СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табият жана ырым жырымдар

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Табият жана ырым жырымдар»

Сабактын темасы: Табият жана ырым-жырымдар.

Сабактын максаты:
1. Ырым-жырым жонүндо түшүнүк алышат.
2. Табият менен ырым-жырымдардын байланышын аныктай алышат.
3. Дүйного коз карашын калыптандыруу үчүн оболго түзүлот. Оз алдынча ой жүгүртүүго конүгүшот. Сабактын жабдылышы: Ырым-жырымдар чагылдырылган суроттор.
Сабактын журушу: I. Уюштуруу.
Окуучуларды жоктоо. Тема жана анын максаты боюнча тушунук беруу. II. Керектуу маалыматтарды беруу.
Табият менен жуурулуша жашап келген кыргыз эли жан-жаныбарлардын сырын кыйын түшүнгөн эл болгон. Ата-бабалар жапайы кайберендерден баштап, канаттууларды, майда жапайы жаныбарларды, коөн, түлкү, карышкыр, илбирстер сыяктуу бардык жаныбарларды ыйык тутушуп, аларды тукум курут кылышпай, турмуштук керектөөлөр учурунда гана тузак салган.
Жалпысынан алганда, кыргыз маданиятынын бир өңүтүн ырымдар түзөт. Ырымдардын түрлөрү көп. Ар бир ырымдын кылымдар бою түкшөмөлдөнүп келаткан мазмуну, кыргыз баласынын өнүп-өсүшүндө салым-орду, эне сүтү менен муундан муунга берилүүчү мурастуулугу, башка элдин өкүлүнө бирде кызыктуу көрүнсө дагы, көбүнесе адаттан тыш, чоочун учурай турган сырдуулугу, өзүнүн аткарылышы кайсы бир көңүл өйүтүндөгү нерсенин чечилип калышына шарт түзгөн касиеттүүлүгү, анан талашсыз, кечээгиси, бүгүнкү-эртеңкиси бар.
Дегеле кыргызда мынча ырым бар деп так маалыматты эч ким бере албайт. Мындай көңүл коюп карай келсең, аң-сезимсиз түрдө адам бир күндүк турмушунда канча ырымды аткарып жибергенин өзү да аңдабайт. Адатта «кызга кырк үйдөн тыюу» деп элде айтылгандай, басымдуу тыюулар аталган жыныстын өкүлдөрүнө багышталат. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деп биздин даанышман карыларыбыз чай үстүндө саймедирей берип, өз балдары менен кыздарын, небере-чөбөрөлөрдү кантип туура жолго салып коюшаарын өздөрү да байкабайт. «Шыпыргыны тигинен койбо», «түнкүсүн эшикке суу төкпө», «кечкисин тырмак алба», «тамактын үстүн алтүндө ачык калтырба», «кыбыланы карап заара кылба», «жума күнү кир жууба», «үйгө киши-кара келгенде алдагы баланын чекесине көө сүртүп кой», «төшөктү кыбыланы теппегендей сал», айтор, бул өңдөнгөн үй тиричилигиндеги ар бир көрүнүш ырым болуп кете берет.
Мазарларда эң көп кездешкен ырымдардын бири – түлөө
Кылым карытып келе жаткан түлөө салтынын өзөгүндө азыркы менен кеткендин, тирүүлөр менен арбактардын, бабалар менен урпактардын, күнүмдүк менен ыйыктыктын, ошондой эле табият менен адамдын карым-катнашы жана бир-биринин алдындагы жоопкерчилиги жатат. Түлөө – каалоо-тилек менен болмушту шайкештикке алып келе алган аракет болуп көрүнөт. Мисалы, тирүү пенделердин бейкуттугу арбактардын жардамы менен болушу мүмкүн, ал эми арбактар тирүүлөрдүн эскерүүсүнө муктаж. Мазарлар болсо ортодогу байланышты чыңдайт деген ишеним байкалат.
Томондо кээ бир ырым-жырымдардын мааниси менен таанышалы.
Кошумча-жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү өлчөм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдө болот. Бул «ыража» деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага өмөчөктөп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу биздин элде бар. Кошумча чогултуу – элибиздин урматы.
Ажаат ачуу  Бул – зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу «Ажаатчыл адам», «Ал жок дебейт», «Ал ажаатка жок» өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат ачкандар – элдик адамдар. Айыл ичи мындайлар менен сыймыктанат.
Садага чабуу  Бул – адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун көргөнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдөгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең.
Аксарбашыл айтуу  Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл – башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар.
Бертик суроо  Бул – бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга дабаа болгон. Азыр деле айрымдарды – тигинден-мындан бирдеме суроочуларды «бертик сурагансып» деген өтмө мааниде сөз айтылып жүрөт.

III. Жыйынтыктоо.
  Ырымды адамдар өздөрү жаратат, алардын  жамандыктан сактап жакшылыкка багытталган, аман алып калыш үчүн жасалган иш-аракети.
Ырым-жырым ата-бабалардан калган. Ал эми биздин милдетибиз ырым-жырымдардын маанисин уйронуп,  ата-бабаларыбыздын мурастарын туура колдонуу, окутуруу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!