Студенттердин жүрүш-туруш эрежелери
Студент милдеттүү: Өз көндүмдөрүн жана билгичтигин калыптандыруу, б.а өзүн – өзү түшүнүү:
өзүн ишмердүүлүккө уюштура билүү;
чечимдерди кабыл ала билүү;
кабыл алган чечимдердин,алардын жыйынтыктарынын жоопкерчилигин алуу;
жамаат менен жана жекече иштөөнү билүү;
өздүк инсандык өсүү программасын түзө билүү;
өз билимин өркүндөтүү программасын ишке ашыруу;
аналитикалык аң-сезимдин көндүмдөрүнө ээ болуу;
керектүү маалыматты издөө жана колдоно билүү;
үйрөнө билүү;
ойлоно билүү;
кызматташа алуу;
ишти баштоо жана бүтүрүүгө үйрөнүү;
колледжге сабак башталардан 15-20 минут эрте келгенге;
формада, таза жана тыкан кийимде келүү
өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоо;
колледжде жана колледжден тышкары жерлерде өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүү;
колледждин ички тартибин жана жүрүш-турушун сактоо (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө,класс жана мектеп турмушуна катышуу);
ийгиликтүү адаптацияга бүт күчүн жумшоо;
педагогдор, колледж персоналдары жана студенттери менен өз ара сыйлоо жана этият мамиле түзүү (улууларга сый мамиле менен "Сиз" деп аты- жөнү менен кайрылуу);
колледждин территориясында тазалыкты жана тартипти сактоо;
калтырган сабактарын өз убагында тапшыруу, модулдарды, темаларды тапшыруу, план-конспекттерди көрсөтүү ж.б.;
колледждеги, тайпадагы коопсуздук атмосфераны түзүү жана колдоо;
сабак калтырган учурда өз убагында кураторго догдурдан күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүү (алардын ордун алмаштыруучулардан);
колледждеги, тайпадагы өз ордун жана ар-намысын сактоо.
Аталган эрежелердин максаты болуп билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү, инсанга карата сыйлоо сезимин, маданияттуу жүрүм-турум, коомчулукта сүйлөшө билүү көндүмдөрүн өстүрүү.
Студенттерге тыюу салынат
администрациянын уруксатысыз сабак учурунда комплекстен кетүүгө;
өзү каалагандай спорттук , маданияттык жана сабактан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө;
терезенин алдына, шкафтарга, имараттык жабдууларга чыгууга;
электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
колледждин спорттук, оюн конструкциясын өз орду менен колдонбоо;
ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
кандайдыр бир куралдарды алып келүү жана колдонуу (пистолет, бычак, мылтык, кастет ж.б.);
студенттерди акча жана башка бир баалуу буюмдарды алуу максатында психологиялык жактан коркутуу;
денени зыянга учуратуу максатында студенттерге физикалык күч колдонуу, мушташ кылуу үчүн ар түрдүү жолдон чыгаруучу формаларды колдонуу;
сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуу;
сабактарды себеби жок калтыруу.
Студенттердин сабактагы журуш-турушу
коңгуроо кагылаары менен студенттер өз ордуна келип, сабакка тиешелүү нерселерди даярдоосу керек;
ар бир студент аудиториядагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;
мугалим класска киргенде студенттер саламдашуу үчүн ордунан турушу керек;
сабак учурунда студенттер түз отуруп, ашыкча сүйлөбөй, башка иштер менен алек болбошу керек;
студент сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарышка милдеттүү;
эгерде, студент сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы керек;
студент жооп берүүгө күндөлүгү менен чыгуусу жана жооп берип жатканда түз туруп, ачык жана катуу сүйлөшү керек.
эгерде окуучу мугалимден бир нерсе сурагысы келсе, кол көтөрүп, мугалим урксаат бергенден кийин туруп, суроо бериши керек;
коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксаты менен студенттер тынч гана аудиториядан танаписке чыга алышат.
Журуш-туруш маданиятына карата талаптар
баары менен сый-урматта, жайдары болуу;
улуулар менен сүйлөшүп жатканда колун чөнтөгүнө салбоо, өзүн түз кармоо;
балдар менен саламдашканда, алардын аты-жөнүн айтуу;
тазалык жана тартипти сактоо, абдан маанилүүсү - булгабоо;
улууларга, жолдошторуна жардам берүү. Жардам суроону гана күтпөстөн, тегерегиндегилерге көңүл буруп кароо;
тыкан, жыйнактуу болуу милдети, бети, колунун тазалыгын сактоо, чач жасалгасына, кийиминин, бут кийиминин тазалыгына көңүл буруу.