СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Талапкердин өз предмети боюнча автордук идеяларын чагылдыруу”

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Талапкердин өз предмети боюнча автордук идеяларын чагылдыруу”

Просмотр содержимого документа
««Талапкердин өз предмети боюнча автордук идеяларын чагылдыруу”»

«Талапкердин өз предмети боюнча автордук идеяларын чагылдыруу”

Мына бүгүн менин алдыма мектеп босогосун жаңыдан аттап турмуштун кең талаасына багыт алган кичинекей адамдар келди. Алар ушунчалык кичинекей, кичинекей колдору менен өздөрү үчүн жаңылык болгон класс ичиндеги предметтерди, стол, стул, терезе, эшиктен өйдө кармалап көрүп жатышат. Чоң-чоң бакырайган көздөрү менен айланага көз чаптырып таңыркашат. Бул кичине адамдар менин жаңы окуучуларым. Алар ар кандай. Бири ачык-айрым, куунак, бири түнт эч ким менен сүйлөшпөйт, бири уялчаак, бири аябай эле тартынчаак, кээ бири ыйлаак, кыскасы жыйырма беш бала болсо, ошончо кулк-мүнөз, ошончо көз караш. Менин алдымда жыйырма беш түрдүү тагдыр, жыйырма беш түрдүү келечек олтурат. Булар кээ бирлери айткандай “актай барак” эмес, контурлары түшүрүлгөн келечектеги бүтүн бир кесип ээлери, коомдун татыктуу мүчөлөрү. Мугалимдин милдети ошол үзүк сызыктарды бузуп албастан, этияттык менен туташтырып, баланын келечегин ачык-айкын бүтүндөй бир көркөм композицияга айландыруу болуп эсептелээрин унутпашыбыз керек. Демек менин милдетим, идеям бала мектеп босогосун аттаган күндөн баштап, партага отурган мүнөттөн тарта, баланын шыгын, жөндөмүн, келечек контурун, чоңойгондо ким болоорун, кайсыл кесипке ынтызарлыгын туура таба билүү, контур сызыкчаларын туура эмес туташтырып алып балага башка, анын табиятына туура келбеген жолго салып албоо жана балага туура багыт берүү болуп эсептелет деп ойлоймун. Бул үчүн баш жакта айткандай ар бир баланын кулк мүнөзүнө, акыл-эсине, паам-парасатына, жөндөмүнө, шыгына жана кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн ой-жүгүртүүсүнө жараша мамиле жасап, тарбиялап баруу туура болот деймин. Өрүктүн данегинен өрүк гана өсүп чыгат, шабдаалыдан шабдаалы, гиластан гилас башкача болбойт, алар ар кандай, өздөрүнө ылайык жерге гана эгилет жана өзгөчөлүгүнө карап асыралат. Түшүмү да ар кандай, бирок үчөө тең керектүү дарактар. Балдар да кудум ушулардай сыртынан бирдей көрүнгөн менен булар ар түрдүү. Ар кимимси ар башка асыралат, окутулат, тарбияланат. Ошондо гана булардан келечекте коомго керектүү инсандар чыгат деп үмүт кыламын. Ар бир бала өзүнчө бир аалам. Аалам сырын аны аралап учкан адам гана ача алат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!