7- класс
Тууранды сөздөр боюнча окуучулардын алган билимдерин бышыктоо үчүн тест.
1. Тууранды сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?
А) кызматчы; Б) жандооч; В) маани берүүчү; Г) өзгөчө сөз түркүмү;
2. Тууранды сөзгө берилген кайсы эреже туура?
А) Кыймыл- аракеттин атын билдирет;
Б) Жандуу, жансыз нерселерден чыккан үндү, табышты билдирүү иретинде айтылат;
В) Эаттын сын - сыпатын билдирет;
3. Тууранды сөз түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт?
А) тубаса жана туунду; Б) тубаса жана жөнөкөй;
В) жөнөкөй жана татаал; Г) туунду жана татаал;
4. Тууранды сөздөр өз алдынча турганда сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарабы?
А) ооба; Б) жок; В) билбейм; Г) мүмкүн;
5. Ызы – чуу күчөдү. Бул сүйлөмдө тууранды сөз кандай синтаксистик милдет аткарды;
А) баяндооч; Б) ээ; В) аныктооч; Г) бышыктооч;
6. Алар ызы – чууну жактырышпайт. Тууранды сөз кайсы сүйлөм мүчөнүн милдетин аткарды?
А) толуктооч; Б) баяндооч; В) аныктооч) Г) ээ;
7. Тууранды сөздөр кандай жолдор менен жасалат?
А) лексикалык, синонимдик; Б) морфологиялык жана синтаксистик;
В) жак мүчөлөр жана көптүк мүчө; Г) фонетикалык, этимологиялык;
8. Тууранды сөздөрдү тапкыла.
А) ары – бери, өйдө – төмөн, эртели – кеч;
Б) аз -азда, үймө – үй, арс – арс;
В) тарс – тарс, шака – шака, лып – лып, зыр, шаӊк, жарк – журк;
9. Тууранды сөздөр маанисине карай канчага бөлүнөт?
А) экиге; Б) үчкө; В) төрткө; Г) бөлүнбөйт;
10. Кош, кошмок сөз түрүндөгү тууранды сөздөр кандай жазылат?
А) арасына дефис коюлбай; Б) арасына үтүр коюлуп;
В) арасына дефис коюлуп; Г) бирге;
11. Комуз күүсү шаӊк – шаӊк чертилди. Бул сүйлөмдө тууранды сөз маанисин боюнча кандай тууранды сөз?
А) элес; Б) татаал; В) табыш; Г) туунду;
12. Кыймыл – аракеттин же элестин тездигин билдирген тууранды сөздүн катарын белгиле,
А) жал -жал, жалт – жулт, лып, мөлт, селт, жалп;
Б) чолтоӊ – чолтоӊ, тарс, шып, калдыр – кулдур;
В) мөө, маа, шалп – шулп, шуу – шуу, чырр, каӊк;
13. Кайсы катардагы тууранды сөз туура жазылган?
А) чырк чырк, багылда, түбүлдө, дыӊ дыӊ, күбүлдө;
Б) калдаӊ – калдаӊ, такылда, каак – каак, кыпылда;
В) жал жал, чолтоӊ – чолтоӊ, бырс бырс, эрбеӊ сербеӊ;
14. Эки сөзү теӊ маани бербөөчү тууранды сөз кайсы?
А) калдыр – кулдур, чалп – чулп, күр – шар, карс – курс,
Б) шак – шук, тарс – турс, жалп – жулп, чарт – чурт;
В) жал -жал, мөл – мөл, ызыӊ – ызыӊ, күрпөӊ – күрпөӊ;
15. Үстүндө күр – шар келаткан таштардан чочуган Акбара артын карай жалт секирди.
Сүйлөмдөн тууранды сөздөрдү таап, аларга талдоо жүргүз.