Виженердин шифри. Бул өзгөрмөлүү жылдыруу чоңдугу бар Цезардын шифри. Жылдыруу чоңдугу ачкыч сөзү менен берилет. Мисалы, ВАЗА ачкыч сөзү баштапкы тексттеги тамгалардын жылышынын төмөнкү ырааттуулугун билдирет: 3 1 9 1 3 1 9 1 ж.б.
Ачкыч сөз катары ЗИМА сөзүн пайдаланып, төмөнкү сөздөрдү шифрлегиле: АЛГОРИТМИЗАЦИЯ, КОМПЬЮТЕР, ИНТЕРНЕТ.
Просмотр содержимого документа
«Шифр коюу эрежеси»
№1 практикалык иш. Берилгендерди шифрлөө
Иштин максаты: тексттик маалыматтарды шифрлөөнүн жана дешифрлөөнүн (шифрин ачуунун) эң жөнөкөй жолдору менен таанышуу.
1-тапшырма
Цезардын шифри. Бул шифр төмөнкүдөй тексттик өзгөртүп түзүүнү (трансформацияны) ишке ашырат: берилген тексттин ар бир тамгасы алфавиттеги өзүнөн кийинки келген тамгага алмаштырылат жана ал айлануу боюнча жүргүзүлөт.
Цезардын шифрин пайдаланып, төмөнкү фразаларды шифрлегиле:
а) Жумуш убактысы – кызыктуу убакыт.
б) Туулган кун кут болсун!
в) Биринчи сентябрь.
2-тапшырма
Цезардын шифрин пайдаланып, төмөнкү фраларды декодировкалагыла:
а) Лмбттоьк шбт
б) Вёмпё тпмочё рфтуьой
3-тапшырма
Виженердин шифри. Бул өзгөрмөлүү жылдыруу чоңдугу бар Цезардын шифри. Жылдыруу чоңдугу ачкыч сөзү менен берилет. Мисалы, ВАЗА ачкыч сөзү баштапкы тексттеги тамгалардын жылышынын төмөнкү ырааттуулугун билдирет: 3 1 9 1 3 1 9 1 ж.б.
Ачкыч сөз катары ЗИМА сөзүн пайдаланып, төмөнкү сөздөрдү шифрлегиле: АЛГОРИТМИЗАЦИЯ, КОМПЬЮТЕР, ИНТЕРНЕТ.
4-тапшырма
ЁПЯЪЕБ сөзү Виженердин шифринин жардамында БАНК ачкыч сөзүн пайдалануу аркылуу алынган. Берилген сөздү калыбына келтиргиле.
5-тапшырма
Компьютериңердин клавиатурасындагы тамгалардын жайгашуусун ачкыч катары алып, билдирүүнү декодировкалагыла:
D ktce hjlbkfcm `kjxrf?
D ktce jyf hjckf?
6-тапшырма
Компьютериңердин клавиатурасындагы тамгалардын жайгашуусун ачкыч катары алып, билдирүүнү кодировкалагыла:
Ош – экинчи борбор.
7-тапшырма
Орун алмаштыруу шифри. Кодировкалоо бир эле эрежеге ылайык сөздөгү тамгаларды кайра алмаштыруу аркылуу ишке ашырылат.
Төмөнкү сөздөрдү калыбына келтиргиле жана алмаштыруу эрежесин аныктагыла:
НИМАРЕЛ, ЛЕТОФЕН, НИЛКЙЕА, НОМОТИР, РАКДНАША.
8-тапшырма
Жогоруда келтирилген орун алмаштыруу шифрин пайдаланып, төмөнкү сөздөрдү кодировкалагыла:
ГОРИЗОНТ, ТЕЛЕВИЗОР, МАГНИТОФОН.
9-тапшырма
Төмөндөгү сөздөрдүн шифрлөө жана шифрди ачуу (расшифровка) эрежелерин аныктагыла:
КЭРНОЦЛИТКЭЛУОНПИЕЖДАИФЯ
УКРОГРЕОШЛАЕКВИСЧТЕВМО
10-тапшырма
Өз алдыңарча шифрлөө ачкычын ойлоп тапкыла жана анын жардамы менен төмөнкү билдирүүнү кодировкалагыла:
Бит – бул информацияны ченөөнүн эң кичине бирдиги.
1-тиркеме
2