Просмотр содержимого документа
«Сын атооч. Кыргыз тили 3 класс»
Төлөнбаева Бактыгүл. Чоң Алай району. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими.
Сын атооч
(Кыргыз тили. 3-класс)
Сабактын максаты:: 1. Сын атооч жөнүндө түшүнүк алышат.
2.Сүйлөмдөн сын атоочту табышат. Сынчыл ой жүгүртүүгө аракеттенишет.
3. Топто жупта иштешет, энелердин улуулугун баалашат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын жабдылышы; сүрөттөр, интерактивдүү доска, таркатмалар
Күтүлүүчү натыйжалар:
Сын атооч жөнүндө билишсе
Сынчыл ой жүгүртө алышса
Топто иштей алышса, энелерди сыйлоо керектигин билишсе
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Жагымдуу маанай түзүү: Ысымынын баш тамгасына кеткен сөздү таап комплимент айтышат.
Алтын эрежени кабыл алуу:
С-сабырдуу
Ы-ынтымактуу
Н-намыскөй
А-аракетчил
Т-тартиптүү
О-оюн так айтуу
О-ойлонуп сүйлөө
Ч-чыгармачылык менен иштөө
Гүлдөрдүн түстөрүнө карап топторго бөлүнүшөт. Упайлар берилет.
Үй тапшырмасын текшерүү:
Бири-бирине текшертүү
Жаңы тема: Сын атооч
Сабактын максаты менен тааныштыруу
Слайддан сын атоочтун эрежесин окуп, талкуулоо.
Заттын сын сыпатын, өңү-түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирген сөздөр сын атооч деп аталат. Кандай? Деген суроого жооп берет.
Мисалы: кызыл, тоголок, таттуу ж.б.
Көнүгүүнү жазып сын атоочту табуу. Ким эң жакшы жазганын сабактын аягында аныктайбыз. Сын атооч сөздөр катышкан макалдарды курашат. Мисалы: Жакшы бала элпек, жаман бала тентек. Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул көктөгү жылдыз.
1-топ: Эне деген сөзгө синквейн түзөт
2-топ: Эне деген сөзгө класстер түзүшөт
3-топ: Венндин диаграмасын түзүшөт.
Бышыктоо: “Жөргөмүш желеси” оюну аркылуу сын атооч боюнча билгендерин аныкташат.
Суроолор: Сын атооч деген эмне? Сүйлөмдөн сын атоочту тап. Ж.б.
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөндүк? Сабака ким кандай катышты? Кайсы топ активдүү болду? Упайларды эсептөө менен жыйынтык чыгарылат.
Үй тапшырмасы: “Менин сүйүктүү апам” деген темада сын атоочту катыштырып аңгеме түзүшөт
Баалоо: Коментарийлеп бири-бирин баалашат.