Предмет :физика Класс : 7 Мөөнөтү : Мугалим :Темиркулова А.
ТСО___+_сүрөттөр___+____таблица _______таратма материалдар________буклет______тест суроолору__+__түстүү карточкалар__________,окумуштуулардын портретти ______
Мугалимдин иш аракети. | Окуучунун иш аракети. |
1.Уюштуруу иштери. 2 мүнөт | | Б | НК | ПК |
Мугалим окуучулар менен саламдашат, класстагы тартипти көзөмөлгө алып, “Алтын эрежелерди” эске алып, сабакка келбеген окуучуларды аныкталып, окуучулардын сабакка даярдыгын аныктайт. | Мугалим менен саламдашып, класстагы тартипти сактап,”Алтын эрежелерди ” эске алып, китеп, дептерлерин алып сабакка даярданышат. | Ф | 1,2,3 | 1,2,3 |
2. Үй тапшырманы текшерүү . __7_мүнөт | | Б | НК | ПК |
§ 37 тапшырмаларды ,маселени текшерет .Суроолорго жооп сурайт . | Үй тапшырманы көрсөтүшөт ,суроолорго жооп беришет | Д | 1,3 | 2,3 |
3.Жаңы теманы түшүндүрүү ___28__мүнөт | Б | НК | ПК |
Мугалимдин иш аракети. | Окуучунун иш аракети. | | | |
1 Гидравликалык пресс — жогорку. басымдагы суюктуктун аракетинен кыймылга келип, материалдарды басым менен иштетүүчү машина. Гидравликалык пресс биринчи жолу 18-кылымдын аягында жүзүм ширесин, өсүмдүк данынан май чыгаруу жана чөптү ныктап тангактоо үчүн колдонулган. Анын иштеши Паскаль законуна негизделген. Балка менен иштетүүгө караганда, гидравликалык прессте материалдарды иштетүүнүн наркы төмөн. | Маалыматтарды дептерге жазып алышат . | К | 1 2 | 1 2 3 |
2.Гидравликалык пресс жана тормоздун иштөө принцибин айтып берет . Паскаль законуна ылайык F2 / F1 = S2 / S1 келип чыгат . | | К | 1 2 | 1 3 |
3. Турмушта колдонушун айтып берет. Видеоматериал көрсөтөт . https://youtu.be/nKgar_xQRyI ,узактыгы 1.05 мин . Сүрөт боюнча иштөөнү сунуш кылат . | Практикалык гидравликанын негизги бөлүмдөрү: түтүк боюнча агуу (түтүктөр гидравликасы), канал жана дарыялар боюнча агуу (ачык суу гидравликасы), тешик жана майда көңдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук менен газдарды ташуу жана ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша гидравликанын практикалык мааниси жогорулоодо. | Д | 1 3 | 1 2 3 |
4. Маселени чыгартат. Гидравликалык пресстин аянты 2 см 2 болгон поршенине 400 Н күч аракет этет ,ал эми аянты 200 см2 болгон поршенге 36 кН күч аракет этет .Күчтөн алынган утуш канчага барабар ? | Чыгаруу F1 = P1*S1 F2 = P2*S2 F2 / F1=90 Жообу : 90 | д | 1 3 | 2 3 |
4. Бышыктоо : __5___мин. | | Б | НК | ПК |
1.Өтүлгон материалдын негизинде тесттик суролорду берет,талкууга алдырат . 2.Параграфтын аягында суроолорду окутат ,жооп табууга багыт берет . | Берилген тапшырмаларды аткарышат,суроолорду талкуга алышат . 1.Гидравликалык пресс деп эмнени айтабыз ? 2.Гидравликалык пресстин жана тормоздун иштеши кайсыл кубулушка негизделген ? 3.Гидравликалык пресстин,гидравликалык көтөргүчтүн түзүлүшүндө негизги бөлүгү болуп эмне эсептелет? 4.Гидравликалык тормоздун иштөө тартибин кантип түшүндүрөбүз ? 5.Гидравликалык пресс жана тормоз эмнелерде колдонулат ? | Д | 1 3 | 1 3 |
5. Үйгө тапшырма : __1___мин. | | Б | НК | ПК |
§ 38 окуп ,эреже жаттап жана маселелерди чыгарып келүү тапшырмасын берет . | Үй тапшырманы белгилешет.Күндөлүктөрүнө жазып алышат | К | 1 2 3 | 1 2 3 |
6. Баалоо. 2_____мин. | | Б | НК | ПК |
Сабакта көрсөтүлгөн жөндөмдүлүгүнө карата жыйынтыктоочу баалоону жүргүзөт | Окуучулар бааларын угушат | Ж | 1 2 3 | 1 2 3 |