СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манасчылар,манастын балалыгы .

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Манасчылар,"Манас" эпосу кыргыз элинин  -туу чокусу экендиги тууралуу малымат алышат 

Просмотр содержимого документа
«Манасчылар,манастын балалыгы .»







Сабактын тем:Манастын бала чагы.

Сабактын мак:а)Окуучулар Манастын бала чагы,Манасчылар жөнүндө кыргыз тили-

көөнөрбөс,өчпөс тил экендигин,”Манас-кыргыз элинин рухунун туу чокусу”

экендигин,”Манас”эпосунун баа жеткис улуулугун түшүнүшөт.

б)Манаска сүңгүп кирүү менен сөз байлыгын өнүктүрүшөт,руханий дүйнөсүн . байытышат,жан дүйнөсүнө дил азык топтоп,ой жүгүртүшүп дүйнө таанымын . кеңейтишет.Артисттик чеберчилигин өнуктүрүшөт.

в)Патриоттуулукка ,эли-жерин сүйүүгө,Манасты даңазалап ,сактап урпактарга

өткөрүп берүүгө,Ата Журт,Ала-Тоонун койнундагы ак калпак журттунбиримди-

гин ыйык тутууга,акыйкаттыкка,адилеттүүлүккө негизделген достукту ыйык ту-

тууга,Манас атанын жети осуятын туу тутууга тарбияланышат.

Сабактын тиби:жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын түрү:аралаш

Сабактын жүрушү: а)уюштуруу

1)Манас гимнин ырдашат



2) Манас-улуу кыргыз элдин желеги

Ата мурас,акыл ойдун тереңи

Түбөлүккө ташка тамга баскандай

Кыргыз элдин адамзатка белеги,-деген изги тилек менен сабагыбызды баштагым келип турат.

Түшө элек эч бир кагазга

Түк кирбес ойлор Манаста

Түгөнгүс байлык издесең ,журтум

Түбүңдү түздө Манаска-деп Шайлообек Дүйшеев айткан.



3)Урааныбыз-МАНАС!!!

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөн ким?-МАНАС

Асман менен жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөн ким?-МАНАС

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөн ким?-МАНАС

4)Окуучулар:

1)Менин элим,сенин жериң дегендер

Сенин элиң,менин жерим дегендер.

Кылым баскан ”кыргыз” деген эл үчүн

Кыргызстан түбү бекем кенен жер.



2)Уй мөөрөйт уйдун тилинде

Кой маарайт койдун тилинде

Уй-койдон артта калдык го

Улуттук тилди билүүдө.



3)Таш барбы кыргыз чийбеген

Так барбы кыргыз минбеген

Каганат доордон бери карай

Кандарды урдук миңдеген

4)Улут көрдүм ууруну улук деген

Улук көрдүм уурудан жулуп жеген

Кан Манастын урпагы деген элде

Кара баштуу жан барбы улут деген.



5)Эр Манас журт түптөгөн нарктуу кыргыз

Эскирбес кут уюган салттуу кыргыз

Көк бөрү,комуз,боз үй дөөлөттөрү

Көөнөрбөс көрөнгөлүү барктуу кыргыз.



6)Көк деңизден чет деңизге уюлгуп

Көккө тарткан көкүрөгү буюгуп

Бороон болуп турган кайран кыргызым

Бул дүйнөгө батып-батпай удургуп.



7)Хор:Тоодо өсүп,сүрөт тарткан жылдызмын,

Мен уулумун таза кандуу кыргыздын.

Жигит болуп төрөлгөн соң ааламга

Асабасын бийик кармайм кыргыздын.

Хор:

8)Сезимден кетпес Манасы

Сен дагы кыргыз баласы.

Мээсинен кетпес Манасы

Мен дагы кыргыз баласы.

Акылдан кетпес Манасы

Ал дагы кыргыз баласы.

Башынан кетпес Манасы

Баарыбыз кыргыз баласы.

Манастын 7осуятын билебизби балдар?

1.Улуттар аралык ынтымак,достук жана кызматташтык.

2.Табигат менен таттуу мамиледе болуу.

3.Арыбас мээнет,алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.

4.Гуманизм,айкөлдүк кечиримдүүлүк.

5.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.

1-окуучу 2-о 3-о 4-о 5-о 6-о 7-о 8-о

Балдар:Биздин милдет:Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана көздүн карегиндей сактоо.



1-кыз 2-кыз 3-кыз 4-кыз 5-кыз 6-кыз 7-кыз

Кыздар:Эл-журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден

8-кыз 9-кыз 10-кыз 11-кыз

кол чыгарган ички биримдиги.



Манастын 7 осуяты -видео ролик.

Бүгүн биз ким жөнүндө сөз кылдык?

Албетте Манас жөнүндө ,анда бүгүнкү сабагыбыздын темасы :МАНАСТЫН бала чагы.

Сабактын максаты айтылат.



Балдар,МАНАС баатырды укканбыз,билебиз.

Сөздүн сөздөй баркы бар

Отуз эки наркы бар

Сөзүнө сөзү өрүлгөн

Сөөлөтү мыкты көрүнгөн.

Албетте оозунан сөзү төгүлгөн Манасчыларыбыз айтат.Айтылуу манасчылардан Саякбай Каралаев,Сагымбай Орозбаков,Жусуп Мамай,Чоюке Өмүр уулу,Тыныбек,Шапак Рысменде уулу,Шаабай Азиз у ж.б. Эчен миңдеген саптан турган улуу ата мурас Манасты ооздон оозго жалаң акыл-сезимибизде,мээ туюмубузда аздектеп сактап келди.



Сакеңдин өзүн карасаң

Сакадай киши кичине

Айкөл Манас бүт баткан

Алмадай баштын ичине-деп Байдылда Сарногоев айтаны бар.

Алардын ичинен Саякбай манасчы жөнүндө айта кетейин.Сагымбай Манас айтып кеткент жерден мал оорулары,адам ооруулары жоголуп,төрөбөгөн аялдар төрөчү экен.Бир жылы Чүй өрөөнүндө Манас айтып жүрүп,400 кер кашка жылкы айдап кеткен экен.

1952-жылы Саякбайдан толугу менен 500 553сап жазылып алынган.Мелис Убукеев 12000метр киноматериал жазып алган.Анын төкмөлүгүн ушундан байкасак болот.Манасчы кызып келгенде,камерадагы тасма бүтүп калып,дайыма эле техника анын артынан үлгүрө албагандыгы бөтөнчө таң калтырган.

“Манас”эпосу гректин “Илиада” менен “Одисея”эпосун кошкондо да 20эсе чоң.”Манас”эпосу 2013-жылы 4-декабрда “198 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОго Карганбек Самаковдун эмгеги менен Кыргызстандын атынан катталган.Көлөмү жана мазмуну жагынан дүйнөдөгү эң зор эпос 500553 сап менен “Гиннес рекорддор” китебине кирген.

Түркияда 124 саат Манас айтылды.Рысбай Исаков Гиннес рекорддор китебине кирди.

Улуу Манас баяны

Урпактардын эсинде 25саат.

Улуу элдин укуму

Эр Манастын тукуму

Семетей баатыр баяны 26саат

Бабалардын кутманы

Элдин медер тутканы

Эр Сейтектин баяны 16саат

“Манас”эпосу жөнүндө кызыктуу 7факт,видео ролик көрсөтүлөт.

1.АРБАК ДААРЫГАН ПРОЦЕСС

Бул Манасчылыкты аркалагандардын айтуусу боюнча дээрлик Манас айтуучуларга өң,түш түрүндө келет.Кайсы бир каарман кирет.Ушудан кийин гана баш-оту менен Манаска киришет.

2.ЫРГАГЫ

Азыркы мезгилге чейин бир дагы эпос Манас сыяктуу ыргакта айтылбайт.Бул кыргыздын салттуу элдик поэзиясы катары сакталып келет,Манас эпосунун баардык вариянты боюнча 6-7муундан турат.

3.ЧЕТ ЖЕРЛЕРДЕ МАНАС СӨЗҮНҮН КЕЗДЕШҮҮСҮ

Эпостогу каармандардын атынан дүйнө жүзүндө көптөгөнжер суу аттары бар.Испанияда жана Кытайда жайгашкан Манас шаарлары,Японияда Семетей шаары,Казакстанда Манас жайлоосу,Кореяда Манас чокусу,ал эми Венгрияда Манас айылы бар.

4.КӨЛӨМҮ

20-кылымдан тарта китеп болуп басылып чыккан вариянттарыКыргызстанда Улуттук Илимдер Академиясында жана манасчылардын өздөрүндө,бала-чакасынын колунда 80ге чукул вариянты сакталып келет.

5.КААРМАНДАР

Манас эпосунда 40чородон тартып эсептегенде 600дөн ашуун каарман сүрөттөлөт.Алардын арасында башкы каармандар;Манас,Бакай,Чыйырды,Алманбет,Жакып,Каныкей,Кошой,Айчүрөк,

Күлчоро.

Терс каармандар:Коңурбай,Нескара,Канчоро,Жолой.Эң көп образ С.Орозбаковдун вариянтында айтылган.

Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул.Дүйнөлүк адабияттын ири чыгармалары Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык”эпопеясында 500гө жакын каарман катышат.

5.40 САНЫ

40-саны эпосто гана эмес кыргыздын жашоосун өтө чоң роль ойнойт.40 уруу кыргыз,40чоро,40 күн,40 кыз жана кырктык ж.б.

7.ЧЫГАРМАЛАР

Зоотбек Кудайбергенов:Саат деген 38-сүрө бар,3-аятын окуп жатып,”Манас”деген сөздү арап тилинде окуп калды дегени чындык.

Ошол Манастын ичинен “Манастын бала чагы”жөнүндө айтып берейин:

Ат коюлуп,той таркап

Жер-жерине кеткени .

Арадан жети жыл өтүп

Сегизге Манас жеткени.

Эркелетип энеси

Аркалап жүрдү атасы.

-Андасам балаң акыл аз,

Жөнүң таппайт,дөөлөт мас.

Жайлоодогу койчуга

Алты ай малай берели.

Сөз айтууга катыксын

Сөөгү бышып катыксын-деп-Жакып Чоң Жиндини өз койчусу Ошпурга малайлыкка берет,менин малым жок,малды эми сен табасың,Ошпур байдын көп малы бар,алты ай козусун баксаң,малыбызга мал кошулат-дейт.Манас :”Менин курсагымды тойгузса айтканыңа көнөйүн”-деп макул болот.Жакып Ошпурга:”Кээде ач болсун ,кээде ток,кеби тийсе,ур да,сок “.Ошондон баштап Чоң Жинди Чегебай менен кой кайтарып калат .Күндөрдүн биринде карышкыр козуларга тиет,карышкыр менен бөрүнүн мурун кабарын укпаган,үйүнөн карыш чыкпаган, 9жаштагы Манас

Чегебайга:Баса калып козуну,куйругун жулуп алганы,бул эмине шумдук деп,көрүп айран калганы,-деп айтат.Чегебай:бөрү болот бул деген,эркине койсоң барын кырып кетет.Чегебай кыйкырба,бөрү болсо нетер деп,карды тойсо кетер -дейт.Чегебай кууп барып айбатынан айбыгат да кайтат, анан бир козуну көтөрүп качкан бөрүнү кубалап отуруп,аска-тоону ашып,козунун канын кубалап отуруп,бир үңкүргө туш болот.Жетип барып караса аттары бар канаттуу,чайдоосто чайы кайнаган,дасторкону кайнаган,албан түрдүү жемиштер,оозго салып чайнаган,жарымы жээлген козусу аман маарап турат,козуга да Манас карап турат.Жартысын жеген козумдун көтөрүп келип карышкыр кайда кетти -дейт.Мына ушулар жөн адам эмес,ыйык адамдар болушат.

Чоң Жинди кырк адамга -кырк чилтенге жолугат .Алар:”Бөру болгон биз ,башыңа мүшкүл иш түшсө ,бизди эсиңе алсаң,дароо жардам беребиз, ”-дейт да,кздөн кайым болот.Чоң Жинди тентектигин козу кайтарып жүргөндө койбойт.Талаага кой союп тойлойт.Кырк баланы топтоп,ордо атат,ар түркүн оюндарды ойнойт.Бир күнү калмактын жылкы башчысы Канжаркол деген келип,4баланы өлтүрүп,быышып жаткан этти щиш менен сайып алып алып,жеп отурат.Аны көрүп калган Манас Канжарколду өлтүрүп салат,болбосо Канжаркол калмактардын баатыры болот.13 жыл машыгып,Эсенкандын теңи кирпич,теңи таш сарайын тешип өтсө гана Канжаркол деген наам берет.Ошол баатырын жеңет.Ошпур арызданып Жакыпка жөнөйт.Андан соң жер коруган калмактар менен жаңжал чыгат,чабыш чыгат.Ошпурдун чакырыгы боюнча барган Жакып Манастан:”Койду мынчалык неге көп кырдың”,-десе ,анда Чоң Жинди :”ЭЭсиз малды көп жыйып,эмне кыласыз”,-дейт.Аңгыча от май(жайыт акысы)доолаган Кочку 700 аскери менен келип калат да:”Дегениме көн,бурут!Чоң Жинди балаңды колума сал,болбосо кырка тием бээңди,чыгара муштайм мээңди,”-дейт.Манас менен Кочку сайышка жекеме-жеке чыгат.Кочку үзөңгүдөн бут тайып,ээрден көчүк кылтайып аттан кулайт.Жакып баласына:”Кочкуну союп таштадың,калың каздың орумду,кайнатмак болдуң шорумду,ордолуу журтка катылып,чечтирмек болдуң тонумду,”-деп кейисе,Акбалта:”Аман болсо бул бала ,өчкөн отуң күйгүзөт,өлгөн жаның тиргизет.Бул Манас добул келсе,жел тийгис булуң,токой,чер болот,доочу келсе,мал бергис кара көк жал эр болот.Эми малдын баарын чачалык,медер кылып Манасты,Кыргызды көздөй качалык.Бул Алтайда турганда,не муратка жетелик,”-деп кубанат.Калмактын колунан бир гана адамдын мурдун,кулагын тумар кылып тагынган Тагылык деген жоокери качып кутулуп кетет.

Качып барган Тагылыктын:”Манастын түрүн карасаң,Кынсыз кылыч байланган,кайра жаачу булуттай каар жүзүнө айланган,мунун жүрөгүнөн чаң чыгат,добушунан чаң чыгат”деген сөзүнөн кийин,Эсенкан мурда :”Манасты таап келдим”деген,аярларынын кыркын кырып салат.



1.Манас айтуу

Бабалардан калган сөз

Баян кылып алган сөз

Аталардан калган сөз

Аян кылып алган сөз

Ырамандын Ырчы уул

Ырчы уулдан калган сөз

Ырысы күчтүү албан сөз

Келдибектен калган сөз

Кем акылды оңдогон

Кереметтүү балбан сөз

Сагымбайдан калган сөз

Санжыралуу акыл сөз

Саякбайдан калган сөз

Сел-саякты оңдогон

Салабаттуу накыл сөз-анда кезек Манас айтууда.

1.Баястанова Назима

2.Одилбекова АКбермет



“Манастын уулу Семетей”драмасынан үзүндү (окуучулар үзүндү аткарышат)



“Манас -кыргыз рухунун туу чокусу”-деп Ч.Айтматов айткандай,кыргыздын турмушу,жашоосун Манастан гана көрө алабыз.

1.“Манаста ”эмне ыйык?

Ата-Журт,Ала-Тоонун койнундагы ак калпак журттун биримдиги ыйык.Акыйкаттыкка, актыкка,адилеттүүлүккө негизделген достук ыйык!

2.“Манаста” эмне улук?

Эл-Журттун мүдөө кызыкчылыгы менен жуурулушкан абийир,ар-намыс улук.Ак жашоого умтулган,адеп-ахлак улук!

3.Кыргыз улутунун рухий турмушунун пайдубалында ата конушубуздун топурагында илгертен жашап келе жаткан нарк,дөөлөттөр улук!

4.Манас-дүйнөнүн атактуу жети кереметинен кем калбаган кубулуш...

“Манас”кагазга,ташка,башка буюм-тайымга жазылган чыгармачыл туундулардын баарынан айырмаланат,анткени ал тике эле мээге жазылган.

“Манас”-Улуу эрдик,нарк,ыйман,ызаат,сүйүү,сөз,намыс,тарых,ыр толгоо жана улуу санаа.Ал ушунун баарын ичине камтып турат.

5.”Манас”-кыргыз элин жок болуп кетүүдөн сактаган,бар болуп жашоого үйрөткөн,кыйынчылыктарды жеңип чыгууга такшалткан улуу сабак.



2.Хор Манас айтышат:Манастын бала-чагы.

Шапак Рысменде уулу кеп издөө үчүн бир жигит менен Анжиянга жөнөйт.Жол ортолоп калганда алар бир өргөөгө туш келет.Дабыш салса эч ким жок,кыңылдаган үн чыгат.Суусагандыктан кымыз жута кетели деп экөө үйгө киришет.Кирсе бир жигит баканга таңылуу турат.Байламта жинди болуптур.Жанында колуктусу бар экен.Кымыз ичип жатып,Шапакка бир ой келет.”Манас”айтып көрөйүн,балким анын арбагы колдоп,эм болуп кеткиси бардыр.Күпүлдөтө “Манас” айта баштайт.Ана кыркар тизилгенкырк чоро Манас менен үйгөкелгендей болду,оорулуу жигитти камчы менен бирден чаап өтүп жатты.Таң калаарлык ,ошол маалда байламта болгон жигит шылкыя түшүп ,башын жерге салат.”Кокуй буну көп кишилер зорго байлашкан,чече көрбөгүлө”-деп чырылдаган келинчегине карабай,Шапак жигиттин колу-бутун чечип,төшөккө жаткырат.эртеси алиги жинди болгон жигит:

-Суусап калыптырмын,суу бергилечи-деп тилге кирген экен.Мына бизде болгон оруунун баарысына биздин жаш манасчыларыбыздын Манасы эм болуп кетсин.

Айкөл Манас калкына сүйлөгөн тил,

Арабасын тарыхтан сүйрөгөн тил.

Эгемендик заманды сүйүнчүлөп,

Эртеңине канатын күүлөгөн тил-деген Жыргалбек Касаболотовдун ыр саптары менен кезекти

жалпы Манас айтууга беремин.(20 окуучу “МАНАС”айтышат).



Жыйынтыктоо:

Өскөн эл дайым салмактап

Өткөнүн барктап эстешет.

Өспөс эл жүз жыл мурдагы

Өчтөрүн ойлоп кектешет.

Ак калпактуу кыргыздын

Абийирин сактап төкпөсөк

Бириксек бир түп чынарбыз

Миң жылдап дагы көктөсөк

Бөлүнсөк көк жал бөрү эмес

Бизди бөлтүрүк,чөө да жеп кетет,-деген Байдылда Сарногоевдин ыр саптары менен аяктагым келип турат.

Уй тапшырма:Манастын бала чагы.

Баалоо:










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!