Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн түрлөрү: Жаксыз сүйлөм»
Кыргыз тили
8-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Билимдүү китептердин баркын билет,
Окуган - акыл оюн эске түйөт.
Жусуп Баласагын
Сабактын темасы:
Жаксыз
сүйлөм
Сабактын максаты:
Жаксыз сүйлөмдөрдүн өзгөчөлүгүгү жана түзүлүш бөтөнчөлүгү жөнүндө маалымат ала алышат.
Өткөн сабакта:
Жактуу бир тутумдуу сүйлөмдөр.
245-көнүгүү.
Сүйлөмдөрдү белгисиз жактуу сүйлөмдөргө айландырып жазгыла.
Жаңы тема:
Бештин айынын он сегизи.
Жаксыз сүйлөм.
Жаксыз сүйлөм да – бир тутумдуу сүйлөмдүн бир түрү. Жактуу сүйлөм сыяктуу, бул сүйлөмдө да ээ катышпайт, баяндооч гана бар. Кыскасы, ээнин таптакыр жок болушу, сүйлөмдүн негизин жалгыз гана баяндоочтун түзүп турушу – жаксыз сүйлөмдүн өзгөчөлүгү болуп саналат.
Грамматикалык ээси жок жана анын болушу да талап кылынбаган сүйлөмдөр жаксыз сүйлөмдөр деп аталат.
Мисалы: Күндүз ызаатта, түндө кызматта. Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт.
Баяндооч III жактагы этиштен же башка сөз түркүмүнөн болот.
Жаксыз сүйлөмдөрдүн баяндоочторунун да белгилүү өлчөмдө түзүлүш бөтөнчөлүктөрү бар:
а ) Баяндоочу зат атоочтон болот, же ага кызматчы сөздөр тизмектешип айтылат:
Оозуңа май, кагылайын. Үйдө баатыр, жоодо жок. Кайда болсо да бир өлүм.
б) Сын атоочтук баяндооч аркылуу уюшулат:
Сага оңой болгону менен, мага кыйын.Суудай суюк, уудай ачуу.
в) Негизги баяндоочко мүмкүн, тийиш, керек, эмес, экен деген көмөкчү милдет аткаруучу сөздөр тизмектешүү менен:
Кары адамга катуу айтууга мүмкүн эмес. Бир жылда эмес, он жылда да бүтпөөгө тийиш.
г) Баяндоочтун милдетин –бас мүчөсү аркылуу жасалган атоочтук аткарганда:
Жаактуудан кепшебес, аркалуудан оонабас. Арыса да, ачса да, бермейинче суу ичпес, жем жебес.
д ) Негизги баяндоочко жарайт, жарабайт, болот, болбойт, туура келет деген көмөкчү этиштер тизмектешкенде:
Алымдарды ээрчитип барууга болбойт. Эми ушинтип жашоого туура келет экен да. (К.Ж.)
Бышыктоо:
249-көнүгүү.
Жаксыз сүйлөмдөрдүн баяндоочторун таап, алардын түзүлүштөрүн, милдетин аткарган сөздөрдү жана сөз тизмектерин аныктагыла.
Кийинки сабакка
чейин
саламатта болгула!