирби? Мисалы: малдуу+бай=Малдыбай (Абдылас Малдыбаев)  миң+жылкылуу болсун= Миңжылкы  койлуу+бай=Койлубай  Кыздарды кырк жылкыга теңеген. Кыз төрөлсө кырк жылкылуу болушуң менен!-дешкен.

Байлар

Суроо: Балдар XVIII – XIX кылымдарда кыргыздарда байлык эмне менен өлчөнчү?

Байлыкка (мал-жандыкка) байланышкан адам аттарын, фамилияларын билесирби?

Мисалы: малдуу+бай=Малдыбай (Абдылас Малдыбаев)

миң+жылкылуу болсун= Миңжылкы

койлуу+бай=Койлубай

Кыздарды кырк жылкыга теңеген. Кыз төрөлсө кырк жылкылуу болушуң менен!-дешкен.

Байлар Күрдөлдүү бай Жеке гана байлыгы менен айырмаланбастан, коомдук-турмушка жигердүү аралашып, эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ болушкан Ордолуу бай Чоң манаптардын ордолоруна жакын жашашкан. Керектүү үйлөрдү курушуп, короо- жай салдырышкан. Көбүнчө соода-сатык иштер менен алек болушкан. Сасык бай Малдын башын көбөйтүү менен алек болушкан. Коомдук турмушка Кызыккан эмес. Алар закымдыгы менен айырмаланышкан. Сараң бай Мал мүлкүн эч ким менен бөлүшпөгөн, пейили тар, кайрымы жок байлар болушкан. Уюткулуу бай Ата-тегинен өткөн байлыгы менен бай Ириген, чириген бай Мал-жаны өтө көп, бирок, элге да Өзүнө да байлыгынын пайдасы тийбеген байлар

Байлар

Күрдөлдүү бай

Жеке гана байлыгы менен айырмаланбастан, коомдук-турмушка жигердүү аралашып, эл ичинде

чоң кадыр-баркка ээ болушкан

Ордолуу бай

Чоң манаптардын ордолоруна жакын жашашкан. Керектүү үйлөрдү курушуп, короо-

жай салдырышкан. Көбүнчө соода-сатык иштер менен алек болушкан.

Сасык бай

Малдын башын көбөйтүү менен алек болушкан. Коомдук турмушка

Кызыккан эмес. Алар закымдыгы менен айырмаланышкан.

Сараң бай

Мал мүлкүн эч ким менен бөлүшпөгөн, пейили тар, кайрымы

жок байлар болушкан.

Уюткулуу бай

Ата-тегинен өткөн байлыгы менен бай

Ириген, чириген бай

Мал-жаны өтө көп, бирок, элге да

Өзүнө да байлыгынын пайдасы тийбеген байлар

Баатырлар  Кыргыз аристократтарына баатырлар кирген. Душман менен күрөштө өзгөчө эрдик көрсөткөн, эр жүрөк кол башчы – баатыр деп аталган. Карапайым катмардан же феодалдан чыккан. Айрым баатырлар кийин ири феодалга айланган. Шабдан баатыр Байтик баатыр

Баатырлар

Кыргыз аристократтарына баатырлар кирген. Душман менен күрөштө өзгөчө эрдик көрсөткөн, эр жүрөк кол башчы – баатыр деп аталган. Карапайым катмардан же феодалдан чыккан. Айрым баатырлар кийин ири феодалга айланган.

Шабдан баатыр

Байтик баатыр

Аткаминерлер  Кыргыз коомун башкарууда аткаминерлер да маанилүү роль ойногон. Алар 10-50 түтүн элди башкарган. Манаптын тапшырмасы боюнча калың элди түрө кыдырып салык, алым, чыгымдарды чогулткан. Бүгүнкү күндө бул тарыхый аталыштар колдонулабы, достор?!.. Ажо Аткаминерлер ж.б. Кыргыздардын журт башчыларын хронологиялык алкакта жайгаштыргыла жана далилдегиле! Ажо, Инал, Манап, Каган, Бий

Аткаминерлер

Кыргыз коомун башкарууда аткаминерлер да маанилүү роль ойногон. Алар 10-50 түтүн элди башкарган.

Манаптын тапшырмасы боюнча калың элди түрө кыдырып салык, алым, чыгымдарды чогулткан.

Бүгүнкү күндө бул тарыхый аталыштар колдонулабы, достор?!..

Ажо

Аткаминерлер ж.б.

Кыргыздардын журт башчыларын хронологиялык алкакта

жайгаштыргыла жана далилдегиле!

Ажо, Инал, Манап, Каган, Бий

Букаралар  Кыргыз коомунда калктын негизги массасын букара түзгөн. Алар негизги материалдык байлыкты Өндүргөн. Манаптардын айтканын аткарган. Алар үчүн барымталарга барып(жылкы тийүү), кээде чабыштарда курман болгон.

Букаралар

Кыргыз коомунда калктын негизги массасын букара түзгөн. Алар негизги материалдык байлыкты

Өндүргөн. Манаптардын айтканын аткарган. Алар үчүн барымталарга барып(жылкы тийүү), кээде чабыштарда курман болгон.

Кедей-кембагалдар Букара калк кедей-кембагалдар, жакыр, малай, жатакчы, чайыркер, мандикерлерден турган. Кедей-кембагалдар өз уругу, айылы менен бирге жайлоого чыгып, чогу кышташчу. Алар убактылуу урунуп турууга саан уй, жандык алышчу. Акысына алардын үй оокатын кылып, малын багышкан. Кыргыз феодалдарынын чабандары көбүнчө коомдун кедей катмарынан турган. Ал эми, бөлөк уруктан келип, жалчы жүрчү жардылар малай аталчу. Эгинин багып, күздө дан бастыргандары аштыкчы деп аталса,  көчмөн турмуштан арылып,дыйканчылык менен алектене баштагандарды жатакчы, эгинчи деп коюшкан. Убактылуу же күнүмдүк жүргөндөрдү мандикерлер деп коюшкан.

Кедей-кембагалдар

Букара калк кедей-кембагалдар, жакыр, малай, жатакчы, чайыркер, мандикерлерден турган.

Кедей-кембагалдар өз уругу, айылы менен бирге жайлоого чыгып, чогу кышташчу. Алар убактылуу

урунуп турууга саан уй, жандык алышчу. Акысына алардын үй оокатын кылып, малын багышкан. Кыргыз

феодалдарынын чабандары көбүнчө коомдун кедей катмарынан турган.

Ал эми, бөлөк уруктан келип, жалчы жүрчү жардылар малай аталчу.

Эгинин багып, күздө дан бастыргандары аштыкчы деп аталса,

көчмөн турмуштан арылып,дыйканчылык менен алектене баштагандарды жатакчы, эгинчи деп коюшкан.

Убактылуу же күнүмдүк жүргөндөрдү мандикерлер деп коюшкан.

К өңүл бурганыңыздарга чоң рахмат! Сабактын кийинки бөлүгүн эмки сабакта улантабыз!

К өңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Сабактын кийинки бөлүгүн эмки

сабакта улантабыз!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!