СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сиздин баланыз окуучу болду

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Үйдө окутуу Балдардын үй тапшырмаларын аткаруусунда же окуу боюнча өткөрүлгөн иш-чараларда ата-энелердин катышуусу абданмаанилүү. Булжагдай окуучулардын эки тараптуу –мектептенжана үй-бүлөсүнөн – колдоо алуумүмкүнчүлүгүнжогорулатат. Мектептер окуучулардын окуу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө байланыштуу иш-чараларды, чечимдерди, окуучуларга үй тапшырмаларын аткарууда кандай жардам берүү тууралуу маалыматтарды жана идеяларды сунуштоо аркылуу ата-энелердин үйдө окутуусуна колдоо көрсөтө алышат. Бул иштин багыттарынын мисалдары: • үйдө ата-энелер балдары менен биргелешип китеп окуусу; • ата-энелерге китеп менен Окуганга чейин–Окуу учурунда–Окугандан кийин кандай иштөө керектиги тууралуу маалымат берүү

Просмотр содержимого документа
«Сиздин баланыз окуучу болду»

Сабактын темасы: Эне сыйлаган элгет жагат


Сабактын максаты: А) Эне- бул ыйык инсан экенин билишет

Б) Эне жонундо ырларды, макал-лакаптарды айтып бере алышат

В) Энени сыйлоо, урматоого тарбияланышат

Сабактын тиби: тарбия беруучу


Сабактын жабдылышы: Энелердин суроттору, оздору жасаган белектер, ватман, маркерлер ж.б


Сабактын журушу:


  1. Уюштуруу: балдардын конулун сабакка буруу, бири-бирине жагымдуу создорду айттыруу

  2. Тапшырманы суроо

  3. Жаны тема




«Бейиш - энелердин таман астында» дегендей биздин турдуу кыйынчылыктарыбызды, кыял- жоруктарыбызды которгон бул биздин энелер. Эненин мээриминдей мээримди биз эч жерден таба албайбыз.

Эне сутун актоо – бул эн кыйын, анны эч ким актай албаган

Эне жонундо ырлар айтышат

Апакебай, ак таным.

Алдей айтып бакканым

Бут дуйнону кыдырып

Айтып бутпос дастаным





Апакебай, ыйыгым

Алтын кундой бийигим

Аман-эсен журогор

Жарык чачып биз учун


Ата-эне жонундо билген макал-лакаптарды айткылачы

Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат


Энеден мээрим, атадан тарбия


Эне атанды сыйласан

Кундо аласын батаны

Эл-журтунду сыйласан

Алар тузойт катанды



- Демек, балдар, эне жонундо ырлар, макалдар ото коп

Силер ата-эненерди канчалык сыйласанар, силердин балдар да ошончолук сыйлайт.


Акылдуу сулуу кундой жарык




боорукер

мээримдуу



сылык Менин апам




айтканын жасайт чыдамкай




маданияттуу жаркыным





Уйго тапшырма:

Энелер жонундо эссе жазып келесинер

Ошондой эле макалдарды дагы кобуроок жаттап келгиле



Сабактын темасы: Тамеки тартуу өмүргө зыян

Сабактын максаты:Окуучуларга тамекинин зыяндуу жактары жонундо тушунушот;

- Коомдогу терс корунушторго,ошону менен бирге

тамеки чегууго каршы турууга уйронушот;

-Окуучуларды ыймандуулука,эрктуулукко, туруктуулукка тарбияланышат;

-Интегралдашкан сабак.(биолог мугалими менен бирге отулот).

Сабактын жабдылышы:телевизор,компьютер,

плакаттар,маркер,опконун суроту менен плакат

Сабактын журушу:

1.Мээге чабуул.Тамеки деген созду укканда эмне эсинерге келет, дептеринерге жазгыла

Мисалы:тутун,никотин,Саламаттыкты сактоо министирлиги,оору,омур кыскарат ж.б.

2.Тамеки деген соз менен соз айкашын тузгуло.

Мисалы :тамекини таштоого тамеки тартуу,ж.б.

3.Суйлом тузобуз.

Мисалы: «Тамеки тартуу- омурго зыян»

Тамекини коп чыгаруу-акчаны коп чыгарууну

Коздогон фирмалардын максаты.

4.Тапшырмалар берилет: окуучулар тапшырманы дептерине жазып,жоопторуна бош орун калтырышат,

себеби,текстти уккандан кийин гана жазышат)

4.1.Суроолорго жооп бергиле.

«Тамеки» деген соз биринчи кайсы жерде,кантип пайда болгон?

Тамеки плантациясы биринчи жолу кайсы олкодо,

кандайча пайда болгон?

Тамекини алгач эмне учун колдонушкан?

«Никотин» деген соз кайдан келип чыккан?

Тамекини кантип таштоого болот?

4.2.Бош жерлерге ылайыктуу создорду жазгыла.

Тамекини…………. таштаганда гана ……….

………жоголот.Мээ никотинге конуп калгандан

кийин кишиде…………..,…… …………..,

………….. пайда болот.

Францияда тамеки ………. …… айланган.

Ханыша баш оорусун айыктыруу учун………….

кургатылган ……….. пайдаланган.

5.Текстти окуучуларга угузуп,андан кийин гана алар тапшырмаларын аткарышат.

Тамеки тартуу омурго зыян.

Тамеки байыркы заманда эле пайда болгон.Биздин

Заманга чейинки 5-кылымда грек окумуштуусу Гередот

куйуп жаткан чоптун тутунун скифтер сорушканын

жазган.Колумб Американы ачканга чейин ал Европада

Азияда Африкада белгилууболгон эмес.

Тамекинин биринчи мекени Америка матариги

Европалыктар Американы ачканга чейин эле индеецтер аны остуруп, чеге башташкан.

Европлык саякатчылар Кубага барышканда,

жергиликтуу индеецтердин белгисиз бир осумдуктордун кургатылган жалбырагын ороп чегишкенин коруп тан калышкан.Ошол ороп тутотуп ороп чеккендерин алар «табако» жана»сигаро»деп аташкан.Колумдун матросторунун айрымдары тамеки чеккенди ушул жерден уйронушкон.Колумб жаны ачылган материкке экинчи жолу барганда тамекинин уругун Испанияга ала келген.

Ошентип,15-кылымдын аягында Исланияда тамекинин биринчи плантациясы пайда болгон.

Европада адегенде тамекини дары катары пайдаланышкан.Кийинчерээк тамекини жыттоо модага айланат да,тез эле элге таралып кетет.

Францияда тамеки тартуу тез эле модага айланган.

Себеби Франциялык элчи Жан Нико Франциянын ханышасына баш ооруунун дарысы катары тамекинин

кургатылган жалбырагын тартуу кылат.Ушундан улам адамдын аргантзимине таасир кылуучу эн зыяндуу затЖан Никонун наамына «никотин»деп аталып калган.Тамеки чегуу алгач онокот,тууро,мода катары чегуу,озун корсотуу максатында тартылат

да акырындап ,никотинге кумарланууга отуп кетет.Мээ никотинге конуп калгандан кийин анны

талап кыла баштайт.Натыйжада тынчсыздануу кыжырлануу куйполоктоо пайда болот.Тамеки тарткандан кийин киши озун бир аз жакшы сезгендей болот.Ошентип адам жан айласы учун тамеки тартат.

Бирок тамекини таштоого болот.Тамекини дароо жана отолого ташташ керек.Ошондо гана шарттуу рефлекс бат жоголот.Ар бир адам тамекини чекпей кое алат.Ал учун чылым чегуунун зыянына

ишенип,эрки кучтуу болуш керек.Бул адаты таштоо учун 23 стакансууну ач карын ичуу,эртен менен душка тушу,конугуу жасоо сунуш кылынат.Тамеки тарткысы келгендер суу же шире ичип энсоосун токтотсо болот.

6.Тапшырмадан кийин телевизордон тамекиден алган зыяндары жонундо кыскача материал корушот.

7.Биолог мугалим 10 муноттун ичинде опконун ууланган суротунун жардамы менен окуучуларга тамекини зыянын тушундуруп жана кыскача телевизордон корунушун корсотот.

8.Окуучуларды эки топко болобуз,


Билим

Билдим

Билгим келет





таблицаны толтур деген тапшырма берилет,

биринчи оз алдынча иштешет.

Окуучулардын толтурган таблицасынан мисал;

1-топ жана 2-топ


Билем

Билдим

Билгим келет

Зыян нерсе,ар бир тамеки 2 мунотко кыскартат.

Кан тамырларды жабат.

Тишти саргайтат.

Озун чекпесен да жанындагы чеккенден кобуроок зыян аласын.


Статистика боюнча Кыргызстан25-орунда турат.

«Никотин»адамдын атынан коюлгандыгын билдим.

Америкадан келген.Испанияда биринчи жолу плантация остурулгон.Кантип таштаса болорун билдим.

Тамеки чеккен адамдын балдарына зыяны тиеби?

Дуйнодо канча Адам тамеки чегет?

Канча Адам тамекиден олот?







Билем


Билдим


Билгим келет


Тамекини адамга зыян жана анын составында никотин деген зыяндуу заттын бардыгын билем









Кыргызстан тамеки чегуу боюнча дуйнодо 25-орунда турат.Биринчи индеецтер чегип башташкан.Гангрена болушу мумкун.Тамекини Америка башка олколорго экспорт кылган.









Эмне учун кээбир адамдар башкаларга салыштырмалуу коп чегип рак болушпайт?Эмне учун тамекини ташташ кыйын









Демек тамеки тартуу коркунучтуу:

1.Уй булодогу чеккен адамдар созсуз кийинки балдардын чегуусуно жол ачат.

2.Бир жолу соруп коруу дагы тамекиге жол ачат.

3.Тамекини канча жаштан чегуу керек деп белгилоонун кереги жок. Эч качан чекпеш керек.

4.Тамекини эмгекчил,эрктуу,максаттуу адамдар чекпейт.Чеккендердин кобу: максатсыз,турмуш-шарты оор, жетишпеген,жалкоо адамдар.

5. «Тамеки-тартуу ден соолука зыян!»Ар бир адам ,ар бир оспурумдун соолугун ойлоп,эрктуу болсун!

Баалоо:Топ-топ менен баалайбыз

Уйго тапшырма:Таблицадагы «Билгим келет»деген болукко оз алдынча жооп таап келуу


Сабактын темасы: Ыр – аткан ок. (Т.Сатылгановдун

150-жылдыгына карата)

Сабактын максаты:А) Акындын омүрү - чыгармачылыгы жөнүндө билишет;

Б) Ырларын жатка айта алышат;

В) Кыргыздын залкар күүлөрүн сактоого үйрөнүшөт;

Сабактын тиби: сахна-сабак

Сабактын жабдылышы: слайд, дисктер, комуз, сүрөттөр, маркерлер, барактар ж.б.

Сабактын жүрүшү: уюштуруу, теманы ачуу, жаңы тема, бышыктоо, баалоо.

Сабак башталганда Токтогулдун «Кербезим» күүсүн чертишет. (Айиза, Нурсайкал, Сыймык).

- Рахмат, балдарым, мына азыр эле биз уккан күү улуу акын Т.Сатылгановдун Сибирден сүргүндөн келгендеги чертип, ыйлаган күүсү.

Кана айткылачы: Токтогул деген улуу сөздү укканыңарда көз алдынарга эмнени элестетесиңер?

  • Шаңкыган күүлөр.

  • Совет мезгилинин куралышы.

  • Адамдардагы жөнөкөйлүк.

  • Комуз.

  • Комузун шаңкытып ырдап жаткан инсан.

  • «Камбаркан» күүсү. ж.б

Азаматтар, Токтогул Токтогул атка конгону,

Түшпөгөн комузу колдогу.

Комузу жок болсо Токтогул,

Же Токтогулсуз комузу

Келген эмес күүгө болжолу.

Экөө бириге калган жерлерде,

Туурашкан кадимки боз жоргону.

( «Алымкан» ырдалып, окуучулар бийлешет).

Акылын таап черткенге

Алтымыш эки «Камбаркан»

Эбин таап черткенге

Элүү эки «Камбаркан»

(«Камбаркан» күүсүнүн коштоосунда).

Бүткүл журтчулугубуз мактанган

Бүгүн бизде салтанат, чоң майрам

Белгилейбиз атабыздын даңкталган

Туулган күнү кандай сонун башка айдан.

Сандаган күүлөрү, ырларды калк арасына тартуулаган, аларды көкүрөгүндө бапестеп сактай билген, ар бир ырын , дастанын комузунун коштоосунда эли-журтуна жоомарттык менен тартуулаган ак таңдай акын, залкар комузсу токтогулду кимдер билбейт. Акын 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Саз-Жийде деген жерде туулган. Акын өзүнүн бүткүл өмүрүн туулган элине, жерине чексиз берилгендиктин элдердин эркиндиги, таалайы үчүн күрөшүүгө арнаган. Талантынын өөрчүшүнө энеси Бурманын сөзмөр зээни, ошол учурдагы ырчылардын таасири тийген. (Ушул учурда слайдданТоктогулдун балалыгы, жамактап ырдап жатканы көрсөтүлөт).

Жокчулуктун айынан,

Малай болуп жалданып

Карыптык түштү башыма

Казанбак байга кармалып

Колума комуз алсам деп

Жете албай жүрөм зарланып.

Бай-манаптар акынды өз тарабына тартып, эшик ырчысы кылып алууга аракеттенишет. Бирок акын бүткүл өмүр бою эл тарабында кала берген. Эзүүчүлөрдүн зулумдугун ашкерелеп, ырдоодон эч тартынбаган. Бул Дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен айтышканынан ачык көрүнөт.

(Эки окуучу айтышат).


Токтогул 1898-жылы күзүндө «Анжиян көтөрүлүшүнө катышты» деген жалган жалаа менен соттолуп, Сибирге сүргүнгө айдалат. Айдалып бара жатканда да эли, жери, апасы менен коштошуп ырдайт.

Калың эл келдин калбастан

Керимбай балээ болду го.

Букарага жармашкан,

Ушундай кордук болобу?

Эч бир ылган күнөөм жок,

Тартынбады бул зулум,

Элсизге мени айдашкан.

Кош, аман бол, элим ай!

Кетмен-Төбө жерим ай!

Боздодун апа, боздодуң,

Кайгымды кайра козгодуң.

Кайрат кылсаң болбойбу,

Тирүүмдө мени жоктодуң.

Алдырба муңга көзүңдү

Ажалым жетип өлбөсөм,

Акыры бир күн алаармын,

Керимбайдан өчүмдү.

(Монолог)

Токтогул:

.... Мына, кумду шилей басып келем. Бир калыптагы кишендин шылдырт-шылдырт деген үнү. Илкип-калкып туткундар чубап келебиз. Ошондо мени ой термейт.

Оо, куу дүйнө, сен жалгансың. Кантип көнүлдөн чыгат, көп журтум буркурап-боздоп ыйлап калды. Куу дүйнө, жалгансың. Күнөөсү жок адамды күн көрсөтпөй айдап, букараны боздоттуң. Туткун болуп, ат жетпеген жолдо жөө баратам. Бутумда кишен, колумда чынжыр. Баскан сайын шылдырттайт.артымда тил билбеген солдаттар. Ачкадан жаагым карышат. Оо, куу дүйнө, сен жалгансың. Күнадыр теңчилик кылган жок. Арманым толкуган суу болду. Жонумда камчынын тагы. Далым курушат. Карыпмын, кызыл өңүмдү кир басты. Көзүмдүн жашы мончоктойт. Жаралуу билегем сыздайт, жалындуу жүрөгүм муздайт. Ооба, куу дүйнө, сен жалгансың. Сибирдин алыс жолунда сары оруу болдум. өңүм кер сары. Белим ийилип бөкчөйдү. Ушунчалык кыйналгандай менин жазыгым эмне? Айткылачы, менин кандай жазыгым бар?


(Замандын үнү)

.... Оо, томаяк акын Токтогул! Үнүмдөн таанып жаткандарсың. Мен куу дүйнөмүн, мен заманмын. Мен кимдин байлыгы, кимдин акчасы көп болсо, ошонун ырын ырдап, күүсүн черткенмин. Ошонун оюн ойлоп, сөзүн сүйлөгөнмүн. Күн тийген жердин чоросу деп айтаарсың, айта бер. Ошон үчүн мен куу дүйнөмүн. Ал эми сенин кемчилигиң – заманга жараша боло албадың. Сен мени туурай алган жоксуң. Ошон үчүн жазыктуусуң. Ошон үчүн ээн жер, эрме чөлдө бир ууртам сууга зар болуп, жонуңдан туздуу тер шорголоп, айдалып баратасың. өлсөң сөөгүңдү ким көмөт? Эч ким! Карга-кузгун, ит-куш жейт. «Беш каманды» ырдап эмне кыласың, байкуш? Беш каманды беш жолборс десең болмок. Эми таңдайың так кактып, көзүңдүн нуру өчкөн ушул эрме чөлдө эсиңе келип жаткандырсың.


Токтогул:Жок, мен сени көрө билдим, куу дүйнө. Менин жүрөгүмдө сен мындайча ырдаласың. Кыйшыкты кыйшык деп айтуу күнөө эмес. Сенин калыстыгың жок, шумсуң. Муну айтуу жазык да эмес.

Байларга кең, кедейге

Тар болгонсуң, замана.

Кедейге кымбат, байга арзан,

Мал болгонсуң, замана.

Кедейди түлкү, байларды

Бүркүт кылган замана.

Байды чынар, кедейди,

Чырпык кылган, замана.

Байды бөрү, кедейди,

Кой кылгансың, замана.

Жок кылмакка кедейди,

Ой кылгансың, замана.

Кедейди жапыс, байларды

Бийик кылган, замана,

Байды мерген, кедейди

Кийик кылган, замана.

Керимбайдын үнү: Ой, Токтогул, мени да үнүмдөн таанып тургандырсың, сени Сибирге айдатып, азапка салган Керимбаймын. Оң кулагаң менен да, сол кулагың менен да ук. Сенин күнөөң тоодой. Менин алдымда жазыктуусуң. Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа, тектүү менен тирешпе дегенди уккансыңбы? Байлыкты мага сен берген эмессиң. Ал менин маңдайыма жазылган. Заман меники. Иттиктин баары өзүңдөн кетти. Болбосо сени колго алалы дегенбиз. Үстүңдө үй, астыңда алчактата минген күлүк ат, башыңда суусар бөрк болмок. Мартаба, даңк да сенде болмок. Сен ошол ырыс, бакытты тептиң. Чор тамандарга жан тартып, ошолордун тилегин ырдадың. Чала болот, сага, чала!

Токтогул: Жок, ыр- аткан ок, Керимбай. Аткан- мен, ок жеген- сен. «Беш каман» деген ырыма өкүнбөймүн. Ал ыр силерди дайыма куйкалап турат. (Слайддан Токтогулдун «Беш каман» ырдаганы көрсөтүлөт).



Талкуу жүргүзүлөт.

Суроо: Чын эле Токтогулдун жазыгы кайсы?

Жооптор:

  1. Токтогул заманга, Керимбайга, уу тырмактуу канкорлорго каршы чыкканы үчүн күнөөлүү болуп калдыбы?

  2. Акын чындыкты тике тайманбай бетке айткан.

  3. Токтогулдун күнөөсү жок.

  4. Токтогулду жазыктуу деп атоонун өзү эле күнөө.

  5. Ошол мезгилде чындыкты айтканы үчүн аны күнөөлүү дешкен.

  6. Токтогулдун беш камандарга каршы ырдашы, Арзыматты «мадырайган соргогум» деп аташы, эшендердин алдамчылыгын ашкерелеши- эрдик.

  7. Мен үчүн улуу сабак- Токтогулча күрөшүү.

  8. Токтогулдун карагайдан жасап алган комузун түрмөнүнү начальниги талкалап салат. Комуз ушуну менен сынды, кайра чертилбейт деп ойлогон. Бирок ошол комуз бүгүнкү күндө дүйнөнүн баардык булуң-бурчунда сайроодо. Муну менен мен Токтогулдун өмүрү, ыры, күүлөрү сыяктуу эле дайыма таңшый берет деп айтмакчымын. Эл үчүн кызмат кылгандарды эл эч качан унутпайт.

  9. «Тогуз кайрыгын» угуп көргүлөчү (уктурулат), мындан Токомдун өмүрүн, өткөргөн күндөрүн сезүүгө болот.

  10. Түрмө Токтогулду мокоткон эмес. Кайра курчуткан. Ал Семен менен Харитондон падыша тактан кулаарын, боштондук күн келээрин уккан. 1915-жылы Барпыга минтип айткан: «Кутуларбыз жарк этип, куруттай эзген залимден. Кабарын уккам, түшүнөм, аракет кылган бирөө бар. Айтайын десем ашкере, чыгарбайт азыр турмуш тар». Ушундан улам ойлойм, Токтогул Ленинди уккан болуш керек. ж.б.

Ар бириң алдынардагы баракчаларга өз оюнарды жазып мага тапшыргыла, мейли сүрөт аркылуу чагылдыргыла, мейли ыр жазгыла, мейли кара сөз түрүндө жазгыла.


Үй тапшырмасы: «Токтогулдун Сибирден кайтып келиши» аттуу көрүнүш даярдап, аткарып келесиңер


Жыйынтыктоо:

Жаман адам белгиси,

Өз камы үчүн жүгүрөт.

Жакшы адам белгиси,

Эл камы үчүн күйүнөт.

Дениң соодо эринбей,

Бекерликке берилбей.

Эркиң менен жумуш кыл,

Эринчээк жалкоо дедирбей.

Токтогулдун санаат-насыят ырларын уксанар ар бириңде башкача ой жүгүртүү болот. Токомдун ар бир ырынын тарбиялык маааниси өтө зор. Мен силерге жаркын келечек, бактылуулук каалап сабакты аяктайм. Баарыңарга рахмат!










































Сабактын темасы: « Ааламга жашоо жараткан,

аялдын кундон неси кем».

Сабактын максаты:

А) Билим беруу: Окуучуларды корком окууга макал лакап жаттап аны

чечмелоого, кластер тузу у менен энеге тиешелуу

болгон айтып буткус саптарды айттырууга вендин

диограммасын тузу менен эне менен баланын ортосун-

дагы мамиле.

Б) Онуктуруу: Окуучулардын логикалык ой жугуртуусун, суйлоо речин онуктуруу

В) Тарбия беруу: Эненин ыйыктыгын ынандыруу, оз оюн ачык айтууга

уйротуу.

Ресурстар тустуу суроттор, буклеттер,китептер.

Сабактын журушу:

1 Уюуштуруу.

2Тема жонундо тушунук.

3 Энени ни даназалоо ыр саптары

4 Энеге арналган макал лакаптар. «Чынжырча»

5 Интермедиа.

6Энеге арналган ыр саптарынан чынжырча.

7 Жеке номер.

8 Кластер тузуу.

9Жыйынтыктоо.

Саламаттсыздарбы кымбаттуу мугалимдер, ата-энелер! Амансыздарбы ушул жерде олтурган уул кыздарыныздар учун бийик,ыйык,кымбат жана албетте мээримдуу болгон инсандар. Урматтуу ата-энелер мугалимдер сиздердин назарыныздарды улуу инсан энелерге алналган «Ааламга жашоо жараткан, Аялдын кундон неси кем» деген тарбиялык саатка бурабыз.

Кана эмесе уйго берилген тапшырмага конул бурсак . Энее бул ким? »Эне» созго кластер тузу ( презентациялайт) Ооба, энени жартылышка, жан жаныбарга, адамзатка жылуулук тартулаган жалгыз кун болсо ошол кунго тенеп о.э жаратылыш прамидасына тенеп энеден ыйык нерсе жок экендигин корсоткон кластер бул эн тура деп эсептесек болот. Ошондой эле тунку карангылыкты жарык кылган айга, айдын шооласына,жылдыздарга алтын казык жылдызына тенегенинер ен тура. Силердин ушул кагаздарга жазган оайлорунардыкрап мен томонку ыр саптарды айткым келип турат.

Ак тандай токмо ырчылар

Аялдын данктап келишет

Айга тенп жарыгын

Журоктон таазим этишет

Тенебейм анан эмне экен

Жарыгы айда никем бекен

Ааламга жашоо жараткан

Аялдын кундон неси кем

Ооба, эне ыйык калетсиз талашы жок соз. Эненин ыйыктыгын,асыл эмгегин балага болгон мээримин айтпаган бир да акын жазуучу болбосо керек.Кана балдар эне жонундо кандай ыр саптарын айтат.(Чынжырча ойуну)

  1. тапшырма:

Эне жонундо эссе жазуу(3 мин)

Апапак жоолук салынып

Амандык тилеп зарыгып

Алыстан кызым келк\ет деп ой

Апакем журот сагынып


Алдырбай ал кез жашымды

Талдап оргон чачымды

Алсырап тушсом апакем ой

Алдына жоойт башымды


Ар дайым жарык маанайын

Агарып барат саамайын

Алпештеп бизди остургон ой

Апалар жашоо таалайы.

Эне жонундо макал-лакаптар.


Эне сутун актоо-омур бою кутулгус карыз.


Согуш эне жек корот.


Тапкан эне эмес,бакан эне.


Атанын салган жолу бар, Эненин тиккен тону бар.


Энеси баккан бала-эптуу,


Атасы баккан бала эстуу.


Аял уйдун чырагы


Эне уйдун куту.


Эне- боорундагы булак.

Бала-экооно шам чырак.

Баардык элдин энелери ыйык.


Эненин турган жери бейиш.


Эне-нур, нур эне бакыт.

Эл эне, жер бакыт.


Ата-энеге кылганды, балдарынан коросун


Жакшы уул ата-энесин тындырат,

Жаман бала ата-энесин сындырат.


Эне сыйлаган элге жагат,

Ата сыйлаган абийир табат.


Атан барда жер таны,

Энен барда эл тааны.


Атанды сыйласан акылын ук,

Энени сыйласан эмгегин баала.


Баланын кону талаада,

Эненин кону балада.












Сабактын темасы: Сыйкырлап бизди чакырган -жылдыздуу асман.

Сабактын максаты:

А) билим беруучулук: космос мейкиндиги жана косманавтар

жонундо билишет.

Б) онуктуруучулук: 20-кылымдын 60-70- жылдарында болуп откон тарыхый даталарды айта алышат.

В) тарбия беруучулук: жаратылышты сактоого уйронушот

Корсоткуч: сабак максатына жетет, эгер окуучулар

А) космос мейкиндиги жана космонавттар жонундо билишсе,

В) 20-кылымдын 60-70- жылдарындагы окуяларды айта алса,

В) жаратылышты сактоого уйронушсо.

Сабактын тиби: сабак-саякат

Сабактын жабдылышы: экран, прожектор, суроттор, космос ракетасынын макети, скафандр, буклеттер ж.б.

Сабактын журушу: уюштуруу, жаны тема,



Кун нурундай жаркыган,

Кулкусу тунук шаншыган

Конулундо кири жок

Амансынарбы, балдарым?!

- саламатсызбы, кош келиниздер!

Аманчылык тилеп калкыма

Келечекке умтулабыз талпына

Ар бирибиз окуйбуз

Жетуу учун «мыкты инсан» наамына

Сактап алтын эрежени

Тартиптуу балдар бололбуз

Убакытты тура пайдаланып

Оюбузду так-так айтабыз.

Мына ошентип бугунку кун да оз октомун жургузуп жатат. Дагы бир омурубуздун барагы ачылып жатат. Кана балдарым ушул кунду баалап алалычы.

-

-

-

-

-

Ооба, туура айтасынар, силер айткан 12-апрель Космоновтика кунуно карата биз да бугун «Сыйкырлап бизди чакырган- жылдыздуу асман» деген темада соз козгосок.

Максатын айтып отом.

Айткылачы, тунку жымындаган жылдыздар, кундуз нурун чачып, мээримин токкон кун силерге кандайдыр бир кызыгууну жаратабы?

- Апам, жомок айтканда «Саманчынын жолун» корсотуп. Чын эле жолоочу жолдон адашып калбайын деп жолуна саман чачып кеткендей туюлат.

- Асмандагы жетиген, ал эмне учун жетиден, жети атанды чыгарбай. Билип жургун эсинден, демекчи жетиген жылдызы 7 санын тушундурот го.

- Биз табият таануудан 9 планета бар экенин окудук. Чолпон планетасы бизге танкы мезгилде жарыгын чачып жаркырап, тан чолпон жылдызы болуп корунот экен.

- Эмне учун жылдыздар учушат?

- Алар жылыдз эмес, алар комета деп аталат.

- Эрте менен турганда кундун кызыл шооласы тоодон чыкканы кандай сонун ээ!

- Энебиздей мээрим тогуп, нурун чачкан кун биздин жашообуздун бир булагы.

- Жакшы, балдарым, эми космос жана космонавттар жонундо да оз оюнарды айтсанар?

- Космос мейкиндиги булл жер жана андан сырткары 8 планета, же болбосо кун системасы.

- Космос – бул абасыз карангы тунгуюк.

- Ал жактан биздин жерибиз тоголок болуп корунот.

- Биринчи космоско учкан Ю.Гагарин. ал «Восток» корабли менен учурулган

- Аялдардан биринчи космонавт В.Терешкова болгон.

- Кыргызстандын тунгуч космонавты С.Шарипов блгон.

- Азаматтар, анда биз да ошол космос мейкиндигине саякатка чыксак.

Учса ага, атабыз

Кубанычка батабыз

Биз да алыс сапарга

Даярданып жатабыз.

- Колунарды партага коюп, менин айтканымды элестетип уктагыла, менин ар бир созумду коз алдынарга алып келгиле. Биз «Арал-2014» деген космостук кораблдебиз. Учуга даярданып жатабыз. Баарын курларды байланып камдангыла. Учуга уруксат сурайбыз. – Уруксат. 5,4,3,2,1 учтук, биз учтук. Жердин тартылуу кучун женип, космос мейкиндигине чыктык. Кандайдыр бир салмаксыздык байкалды. Алдыбызда турган ручка, дептерлер абада калкып калды. Карагылачы, биздин планетабыз когуш шар болуп корунуп турат. Кереметтуу ажайып кооздук. Жерди айланып учтук. Кайтаар кез болуп калганын кабарлап жатат. Биз оз классыбызга келип кондук. Ойгонгула.

- Эмнени сездинер?

- Мен оз салмагымды жоготуп койдум окшойт.

- мен озумду Ю.Гагарин элестетип кеттим.

- Жер шарыбыз кичинекей болуп корунду.

- -

-

-Эжеке, бизге Ю.Гагариндин омур баянын айтып беринизчи?

- Макул, садагаларым (слайд корсотулот)

Юрий Алексеевич Гагарин биринчи космоско учкан адам. Ал 1934-жылы 9-мартта Россиянын Батыш областынын Гжат районунда Клушино деген айылда туулган. Ал оз ожорлугу, зээндулугу, мыкты окугандыгы менен космосту багындырган. 1961-жылыдн дал ушул куну 12-апрелде «Восток» корабли менен Байконурдан старка чыккан. Космонавттар Ю.Гагарин менен Герман Титов жер шарын 108 минутада айланып чыгышкан. Эки суткадан коп учкан корабль жер шарын 17 жолу айланып чыккан.

Атасы Алексей Гагарин – ширетуучу, апасы Анна Матвеева – сут фермасында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында Клушкинодогу мектепке барган. Бирок согуш болуп жаткандыктан окусун токтотууга аргасыз болот.

Согуш аяктаганда гана 1945-ж 24-майда Гжатка кочуп кетишип, ошол жердеги мектепке кирген. 1949-жылы 6-классты аяктаган ошол эле жылы Люберский училищасына тапшырып, 1951-жылы ийгиликтуу аяктаган. Ошол эле жылы Саратов Индустриалдык техникумуна тапшырып, 1954- жылы аэоклубка кирген. 1955-жылы Як-18 самолету менен биринчи жолу учкан. Жашап откон омурундо Ю.Гагарин 196 жолу учуп, 42 саат 23 минут учкан.

- Кана, эми айткылачы, Кыргыстандын тунгуч космонавты ким болгон?

- Салижан Шарипов.

- С.Шарипов жонундо эмнелерди билесинер?(Жанылай, Дилдара, Нуржигит)

Корунуш корсотулот.

- Эшик такылдап, космонавт кирет.

-

-

-

-

- Ак жол каалайбыз! ( слайд корсотулот)


Эбегейсиз зор ааламга салыштырмалуу биздин жер планетабыз байкалар байкалбас чекит гана болот экен.

Анткен менен дал ушул жерде гана жашоо учун шарт тузулгон. Ааламдын башка бир да бурчунда тиричилик табылган эмес. Мындай кереметтуу планетада жашоо бизге, чынында ыракат алып келет. Кун корунуп жылуу нурун чачса кимибиз суйунбойбуз. Тан нурдана атса , кун балбылдап батса, кимибиз суктанбайбыз. Бирок кун козубуздун кумарын кандыруу учун гана чыгып-батып турбайт, анын жарыгына баарыбыздын жашообуз туздон-туз коз каранды.

Бугунку сабактан алган сезиминерди кыскача жазгылачы. (ар бир окуучу бир суйломдон жазат).


Мына, биз космос мейкиндигине саякаттап келдик. Силер мыкты окусанар. Талыкпай эмгектенип. Чымырканып спорт менен машыксанар – келечегинер дангыр жол, ак жол, бактылуу жол болот деп ишенем. Сабагыбызды «космонавттар ыры» аталып калган «Умут»(Надежда) ыры менен жыйынтыктайм.

Уйдон космостук кораблдер, космонавттар, космос жонундо сурот тартып келесинер.

Сабакка катышканынар учун рахмат! Конокторго да ыраазычылык билдиребиз, ишиниздерге ийгилик, ааламга жарык нур чачкан асыл- жан мугалим!


Сабактын темасы: Диний экстремизмге каршыбыз.

Сабактын максаты:

Билим беруучулук: окучулар диний экстремизм жонундо малымат алышат

Онуктуруучулук: «Экстремизм» деген создун маанисин тушунушот жана чечмелеп бере алышат

Тарбия беруучулук: ислам дини боюнча кыскача тушунук алышат, адептуулукко уйронушот.

Сабактын жабдылышы: суроттор, телевизор, ДВД, маркерлер ж.б.

Сабактын журушу:

Кымбатым менин балдарым,

Соо болсо дейм жандарын.

Келечекте улуу инсан болгула, Мен силерге ушуну дайым каалаймын.

Саламатсынарбы?!

Келгиле, алтын балдарым, бугунку сабагыбыз учун кабыл алган «Алтын эрежени» эске салалы.

  1. Убакытты тура пайдалануу

  2. бири-бирин сыйлоо

  3. тынчтыкты сактоо

  4. жоопкерчиликтуу болу

  5. тазалыкты сактоо

  6. активдуу катышу

1-окуучу: Эрте туруп уйумдо

Сабагымдан кечикпей

Тартип бузуп себепсиз

Чуркап кирбейм эшиктен

2-окуучу: Суроо берсе эжекем

Кол которуп жооп берем

Туз отуруп класста

Туз коёмун колумду

Ар нерсеге алаксып

Бурмалабайм оюмду

3-окуучу: жолтоо болуп сабакка

Уруксатсыз баспаймын

Тапшырманы так жасап

Жалкоолукту таштаймын

Азаматсынар, балдар, алтын эрежени сактайбыз да, сабакты баштардан мурда бугунку кунду ачып алалы:

- Жагымдуу жаз мезгили

- Жаз мезгилинин экинчи айы

- Апрелдин 12си

- Иштин башы ишемби кун.

Бугун биз, «Диний экстремизмге каршыбыз» деген темада соз кылалы.

(Сурот боюнча суйлоо)

Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын бири «Хизбут-Тахрир» диний партиясы. Алардын идеасы халифаты куруу. Ислам мамлекетин туптоо. «Хизбут-Тахрирчилер» демократияга бутундой каршы. Хизбутчулар Ислам мамлекети жихад сыяктуу ураандарды которуп чыгып исламдын алгачкы доорлоруна кайтармакчы.

Алар динди жамынып алып ата-мекенибиз дин элдеринин ортосунда диний келишпестиктерди чыгаруу. Калкыбызды Ооганстан, Чеченстан, Тажикстан кандуу урушунун кесепеттерине тартмакчы.

  1. Экстремизм деген эмне? (окуучулардан жооп алам)

- Экстремизм- чектен чыккан коз караштарды жана аракеттерди колдоочулук.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!