СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогика-психологиядан тест

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Педагогика-психологиядан тест»

ПЕДАГОГИКА-ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕСТ

1.Сабактын максатына жетишин камсыз кылган, теманын тандалышын, окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган жана окуу процессинин жүрүшүнө багыт берген иш-чаралардын топтомун эмне деп айтабыз? А) Окутуу модели Б) Окутуу методу В) Окутуу ыкмасы Г) Окутуу стратегиясы

2.Методдун тандалышына таасир берген факторлордун ичинен “мугалимдин көнүктүгү” деген эмне? А)мугалимдин өзү көнгөн методду колдонууга ык кошуу Б)мугалимдердин колдонууга кыйынчылык туудурган методу В)мугалимдердин бири-бирине сунуш кылган методдору Г)мугалимдердин таасирдүү ыкманы иликтъъ аркылуу колдонууга аракет кылышы.

3.Тикеден – тике түшүндүрүү методу окутуунун кайсы стратегиясына тиешелүү? А)кыйыр окутуу стратегиясы Б)ъз алдынча иштөө стратегиясы В)тике окутуу стратегиясы Г)эксперименталдык окутуу стратегиясы

4.Баяндамачынын белгилүү бир тема боюнча эн кеми жарым саат баяндама жасашы жана угуучулардын баяндамачыга темага байланыштуу суроо бериши аркылуу ишке ашырылган ыкма эмне деп аталат? А)түшүндүрүү Б)семинар В)сунуштоо Г)конференция

5.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы талкуу методунун чектелүү жагын мүнөздөйт? А)тындоочуларды тажатышы мүмкүн Б)анализ учурунда ишмердүүлүк жагынан өнүгүш болбойт В)классты башкарууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн Г)мугалимдин олуттуу даярдыгысыз аткаруу мүмкүн эмес

6.Мугалимдин сабактын кайсы учурунда суроо бергени туура? А)өткөн сабакты кайталоо учурунда Б)теманын бир бөлүгү өтүлгөн учурунда В)зарыл болгон бардык учурда Г)баа коюу учурунда

7.Чакан топтун талкуу ыкмасынын бири катары 44-топтун мааниси эмнеде? А)төртүнчү топтун сүйлөө убактысынын 4 мүнөт менен чектелиши менен Б)топторго бөлүү аркылуу бир тайпага 44-топ деген аттын ыйгарылышы В)44 кишилик класстын 4 кишилик топторго бөлүнүшү Г)4 кишилик тайпанын 4 мүнөттүк талкуу үчүн даярдык көрүшү

8.Талкуунун темасы аныкталып, бул темага колдоо көрсөткөн же каршы болгон эки топтун талкуу өткөрүшү жана өз көз карашын мыкты коргой алган топтун аныкталышы төмөнкүлөрдүн ичинен кайсы ыкма аркылуу ишке ашырылат? А)жарыш сөз Б) маселе чечүү В)тайпадагы изилдөө Г)жарышуу конкурс

9.Окуучулардын бир маселени тез түшүнүп, заматта чечим кабыл алышын, бардыгынын өз көз караштарын айтып беришин жана талкуу өткөрүп, бир пикирге келишин кааладыныз дейли. Бул максат төмөнкү ыкмалардын ичинен кайсынысы аркылуу ишке ашырылат? А)тез ойлонуу Б)мээге чабуул коюу В)чон топтордогу талкуу Г)топтогу изилдөө

10.Көбүнчө илимий жыйындарда колдонулган, белгилүү бир илимий тема боюнча угуучулардын алдында эки же андан көп баяндамачы билдирүү жасаган жана буга байланыштуу чон топто өткөрүлгөн талкуу төмөнкү ыкмалардын кайсынысына туура келет? А)тегерек стол Б)симпозиум В)семинар Г)тайпадагы талкуу

11.Бир маалыматтын окуучу тарабынан андап түшүнүлүшү, өздөштүрүлүшүн жана айтып чечмелденишин таанымдык ишмердүүлүктүн кайсынысы катары кароого болот? А)түшүнүү Б)көнүгүү В)маалымат Г)анализ

12.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы программалуу үйрөтүмдүн “кадамдап алга жылуу” принцибин чечмелейт? А)суроого жооп берилери менен заматта ондоого мүмкүнчүлүк берилет Б)ийгиликке жеткенче кайталоого жол берилет В)маалымат берилгенден кийин суроо берүүгө же көнүгүү аткарууга жол берилет Г)берилген маалыматтар женилден оорго карай өздөштүрүлөт

13. “Түшүндүн го деп ойлойм” деген суроону сүйлөмдү суроолуу сүйлөмгө айландырганда суроонун кайсы түрү келип чыгат? А)пландуу суроо Б)чечмеленүүчү суроо В)жообу күтүлбөгөн суроо Г)багытточуу суроо

14.Негизинен 5-9 кишиден турган чакан топтун чон тайпанын алдында бир тема боюнча ой бөлүшүүсү төмөнкүлөрдүн кайсынысына туура келет? А)талкуу Б)баарлашуу В)семинар Г)конференция

15.Алты калпактуу ойлоо ыкмасында “сары калпак” кандай көз караштын өкүлү? А)оптимисттик көз караш, пайдалуу жактарды көрүү Б)сезимтал көз караш, негизсиз пикирлерди билдирүү В)маселеге байланыштуу илимий жактан орундуу маалыматтарды сунуштоо Г)окуяларга жанычыл жана ар башка көз караштан кароо

16.Төмөнкүлөрдүн кайсынысын маселе чечүү методунун жеке адамды өнүктүрүү таасирлеринин бири катары кароого болот? А)изилдөө Б)өзүн көрсөтө билүү В)ой жүгүртүү Г)турмуш менен бетме-бет келүү

17.Көрсөтүп аткаруу методунун пайдалуу жактарынын кайсынысы өзгөчө мааниге ээ? А)көрүп байкоонун алдынкы кызыгуусунун артышы Б)окуучулардын кызыгуусунун артуусу В)ишти аткаруу \ч\н окуучуга толук мүмкүнчүлүк берилиши Г)мугалим менен окуучунун карым-катышынын жолго салынышы

18.Болуп өткөн же келечекте кызыктуу окуянын окуучуларга талкуулоо үчүн сунушталышы төмөнкү методдордун кайсынысында ишке ашырылат? А)ърнък окуя Б)семинар В)суроо-жооп Г)роль ойноо

19.Төмөнкүлөрдүн кайсынысын жеринде байкоо методунун эё пайдалуу жагы катары кароого болот? А)мектеп каражаттарын дагы да ийгиликтүү колдонуу Б)кыдыруу, кезүү планын түзүүгө байланыштуу тажрыйба топтоо В)окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу Г)иштъъ жолун жеринде үйрөнүү

20.Роль ойноо методунун “процессти изилдөө” этабында төмөнкүлөрдүн кайсынысы аткарылат? А)окуянын жыйынтыгында кантип талкуу өткөрүлөт Б)ролдор сынактан өткөрүлөт В)окуянын негизги идеясынын тегерегинде талкуу өткөрүлөт


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!