СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Ак калпак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Ак калпак»

«Тарбиялык саат: Ак калпак» 2-март 2024-жыл

Сабактын темасы: Ак калпак.

Сабактын максаты

А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет

б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет



в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт

Ак калпак

Кийгенде башка жарашкан

Суктанып баары карашкан.

Ак калпак калган мураска

Атабыз айкөл Манастан

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргызымдын башында

Ак калпагы кийилген

Жарашыктуу ак калпак

Кыргыз экенин билдирген.



-Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот. Баш кийим ак калпак деп айтылат. КАЛПАК төөнүн, койдун, эчкинин жүнүнөн жасалат. Биздин ата-бабалар баш кийимди аздектеп сактап келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Аны жашына карап кийишкен. 2011-жылдын 5- мартынан баштап АК КАЛПАК кунү деп белгилешкен. 9 жылдан бери майрамдап келе жатабыз.

Анда жомок аткарып берели.

Автор: -Илгери өткөн заманда атагы далайга кеткен бир хан болуптур. Ал бир күнү билермандарды дарыгерлерди чогултуп алып мындай дейт.

Хан: - Силер билесиңер, дайыма атамдын башы ооруп кыйналып жүрөт. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын боло турган баш кийим таап келгиле.

Автор: Аркимиси башка салкын боло турган баш кийим алып келе башташат.

Бул баш кийиди корүңүзчү?

Автор:- Ханга эч бири жакпайт. Бир күнү бир жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

- Бул баш кийимди көрүңүзчү?

Хан: - (Ары бери кармалап көрүп) Ушул баш кийим аябай жакшы экен. Эми кышында кийгени жылуу баш кийим таап келгиле!

Бул баш кийим сизге жагат бекен, көрүңүзчү

Ушул тумак сизге жагат деп ойлойм, ханым.

Хан:- Жок, болбойт бул тердетип жиберет, аба да өткөрбөйт.

Автор: - Көптөгөн баш кийимдерди алып келишсе да ханга жакпайт. Бир күнү дагы баягы жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

-Ханым бул кышында кийсе эң жылуу баш кийим, көрүңүзчү?

Хан:- ( Ары бери карап) Эмне үчүн салкын баш кийим десем да, жылуу баш кийим десем да ушул баш кийимди алып келесиң?



-Ханым бул баш кийимдин аты- КАЛПАК. Бул төөнүн, эчкинин, койдун жүнүнөн жасалат. Анын ичинен пахтадан токулган кездеме тигилет. Ошандуктан кышта жылуу, жайда салкын болот.Атаңыз дайыма кийип жүрсө башы оорубайт.



Хан: Туура айтасың, бул калпакты тезирээк атама алып баралы. Жүргүлө!

Башына ак калпак кийген киши көпчүлүктүн арасынан кескин айырмаланып, көзгө даана көрүнөт. Топ ичинен боордошуңду дароо тааныйсың

Ак калпак кийген киши боюнун кыскалыгына карабай шыңга бойлуу болуп чыга келет.

Калпак кышында сууктан, жайында ысыктан сонун коргойт. Ал табигый таза материал — кийизден жасалат.

Калпак кийип турган кишинин жаш курагын, коомдо ээлеген ордун, социалдык абалын биздин ата-бабалар жаңылбай аныктаган.

Ак калпакты, негизи эле баш кийимди кыргыздар дайыма ыйык тутуп келген. Мындан улам аны эч убакта жерге таштаган эмес. Ар убакта төр жакка, бийик жерге коюлган. Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюунун философиялык мааниси бар. Ата-бабалар ага өзгөчө маани берип, аяр мамиле жасаган.

Калпактын көркөмдүгү, ыңгайлуулугу чет элдиктердин бүйүрүн кызытып келет.

Дагы: Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..

Калпакты жерге койбо..

Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..

Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.

Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.

Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда

Жомок жактыбы балдар.

Калпак жонүндо ырларды жаттоо




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!