СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак Ырыс алды ынтымак

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак Ырыс алды ынтымак»

Ырыс алды Ынтымак.

Сабактын максаты: Мамлекеттин өнүгүшүндө биримдиктин,үй-бүлөөнүн өнүгүшүндө ынтымактын маанисин түшүндүрүү. “Ырыс алды ынтымак. Ынтымагың жок болсо, алдыңан таяр алтын так, башыңан кетер ырыс, бак. Ынтымагы бар элдин, ар дайым карды ток болот, ырыскысы мол болот” .

  1. Уюштуруу

  2. Жаны тема:

Ынтымак бар жерде, ырыс бар.

Ынтымак деп – адамдардын, үй-бүлөөнүн мүчөлөрүнүн, коомдун бири-бири менен гармониялуу жашоосун, ырааттуулукту, пикир келишип, бири-биринин оюна макул болуп жашоосун аташат. Ынтымак – бейкуттуктун себеби, ийгиликтин башаты, ырыстын алды. “Ынтымагың бар болсо, айылың кең, башка журттарга тең болосуң, ынтымагың жок болсо, ит менен кушка жем болосуң”. “Ынтымак мүрөк суусундай, чыр чатак жылаан уусундай”. Ынтымагы болбогон элге, мамлекетке, үй-бүлөөгө, адамга бак конбойт, иши оңолбойт. Билип кой, ынтымак – адептүүлүктүн жемиши, кара мүртөздүк – адепсиздиктин жемиши, ал адамдарды бири-биринен алыстатат. Баарынан жакшы адамдар – башкаларды сүйгөн, өзү сүйүүгө татыктуу, кең пейил жана ынтымакка умтулган адамдар. Ал эми аганы инилерден, ата энени баладан, кошунаны бири-биринен ажыратып, ушак таратып жүргөндөр – эң начар адамдар. Ыймандуулуктан бири-бирине сүйүү, тилектештик жана ынтымак жаралат, ал араздашууну жок кылат. Кара мүртөздүк болсо, ниеттин бузулгандыгынан жаралат, ал көрө албастыкка, жек көрүүгө, мамилелердин үзүлүшүнө алып келет. Араздашуу бар жерде бөлүнүү болот, бөлүнгөн эл мамлекеттүүлүгүн сактай албайт, үй-бүлөнүн мүчөлөрү коомдогу баштапкы уюм болуп эсептелген үй-бүлөлүк институтту сактай албайт. Манаста: “Бөлүнүп калса кыргыздар, көрүнгөн элге кеп кетет, бөлүнүп калган козуну көрүнгөн бөрү жеп кетет” – деп айтылат. Бири-бирине жакшылык каалап турган, бири-бирин жакшы көргөн, кең пейил, тилектеш адамдар ынтымактуу болушат. Ынтымак – ыймандуу адамдардын мамилеси, бирок ынтымакта жашагым келет деп, көрүнгөн адам менен достошо берүүнүн кереги жок. Эл ынтымакта жашоо үчүн адамдардын ак көңүл болгону маанилүү. Үй-бүлөдөгү ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү. Ыйманга жана улуттук дөөлөттөргө таянбаган, рухий баалуулуктан куру калган үй-бүлөдө ынтымак болбойт. Өз ата-энесин өгөйсүнүп, карылар үйүнө тапшыргандар бар, өз баласын 31 жетимдер үйүнө тапшыргандар пайда болду. “Эгер эмгектеген наристелер, бели бүгүлгөн карылар, оттоп жүргөн жаныбарлар болбогондо, азап силерди сел сыяктуу каптамак” . Ынтымакка умтулган адамдын жүрөгүндө сүйүү болот, өзү да сүйүктүү болот. Жүрөгүндө балага карата сүйүүсү бар эне менен сүйүүсү жок өгөй эненин айырмасы асман менен жердей. Башка адамдардын сүйүүсүнө татыксыз, жүрөгүндө башкаларга карата сүйүүсү жок адамдарда дөөлөт жок. Туугандары менен ынтымакта жашоо үчүн ага-инилерге каралашып тургула, сыркоолоп калса, кабар алып тургула, түйшүккө түшүп калса, жардамдашкыла, унутуп калса, эсине салып тургула. Сен бир тууганыңа өзүңө кандай мамиле кылышын кааласаң, ошондой мамиле кыл, бул – ынтымакка умтулуунун жогорку деңгээли, өзүңдөн жакшы мамиле кылып, анын керектөөлөрүн өзүңдүкүнөн жогору койсоң, бул – ынтымакка умтулуунун эң жогорку деңгээли. Бир туугандарыңдын кемчиликтерин тил менен эле эмес, жүрөгүңдө да “үндөбөй” коюш керек, ал жөнүндө жаман ойлобо, жаман ой – зыяндуу нерсе, анын иштерин жакшыга жорууга мүмкүн болгон жерде жаманга чыгарып жибербегиле. Анын кемчилигин билүүгө аракет кылбагыла, аңдыбагыла, бири-бириңерге көз артпагыла, далыңарды салбагыла, бири бириңерди жек көрүүдөн баш тарткыла. Туугандын айткан сөздөрүнүн чын төгүндүгүн айтып талашпагыла, анда тууганың акмак болсо, азапка салат, жоош-момун болсо, сени жек көрүп калат. Окуучу канчалык билимге умтулса, аракети натыйжалуу болсо, мугалим аны ошончолук жакшы көрөт, мугалим канчалык көп мээримин төгүп, билим берсе, окуучуга көбүрөөк көмөк көрсөтсө, окуучу аны ошончолук жакшы көрөт. Мугалим менен окуучунун аракети алардын ынтымагына жараша болот. Экөөнүн ынтымактуу аракетине жараша иши ийгиликтүү, эмгеги натыйжалуу болот. “Ынтымак турса калкыңда, душманыңдан тартынба”. Тирдиктин түбү – бирдик. “Ырыс алды – ынтымак, ыркы жокко конбос бак”. “Ынтымагың жок болсо, жашоо кыйын тынчыраак”. “Ынтымагы бар элдин карды ток, ынтымагы жок элде ырыс жок” – деп айтылып келген.


3) Бышыктоо.

Ынтымакты сактоо үчүн кандай адамды дос тутуу керек?

Жооп

Сөзүнө бекем турган, түшүнүктүү , акылдуу , жакшы сапаттарга ээ болгон.

Ыймандуу , ак ниеттүү болгону дурус. Сен кол сунсан сага кол сунган, сени коргогон адам менен достошуу керек.

Адамдын айыбын ачуу туурабы, ынтымакты сактап калуу үчүн жашырып коюш керекпи?

Жооп:

Адамдын айыбын ачуу анын беделин түшүрөт, жүрөгүнөн тынчтыкты кетирет. Сен өзүң айыпсыз адамсыңбы, эртең сенин айыбыңды бирөө ачып турса жакшыбы? Ойлонуп кор.

. Суроо: Үй-бүлөдө бири-бирин аябаган адамдар болушат, алар менен кандай мамиле кылыш керек? Жооп: алардын ыңгайсыздыктарына карата сабырдуу, чыдамдуу болгула. Алар менен да ынтымактуу жашагыла. Гете беш нерсени айткан: “Текебер менен арсыз адам, орой менен сылык адам, ак ниет, улуу адам менен зулум, сараң менен кайырчы, калпычы менен чынчыл адам ынтымакта жашай албайт”.


Жыйынтыктоо.

Мамлектеттүүлүктү, үй-бүлөөнү сактап калуунун зарыл шарты – элдин (адамдардын) ички биримдиги. “Ички ынтымагың бузулбай, эли журтуң бир тамырдын каны, бир дененин жаны, бир сабактык даны сыяктуу жашагыла, биримдигиңерди чыңдагыла” . “Ичкени үзүү оңой, жоонду эч ким үзө албайт” “Глобалдашуу доорунда мамлекеттүүлүктү сактоонун зарыл шарты – ички бекемдик, акча, алтын күмүшкө сатылбай, күнүмдүк кумарга алданбай, чет өлкөнүн идолдоруна сыйынууга эмес, “махабатына” эмес, индивидуалисттик өзүмчүл прогматикага эмес, Мекенге агынан жарылган, ак жаркын патриоттук сүйүүгө, эл-жерине 33 берилгендикке, улуттук баш кошкондукка, бийик жарандык аң-сезимдүүлүккө тарбияланышы абзел

Ынтымакты бузуучу нерселер – ынсапсыздык, ушак-айың, ырайымсыздык, сабырсыздык, тартипсиздик, ысырапчылык, көрө албастык, ичи тардык, эси жоктук, акылсыздык ж.б. Үй бүлөөдө ынтымакта жашоонун зарыл шарты – ымалалашуу, ыркташуу, ата-эне, ага-ини, эже-сиңди ж.б. менен мамиле түзө билүү, иштин эбин табуу, адеп ахлактуулук. Ынтымак кетсе, бак конбойт, ишиң оңолбойт, ырыс турбайт, жолуң ачылбайт. Ынтымак бар болсо, жолуң ачылат, бакыт конот. Уруш бар үйдө санаа бар болот, ынтымак бар үйдө дөөлөт бар болот. Уруш ырысты качырат, ынтымак ырысты ашырат, чакырат. Ынтымакты баалагыла, бактылуу жашагыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!