СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест Кыргыз-тил 4 класс

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тест Кыргыз-тилинен 4-класс үчүн, 30 суроодон турат. Тесттин жооптору төрт вариянттуу жана бир өңчөй.

Просмотр содержимого документа
«Тест Кыргыз-тил 4 класс»

4-класс . Кыргыз тили: Окуучунун аты жөнү___________________________

№ 1. Сүйлөп жатканда кимдин бирөөнүн сөзүн пайдаланса … сөз деп аталат.

а) бөтөн сөз

б) кош сөз

в) кошмок сөз

г) төл сөз

№ 2. «.аш-.аш», калтырылган чекиттин ордуна туура келе турган түгөйлүү тыбыштарды койгула.

а) б-п

б) д-т

в) ж-ш

г) з-с

№ 3. Буйрук сүйлөмдү тапкыла.

а) Тынч отур

б) Үйгө барасыңбы

в) Сабак окуп жатам

г) Жашасын тынчтык

№ 4. Жайылма сүйлөмдү тапкыла.

а) Улууга урмат, күчүүгө ызаат.

б) Таш кетилет, жаш жетилет.

в) Акылдуу адам билимди самайт.

г) Жумуш издеп жатам.

№ 5. Бир өңчөй мүчөлүү сөздөр кайсылар?

а) ала-тоонун арасын

б) аюу, жолборс, сүлөөсүн

в) арасын, жойлогон

г) аралашып, ойногон

№ 6. Татаал сүйлөмдү тапкыла.

а) Дос табышат, душман чабышат.

б) Мен Ош, Жалал-Абадда болгон эмесмин.

в) Атам кой, уй, эчки, жылкы багат.

г) Арчалар дайыма жапжашыл болуп турат.

№ 7. Төл сөздү тапкыла.

«Акыл азбай, билим тозбойт», – деди атам.

а) билим тозбойт

б) деди атам

в) акыл азбайт

г) акыл, билим

№ 8. Жалаӊ сүйлөмдү тапкыла.

а) Жазгы каникул башталды.

б) Апама жардам берип жатам.

в) Окуучулар мектепке келишти.

г) Жамгыр басылып калды.

№ 9. Бир өңчөй баяндооч катышкан сүйлөм кайсы?

а) Асан, Болот, Сырга мектепке келишти.

б) Окуучу мектепке келди, окуду, жазды.

в) Алма таттуу, ширин, кычкыл болот.

г) Тоодо, токойдо карышкырлар көп болот.

№ 10. Чекиттердин ордуна туура келе турган тыныш белгилерин койгула.

«Сен канчанчы класста окуп жатасыӊ …» … деп сурады таенем.

а) кош чыкит жана сызыкча

б) үтүр жана сызыкча

в) илеп белгиси жана сызыкча

г) суроо белгиси жана сызыкча

№11 Кош сөздү тапкыла?

а) кары-киши

б) биздин дүкөн

в)тоо-токой

г)Ысык-Көл

№12 Муунга бөлүнгөн сөздү туура тапкыла?

а) кай-ры-лыш

б)кайр-ы-лыш

в) ка-йры-лыш

№13 Кошмок сөздү тапкыла?

а) чай-пай

б) кол кап

в) алып кел

г) ой-бай

№14 Кыскартылган сөздү тапкыла?

а) алмалуу бак

б) Жалал-Абад

в) педогогикалык инистутут

г) Кыргызмамбас

№ 15 Белгиленген сөздүн антонимин тапкыла?

Бөбөгүмдү эптеп уктаттым.

а) ойготтум

б) ойноттум

в) бакттым

г) ыйлаттым

№16 Туура жазылган сөздү тапкыла?

а) сеньтябрдын он бири

б) сентябрдын он бири

в) сентябрьдын он бири

г) сентьябрдын он бири

№17 Уңгунун аягындагы үнсүз тыбышка карай -га мүчөсү туура уланган сөздү тапкыла?

а) ачкыч+га=ачкычга

б) оюнчук+га=оюнчука

в) тарак+га=тарака

г) кагаз+га=кагазга

№18 Сөз жасоочу мүчөө уланган сөздү тапкыла?

а) ишиме

б) иштер

в) ишкана

г) иштин

№19 Сөздөрдүн санын аныктагыла?

Он алты түп кара өрүк,

Шабдалы бышкан эзилип.

Он эки түп бүлдүркөн,

Алып келгем көчүрүп,



а) он төрт

б) он беш

в) он эки

г) он үч

№20 Белгиленген сөздүн синонимин тапкыла?

Апам мага арнап тикти,

Татынакай чак көйнөк.

Кийип алдым келиштирип,

Жолдошторум көрсүн деп.

а) Эжелерим

б) бөбөктөрүм

в) досторум

г) атам

№21. Кептин булактары кайсылар?

а) айлана-чөйрө

б) оозеки, жазма

в) сөз, сүйлөм

г) тамга, тыбыш

№22. Тексттин түрлөрүн тапкыла.

а) маалымат, анализ, пикирлешүү

б) байланыш, талдоо, сүйлөшүү

в) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

г) аӊгемелешүү, диалог, интервью

№ 23. Тексттин түрүн аныктагыла.

Кыргыз жергесиндеги эң сонун гүл – жоогазын. Аны эл мандалак дешет. Анын мекени – алыскы Иран жергеси. Бизде анын алтымыштай түрү өсөт. Анын гүлү өскөн жерге жараша өзгөрүп турат. Кумда өссө, гүлү сары болот. Чоподо өссө, гүлү кызыл болот. Ал кызыл китепке кирген.

а) айтып берүү

б) сүрөттөө

в) баяндоо

г) ой жүгүртүү

№ 24. Сөз айкашын тапкыла.

а) топ

б) топ-топ

в) чоӊ топ

г) Менин тобум бар.

№ 25. Сүйлөмдүн негизги аныктамасын тапкыла.

а) Бир нече сөздөрдөн куралат.

б) Бүткөн айрым бир ойду билдирет.

в) Аягына чекит коюлат.

г) Баш тамга менен башталып жазылат.

№26. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү:

а) ээ жана айкындооч

б) ээ жана баяндооч

в) баяндооч жана айкындооч

г) ээ, баяндооч жана айкындооч

№ 27. Айкындооч мүчөлөрдү тапкыла.

Балдарым нукура шаардык болуп калышты.

а) нукура шаардык

б) балдарым

в) болуп калышты

г) нукура шаардык болуп

№ 28. Илептүү сүйлөмдү тапкыла.

а) Тынч отур

б) Үйгө барасыңбы

в) Сабак окуп жатам

г) Жашасын тынчтык

№ 29. Сүйлөмдүн ээсин тапкыла.

Дан эгиндери толук бышып жетилди.

а) дан эгиндери

б) дан

в) эгиндери

г) бышып жетилди

№ 30. Сүйлөмдүн баяндоочун тапкыла.

Эмгекти сүйгөн адам алп адамды жеӊет.

а) эмгекти

б) сүйгөн

в) жеӊет

г) адамды


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!