СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу Жибек Жолу жана Кыргызстан. 6-класс.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аннотация.

"Мугалим мөмөлүү дарак" -деп бекеринен айтылбаса керек, анткени мугалимдер жашоодогу эң кымбат баа жеткис адамдарга билим берип, алардын инсан катар калыптануусуна зор салымды кошуп келебиз. 

Тарых сабагын окутууда интерактивдүү усулдарды колдонуу менен балдарды өз сабагыма кызыгуусун арттырууга аракет кылып келем. ( Венндин диаграммасы, дасторконго приборлорду коюу, чынжырча, билим пирамидасы, класстер, эссе, жылдызча схемасы, Б.Б.К.Б. усулу) ж.б

"Тарыхы болбой эл болбойт", " Тарыхты танганың, тамырсыз калганың" -дейт элибизде. Оба, тарых адам баласынын  өткөндөгүсү жана бүгүнкүсү, азыркы учуру. Коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик , убакыт өлчөмдөрүндө мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Демек бул илимди окубай коюу мүмкүн эмес.

          Мектепти мугалим жана окуучусуз элестетүүгө болбойт. ошол келечек ээлерин дүйнөнүн, коомдун өткөндөгүсүн жана азыркысын, өз тарыхын биле албаса анда келечек ээлери болушу мүмкүнбү?

Окуу прцесси көп түрдүү жана ар жактуу. Ал эми окутуунун бир жактуулугу эч качан мектеп программасынын талабына жооп бербеси баарыбызга белгилүү.Ошон үчүн тигил же бул сабактын максатына жараша методдор тандалып алынат. Интерактивдүү методдорду колдонуп сабактарды өткөнгө , жекече, топтордо иштеп окуучуларды чыгармачылык деңгээлине жеткиргенге аракет кылам.

Мамлекеттик талап өзгөрдү. Бүгүнкү стандарттык программа ар тараптан өнүккөн инсанды дайардоону талап кылат. Билимсиз ар тараптан  өнүккөн инсан боло албайт. Теориялык билимдер качан практика менен айкалышканда гана биз компетенттүү окуучуну дайардай алабыз.

Тарыхый билим берүү деген эмне?

 Тарыхый билим адам коомунун жолун үйрөтүп, келечекке тарбиялоо деп билем. Тарых сабагынын предметтик компетенттүүлүгүнүн негизинде окутуудан үйрөтүүгө өттүм. Окуучуларды ички жана сырткы шыктандыруу менен инсанга багыттап окутууга жетиштим. Бул деген көңүлдүн борборунда окутуу прцессинде окуучу турушу керек, ал эми мугалим багыт берүүчү. (модератор)

Сабактын максатын инсанга угуза айтууга , баалоо критерийлерин иштеп чыгууга , окуучуларды бири-бирин баалоого  үйрөтүп жатып, калыптандыруучу баалоону колдонууда үзгүлтүксүз кайтарым байланыш жасоонун артыкчылыгына ишендим.  Бул менин практикадан алган иш тажрыйбам.  Метод - бул максатка жетүүнүн  усулу.  Мугалим гана максат койсо анда максатка жетпейбиз. Мугалим максат койуп, окуучудан натыйжа чыкканда гана сабак максатка жетет деп ойлоймун

 

Интерактивдүү ыкмалар бир гана максатты көздөшөт. Ал окуучунун билим алууда өз алдынчалыгын  калыпандыруу жана билим алууга үйрөтүү. 

Интерактивдүү сабактын маанилүү элементи  - рефлексия.

 


Скачать

© 2021 357 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!