Просмотр содержимого документа
«Тема: Кызыктуу тапшырмалар»
Т.Айтматов атындагы № 36 орто мектеби
6-а класс
Математика мугалими Сарыбалаева Аруке
Сабактын темасы:
КЫЗЫКТУУ ТАПШЫРМАЛАР
Сабактын максаты
Маалыматтык компетенттүүлүк:
Окуучулар берилген маселелерди чыгарууга багыт алышат
Социалдык коммуникативдик компетентүүлүк:
Берилген маселелерди өз алдынча талдай алышат
Өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү :
Окуучулар топтор менен иштешет жана өзүн-өзү баалашат.
Сабактын көрсөткүчтөрү :
Сабактын этаптары:
1-маселе
Жайытта 37 кой жүргөн. Аларга бир нече каз кошулгандан кийин баарынын буттарынын саны 180 болгонун Бурул санап чыкты.
Жайытта канча каз пайда болду ?
2-маселе
Бий ийримине алтынчы класстан 15 бала катышат, алар класстын 25 % ин түзөт. Эгерде хор ийримине алтынчы класстын окуучуларынын 20%и катышса,
анда хорго катышкандардын
саны канча?
3-маселе
Үч орундуу сандын цифраларынын суммасы 12 жана анын ондугу бирдигине барабар. Бул сандагы биринчи жана экинчи цифраларды орун алмаштырса, баштапкы сандан 270ге чоң сан болот.
Бул санды тапкыла ?
4-маселе
Эки талаадагы 180 гектарга буудай себилип 7140 центнер түшүм алынган . Биринчинин
гектарынын түшүмдүүлүгү 40 центнер,
экинчиники 37 центнер болсо,
ал талаалардын аянтын тапкыла?
5-маселе
Негизи квадрат болгон тик бурчтуу параллелепипеддин бардык кырларынын (каркасынан) узундуктарынын суммасы 60 см , ал эми бийиктиги негизинин жагынан 3 сантиметрге чоң. Параллелепипеддин бийиктиги
канчага барабар?
6-маселе
32,5 % түү эритме алуу үчүн,
52 литр 45% түү туздун
эритмесине канча литр
таза суу кошуу керек?