СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тазалык менден башталат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тазалык менден башталат»



Сабактын темасы: Тазалык менден башталат.

Сабакта колдонулган метод: түшүндүрүү жана изилдөө методу(ыкма)

Колдонулуучу каражаттар:, видеолор, слайддар, QR-коддор. Колго жасалган буюмдар.

Сабактын максаты: Тазалыкты сактап, таштандыдан арылуу жөнүндө материалдардын мазмунун окуп-үйрөнүү менен анын өзгөчөлүктөрү ачып көрсөтүлөт. Маалыматтык компетенттүүлүктөрү калыптанат.

Билим берүүчүлүк: Тазалыкты сактоонун жолдорун окуп-үйрөнүү менен анын коомдогу таасири ачып көрсөтүлөт.

Тарбиялык: Тазалыкты сактоо менен жасаган ар иштерине жоопкерчилик алганга тарбияланат. Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүгү калыптанат.

Өнүктүрүүчүлүк: Таштандыдан арылып, ар бир адам таштандынын санын азайта алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине ынанып, сынчыл ой жүгүртүү менен жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт.

0куучу үчүн күтүлүүчү натыйжалар:

1.Тазалык жана таштандынын таасири жөнүндө маалымат алышат.

2.Топтук тапшырмаларды так жана туура аткарууга машыгышат.

3.Бири-бири менен кызматташып иштөөгө, сый мамиле жасоого, таштандынын санын азайтууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

НК


Баалоо

1.

Уюштуруу

3 мин

Мугалим окуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт.

Окуучулар жагымдуу маанайга активдүү катышышат.

НК1



2.

Үй тапшырманы

текшерүү

12 мин.

Үйгө берилген тапшырманы мугалим заманбап технологиянын жардамы менен калыстык айлампасын колдонуп, аты чыккан окуучудан сурайт.

Мугалим берген суроолорго жооп берип, өз колдору менен жасап келген керектүү буюмдарын жактап айтып беришет.

НК1

НК2



3.

Жаңы тема:

5 мин.

Мугалим балдарды 3 топко бөлүп, калыстар тобун шайлап алат. Балдарга видео ролик коюп берип, көңүлдөрүн бурат.


Видео бүткөн соң, балдарга слайд көрсөтүп, теманы ачып берет.


Окуучулар мугалим көрсөткөн видеону көрүп, тазалыкты сактоонун актуалдуулугу жөнүндө түшүнүк алууга аракет жасашат.


Мугалимдин айтып бергенин угуп, кызыккан жерлеринен суроолорун узатышат.

НК1


НК2


НК3




4

Практикалык

иш



10 мин.

Мугалим окуучуларды өңдөр аркылуу 3 топко бөлөт.


Мугалим топто отурган окуучуларга QR-коддорду таратып берет. QR-коддордун ичинде таштандынын көп болушу, анын таасирлери жана андан арылуу жөнүндө маалыматтар жашырылган.


Мугалим, темага байланыштуу пазл жана сөз тап оюндарын ойнотот.

Окуучулар колундагы карточкаларынын өңүнө жараша үч топко бөлүнүп отурушат.


Окуучулар QR-коддорду сканерлеп, ичиндеги маалыматтарды окуп, түшүнгөнүн айтып беришет.




Окуучулар топтору менен тапшырмаларды аткарышат.



НК1





НК3



5

Бышыктоо

5 мин.

3 топко практикалык тапшырма берет. Тапшырмада суроолор катылган болот.

Окуучулар берилген тапшырманы аткарып, суроолорго жооп беришет.


НК3



6

Баалоо

4 мин.

Мугалим окуучулардын топтогон упайларынын негизинде, алгач топ менен андан соң окуучунун сабак учурундагы аракетин эске алуу менен баалайт.

Окуучулар, өз ойлору менен бөлүшүп, канчалык деңгээлде жооп бергендери жөнүндө анализ жүргүзүшөт.




7

Үй тапшырма

1 мин.


Окуучулар, класс жетекчиси менен биргеликте ишембиликке чыгууну макулдашышат.











Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!